Кытай асман алдындагы бардык жерге тынчтык орнотобу?

Кытай улутунун кайра жаралышы үч негизден башталат – өткөндүн жакшы жетишкендиктерине кайтуу, азыркынын эң мыктысын өздөштүрүү жана жаңы түзүлүштү жаратуу!

Адам менен табияттын айкалышы өзгөчө мамилени жаратаары, башкача айтканда, курчап турган айлана-чөйрө адамды өзүнүн шартына ылайык ыңгайлаштырып келгени белгилүү. Ар кайсы климаттык алкак жана географиялык мейкиндик ошол жердин табиятынын өзгөчөлүгү аркылуу жер бетиндеги ар элдин маданиятына кайталангыс боёк берип айырмалап койгон. Бул табигый сулуулук ар бир маданияттын өзөгүнө бекем уюп, адам баласынын дүйнөгө болгон көз карашын жөндөп турган. Акыл-эстин жогорулоосуна шарт түзүп берген байыркы салттык билимдер ошол элдин маданиятын тереңдетип, жашоосун жеңилдеткен. Биз билген Кытай маданиятынын калыптануу жолу кучагына миңдеген жылдарды алып, адам баласынын жашоо тажырыйбасын өзүнө ар кыл формада сиңирип келди. Улуттун маданий иммунитети анын улут катары өзүнчө кармап, ошол улутка тиешелүү өзгөчөлүктү жоготпостон убакыттын өтүшү менен жаңы жашоо шартына ылайыкташтырып келет эмеспи.  Кытайдын жүрүшү кылдат, шашылбаган ылдамдык менен дарыянын агымындай билинбейт. Бул алардын табигый өзгөчөлүгү.

Акыркы учурларда маалымат мейкининде Кытай туурасында байма-бай кептер салынууда. Буга Кытайдын экономикасы дүркүрөгөн темп менен өнүгүп жатышы жана ошону менен бирге дүйнөлүк коомчулукта саясый орду жогорулап жатканы себеп болууда. Мындан улам дээрлик көпчүлүк талкуулардын аягы Кытайдын өнүгүшү Батыш цивилизациясынын дүйнөгө болгон гегемондугуна карай таштаган чакырыгы катары бааланып, Кытай кооптуу өлкө деген жыйынтык менен бүтүүдө. Кытайдын акыркы 30 жыл ичинде тынымсыз өнүгүп келе жаткан экономикасы дүйнөлүк алптардын шахмат тактасындагы фигуралардын позициясын алмаштырган сыяктуу эл аралык саясатта бир топ өзгөрүүлөргө түрткү берди.

Кытайдын геосаясатынын өзгөчөлөгү – анын мыйзамченемдүүлүгүндө жана окуялардын табигый түрдө Кытайдын кызыкчылыгы үчүн ыңгайлуу жагдайда пайда болушун камсыз кылуудагы кылдаттыгында жана чыдамдуулугунда. Жаңы Кытайдын көрүнүшү канчалык мурункусунан айырмаланбасын, баары бир өзөгүндө улуттук кызыкчылыктан чыкпаган борборлошкон системдүү башкаруу бүтүндөй Кытай элинин жашоосуна ээ болуп келет. Бул салттык көрүнүш байыркы доорлордон бери калыптанып үзүлбөй келе жаткан жол. Учурда, шарттуу түрдө айтканда, КЭРди коммунистердин династиясы башкарууда. Салттык формасы жана идеологиялык багыты өзгөргөн менен ички философиялык түзүмү жана руханий негизи  өзгөргөн жок. Кытайдын салттуу маданиятын дарыяга айланткан белгилүү булактар бар, аларсыз булардын дүйнө таанымы супсак гана болуп азыркы келечекти бере алмак эмес. Кеп ошол Конфуций, Лао Цзы, Бамбук токоюндагы жети акылман жана башкалар туурасында болууда. Кытайдын дагы бир артыкчылыгы – анын көп кырдуулугунда, ички жашоосу ар дайым  тынымсыз кыймылда жана тыгыз айкалышта, бир чети өтө иретсиз көрүнгөнү менен көзгө адеп урунган башаламандык белгилүү бир ырааттуулукка баш ийген.  Бул көрүнүш мамлекеттик бийликтин катуулугунан мурда элдин аң-сезимдеги орнотулган социалдык эрежелер жана айтылбаган нормалардын натыйжасы. Жана ошондой эле коомдук социалдык түзүлүш, аны менен кошо партиялык идеология дагы элдин жашоосунда тартип жана тазалыкты уюштурууда орчундуу фактор болуп саналат. Негизги калк жеке жашоосунда материалдык жактан жетишкендикке умтулуу менен алек. Мамлекеттин экономикалык кубаты элинин жашоо деңгээлин көтөрүүгө багытталган, ошондуктан баюуга умтулуу элдин башкы максаты болуп калгандай көрүнөт. Учурда Кытай мамлекети бай болгону менен элдин интеллектуалдык жана жүрүм-турумдагы эстетикалык деңгээли аксап келет. Карапайым калк Кытайдын тарыхында ар дайым жакырчылыкта жашап келгендиктен социалдык теңсиздик булардын коомчулугун айтылбаган катмарларга бөлүп келген. Бүгүн деле ошол бөлүнүү толугу менен жоюла элек. Деген менен бул көрүнүш Кытайга эле мүнөздүү эмес. Мынчалык сандагы элде албетте ички маселелер ошончолук көп болот.

Кытайдын тарыхый жолу оор болгонун, алардын байыркы убактардан бери тынымсыз жүрүп келген ички саясый согуштарынан мурда сырткы күчтөрдүн басып алуучу саясатынын кесепетинен жапа чеккенин жакшы билебиз.  Байыркы доорлордо көчмөн хунндардан баштап түрктөргө чейин, орто кылымдарда болсо монголдор жана соңку тарыхта манчжурлардын бийлигинин астында калган Кытай экинчи дүйнөлүк согуштун аякташы менен жапондордун квантун армиясынын мыкаачылыгынан бошонуп чыкты. Кытайдын тарыхта өз алдынча согуштук басып алуу аракеттери ар дайым ийгилик менен аяктай берген эмес, болгону биздин заманга чейинки 221- кылымда легендарлуу Цинь Шихуандинин чачыранды падышачылыктарды бириктирип, алгачкы борборлошкон мамлекетти түзгөндөн кийин Хань династиясынын императору У –Ди нин убагында  Кытай салттуу отурукташкан жеринен жаңы аймактарды басып алган. У-Ди улуу жибек жолунун жаңы бутактарын чабуу максатында аскердик чалгындоо экспедицияларын уюштуруп, натыйжада түштүк аймактардан азыркы түндүк Вьетнам, батышынан болсо чыгыш Түркестанга чейин, ал эми түндүгү Кореяга чейинки аймакты өзүнө караткан. Андан кийинки эле орчундуу территориялык басып алуулар XVIII-кылымда Цин династиясынын учуруна таандык. Манчжур императору Цяньлундун убагында азыркы Синьцзян жана Тибет каратылган. Негизинен кытай элинин күрөшү сырткы баскынчыларга жана феодалдык эзүүгө каршы багытталган. Ички коопсуздук маселеси Кытай үчүн ар дайым эң башкы түйшүктүү маселе болуп келген. Учурда дагы заманбап өнүккөн Кытай үчүн ички коопсуздук маселеси сырткы коопсуздукка караганда алда канча маанилүү жана Кытай Элдик Боштондук Армиясынын күч алышынын бирден-бир себеби ушунда. Кытайдын коргонуу саясаты улуттук суверендүүлүктү жана территориялык бүтүмдүктү сактоого ошондой эле өлкөдө ички стабилдүүлүктү камсыз кылууга багытталган. Кытайдын бүтүмдүгүнө реалдуу коркунуч жарата турган Тайвандын көз карандысыздыкка умтулуусу ошондой эле ниет менен Синьзяньдагы күчтөрдүн аракети жана Тибеттин абалы Кытай бийлиги үчүн орчундуу көйгөй жана бул маселенин реализациясына мүмкүн болушунча карама-каршы туруу улуттук коопсуздуктун башкы иши болуп саналат. Кытайдын аскердик күчү дүйнөлүк державалар менен тең тайлашууга бара жатат деген сөз реалдуу абалга көп коошпойт. Себеби Кытайдын эң башкы умтулуусу стабилдүүлүк жана тынчтык, ансыз Кытайдын келечеги элестелинбейт. Стабилдүүлүк гана Кытайдын мындан аркы өсүшүн камсыз кылып бере алат. Бирок заманбап Кытай кокусунан сырткы күчтөрдүн куралдуу экспансиясына дуушар боло турган болсо, бул жерден Кытай ѳзүнүн болгон коргонуу жана каршылык күчүн уялбастан жумшай алат. Кытай Эл Республикасы өзүнүн олуттуулугун жана XXI кылымда ала турган ордун рекорддук аз убакыттын ичинде көргөзүүгө жетишти. Бүгүн бул мамлекет дүйнөдөгү көлөмү боюнча экинчи орундагы экономиканы жаратты. Ошону менен бирге үч ондук жылдын ичинде космостук жана ядролук державага айланды. Учурда Кытай Элдик Боштондук Армиясынын курамы 2 250 000  адам санын түзөт. КЭБАнын жылдык бюджети Пентагондун берген маалыматы боюнча 100 млрд. доллардан ашат. Кытайдын аскердик кубатынын өсүшү жерде, абада ошондой эле сууда бирдей ылдамдык менен жүрүүдө. Акыркы учурда Кытай эми аскердик транспорттук авиациясынын жана ЗРК (зенитный ракетный комплекс) ПВОнун (противовоздушная оборона) күч алышы менен улуттук кызыкчылыктарды Кытайдын аймагында гана эмес керектүү учурда сыртта, башка географиялык мейкиндиктерде дагы ишенимдүү коргой алат.

Мынчалык күч кубаттын өсүшү ар дайым эле салкын кандуулук жана абалды терең түшүнүү менен коштоло бербейт экен. Маселен Кытайдын айрым расмий бийлик өкүлдөрүнүн улутчулдук маанайларынын жанданып өсүп жаткандыгын байкаса болот. Адатта улутчулдук маселеси  айтылбаган менен иш жүзүнө келгенде орду бар экени белгилүү, анткени өзгөчө саясатта бул көрүнүш ачык боек менен көрүнүп калат.  Бир жагынан бул сезим табигый көрүнүш болгон менен анын акылга баш ийбей ооруга айланып кеткен учурда агрессивдүү жакка ооп кетиши өтө кооптуу. Мындан бир аз гана жыл мурун Кытай армиясынын учурдагы полковниги жана Кытайдын Коргонуу Университетинин профессору Лю Минфу «Кытайдын Эңсегени» же кыялы деген аталыштагы китеп жазып чыкты. Китепте:  «Глобалдык лидерге айлануу – Кытайдын кылымдык эңсеп келген кыялы жана ал максатка жетиш үчүн кубаттуу согуштук курал менен толукталган дүйнөдөгү эң чоң экономиканы жаратуу керек» деп баяндалат. Лю Минфунун айтымында, Кытай ушул кылымдын аягына барып абсолюттуу дүйнөлүк лидерге айланат жана АКШдан аскердик кубаттуулук менен  ИДПнын көрсөткүчү боюнча ашканга 60 жыл убакыт талап кылынат экен. Жакынкы келечекте АКШ жана Кытайга коңшулаш душмандар менен согушуу зарылдыгы убакыт өткөн сайын улам күчөйт. Айрым кытай улутчулдары белгилегендей, учурунда Цин империясына таандык жерлер, анын ичинде Ыраакы Чыгыштан баштап сырткы Монголия, чыгыш Борбор Азия (Кыргызстан, Казахстан) Тайвань аймагы Жаңы Кытайдын жашоо мейкиндигине кириши керек деген ойду билдиришет.  Пекинде жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында суралгандардын 80% Кытай күчтүү аскери бар супердержавага айлануусун каалашат. Улутчулдук маанайдын күчтөнүп жатышы Кытайдын империялык амбициясынын ойгонушуна ташталган от катары бааланып жаткандыгын расмий бийлик жакшы түшүнөт жана бул көрүнүштү кандайдыр бир деңгээлде жымсалдап көргөзбөгөнгө аракет кылууда. Анткен менен белгилүү сандагы кытай улутчулдары Кытайдын алсыз көрүнгөн позициясынан чыгышын каалап, бул маселе туурасында ачык талкууларга өтүү керектигин айтышат.  Кытайдын баалуулуктарынын негизинде бүткүл дүйнөгө ылайыктуу системаны куруу идеясы, шарттуу түрдө айтканда, «гуманист» сыяктанган улутчулдардын идеологиясындай сыяктанат.  Ушул маанайды жылытып келгендер Кытайдын дүйнөлүк мессиялык миссиясын төмөндөгү ой корум менен түшүндүрүшөт: «Салттуу Кытайды, заманбап Кытайды жана дүйнөлүк Кытайды бириктирүү  менен жалпы адамзаттык жаңы цивилизацияны жаратуу, ошону менен бирге бүтүндөй адамзаттын түбөлүк өнүгүшү үчүн керектүү жагдайды түзүп берүү – Кытайдын улуу мүдөөсү жана бул милдетти аткарууда Кытай ар бириңерге кеңешчи жана жардамчы болуп берет».  Элдин патриоттук сезими өлкөнүн өнүгүшү менен күчөп, улуттун жетишкендиктери бийик сыймыктануу менен кабыл алынууда. Оор убактарды башынан өткөргөн эл – ийилген белин түзөп, далысын жайып жаткан учурда албетте толбой келген эңсөөсүн толтурууга умтулат жана бул учурда мүмкүнчүлүгүнүн артыкчылыгын сезгендер өнүгүүнүн конфронтациялык жолун жактап чыгышат.

Дүйнөдө эң чоң аскерди курганы менен Кытай сапат жактан АКШ жана Россиянын илимий-аскердик базасына жана профессионалдуулук, ошондой эле тажырыйбалуулук жактан тең тайлаша албайт. КЭР дүйнөлүк экономиканын күрөө тамырын кармап турганы менен элдин жашоо деңгээлин жана аң-сезимдүүлүгүн көтөрүүдө бир топ жылдар керек экендеги көрүнүп турат. Кытай эми ички мазмунга жана сапаттуулукка, ошондой эле эң башкысы экологиялык рационалдуулукка өтпөсө, убагынан кечигип жатканын белгилей кетиш керек. Карандай эле материалдык жетишкендикке умтулуу, байлык менен камсыз болуу маселеси учурда табияттын абалын дээрлик эске албастан экологиялык курмандыкка бара жатканы Кытай элин эле эмес, бүтүндөй адамзатты чочутууда. Ансыз деле бүгүнкү Кытайдын экологиясы катастрофалык деңгээлге чукулдап калды. Жакынкы келечекте Кытай үчүн суу ресурстарынын жетишсиздиги коркунучтуу жагдайды жаратууга бара жатат. Бүгүн эле 600 шаарынын ичинен 400 шаары суунун жетишсиздигин башынан кечиришүүдө. 300 миллиондон ашык адам санитардык нормага туура келбеген сууну ичүүгө мажбур. Кытайдын аймагында дарыя жана көлдөрдүн дээрлик 75%ы, ал эми жер астындагы суулардын 90%ы булганууга дуушар болгон. Мындан бөлөк абанын булганышы чоң шаарларда өндүрүштүк түтүндүн айынан смогдордун (….) пайда болушу оор көйгөйлүү маселе болууда. Кытайдын чоң деп саналган 500 шаарынын ичинен болгону беш шаарында гана абанын сапаты эл аралык стандартка жооп берет экен. Дүйнөлүк Банктын изилдөөлөрүнүн берген маалыматына караганда, Кытайда жылына абанын булганышынын айынан смогдон 750 миң адам каза тапса, 60 миң адам суунун булганышынан улам пайда болгон оорулардан каза табат. Токойлордун дээрлик 75%ы кыйылгандыгынын кесепетинен жердин дегредациясына алып келип, кургачылыктын пайда болушуна шарт түзүүдө. Кытайдын экологиялык  оор абалы анын аймагы менен гана чектелбейт, себеби табият бүтүн бир организм катары «бир уйдун мүйүзү сынса миң уйдун мүйүзү зыркырайт» принцибинде жашап келет. Ошондуктан бул көрсөткүчтөр КЭРди гана эмес, жалпы дүйнөлүк коомчулуктун дагы көйгөйлүү маселеси болуп саналат. Компартиянын учурдагы бирден-бир саясаты айлана-чөйрөнү сактоого жана өндүрүштүн экологиялык зыяндуулугун азайтууга багытталганы күтүлгөн көрүнүш. Акыркы жылдары борбордук бюджеттен чоң өлчөмдөгү акчалар табиятка келтирилген зыяндуулуктун өлчөмүн азайтууга жумшалууда. Кытайдын ар дайым тынчтыкка жана тең салмактуулукка, ошондой эле гармониялык шайкештикке умтулуусу жогоруда айтылган мисалдан кийин чындыкка жатпай калгандай көрүнөт. Бирок ушунун өзү деле Кытайды өнүгүүдө табиятка болгон зыянды минималдаштырууга алып келе турган ыкманы колдонууга түрктү берет. Мүмкүн кийин өнүгүү сөзсүз эле экономикалык көрсөткүч менен ченелүү керек деген түшүнүктөн алда канча жогорку аң-сезимдүүлүккө алып келе турган дүйнөлүк көз караш менен алмаштырылат.

Кытайды түшүнүүдө анын артыкчылыгын жана кемчилигин бирдей кабыл алыш керек. Кытайдын өнүгүшү өзүнө гана эмес дүйнөнүн дагы өзгөрүшүнө кошкон позитивдүү салымы чоң. Кытай мамлекет гана эмес, ал өзүнчө цивилизация катары адамзат үчүн баалуу.

Дүйнөлүк жашоо ири кадамдар менен бара жаткан учурда биз белгилүү себептер менен тапандап, а болбосо такыр эле ордубузда туруп калгандай болуп жатабыз. Бизди колубуздан алып эч ким жетелебестигин жакшы түшүндүк. Учурдагы жашоо үчүн күрөш бизге эки гана тандоо жолун сунуштайт, бөлөк бизде мүмкүнчүлүк жок. Себеби дүйнөнүн өнүгүү процесси аскадан кулаган шаркыратмадай баары бир бизди ылдый көздөй алып кетет. Кептин баардыгы ылдый көздөй кетип бара жатканда бууга айланып калбашыбызда болуп жатат. Байыркы кошунабыз болгон Кытай дагы ушул эреже менен жашап келе жатат. Анын өнүгүшүнүн табигый  жүрүмү дүйнөлүк өнүгүүнүн мыйзамдарына баш ийет, ошондуктан биз сыяктуу чакан, азырынча алсыз мамлекеттер үчүн (алсыздыгыбыз биздин бийлигибиздин шорунун калыңдыгында болуп жатат) саясый бийликтин түзүлүшү жана мазмуну учурдагы шартка ылайык келбесе өтө кыйын. Ошондуктан Кытайдын илеби кандайдыр бир деңгээлде кооптуулукту жаратып жатканы Борбор Азия үчүн ойго ала турган маселе. БА Кытай үчүн стратегиялуу өнөктөш катары каралбайт. Анткен менен бул аймак ушул жылы Бейжин тарабынан өзгөчө көңүл бурууга алынды. Кытайдын БАга салып жаткан инвестициясы албетте бул региондун экономикасынын өнүгүшүнө жакшы шарт түзмөкчү. Кыргызстандын  суу ресурстарын эске алуу менен КЭРдин зор экономикасы үчүн энергетикалык батарея катары каралышы мүмкүн. Синьцзянга өндүрүлгөн электр энергиясын сатуу биздин деле кызыкчылыгыбызда.

Кытай бүгүн биздин жашообузга терең кирди. Маселен, биз колдонгон буюмдардын дээрлик жарымынан көбү Кытайдын өндүрүшүнө таандык, керек болсо балдардын оюнчуктарынан баштап курулуш материалдарына чейин, ал гана эмес жадагалса эт азыктарын дагы колдонобуз. Мына ушундай жагдайда Кытайдын таасирин минималдаштыруу кыйын болуп калды, тескеринче убакыттын өтүшү менен бул ылдамдык дагы күчөйт. Бирок бул көрүнүш сөзсүз эле бизди кытайлаштырат же кытайлар каптайт деген маселе эмес. Ал өзүбүздүн туруктуулугубуздан жана бийлигибиздин бекемдигинен, маданий иммунитеттин күчтүүлүгүнөн жана улуттук аң-сезимдин бийиктигинен көз каранды.  Байыркы акылмандар айтып кеткендей:  «Душмандын күчтүүлүгүнөн эмес, өзүңдүн алсыздыгыңан корк». Сөздүн акырында негедир Отто фон Бисмарктын айтканы эске келди: «Мени алардын ниети кызыктырбайт,  мени алардын мүмкүнчүлүктөрү кызыктырат»!

Айбек БАЙЫМБЕТОВ 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *