Элдин уурдалган ишеничин мекенчил-улутчулдар гана кайрый алат!

Айбек БАЙЫМБЕТОВ, Гуанжоу шаары, Кытай

Мен улутчулдуктун философиялык негизине адамдык асыл баалуулуктарды камтыган моралдык-этикалык дисциплинаны белгилеп кетер элем. Себеби, чынында эле улутчулдук сезимдин тереңинде улут менен болгон терең руханий байланышты жараткан ички санаа менен толгонуу чөгөрүлгөн. Эгер адамдын улутка болгон табигый берилүү сезимин ала турган болсок, ал Мекен –Эл-Жерге  болгон таза сүйүүнүнүн нагыз үлгүсүн чагылдырмак.

Мамлекеттүүлүктүн баалуулугун жана улуттук менталитетти алып жүргөн азчылыктын активдүү ишмердүүлүгү биздин улут катары өз алдынчалыгыбызды жана толук кандуулугубузду көргөзүшү керек. Ушул катмар, тактап айтканда, улуттук интеллигенция менен улуттук аң-сезимин жоготпогон билимдүү жаштар бизди территориялык жактан гана эгемендүүлүгүбүздү эмес, интеллектуалдык жана руханий жактан дагы көз карандысыз экенибизди далилдеши керек. Мезгил ушуга бара жатат.

Эгер бардыгы азыркыдай болуп кала берсе биз элдүүлүгүбүздү жоготуп, аягында  «народ быдло» болуп калабыз.  Себеби, биз ушуга чейин улуттук интеллектибизди өзүбүздүн кадамдуу жана багыттуу өнүгүүнүн улуттук системасын түзүүгө карай жумшай элекбиз. Бардыгыбызга жакшы белгилүү болгондой, Эгемендүүлүктү алгандан бери мамлекетибиздин саясый-экономикалык багыты өзгөргөн жок. Мамлекеттик түзүлүш сырткы дүйнөлүк структуралардын таасири астында калган боюнча келе жатат. Ал эми элдин жашоосу либералдык-капиталисттик дүйнөлүк нормаларга баш ийгени баш ийген.

Чириген пайдубалга үй сала албаган сыяктуу эле, эски системанын үстүнө биз жаңы мамлекеттик түзүлүш орното албайбыз. Муну бардыгыбыз эле түшүнгөндөй болдук окшойт. Бирок жаңы жашоону мекенибизге кантип куруш керек экендигин азчылык эле ойлонбосо, катуу тийбесин, көпчүлүгү кара курсактын камын кѳрүүдѳн башка инстинкти иштебей калгандай көрүнөт. Элдин ишеними ички элдик күчкө негизделген жана ал ар дайым өзүнүн күчүн сапаттуу жашоого жумшай турган аракет үмүт менен жашайт. Бирок ортодон элдин ички умтулуу эркин басып, акылын мокотуп, жүрөгүн суутуп келген күчтөр жаныбызга жай бербей, баш мээбизди ээлеп келет. Aлар бүгүн жашообузга терең кирип, тагдырыбызга үстөмдүк кылышты. Жапондор айтат: «Толук кандуу, күчтүү жашоого жетиш үчүн, жаш самурай өмүрүн эмне үчүн кыйарын так билиши керек». А биздин чындыгыбыз эмнеде? Маселе азыр ушунда жатат.

Биз улут катары жаш эмеспиз, ошон үчүн бизге жаңылып калуу оор кесепеттерди гана алып келет. Биздин саныбыз дагы аз, ошондуктан адашып жүрө берүү бизди бири-бирибизден алыстатып, бириндетип, чачыратып коет. Ар бирибиз бүгүн буга тагдырлаш болуп жатабыз.

Улуттук күчүбүздү алысыратып жаткан көрүнүштөрдөн арылуу  – биздин жаңыланууга карай таштаган чоң кадамыбыз болмокчу. Эл өзүнөн-өзү бул кадамга барбайт, ал бышып даяр болгону менен алдыга жол баштап бере турган бийлик же коомдук идеялык күч түзүлүп чыгышы керек. Өзүбүздүн маданий салттык башатыбызга таянып туруп, улуттук баалуулуктарыбызды либералдык-капиталисттик,  диний экстремисттик, фашисттик баалуулуктарга карама-каршы ачык алып чыгып коюш учурдун кечиктирилгис муктаждыгы болуп жатканын түшүнөлү.  Абалды жакшы түшүнгөн ар бир кыргыз атуулу, жогоруда айтылгандай, эгер өзүнө улуттук баалуулуктарды жана салттуу маданиятыбызды бийик кое турган болсо, авангард күчтү жарата турган мекенчил атуулдардын катарын ою, сөзү, иши, билими менен толукташы керек. Мамлекетти өнүгүүнүн жаңы мейкиндигине алып чыгуучу коомдук күчтүн натыйжасында пайда боло турган моралдык-интеллектуалдык позиция кайра жаралуунун баштапкы чекити болмокчу. Бул позициянын максаты элдин аң-сезиминин ойгонушуна жана адамдарга мамлекеттин өнүгүшү үчүн жеке керектүүлүгүн сездирүү менен атуулдардын жашоосуна идеялык стимул берет. Бийликтин түзүлүшүн дагы ушул позициядан улам карай турган болсок улуттук баалуулуктарга негизделмекчи: калыстык, теңдик, акыйкаттык, ар намыстуулук, жана адилеттүүлүк менен эркиндик. Мамлекетти куруунун идеясы салттуулугубузга шайкештирилиши керек, себеби ал балуулуктар түбөлүктүү жана ааламдык универсалдуу мыйзамдарга баш ийет.

Учурда коомубузду модерндештирүү долбоорунда сөзсүз турдө салттуу акылмандуулукка таянган заманбап билимдин айкалышы эбегейсиз күч-кубат жаратат. Мамлекеттин түзүлүш архитектурасы эл менен бийликти бир бүтүмдүк катары ажырагыс, бири-бирине көз каранды кыла тургандай мехнизмге алып келүүсү зарыл. Бул байланыш элдин мыкты күчтөрү өзүн-өзү алып чыга турган жол менен ишке ашмакчы, калыс тандоо принциби курултай системасында так көргөзүлүп иштелип чыккан. Бул тууралуу Чоюн Өмүралиев агабыздын «Коом. Мамлекет. Теңирчилик» эмгегинде кеңири маалымданган. Мындай кадам бизге саясый жактан өзүн-өзү аныктоого алып келе турган тарыхый окуя гана эмес, жаңы саясый теориянын  дүйнөлүк теңдешсиз практикасы да болуп көргөзмөкчү. Албетте бул практика экономикалык саясаттын дагы өз алдынчалуулугун шарттамак. Кыргыз экономикасы өзүнүн ички рыногуна толук ээ болгон көз карандысыз финансылык саясат жүргүзө ала турган деңгээлге чейин чыкмак. Бул тууралуу Мурат Мусабаев агабыздын «Таза мамлекет чакырыгы» деген эмгегинде  жакшы айтылган.  Жашоонун сапатын арттырууга алып келе турган моралдык биримдик социалдык жиктелүүнү бошоңдотуп, коомдук байлыкты калыс бөлүштүрүүдө жакшы жагдайды жаратып бермек. Экономиканын өсүшү «киреше үчүн киреше» деген принципте жана жеке эле ИДПнын индекси аркылуу гана эмес, анын социалдык жактан маанилүүлүгү менен, башкача айтканда, экономиканын өсүшү илим, маданият, искусствонун жана социалдык кызматтардын өнүгүшү менен шайкештирилип ченелиши туура болмок.

Чынында, мойнуна чейин коррупциянын сазына батып калган азыркы мамлекетти дүркүрөгөн өнүгүнүүн жолуна сала тургандай бизде интеллектуалдык потенциал бар, бирок бийликтин  саясый эрки менен коомдун алдыңкы күчү болгон интеллигенциянын чечкиндүүлүгү жетпей жатат. Улуттук интеллигенция табиятынан коркоктук кылып жатабы, айтор, ичинен жүрүп жаткан революциялык толкунду байкай албай келебиз, саналуу адамдар гана жанын чапкылап жүрөт. Жаштардын алдыңкы активдүү катмары бышып келе жаткандай, бирок алардын көпчүлүгүндө концептуалдык көрүү менен билим жетишпейт. Мамлекеттин тагдырын өз колуна алып, бардык боло турган тобокелге моюн сунуп, эл астында чечкиндүү түрдө жоопкерчилик ала турган улуттук мүнөздөгү коомдук идеялык күч өз ишин бирдиктүү стратегиялык кадам менен баштай турган убагына келип калды.

P.S. Бул багытта иштеп келе жаткан улуттук мүнөздөгү белгилүү чөйрө калыптанып келе жатат жана алар өзүнчө коомдук күч катары өзүнүн потенциалдык мүмкүнчүлүгүн ишке ашырууда бүгүн ойго ала тургандай жыйынтыктарды көргөзүүдө. Менимче, дал ушул мекенчил чөйрө Кыргыз мамлекетинин келечегине от тутандырып, элдин уурдалган ишенич үмүтүн кайра кайрып бермекчи. Бул мекенчил коомдук идеялык күч – манасчылар, акындар баштаган бир топ коомдук уюмдардан, фонддордон  жана маданият менен илимдин тажрыйбалуу инсандарынан, улутчул профессионал журналисттердин тобунан, жаштардын белгилүү мекенчил дымактагы катмарынан, демөөрчүлүгүнөн финансалык дивидент күтпөгөн бизнесмендерден, ошондой эле бийликтеги саналуу таза адамдардын курамынан турат. Моралдык-интеллектуалдык, руханий чың позициянын фронтунда кызмат кылган атуулдарды эл колдоп, алга сүрөп бериши керек.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *