Рустам МАМАНОВ, коомдук ишмер: “Мектеп формасын киргизип, окуучулардагы кийим атаандаштыгын жоюу зарыл”

4-1Эл-жердин тагдырына, тарыхына, тилине чын дилинен күйүп, өзгөчө жаштардын тарбиясына көңүл буруп, “Жаштарыбызга жакшы билим керек, данды кандай сепсең, ошондой үрөн аласың” деген макалды жактаган коомдук ишмер Рустам МАМАНОВ коомчулукка мекенчил инсан катары таанымал. Жашообуздагы кемтикти толтуруу, кеткенди келтирүү үчүн жасаган анын далалатын бүгүнкү биздин маегибизде байкадык.   

 

 

 

– Рустам агай, элибиздин тарыхына болгон кызыгуу кандай себептерден улам пайда болду?

 – Кыргыздын тарыхы кичине кезимен эле мен үчүн абдан кызыктуу болчу. Мектептеги окуучулук кездерде тарых китептерин көп окуп, өзүмчө изилдей берчүмүн. Кийин, Алма-Атада институтта окуп жүргөнүмдө казактардын тарыхын окудук. Казактар алгач Кыргыз ССРи, биз кара кыргыз ССРи болуп түзүлгөнүбүздү билгенден кийин “эмне үчүн мындай болгон” деп ойлоно баштадым. Убакыттын өтүшү менен “кара” деген сөз “көп”, “күчтүү”, “уюгу” деген маанини беришин билдим.

Чындыгында эле кыргыздардын аймагы өтө кеңири болгону тууралуу маалыматтар азыр байма-бай айтылып, изилдөөчүлөр тарабынан акырындан далилденип келатпайбы. Мен кийин бизнеске байланыштуу Кытайга, Россияга барганда, ал жактан кыргыз туугандарыбызды издей баштагам. Тили өзгөрүп, улутунун аталышы башкача болсо да, түпкүлүгүндө кыргыз болуп чыккан элди көргөндө биздин ѳтѳ байыркы эл экенибизге, байыркы маданиятыбыздын баалуулугуна сыймыктанам. Доордун, замандын өзгөрүүсү менен кыргыздар өздөрүнүн улуу маданиятынан тайып кеткени ачуу чындык. Болбосо, байыркы кыргыздын улууга болгон терең урматы, кичүүлөргө ызаат кылганы, колунда жокторго камкордук көргөнү, эркектердин аялдарга болгон сыйы, аял затынын эр-жигиттерге болгон көрөгөч кеңеши, мээрими, журт башындагылардын намысты бекем сактап адил башкаруусу, айткан антынан, берген сөзүнөн тайбастыгы,  карылардын элге болгон даанышмандык акылы байыркыдай эле бекем мыйзамда сакталып турганда жана урпактан урпакка улантылып айтылган накыл кептер, осуят сөздөр, макал-лакаптардын күчүн билип колдонгонубузда, улуттук оюндарды, кол өнөрчүлүктү жана башка баалуулуктарыбыздын нукуралыгын сактап колдонуп келгенибизде, эң негизгиси Манасыбызды тааныганыбызда – биз азыр абдан кубаттуу эл болмокпуз. Бүгүнкүдөй болуп карыяларыбыз карылар үйүндө түнөрүп күн кечирмек эмес, жаштарыбыз чаржайыт жашоодон алыс болмок, эркектер өз ордун, аялдар өз ордун билип, балдарыбыз наристе кезинен улуу баалуулуктар менен тарбияланып, эл өкүлдөрү калктын жакшы турмушу, ынтымагы үчүн жан үрөмөк. Бирок, мына эми улуттун өзөгүнө кайрыла турган, түпкүлүктүү улуу маданиятты баалап жашообузга киргизе турган адамдар аз эмес экени коомчулукта билинип калды. Бул эң жакшы көрүнүш. Өзгөчө кубантканы, кийинки төрөлгөн балдар мекенчил духта, элине болгон, жерине болгон сүйүү менен чоңоюп жатышат. Демек,  кыргыздын келечеги жаркын болорунан эч кандай шек жок.

 

– Былтыр сиздин санжыра иликтөө боюнча чоң колдоо жасап жатканыңыздан кабардар болдук эле. Ушул боюнча айтып кетесизби?

– Биздин түпкү тарыхыбыз союз учурунда жакшы изилденбей, ак так болуп  калган эмеспи. Эгемендүүлүктү алганыбыздан кийин китептер чыга баштады, бирок дагы эле болсо бизде тарых боюнча маалыматтар, китептер жетишсиз экен. Ошондуктан тарых барактарын эл билсин деген ниетте “Санжыра” борборун түзүп, аларды каржылап жатам.

Мисалы, мен Кытайда жүргөнүмдө каңды уруусундагыларга жолугуп калган элем. Өзүм каңды уруусунан болом. Түркмөндөрдүн да үчтөн бири каңды уруусунан болушат. Азыр КТРКда кинотасма жүрүп жатпайбы, “Даңазалуу доор” деген. Ошондогу Сулеймен хан да каңды уруусунан болот экен. Мурда түрктөргө кыргыздардын каңды уруусунан 450 кыргыз үй-бүлөсү Анадолуга барышканы тарыхта бар (кантип, эмне үчүн баргандыктары жөнүндө Асыкбек Оморовдун “Осмон империясы жана бүгүнкү Түркия” деген китебинен окуй аласыздар). Ал эми мындан бир нече жыл мурда чыккан Чыңгызхандын тасмасында биздин төөлөс, найман урууларынын аттары аталат. Мындай мисалдар абдан көп, ушулардын баары кыргыздын тарыхына кирет.  Ал эми уруулардын келип чыгышы, мисалы, тейит уруусу качан пайда болгондугу, наймандар качан пайда болгондугу, эмне үчүн казактардын үчтөн бири найман экендиги, дегеле уруулар жөнүндөгү маалыматтар кызыгууну жараткан өзүнчө бир чоң тема.  Ушулардын баарын изилдеп, жаздырып, урпактарыбызга калтырып кетсек, чоң иш кылган болобуз деп ойлойм.

Менин тарыхка катуу кызыкканымды, кыргыз дегенде толкунданып кетеримди кытай досторум да билишет. Кытайда жүргөнүмдө улуту казак эки профессор менен тааныштырышкан эле. Ал экѳѳ эки жылдан бери Кытайдын архивинен бир  нерселерди көчүрүп, казактын тарыхын  жазып жатышыптыр. Алардан “кандай маалыматтар бар экен?” деп кызыгып сурасам, “Бул сөз арабызда эле калсын, чындыгын айтканда, тарыхтын көп жеринде казактардын башаты кыргыз экенине барып такалууда, силер да тарыхыңарды изилдебейсиңерби?” дешти. Албетте биз да изилдеп жатканыбызды айттым. Анан мен сарсанаа болуп, казагыбы же башка улутубу, кыргыз деген атты өзгөртүп койбойт бекен деп ошол архивке барып, ал жерде иштегендерден сурадым “архивди аңтарып жатышып тарых барактарын өзгөртүп койгондор капысынан болбойбу” деп. Анда алар күлүшүп, “эч өзгөртүлбөйт, антүүгѳ мүмкүн эмес, бул барактарга кол тийгизгендин өзү мыйзамсыз, кандай болсо ошондой сакталат” дешти.

Азыркы убакта заман шартына жараша көпчүлүк жаштарыбыз башка өлкөгө кетип, ал жактын жарандыгын алып, ал жерден жогорку билимге ээ болуп, балдарын да башка тилдүү мектептерге берип жатышпайбы. Ооба, билим алган жакшы, бирок биз, кыргыздар каякта болсок да кыргыз экенибизди унутпай, тарыхыбызды балдарыбызга үйрөтө жүргөнүбүз жакшы. Мына ушуга азыркы иликтенип жазылып жаткан тарых китептери жардамын берет деп ойлойм.

Изилдөө, иликтөө жаатындагы ДНК боюнча аныктоо да жакшы нерсе. Буйруса келечекте техника каражаттары аркылуу эле туугандарды таап алуу мүмкүндүгү болуп калат. Жеке өзүмө абдан кызык, казактагы наймандар менен кыргыздагы наймандардын кандай байланышы бар жана биздеги каңдылар менен түркмөндөрдөгү, моңголдордогу каңдылардын кандай байланышы бар экендиги. Буларды ДНК аркылуу текшерип көрсөк кандай жыйынтык чыгарын буйруса билип каларбыз.

 

– “Санжыра” борборунда санжыраны иликтеп канча адам иштөөдө жана алар кайсы аймактарга чыгышууда?

– Тарых боюнча көптөгөн эмгектин ээси, изилдѳѳчү Асыкбек Оморов борборго директор болуп шайланган. Ал жерде эмгектенген адамдардын саны чектелбейт. Асыкбек Оморов сапарга чыкканда мыкты тарыхчыларды тандап алып кетет. Буга чейин Россиянын Алтай, Тува, Хакас, Эне-Сай, Красноярск, Иркутск шаарларынын жана Түркия, Кытай, Венгрия, Казакстан ѳлкѳлѳрүнүн архивдеринен кыргыздар жөнүндөгү маалыматтарды чогултуп келишти. Быйылкы 2014-жылы Кыргызстандын 7 облусунун ар бир айылын изилдөөгө аракет кылышат. Башкыртстанда 3-4 кыргыз айылы бар экен, ал тарапка да барышат. Мындан тышкары, кайрадан Венгрия, Түркия, ички Кытайга жана Иран, Индия мамлекеттерине барышат. Борбор түзүлгөндөн кийин элдин кѳпчүлүгүндѳ тарыхка кызыгуу пайда болду, бул мени абдан кубантты. Тарых кафедрасы бар ар бир университет бизге жардам беришип, жадагалса карапайым эл да билгенин айтып беришип, китептерин алып келишип, материал топтогонго жардам беришүүдѳ. Алардын баарына ыраазычылык билдирем.

 

“Улут жүзү” деген долбооруңуз тууралуу кеп салсаңыз?

– Бул долбоор азыр мамлекеттик деңгээлде иштелип жатат. Долбоордо мектеп окуучуларынын формасы каралган. Окуучулар бирдей кийе турган мектеп формасы сөзсүз түрдө кыргыздын орнаменти менен болушу шарт. Дайыма кыргыз экенибизди унутпоо үчүн окуучулар сабакты сөзсүз түрдө мектеп гимни менен башташы керектиги, кыргыздын улуттук өнөрлөрү, тарыхы, каада-салты кошулган 5 тармактуу маселелер бул долбоордо каралган. Башкача айтканда, мамлекеттин идеологиясы болушу абзел. Муну бир эле мамлекет эмес, ата-энелердин да балага берген тарбиясы чечет. Биз өзүбүздүн кийген кийимдерибизди, жүргөн-турганыбызды оңдоп, кыргыз экенибизге кемсинбей, тескерисинче сүйүнүп, мактанып кабыл алышыбыз керек, ушул нерсеге балдарды тарбиялоо зарыл.

 

– Мектеп формасына оюулар салынат дедиңиз. Кыргыз оюулары терең маанини камтып, жаш-карынын, аял-эркектин, акылмандыктын, күчтүүлүктүн, эр-жигиттин жана башка кѳп нерсенин белгисин билгизип бөлүнөт эмеспи. Булар эске алынуудабы?

 – Өзүнүн маанисин толук камтыган 30-40 түрлүү кыргыз орнаменти даярдалып, ар бир мектепке сунушталат. Алар өздөрүнө жакканын тандап алышып, ошол боюнча тиктиришет. Албетте окутуучунун, окуучу кыздардын, балдардын ѳз-ѳзүнчѳ оюулары болот. Бул форманы элге тартуулагандагы негизги максат – ата-энелерди кыйнабай, окуучулардын баарына бирдей кийим кийгизип, кийим боюнча атаандашууну жоюу. Кийимдин кездемеси синтетика эмес, нукура, жакшы кездемеден сапаттуу даярдалып, ыңгайлуулугу окуучулар үчүн туура тигилишин талап кылабыз. Баасы да карапайым эл кыйналбай турган даражада болушу керек. Окуучулардын бирдей кийинүүсү ашыкча түйшүктѳн арылтып, кийим үчүн уялуу же мактануу деген нерселерди жокко чыгарып, билим алууда жакшыруу болот деп ойлойм.

 

 

– Чет элге маданиятыбызды көргөзүп чыккан жаштарыбызга каржылык жактан колдоо көргөзүп келесиз, биздин азыркы жаштар боюнча эмне айта аласыз?

 – Багыттуу иш жүргүзүп, өз талантын таптап маданиятыбызды таанытууга салым кошкон жаштарыбызга абдан ыраазы болом. Ошондуктан колдоо көргөзүүдөмүн. Бирок, көңүлдү ооруткан башка жагдайлар да бар эмеспи. Мен мындан 5-6 жыл мурда борборубузга келгенимде жаштардын кийингенин көрүп иренжигем. Балдар чачын өстүрүп кыздарга окшошуп, кыздар да, балдар да аласы узун түшүнүксүз шымдарды кийип алышыптыр. Кыргызча сүйлөсөң, орусча жооп кайтарып жатканын көрүп тарбиябыз аябай эле туура эмес багытта кеткенин түшүндүм. Анан кыргызды кыргыз кылып турган бул каада-салт жана үрп-адат дедим да, маданиятыбыздын уюгу элетте, айылда экенин түшүнүп, маданиятыбызды айыл эли сактап каларына көзүм жетти. Себеби, каада-салт бул биздин мыйзамыбыз, ал эми ал мыйзамды кармап тургандар негизинен элет эли. Мына ошол шаардык жаштардын көрүнүшүнөн кийин мен ЭЛТРдеги “Билерман” ордону колдоп, жандандыра баштагам. Чет жакка чыккан “Тамашоу” шоусун да колдоп, жардам көргөзүп келем.

Тарбия-таалим берүү багытында азырынча бир ойду багып жүрөм. Аны кийин ишке ашырууга аракет кылабыз. Бул – атайын камераларды шаардын жер-жерлерине орнотуп, кыргыздын эле балдар-кыздарынын кандай кийингенин, каерде арак ичип, тамеки тартып, тополоң чыгарып тартипти бузуп жаткандарын, шалаакы жүрүш-туруштарын видеого түшүрүп, байдын баласы болобу, депутаттын баласы болобу же карапайым элдин баласы болобу – баарын телеберүү аркылуу  көргөзсөк дейм. Андайларды ата-энеси көрүп уялаар, балдарын тартипке чакырып, тарбиясын берер.

 

– Өзүңүздүн жеке ишиңиздеги ийгилигиңиздин сыры эмнеде?

 – Жашоодо жөнөкөй жана адилет болуу керек. Таза мээнет менен иштеп, бирөөнү алдабай, бирөө менен мамиле курганда чынчылдык менен мамиле кыл. Шеригиң менен бир иш баштаганда ачык болсоң, иштин аягында анын да, сенин да көңүлүң оорубайт. Кокусунан ортодогу акчадан бир аз пайдаланайын деп бир аз тымызын иш кылсаң, шеригиң сага чоң душман болуп кетиши толук мүмкүн. Ал алган акчаң өзүңө жукпайт дагы. Үй-бүлө кургандан кийин балдарыңа жакшы тарбия берип, жакындарыңа жардамдашып, жардам сурап келген элдерге колуңдан келсе сөзсүз жардам берсең, ал жакшы жашап кеткенден кийин өзү да башкаларга жардам берет. Сенин кылган жакшылыгың жардам алган адамдардан кайтып келбесе да, Кудайдын буйругу менен башка жолдор аркылуу сөзсүз кайтып келет. Ийгиликтин сырынын өзгөчө формуласы жок, эң негизгиси – жөнөкөй бол, ак бол, так бол.

 

Маектешкен Айпери СЫРАЖИДИН кызы

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *