Дуба менен жыландарды башкарган молдо

zmei

Соотбек ТОКТОГАЗИЕВ, Талас шаары

«Бул окуя болжол менен 1880-1890-жылдары болгон», – деп сөз баштады Өзүбек мерген. Сөздүн тѳркүнү жыландардан башталган аңгемени окурмандарга айтылган калыбында жеткирүүнү туура чечтим.

Талас ѳрѳѳнүнүн баш жагы эки Талас болуп бѳлүнүп кетет. Ошол эки Таластын Чоң-Талас аталган жагын бийлеген кадырлуу адамдын байге бербеген күлүк атын жылан чагып, аттын башы дуулайдай болуп шишип, ал жаныбар оттой албай, ѳлѳ турган абалга келет. Билген аракеттердин баарын жасашып, акыры айлалары кетет. Ошондо бирѳѳ: «Ат чаптырып, Чаки молдону алдырып кѳрсѳңүз кантет», – деп кеңеш берет. Кадырлуу адамдын кишисине жок дей албаган Чаки молдо келип, аттын түрүн кѳргѳндѳн кийин күлүп: «Атты сактап калуу үчүн аракет кылып кѳрѳйүн, Кудай колдосо бир нерсе болоор», – деп аттын жаткан жерине боз үй кѳтѳртүп, туурдук, үзүк жаптырбай, кызыл кереге боюнча коюп, сыртынан эки кадам жерден тегерете чийим чийдирип, айланадагы бала-чака, катын-кемпирдин баарын айылдан алыс кетирип, дуба окуйт. Эрте менен шашкеде башталган дуба кеч бешимге чейин окулат, ошол мезгилден баштап туш-туштан ар кандай түстѳгү, ар кандай кѳлѳмдѳгү жыландар сойлоп келе баштайт. Жыландар чийимден ѳтүп, боз үйдүн уук-керегелерине оролушуп, чырмалышып, кѳбѳйгѳндүн үстүнѳ кѳбѳйѳ беришет. Чаки молдо жарыктык калыбын жазбастан дубасын окуй берет. Боз үйдүн уук-керегелери жыландарга батпай бараткан кезде бир кара чаар жылан чийден сойлоп ѳтүп барып  эле шылк деп жатып калат. Ошондо Чаки молдо: «Ии, эми келген турбайбы», – деп ордунан туруп барып, жыланды алып, «Эми коркпой тургула, калган жыландарга кайтканга уруксат берем, булар эч кимге тийбейт», – деп дубасын кайра окуй баштайт. Айткандай эле жыландар акырын-акырындан ар жак тарапка сойлоп кетишет.

Бул окуяны кѳргѳн адамдар өз кѳздѳрүнѳ ишенбей аң-таң болушат. Молдонун дубасынын күчтүүлүгүнѳ ишенишип, жакаларын кармашат. Жыландар тарап кеткенден кийин, Чеки молдо кара чаар жыланды аттын баш жагына башын ылдый каратып илдирип коюп, дагы кѳпкѳ дуба окуйт. Күн уясына жакындап калган кезде жыландын оозунан кѳк-жашыл түстѳгү суюктук тамчылай баштайт. Молдо ал суюктукту аттын башына толук сүйкѳтүп чыгат.  Күн уясына батаар маалда жыланга жан кирет да, ийрелеңдеп, бошонууга аракет кылат. Ошондо Чаки молдо: «Эми коркпой чечип коё бергиле, Куда кааласа айыгат, жылан эми эч кимди чакпайт, эл жатаар маалда ат тураарга аракет кылат, карап туруп, жѳлѳп-таяп тургузуп, суу бергиле. Эртеңден баштап оттогонго жарап калат», – дейт. Айткандай эле эрте менен ат оттогонго жарап калат. Ошентип, молдо аттын ээсинин алкышын алып, үйүнѳ аттанган экен.

Бул окуяны Чаки молдонун айылдаштарынан бирѳѳ-жарымы, уккан-билгендер гезитке жазабы дегем. Эч ким үн катпагандыктан, Ѳзүбек мергенден уккан бул окуяны кагазга түшүрүүнү чечтим.

2 thoughts on “Дуба менен жыландарды башкарган молдо

  1. Мен суйлошкон кызымы катту суйом озумдан жанылып жаман создорду айтып алгам ошол создорду унутуп мени мурдагыдай суйуушун калайм

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *