Жыл айларынын сырлары

vytoptannaya-tropka-[2560x1600]-[11258007]

Төрөн ЖУМАЕВ

Ала-Тообуздун аба ырайын кылдат байкашып, кыргыздын улуттук календарын байыркы элибиз так, даана түзүшкөн эле.  Улуттук календар ооздон-оозго, муундан-муунга оозеки айтылып жүрүп, биздин заманга жетти.  Кыргыз календары табигат менен тыгыз байланышта түзүлгѳндүгү – анын ѳзгѳчѳлүгүн аныктап турат. 2011-2014 жылдарга арналган кыргыздардын “Ай-Күн” календары КНАУнун “Биомаданий борбору” аркылуу  басмадан жарык көрдү. Бул календарга кошумча иретинде мүчөл жылдарынын таблицасы жана Ала-Тоо аймагындагы байкала турган жыл мезгилдеринин графиги камтылган.

Кыргыздардын “Ай-Күн” календарынын эң негизги артыкчылыгы – асмандагы айдын “ай арасы” жана “тогол” аталыштарындагы ай мезгилдеринин даана көргөзүлгөндүгүндө. Бул календар айыл жеринде жашаган кишилерге, фермелерге жана айыл өкмөттөрүнүн жетекчилерине жана адистерине абдан керектүү. Мисалы, жер жаңгактын, кызылчанын, сабиздин, картошканын ж.б. айыл чарба ѳсүмдүктѳрдүн үрѳндѳрүн ай толгондон кийин, тактап айтканда кайра кичирейе (кире) баштаганда себүү, отургузуу керек. Ал эми түшүмүн тамырынан эмес, жогорку сабагынан берүүчү үрөндөрдү, ай жаңырганда айдап себүү зарыл, маселен, капуста, коон, дарбыз, ашкабак, баклажан ж.б. Эң негизгиси, дыйкандар “арсар күндөр” эмне экенин билип алса жакшы болот эле.

“Арсар күндөр” деп, асманда ай жаңыра турган күндү жана жаңы жашырган айдын 15 күнгѳ толгон күнүн айтабыз. Эгерде ушул күндөрү үрөн себилсе, ал чыкпай да калышы мүмкүн.

Ар бир ай дыйкан-фермерге, дегеле айыл-апада жашаган тургундар үчүн ѳтѳ маанилүү экенин эске алып, ата-бабабыздан сакталып ушул күнгѳ жеткен маалыматтарды жана  жылдын ар бир айынын өзгөчөлүгүн кагаз бетине калтырып кетүүнү туура таптым.

Январь айынын “алты жан жөкөрү”

Токсон күнгө созулган “токсон” мезгили 13-декабрда башталат. Жыйырма беш күн өткөндөн кийин, башкача айтканда 8-январдан тарта кырк күнгө созулган кыш чилде мезгили башталат. Эң суук мезгилдин пири – кыш чилде болот. Эл оозунда айтылып келгендей, кырк күнгө созулган кыш чилде пиринин алты жан жөкөрү болот имиш: Биринчиси алты күндүк “Кырдач” деп аташат. Бийик тоолуу аймактарда кыш мезгили ноябрь айында эле башталат. Алты күндүк биринчи жан-жөкөр кырдачка байланыштуу кыш чилде жѳнүндѳ төмөнкүдѳй ыр саптары айтылат:

Жаным  кырдач  камчылан,

Кайрат кылып, алчылан,

Мал майлуу калды,

Баарысы жайлуу калды,

Төө комдуу калды,

Кой жондуу калды,

Бука булкунуп калды,

Буура жулкунуп калды,

Жылкы жыйылбай калды,

Чыңырыгы тыйылбай калды,

Кысыр эм жалдуу калды,

Кыз эмчектүү калды,

Боз улан богоктуу калды,

Боз токту куйруктуу калды – деп,  төрт түлүк малды арыктатыштын айла-амалын кылышып, этинен аздырыш үчүн “кырдачка” катуу талаптарды коёт имиш.

Чындыгында, өткөн ата-бабаларыбыздын заманында, өспүрүм балдар менен боз уландар, бойго жеткен кыздар өзгөчө болгон. Негизинен төрттүлүк малдарды асыроодогу алардын эмгектери зор болгон. Алар да, кыш чилде мезгилинде бир топ эле деңгээлде арыктап калат эмеспи. Ушуга байланыштуу:

“Боз улан богоктуу калды,

Боз токту куйруктуу калды,

Кысыр эм жалдуу калды,

Кыз эмчектүү калды, –   деген ыр саптары эл арасында калган экен.

Экинчи. Алты күндүк “кырдач” аяктагандан кийин, кыш чилде пиринин экинчи жан жѳкѳрү – “Адынын алты уулу” деген алты күндүк катуу суук келет. Бул алты күн 19-январда аяктайт.  Ошондой эле 19-январь күнү орустардын “Крещенские морозы” деген сууктун катуу күнү болот. 19-январь күнү бир таза идишке суу алып койсо, ал суу жыл бою сапатын жоготпойт дешет.

Үчүнчү. 20-январь менен 26-январь күндөрүндө үчүнчү жан жѳкѳрү – жети күндүк “Жединин жети уулу” деп аталган чилде башталат. Бул күндөрдө катуу суук ѳз күчүндө болуп турат.

Төртүнчү жан жөкөр 27-январда келет, аны  жападан жалгыз бир күндүк “каңтар” деп аташат. Каңтар деген сөздү чечмелегенде – “кырк күндүк кыш чилденин теңи аяктады, эми каңтарыл, жыйырма күндүк кыш чилденин наркы бетине өт” деген  түшүнүктү берет. Ушул себептен казак эли январь айынын аталышын “Каңтар” деп атап калышкан.

Бешинчи – 28-январь менен 11-февраль аралыгындагы күндөрдѳ чилде пири менен кошо жүргѳн жан жөкөрдү “үт” мезгили деп аташкан. Ѳзбек эли февраль айынын аталышын “хүт” деп атап калышкан.

Кыргыз эли кылымдардан бери эле ушул он беш күндүк “үт” мезгилин өзгөчө так билген. Себеби, ушул он беш күндүн ичинде кар ѳтѳ кѳп жаап, калың болот. Ушул себептен, биздин ата-бабалар кылымдардан бери эле “жакшылыгына алса – үт, жамандыгына алса – жут” деп атап келишкен.

 

Алтынчы жан жөкөр. 12-февраль менен 17-февраль күндөрүндөгү  алты күндү “апкыт-сапкыт алты күн” деп аташат. Ушул алты күн өткөндөн кийин, 18-февралда кырк күнгө созулган кыш чилде мезгили бардык аймакта чыгып кетет.

 

“Токсон” мезгили, “темир аяз”, мүйүз аяз” деген эмне?

 

18-февраль менен 13-март аралыгындагы күндөрдү эсептегенде туптуура 25 күндү түзөт. Ушул 25 күн аяктагандан кийин 13-мартта, 90 күнгө созулган “токсон” мезгили бардык аймактан толук чыгып кетет. “Токсон” мезгили чыккандын эң негизги белгиси – кардын эриши орду-ордунда эле эрип жерге сиңип кетет.

Токсон мезгилин эсептештин эң жөнөкөй жолу бар. Токсон мезгили 13-декабрда башталса, 25 күндөн кийин кырк күнгө созулган кыш чилде башталат. Кырк күндүк кыш чилде, 8-январь менен 18-февралга чейин созулат. 18-февралдан ары дагы 25 күндү эсептеп койсок, ал күн 13-март болот. Демек, токсон чыккан күн 13-мартка туш келет.

Бийик тоолуу аймактарда  токсон  мезгили  башталганга жана чыкканга чейин деле аяздуу күндөр үзүлбөйт.

8-январь менен 18-февраль аралыгындагы кырк күндүктү “темир аяз” мезгили деп аташат. Ал эми 19-февраль менен 27-февраль аралыгындагы күндөрдү “мүйүз аяз” күндөрү деп аташат. Себеби, темир аяз күндөрүнө салыштырганда сууктун күчү азайгандыгы байкалат. 28-февраль менен 13-март аралыгындагы күндөрдөгү аязды, “кийиз аяз” мезгили деп аташат. Себеби, сууктун күчү азайып, кийиздей болуп жумшак болуп калат дегенди түшүндүрөт.

 

Январдын “тоголдору”

 

Ар жыл сайын январь айынын көпчүлүк күндөрүндө, асманда “бирдин айы 9 тогол” айы  болот. Асманда ай жаңырбай турган бир дагы күн болбойт.  Маселен, 31 күндү камтыган январь айын эле алып көрсѳк, 1-январь менен 8-январдын аралыгындагы күндөрдө, ай жаңырып кала турган болсо, анда так ошол жаңы жаңырган айдын аталышы сөзсүз түрдө “бирдин айы 9 тогол” айы деп аталат.

Эмне үчүн “9 тогол аттуу” ай болуп калган деген олуттуу суроолор жаралышы мүмкүн. Эгерде чечмелесек, бирдин айы жаңыргандан кийин тогуз күн өткөндө, ошол жаңы жаңырган ай, үркөр топ жылдызына жакын барып тогошуп калат. Ошондуктан “Бирдин айы 9 тогол” айы деп аталып калган.

Эгерде январь айында 9-январь менен 19-январь аралыгындагы күндөрдө  асманда ай жаңырып кала турган болсо, ошол жаңы жаңырган ай  “арсар ай” айы деп аталат. “Арсар ай” айы, январь айында гана жаңырат. Бул ай жыл сайын эле жаңыра бербейт. Маселен,  2009-жылдын 15-январында “арсар айы” жаңырган, ал эми  2010-2011-жылдарында жаңырган жок, кийинки “арсар айы” 2012-жылы келди. Ошол 2012-жылы жаңырган “арсар ай” 2013-жылдын 11-январы менен 9-февраль күндөрүндө асманда болду. Демек, акыркы он үчүнчү “арсар ай” айы аяктагандан кийин, анык “жылан” мүчөл жылы 2013-жылдын 10-февралынан ары, жыйынтыктап айтканда, кээ бир жылдардын январь айында гана үч түрлүү аттагы ай жаңырып калат. Маселен, 1-январь менен 8-январь күндөрүндө “бирдин айы 9 тогол”  айы  жаңырат. 9-январь менен 19-январь күндөрүндө “арсар ай” айы жаңырат. Ал эми 20-январь менен 31-январь аралыгындагы күндөрдө асманда “жалган куран 7 тогол” айы жаңырганда,  жалпы Чыгыш өлкөлөрүнүн жаңы жылы менен бирге, бир күндө келет. Себеби, кыргыз эли Чыгыш элдеринин эсебиндеги эл экенбиз да.

Кыргыз элинин “Жаңы жылы” 21-мартта, Ноорузда болот деген түшүнүк  туура эмес. Себеби, Нооруздун календары кыргыздарда болгон  эмес, аны байыркы ирандыктар колдонгон. Кыргыздар мурун Ай, Мүчѳл жылдарынын жана кийинки мезгилде  Григориан календарын колдонуп келе жатышат.

(Кийинки айда февраль айынын өзгөчөлүктөрү жарыяланат)

Макала Кыргыз улуттук агрардык университетинин “Биомаданий ар түрдүүлүк борборунан” алынды

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *