Куштарбек КИМСАНОВ, Ош шаарынын элге билим берүү башкармалыгынын башчысы: «МУГАЛИМДЕРИБИЗ ТИЛИ ТАЛЫГАН, НЕРВИ КОРОГОН БОЛБОШ КЕРЕК»

4-КимсановИнтернеттеги Фейсбук социалдык түйүнүндөгү «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобу салтка айланып калган «Көч байланышын» Жылкы жылынын алгачкы айларында кайрадан баштады. Байланыштын алгачкы коногу – бир тамга менен эле бир нече сөздөрдүн башын курап, кыргыз сөзүнүн байлыгын жөнөкөй жана укмуштуу чеберчилик менен аткарып, даңазалап жүргөн кыргыздын айтылуу мырзасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, ордолуу Ош шаарынын элге билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек КИМСАНОВ.

 

4-АбылкасымовАйтмырза АБЫЛКАСЫМОВ, Бишкек шаары: –  Куштарбек мырза, биринчи суроом мындай: бул кызматка жаңы келбедиңизби, Ош шаарында билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу үчүн ишти кайсы орчундуу маселеден баштадыңыз? Экинчиси: Билим берүү менен тарбиянын айырмасы жана уңгулаш жерлери кайсылар, аларды окуучуларга кантип жеткирсе болот?

 

Куштарбек КИМСАНОВ: – Бала кезибиздеги «Бул насыйкат менден калган, Бул насыйкат сенден калган…» деп бабалардан калган насыйкатты айтып какшаган айтылуу обончу агабыздын ырын эстеп турам, анын сыңарындай, бул кызмат кимдерден гана калбаган… Мындай дегеним, моюнга жүктөлгөн ишти жаңыча аткарууну жолго койбосок, айырмаланбаган адам боюнча мезгилдин көлөкөсүнө сиңип кетүү турган иш. Ошондуктан Оштогу билим берүүнүн, тарбиялоонун заманбап үлгүлөрүн көрсөтүүгө ак эткенден так этип жамаат менен биргеликте күн-түн аракет жасай баштадык. Заман талабына шайкеш келген жаңыланууларга сөзсүз орун берип жатабыз. Мисалы, мектептерге интерактивдүү доскаларды орнотууну колго алдык. 20 сааттан ашык сабак берген мугалим карылыгын кандай күтүп алат? Нерви корогон, тили талыган, ашыкча сүйлөп наалыган болбош үчүн бүгүн мугалимдерибиз алдын ала ойлонуп, өздөрүнүн алыскы келечекке татыктуу барууга даярдаш керек. Антпесе, акча табалы деп, сабак берели деп чачы эрте агаргандан, ден соолугун жогокондон башка пайда таппайт. Интерактивдүү доска менен 30 саат сабак берсе да мугалим кыйналбайт, тескерисинче, ырахаттанып иштейт жана окуучулары да сабакта кызыгуу менен олтуруп беришет. Билим берүү башкармалыгыбыздын сайтын да иштеп чыгып, ар бир мектептин интернет түйүнгө улануусун камсыздай баштадык. Олимпиаданын адилеттүү өтүшүнө кепилдикти күчөттүк. Тармакты өнүктүрүүнүн өзөктүү багыттарын камтыган мыкты пландарыбызды ишке ашыруу жолундабыз.

Экинчи суроого жообум: Билим берүү менен тарбиянын айырмасы – экөө тең адамзатты адамзаттык деңгээлге чыгарууга баруучу жолго жарык жандырат. Бири – билимдүүлүктү багындыруууну көрсөтүп, жаркын жашоого үндөсө, экинчиси адептик нормалардан артта калбоого чакырат. Демек, куштун эки канатындай болгон бул эки жагдай дайыма катарлаш каралуусу абзел. Анткени, беш-алты диплому бар, бирок тарбия-таалими тайыз канча чоңдорубуз жашап жатат асмандан түшкөнсүшүп. Алар адам убалынан, келечек замбирегинен да чочуп коюшпайт. Кыргызда «билимдүү көп, билген аз» деген кеп түбүнө кеп каткан акылман ой бар. Демек, көптү билип аз пайдаланганга караганда, азыраак билсе да ал акыл-билимин орундуу жана дайыма пайдаланганы дурус. Билим менен тарбиянын уңгулаш жагы – үйрөтүү жана үйрөнүү процессинде айкалышкандыгында. Бул экөөнү сабакта айкалыштырып алып кетүү мугалимдин чеберчилигине жараша ишке ашат. Мисал келтирип көрөлү, тил сабагында сүйлөм түзүүгө келгенде, сөз айкаштарынын санын атап өтөөрдө: «Апасы уй саап жаткан кезде, «музоо байлоодон бошонуп кетип апамды жыгытып койбосун» деп, Каныбек жакшы көргөн музоосун дыкаттык менен карап, кармап турду» десе, окуучулар сүйлөмдөгү сөздөр менен сөз айкаштарын санагандан тышкары, андагы окуя тууралуу ойлонот. Мындан алар өздөрүнө милдет алат, боорукерликке тарбияланат. Ушул сыяктуу ар бир сабакта билинбеген тарбия баланын аң-сезими менен жан сезимине өзүнүн омоктуу ордун калыптандыра берүүсү шарт. Мындан сырткары, тарбиялык сабактарды өтүүнү күчөтүү зарыл! Мектептин директорлору, анын орун басарлары мугалимдердин тарбиялык сааттарды өтүү графигин ыңгайлуу түздүрүп, ар бирине апта сайын сөзсүз кошо катышып, ал тургай барк-беделдүү атуулдарды чакырып, ата-энелерин да катыштырып көзөмөлдөшү абзел.

4-НасыпбекНасыпбек АСАНБАЕВ, Бишкек шаары: Учурда көптөгөн чет элдик сөздөр тилчилердин же тил сүйүүчүлөрдүн жардамы менен которулуп жатат. Бирок, алар которулган бойдон калк катмарына сиңбей турат. Ушул сөздөрдү, дагы бир тактап туруп, мектеп программасына киргизип салса болбойбу? Себеби, балдар сөздөрдүн орусча айтылышын үйрөнүп калгандан кийин кайра кыргызчага көндүрүш кыйын болуп жатпайбы?

 Куштарбек КИМСАНОВ:  – Лексикабызды байытууга жетишүүбүз зарыл. Которуп пайдаланууга мүмкүн болгон сөздөрдү чынында кыргызча которуп колдонгонубуз туура болот. А кээде башка тилдерден кирип калып, сиңип пайдаланылып келе жаткан сөздөрдү атайлап өкүмзорлук менен которуп пайдаланууга далбас ура берүү артыкбаш аракет. Президентке караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын алдында терминком иштеп келет, алардын кароосунан өткөн котормо сөздөр сөздүк катары китеп болуп жарык көрүүдө. Мына ошолорду ар бир жаранга китеп боюнча жеткирүү жеңил эмес, андыктан социалдык түйүндөр аркылуу да иш аракет жасап жайылтууну колго алуу зарылдыгы туулууда. Ал эми мектеп программасына киргизүү сунушуңуз колдоого алаарлык пикир! Бул жерде дагы айрым мүчүлүштүктөр бар, окуу китептери жыл сайын жаңы жазылып басылбайт. Кандай болбосун ушул сунушуңузду мыктылап негиздеп туруп, Билим берүү министрлиги менен Мамтилкомго жазуу жүзүндө сунушташ керек экен!


4-Айдаралиев
Асыран АЙДАРАЛИЕВ,
Келсинки шаары, Финляндия: Куштарбек мырза, Ош шаары кыргыз аймагындагы экинчи чоң шаар катары белгилүү. Ушул шаардагы мектептердин кыргыз тилге болгон мамилеси, кыргыз тилин окутуу маселеси кандай деңгээлде? Айтайын дегеним, Бишкектеги мектептердин басымдуу көпчүлүгү орус тилге көбүрөөк басым жасап, кыргыз тилине кайдыгер мамиле кылып жаткандары ачык эле айтылып келет. Ушул көйгөйдү кандай чечсе болот? Тилге болгон мамилени дал ушул мектеп партасынан башташ керек экени белгилүү эле болуп турбайбы, бирок ага көңүл бөлүп, баш отубуз менен киришпей жатканыбыз эмне себептен?

 Куштарбек КИМСАНОВ: Асыран мырза бир суроого 3 маселени камтыптыр, жообумду 3 бөлүп жооп берейин. Биринчиси: айталы, бир мектептеги кыргыз тили, адабияты мугалими жан далбас уруп, жаңыча методдорду колдонуп сабак өтсө, кайсы бири кайдыгер карайт. Демек, дайыма текшерип жолго коюу менен гана чектелбестен, жеке жоопкерчиликти жан дүйнөсү менен туя билип иштеген татыктуу кадрларды көбөйтүү өзгөчө мааниге ээ; экинчиси: кыргыз тилин окутуудагы мамилени жакшыртуу боюнча бирдиктүү иш план түзүп, анын аткарылуусун такай көзөмөлдөп, жыйынтыгын талдоого алып туруу да көйгөйдү чечүүнүн жолдорунун бири. Дагы бир жолу – тилибизге болгон муктаждыкты жаратуу!; үчүнчүсү:  «Баш отубуз менен киришпей жатканыбыздын» себептери – тышкы саясатка таасири тийет деп чочулоодон жана жетекчилик эркти бул багытка кенен бурбагандыктан деп түшүнсөк болот.

4-АтыргүлАтыргүл ЗАКИРОВА, Барнаул шаары: – Кыргыз Республикасы башка коңшу мамлекеттер сындуу эле илгерки Советтик билим берүү системасынан баш тартып, Батыштын иштеп чыккан программасы -Баллон системасы боюнча билим берүүгө өткөн. Ушул система аркылуу билим берүүнүн сапаты жакшырып, эффективдүүлүгү жогорулайт, бул система бизге сиңип кетет деп ойлойсузбу ? Кантсе да Советтик билим берүү системасы күчтүү система катары таанылып келген эмеспи убагында…

 Куштарбек КИМСАНОВ: – Баллон системасы практикаланды. Билим берүүнүн сапатын көтөрүүдө ушул гана аракет аздык кылышы ыктымал. Демек, перспективалык планды коомчулуктун сунуштарын угуу менен иштеп чыгып, кадам таштоо зарылдыгы туулууда. Себеби, ар бир адамдын ою баалуу, бирок ал ойлордун аягы кандай жыйынтык берээри анализденгенден кийин ишке ашыруу башталса, жаңылуу жок болот. Ал эми СССРдеги билим берүү системасы сакталыш керек деген тыянактан оолак болгонубуз оң. Эртең да бүгүнкүдөй таң атпайт эмеспи.


4-Калдыбаев
Нурланбек КАЛДЫБАЕВ, Ош шаары:  – Ош шаарындагы жалпы билим берүүнүн абалы тууралуу суроо берейин деп турам. Биздеги мектептерде билим берүүнүн сапаты төмөндөп кеткендиги сизге белгилүү болсо керек… Шаардыктардын пикири боюнча, билим берүү сапаты “Олимп”, Киров, Ломоносов сыяктуу саналуу мектептерде гана талапка жооп бере алат. Бирок, ал мектептерде окутуу үчүн ата-энелерден өтө чоң суммадагы акча талап кылынат. Башка мектептерде да сапатты көтөрүү үчүн эмне кылсак болот? Мектепте сабак берген мугалимдердин ишке кызыгуусун, жоопкерчилигин кантип көтөрсө болот? Менин уулум жөнөкөй мектепте окуса да, татыктуу билим алышын каалайт элем. Анткен себебим, айылдык мектеп менен шаардык мектептин да айырмасы аз эле болуп жатат.

 Куштарбек КИМСАНОВ: – Нурланбектин суроосу мага кыйла таасирдүү болду. Анткени, окуянын ичиндеги көрүнүш чагылдырылыптыр. Өзүңүз билгендей, Ак-Тилекте ачылган «Кыргыз-түрк достугу» атындагы №52 мектепти «Сема», «Себаттардан» кем калбаган мектептердин катарына кошуунун жолдорун ойлонуудабыз. Жакында бул боюнча атайын отурум болот. Ал эми билим сапаты боюнча башкармалыкта мектептердин мониторинги чыгарылууда. Сиз атап өткөн мектептерден кем калбаган, бирок атагы чыкпай иштеп жаткан мектептер бар. Кантсе да, бардык мектептердин билим-тарбиядагы ордун кеңейтүү жана кадырын көтөрүү, деңгээлин бийиктетүү – алдыдагы айныгыс максаттарыбыздан.

Мугалимдердин ишке кызыгуусун көтөрүүдө атайын пландарыбыз бар, акырындык менен ишке ашыра баштадык. Жакында эле «Секом» билим берүү мекемесине ЖРТга тиешеси бар сабактардын мугалимдери акысыз семинар-тренингге барып келишти жана абдан жакшы таасир алгандыктарын айтып жүрүшөт. Соцпедагогдордун да семинары болуп өтүп, анда жакшы тема тандалып, талкуу болду.

Ата-энелерден мектеп эч кандай акча талап кылбайт, эгерде мугалим акча сураса, анда аларга чара көрүлөт. Бул жерде бир башкачараак маселе жатат. Ата-энелер фонд түзүп, ал аркылуу мектепке жардам бергиси келгендер фондго өздөрү тыйын салышат. Айрым мүмкүнчүлүгү аз ата-энелер ошол фондду түзүү иши убагында катышса да, «сөз атасын өлтүрүп» учурунда айтпай коюшат да, кийин «мектеп акча жыйноодо» дешет. Бул боюнча нааразылыктарды чектөө үстүндө иш алып баруудабыз.

Сиз билим берүүгө кайдыгер карабаган жан экениңизди сезип, ыраазы болуп олтурам. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо башкармалыкка келсеңиз, кенен дидарлашат элек.

4-РасулРасул САЛАЙДИНОВ, Кочкор району: Өткөндө мектепте жыйналыш болуп, ал жерде мектеп директору «Ата-энелер, эмнеге балаңарга кымбат телефон алып бересиңер, эгерде балаңар мектепке телефон көтөрүп келчү болсо алып койом да, кайра бербейм, 500 сом штраф төлөп туруп аласыңар» деди. Окуучу бала телефон көтөрүүгө жана мектепке алып барууга болбойбу? Директордун телефонду алып кайра бербей койгонго укугу барбы? Телефон окуучунун билим алуусуна кедерги кылабы?

 Куштарбек КИМСАНОВ:  – Окуучу мобилдик телефон колдонууга акысы бар. Бирок мектепте кээ бир окуучуларыбыз өздөрүнө да, өзгөлөргө да зыян келтирип, жолтоо болуп телефондон оюн ойноп, СМС жазып, кыскасы, башкаларга тоскоолдук жараткандыктары жакшы көрүнүш эмес. Кымбат телефон колдонуу жаш адамдын менменсинүү сезимин пайда кылат. Директор окуучунун телефонуна муктаж эмес, ал мектептин жетекчиси катары ар түрдүү пайдалуу методдор менен окуучуларды туура жолго багыттайт. Окуучу мектептен мобилдик телефонду  ашыкча пайдаланса, олуттуу билим алуусуна албетте кедергисин тийгизет, өзү да алаксыйт, башкаларды да алаксытат. Жогоруда айтылгандай, кымбат баалуу телефон көтөрүү менен менменсинген окуучу башкаларды кемсинтет, бала деген бала да, «эмнеге аныкы кымбат, меники болсо жок» деп кемсинүү ой-толгоосуна батат. Натыйжасында бири өзүн «мыкты» сезип окууну ойлобосо, экинчиси өзүн «кем» сезип окууну ойлобойт.

 

4-РайкүлРайкүл АЙДАРАЛИЕВА, Бишкек шаары: Азыр ар бир мектеп жашындагы балдар сотка, ноутбук, планшет көтөрүп жүрүшөт. Информатика сабагына кошумча саат киргизсе жакшы болот эле. Ушул маселеге кандай карайсыз?

 

Куштарбек КИМСАНОВ: – Заманбап маселе менен кайрылыпсыз, ырахмат! Аталган сабакка кошумча саат киргизүүнү өз алдыбызча чече албайбыз, муну Билим берүү жана илим министрлиги чечет. Мамлекеттик окуу стандартына дал келсе, сабактардын санын азайтуу же көбөйтүүнү бизге буйрук түрүндө берет. Бирок, кол куушуруп олтура бербей, аракеттенүүгө мүмкүнчүлүк бар. Айталы, мектептерде «кружок» деген түшүнүк жашайт. Аны мектеп жамааты макулдашуу жолу менен зарылдыгына жараша предметтерге бөлүштүрүп маселени чечсе болот.

 

4-АзизбекАзизбек АСАБАЛА, Москва шаары: Бирдиктүү мектеп формасы керекпи, бул боюнча оюңуз кандай?

 

 Куштарбек КИМСАНОВ: – Бирдиктүү мектеп формасы албетте керек. Анткени, окуучуларыбыз мугалимдерден кымбат кийинип жүргөнүн көпчүлүк билип-көрүп атпайбы. Айрым окуучу кыздар оронуп жоолук салынышса, айрымдары тизеден өйдө кыска кийинет. Мындай көрүнүш иретке келиши зарыл иш. Алтын тагынган, кымбат жасалгаларды колдонгон айрым окуучулар өздөрүн асманда сезип жүрүшөт, алар тарбия-таалимди өздөштүрүүдөн мурда менсенсинүүгө конок беришет.

 «Көч Байланышты» уюштурган жана алып барган Асыран АЙДАРАЛИЕВ, эркин журналист, Финляндия, Келсинки шаары

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *