Манас атанын Аккуласынын такасы

5-Аккуланын такасы

1968-жылы бул таканы Жылаңач-Бугудан алып келген Болот Исабеков үйүнө келгенде үч күн бою үйүнөн чыкпай, эч ким менен сүйлөшпөй койгон. Анын бүт денесине ошондо жара чыгып, кырк бир күн дегенде араң айыккан. 

Темирбек Токтогазиев, “Манас жаңырыгы” ТРКсынын директору изилдөөчү

Манасчылардын айрым аян-окуяларын укканда ишенбей турган учурум да болоор эле. Бирок, жакында эле, мындай ойлорумду тып-тыйпыл кылып талкалай турган далилди көтөрүп Айбек деген жигит  келди мага. Анын кызыктуу баяны чоң атасы Болотбек Исабеков жана Манас атабыздын Аккуласынын такасы тууралуу болду…

«Тыныбек эшикке, атынын жанына жатып калган учурда – Бир-Булактын күн чыгыш жаккы кашатындагы дөбөлөргө түрү башкача көрүнгөн чоң-чоң ат минген кылыч, мылтык, найза алган эң бир сүрдүү, айбаттуу көп адамдардын арасында болуп калганын көрүп, өзүнөн-өзү коркуп, калтаарып турган. Ал  көп адамдардын ичинен түлкүдөй сур ат минген, төө боз таар чепкен кийген, көзүнөн от чыккан, маңдайы жазык, мурду кырдач, жаңыдан чыгып келаткан жээрде муруту бар, ээрди жука, орто бойлуу, сары чийкил жигит: “Ой, Тыныбек, бери бас, мындай кел! – деп жанына чакырып алып, – турган элдин баарын таанытайын, жакшылап байкап таанып ал” – деп, алды жагында турган катарлашкан элди карай колун сунуп, аларды тааныштыра баштады, Тыныбек бою балкыгансып карап турду.

Биринчи сапта бешөө бар,

Берендер ошол, көзүң сал.

Бир-бирден айтып берейин

Белгилеп баарын таанып ал.

Оң жагында экөө бар,

Сол жагында экөө бар,

Ойроттун ээси ошондо,

Ортосунда бирөө бар:

Аккула сындуу ат минген,

Ак олпок сындуу тон кийген,

Ак келтени асынган,

Сыр найзасы калкылдап,

Кылычы белде жаркылдап,

Калың колду башкарып,

Карап турган баркылдап,

Кабагы бийик, өңү саз,

Жердеген жери кең Талас

Таанып алгын ушуну

Кабылан баатыр эр Манас… –  деп, андан ары Манас атабыздын чоролорун бир-бирден Тыныбекке тааныштырганын 1938-жылы уулу Актан Тыныбековдун жазганы бар.

Тыныбек манасчы алгач аян-сыр көрүп, анда Айкөл Манас атага жолугуп, Айкөл оозанткан таруунун ушунчалык таттуулугун, чайноого келтирбей өзү эле эрип кетип, дене боюн балкытканын уулу келиштире эскерип, анан атасы эсине келгенде “Өңүндө да эмес, түшүндө да эмес, бул керемет эми, Тыныбектин жан рухуна уюп калды. Толгонуп, томолонуп-жумаланып жатып жедеп шайы түгөнгөндө эптеп көзүн ачты. Көк, кирсиз! Көк, таза! Эсинин оогонуна карабай эликтей түйүлүп, ордунан ыргып турду. Бала да. Түз эле көлдү көздөй жүгүрдү. Жарыктык Көл, калыбын жазбай, салт-санаасы менен мелт-калт чайпалат. Жанагы өзү турган жерден алда нени издегендей тинте карады. Айкөл Манас турган жерин издеди. Боолголоду. Мына! Өзүнүн изи даана турат, кум үстүндө. Жараткандын кереметин жазбай тааныды. Ат туягынан оюлган, казандай болгон кумдак жер, аттардын чарадай-чарадай издери баланын күмөн оюн ого бетер төгүндөдү. Чындыктын изин, көзүн тандырбады. Эми эле жаңы түшкөн издер!.. Көөнөрбөс улуу Сөздүн, угуттуу баяндын эзели өчкүс, эсепсиз, эбегейсиз издери!..” (Т.Актанов. “Тыныбек. Актан. Табылды”. Бишкек, 2013. 58-бет).

Башка манасчылардын да айткандарында зор аттарды минген алп денелүү баатырларды көргөндөрү, алардын казатка аттанып бараткандыгы, узатып калганда чоролордун минген аттарынын туяктарынан чарадай-чарадай болуп коңторулган  издер калганы айтылып жүрөт.

Кириш сөздө эскертилгендей, мындай окуяларды укканда “манасчылар бир аз кошуп айтып коюшат го” деп ойлоор элем чындыгында. Тогуз-Торо районунун Казарман айылынан келген Айбек Исабековдун колунда аттын килейген такасы бар экен. Таканын чоңдугун сызгыч менен ченегенимде, туурасы 21 см болду. Ушул така качандыр бир мезгилде зор аттын туягында болгонунан анын четтери кетилип, анча-мынча сүрүлгөнү кабар берип турат. Кадимки, биз көрүп, минип жүргөн аттардын туягына таккан такалар 8-10 эле см болоору жалпыга маалым эмеспи. Ал такалар 6 мык менен карматылса, бул таканы туякка 10 мык менен карматканын көрүп, така кагылган аттын көлөмүн элестетүүгө болот. Айбек мырза бул таканын чоо-жайын төмөнкүдөй айтып берди.

Айбектин чоң атасы Болотбек Исабеков бул таканы Ата Мекендик согуштан кийинки жылдары, согуштан кайтып келгенден кийин, Тогуз-Торо районунун Казарман кыштагында иштеп жүргөндө Жылаңач-Бугу тоосунан тапкан экен. “Чоң атам бул така тууралуу бизге эч нерсе айткан эмес. Эмнегедир ал бул тууралуу сүйлөшкөндү жактырчу эмес. Чоң энемдин айтканына караганда, Жылаңач-Бугуга ал кездерде эч ким чыкчу эмес экен, “ал жакты кандайдыр бир сыйкыр күчтөр кайтарышат, анда барууга болбойт” дешчү экен эл. Чоң атам согушта артиллериялык расчеттун командири болуп кызмат өтөп келгендиктен, согушта эң коркунучтуу күндөрдү башынан кечиргенин, ал эми эл ичиндеги жомок болуп айтылган коркутуулардан эч сестенбестигин айтып, 1968-жылы Жылаңач-Бугуга чыгып кетиптир. Анан, бир сутка дегенде кайтып келип, энеме ушул таканы көрсөтүп: ”Бул Аккуланын такасы” деп айтыптыр. Ошол бойдон башка эч нерсе дебестен, согуштан трофей катары ала келген немис генералынын чемоданына таканы салып бекитип, үч күнгө чейин эч кимге эч нерсе сүйлөбөй, нес болгон немедей, бир нерседен корккондой түрдө үйдөн чыкпай жатып калыптыр. Бүт денесине жара чыгып, кырк бир күн дегенде араңдан айыгыптыр. Мен кичине кезимден эле чоң атам жокто анын буюм-тайымдарын “текшерип”, жазган кол жазмаларын окуганды жакшы көрчүмүн. Чоң атам 1997-жылы 91 жашында каза болду. Анын көзү өткөндө балдары, неберелери андан калган буюм-тайымдарды таберик катары бөлүп алганбыз. Кичине кезимде атам жокто ушул така менен ойногонду жакшы көргөндүктөн, Аккуланын такасын таберик катары өзүмө алып, сактап жүрөм”, – деди Айбек Исабеков.

Саякбай Каралаевдин “Манасында” мындай саптар бар:

Темир туяк, жез билек,

Атасы тулпар – куралы,

Аздап менде табалбайт,

Айткан кебим ук, балам,

Куйган чоюн туягы.

Чын этине келген соң

Капталында канаты,

Кагышка минсең камсыкпай,

Уча жүргөн адаты… (Манас. “Турар”. 2010. 494-б.). Манас атабыздын Аккуласын төмөнкүдөй сүрөттөйт, залкар манасчы Саякбай Каралаев:        Астындагы Аккула,

Кара байыр казанат,

Калбыр өпкө жез билек.

Алты ай минсе арыбайт,

Алтымыш асый болгончо

Азуусун сөйкөп карыбайт.

Жер жүзүндө ай туяк

Аккулага теңелбейт… – дейт.

Чыны менен эле, ушул така кагылган туяктан кандай из калышы мүмкүн? Манасчылардын “…чарадай-чарадай издер калыптыр…” дегенинде негиз бар турбайбы, урматтуу окурман.

Ушул таканы тапкан адамдын небересинин айтымында, чоң атасы таканы тапканда эмне көргөнүн, өзү ошондо эмнеге туш болгонун айткандан заарканчу экен. Ошол окуя тууралуу сурашканда, негедир көңүлү түнөрө түшчү дейт. А бирок, Болотбек Исабеков адабиятка, маданиятка, ыйман маселесине келгенде көптөгөн окуяларды, чыгармаларды уулдарына, неберелерине айтып берүүчү экен. Ат-Башыдан чыккан акын Казыбектин казалдарын он сегиз жыл бою эл арасынан чогултуп, аларды атайын дептерине жазып алып, ирээтке келтирген адам болгон. Ал чогулткан Казыбектин 5 ыр дептерин НКВД кызматкерлери алып кетишип, Улуттук Академиянын тил жана адабият институтуна өткөрүп бердик дешип, кайтарып беришпептир. Болотбек Исабеков Казыбектин ырларын бир нече ирет көчүрүп жазгандыктан, анын урпактарынын колунда 400 беттен ашуун ырлар топтолгон кол жазма дагы бар экен. Айбек чоң атасынын ал жазмаларын така менен кошо алып келип мага көрсөттү.  Ушул адам чыны менен ат-башылык Казыбек акындын ырларын жыйноодо ат көтөргүс иш жасаптыр. Ал ырларын “Көк асабанын” бетине жарыялап, окурмандар менен тааныштырабыз, буйруса.

Болотбек Исабеков Улуу Ата-Мекендик согуштан кайтып келгенден кийин прокурорлук кызматта Ош, Жалалабад облустарынын райондорунда эмгектенип, кийин билим берүү тармагында иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыгыптыр. Биографиясын карап көрсөк, 1906-жылы Тогуз-Торо районундагы Чет-Булак айылында төрөлүп, Сузак районундагы Сталин атындагы он жылдык орто мектебин бүтүргөндөн кийин 1932-34-жылдары Фрунзедеги 2 жылдык юридикалык окуу жайынан билим алып, азыркы Кара-Кулжа (ал убакта Совет району болгон) жана Алай районунда эл соту кызматын аркалап, адилет чечим чыгарууга аракеттенип иштеген экен.

Болотбек ага 1940-жылы Ленинград шаарындагы Жогорку офицердик курсунан билимин жогорулатып, Тогуз-Торо өрөөнүнөн биринчилерден болуп офицер наамын алып, Ата Мекендик согушка кеткен. Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи күндөрүнөн Жеңишке жетип, согуштан 1947-жылы гана кайтып келген. Согушта көрсөткөн эрдиги үчүн Кызыл Жылдыз ордени, көптөгөн медал-төш белгилер, ардактуу грамоталар менен сыйланыптыр.

Совет доорунда Казыбектин ырларын жыйнап жүргөнү билинип калып куугунтукка учурап, юстиция кызматынан четтетилгенде да көп жылдык “ыр жыйноо” ишинен баш тартпастан, Нарын облустук “Билим” коомуна ишке кирип, аракетин токтотпоптур. Урпактарына атайын насаат жазып: “Мезгили келгиче эч кимге бербегиле, көрсөтпөгүлө, сааты чыкканда ушул мээнетимдин акыбети кайтып, жарык көрөөр” деген жазууну да небереси Айбек апкелген дептерден окудум.

Ал эми сөзүбүздү кайрадан Аккуланын такасына бурсак, айрым бир айтымдарда Айкөл Манас атабыздын сөөгү Жылаңач Бугуга коюлганы кеп боло калып жүрөт. Болотбек аганын көргөн сыры өзү менен кошо кетсе дагы, анын колуна “Аккуланын такасы” кандайча тийгенин элестетип көрүүгө болот. Акыркы жыйырма жыл аралыгында он китептен турган “Айкөл Манас” дастанын Атабыздын чоролорунун бири Умөт уулу Жайсаңдан аян аркылуу алып жарыялаган Бүбүмариям Муса кызына Жылаңач-Бугуда медитация учурунда Манас атабыз “Аккуланын жалын” белекке бергенин, эжеке аны кол тийгис таберик катары жыл сайын август айында ушул Жылаңач-Бугуга келип, андагы булактын суусу менен жалды чайып, аны сактаган идишке ошол булак суусунан жылына жаңыртып куюп кетип турганын дастанды окугандар билет.   Балким, чын эле  Болотбек Исабеков агага да Жылаңач-Бугуга чыкканында Манас атабыз Аккуланын такасын өзү белек кылып бербесин. Анын таканы эч кимге көрсөтпөй катып, кандайча анын колуна ушул така тийгенин айткысы келбегенинин купуя сыры да мына ушунда болсо керек. Эгер айтса эл кандай кабыл алат эле ошол убакта, элестетип көрүңүзчү окурман? Союз мезгилинде Казыбектин казалдары үчүн эле куугунтукка кабылып жатса, мындай касиет окуяны түшүнбөгөндөр анын өмүрүнө чоң залал келтирери албетте анык болчу. Айнып калган адам катары санашмак, сөздөн сөз тарап кетсе “Аккуланын такасы” да бул күнгө жетет беле, жетпейт беле… Мына дал ушул така колуна тийген соң бул адамда чыгармачылык изденүү  пайда болуп, Казыбек казалчынын ырларын эл ичинен чогултууга белсенип кирсе керек.

Кыргыздын ыйык тоосу Жылаңач-Бугуга бейчеки адам барбасын деген кыязда,  акыркы мезгилге чейин коркунучтуу уламыштар айтылып калганы бекер эместир. Бир аңызга көңүлүңүздөрдү бурайын: Кытай менен Советтер Союзу жакшы мамиледе турганда, ушул Жылаңач-Бугуга Мао Цзедундун атын  коебуз дешип, анын сүрөт-шекилин (бюстун) тоонун башына орнотуу үчүн келгенде сел жүрүп кетип,  кытайлык жана советтик кызматкерлер колодон куюлган Маонун шекили менен кошо (он чакты адам)  жер көчкү алдында калышканын уккан элем.

Эми минтип, иймегине адамдын башы кенен кирген ушул таканы колума кармап, мурдатан анча ишене бербей келген оюмду онго бөлүп, илгерки аталарыбыздын да, алар минген аттардын да алп денелүү болгонуна толук ишенип олтурам.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *