Биз болбосок, анан ким?

Мына ушул ураан «Лидер» жаштар клубунун башкы сөзү. Чындыгында бул сѳздүн мааниси зор жана ар бирибизди ойлондурбай койбойт.

1-3

Азыркы заманда «ѳлбѳ жаным өлбөлөп»,«бүгүнкү күнүм эптеп өтсө болду» деп курсак камын, көңүл шаңын гана ойлоп жашаган адамдар жетишерлик.  Бет алдыбызда калдайып турган көйгөйлүү маселелерге кѳз жумуп, «сен мага тийбесең, мен дагы сага тийбеймин» деген кайдыгерлик каптап алган. Бирок, албетте, мындай тескери агымга каршы сүзгѳн инсандарыбыз жок эмес. Антсе да, аларды оңой-олтоң эле таба койбойсуң. Тапсаң, биздин да жаркын келечегибиз бар экен го деп чын дилден сүйүнөсүң. Ал эми дал бүгүнкү күнү ушинтип сүйүнтүп тургандар – «Лидер» жаштар клубу болуп турат.

Таңкалычтуусу, түзүлгөндөн берки бир жыл ичинде эле алар коомчулукта эбегейсиз чоң иштерди аткарып, элдин оозуна алынып, карылардын, алсыздардын, жардамга муктаж адамдардын алкышына ээ болуп, бөбөктөрдүн күлкүсүн жаңыртышты. «Бул албетте башталышы гана» дешет «лидерчилер».

Лидер жаштар клубу 2012-жылдын 26-ноябрында биринчи тѳрага Союзбек Надырбековдун демилгеси менен негизделип, Бермет Эрматова, Екатерина Огай, Замир Ильгизов жана клубдун учурдагы тѳрагасы Данияр Назаралиев аттуу патриот жаштардын зор салымынын астында калыптанып түптѳлдү. Лидер жаштар клубу анык жардам берүү, кайрымдуулук жүргүзүү, шаарды тазалыкта кармоо, жана башка ушул сыяктуу иштер менен багыттуу алышып, саясат жана дин маселелерин колдобогон жана андайга жолобогон жаштардын бекем бирдиктүү күчү. Куру сѳз менен эмес, натыйжалуу иш менен салым кошолу деген максатты катуу карманышат.

1-9

Клуб бир жыл ичинде материалдык жана моралдык колдоо кѳрсѳтүүдө кароосуз калган карыларга, балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген бѳбѳктѳргѳ, жашоо шарты оор үй-бүлѳлѳргѳ ѳз чѳнтѳгүнѳн акча, үйлѳрүнѳн белек камдашып, ал тургай жалгыз жашаган карыларыбыздын үйүн жыйнап-тазалап берген акцияларды ѳткѳрүп келишти. Ар жума сайын эс алуунун ордуна жаштарга үлгү бололу деген максатта «Тазалык ѳзүбүздѳн башталат» аттуу кѳчѳлѳрдү тазалоо акцияларын жүргүзүштү. «Лидер» жаштар клубу ѳнүккѳн ѳлкѳлѳрдүн күчтүү билимге ээ болуу үлгүсүн карманып, адам катары өздөрүн өздөрү өзгөртүү, ѳстүрүү ниетинде жаштар үчүн тренинг-семинарларды байма-бай ѳткѳрүп келишет. Клубдун ар бир мүчѳсү ѳзүн коомдо алып жүрүү маданиятынан баштап, ойду оң жакка ѳзгѳртүүчү китептерди окуу милдетин алып жүрүшѳт. Билим – бул, «Лидер» жаштар клубунун эң башкы багыты.

Ал эми клубдун тартиби боюнча айтсак, темирдей катуу эрежелерди карманышат. Күнүгѳ саат 17:00дө болчу чогулуштан 5 мүнѳт кечиккен адам киргизилбейт. 3 жолу кечиксе 1 «келген жокко» эсептелинип, 3 жолу чогулушту эч себепсиз калтырса клубдан токтоосуз жана эскертүүсүз чыгарылат. Дал ушундай тартипке чыдап, ийгилик кѳрсѳтүп жаткан лидерлик сапаттагы мүчөлөрдүн саны 60ка жетти. Алардын баары Бишкектин ар кайсы университеттеринен, колледж-мектептерден  кабыл алынып, бирдей укукта иш алып барышат. Кабыл алуу процессинде жаңы мүчѳ болуп келгендерге 2 жумалык сыноо берилет. Жолу, ойу бир багытта болсо, туруктуу мүнөз карманса, тартиптердин баардыгын дили менен кабыл алса – «Лидер» жаштар клубунун анкетасын толтуруу жолу менен кирип, мүчѳлүк күбѳлүккө ээ болот.

Бүгүнкү күнү жаңы муун катары коомчулук алдына жарык иштери, жагымдуу тартиптери, жакшылык жышааны менен чыккан «Лидерлер» мына ушундай! «Кайдасыңар, тимуровчулардай жаштар?» деп калышчу эле Союздун жашоосун көргөн ата-энелерибиз. Көрсө, сүзүлсөк да үзүлбөптүрбүз, эскирип бүткөн саясатчылардай «элди омкоргон акылсыздар эмес, тоону томкорчу акылдуулардын» мууну келатканы айкын экен…

Айперим НУРМАГАМЕТОВА

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *