Байлар жана бийликтегилер ак сѳѳк-элита дегенге кирбейт!

Илгертен эле Ак сѳѳктүк (элита) маселесине келгенде кыргыздарда адамдарды бийликтүү-бийликсизине, бай-кедейине карабай сынчылар, нарк-нускалуу адамдар: «Бул ак сѳѳк экен» деп баа беришкен.

Ак сѳѳктүк касиет коштогон адамдар ѳзүлѳрүнүн жүрүш-турушу, сүйлѳгѳн сѳзү, кулк-мүнѳзү, жана башка жакшы сапаттарды алып жүрүүсү менен  айырмаланган.  Алар элдин арасында кѳптүн бири катары жашашып, бирок, кандайдыр бир кырдаал пайда болгондо ѳзүлѳрүнүн сѳздѳрү, жасаган иштери аркылуу элди оң жолго салып, бир багытка буруп, үлгү кѳрсѳтүшкѳн жана муну эл алдында ѳзүлѳрүнүн милдети катары санашкан жана сезишкен.

Азыркы кезде ѳзүлѳрүн «элитабыз, ак сѳѳкпүз!» деп ойлоп-сезишкен адамдар Ак сѳѳктүктүн талаптарына жооп бере алышпайт. Кѳпчүлүк байлар, чоң кызматта иштегендер, эл башкаргандар, элге ар кандай окуялары, иштери, чыгармалары жана башка нерселери  менен аты-жѳнү таанылып калгандар ѳзүлѳрүн «Элитабыз, Ак сѳѳкпүз» деп эсептешип, терең жаңылыштыктарга, адашууларга барышууда.

Элдин байлыгын талап-тоноп алып уурулук менен байыгандарды, ар кандай жолдор менен чоң кызматка баргандарды, депутат болуп шайлангандарды, ѳлкѳ башкаргандарды, аскер кызматкерлерин,  ички иштер бѳлүмүндѳ иштеген чоңдорду, ырчыларды жана башка даражадагы адамдарды жапырт эле Элита деп эсептѳѳгѳ болбойт.

Аскер кызматкерлери же ички иштерде иштегендер Жоокердик Даражага туура келет. Ал эми байлар болсо байлыкты ар кандай  жолдор менен тапкандыгына байланыштуу жана жан дүйнѳлѳрү дүнүйѳ жыйноого ылайыкталгандыктан, элиталык даражага эмес, Соодагерчилик, Ишкерлик  Даражасына туура келишет.

Жогорку кызматта иштегендердин дээрлик баардыгы Башкаруучу Даражага ылайык кулк-мүнѳзгѳ ээ болгондуктан жана алар бийлигин сактап калуу үчүн ар кандай иштерди жасай беришкендиктен, ак сѳѳктүк-элиталык Даражага жооп бере алышпайт.

Илгери кыргыздарда чириген байларды «Ак сѳѳк» деп атамак турсун, аларды Кеңеш ѳткѳрүлгѳн жыйынга да катыштырган эмес. Азыркы кезде айрым бир журналисттер, жазуучулар байлыгы кѳптѳрдү, эл башкаргандарды, депутаттарды, ырчыларды жана башка тармактагы ысымы белгилүүлѳрдү «Элита-Ак сѳѳк» деп аташып, китеп кылып жазып, гезиттерге жар салып акмак болушууда.

Ак сѳѳк-Элита деген даража адамдардын кызматтуу-кызматсызына, байлык-бийлигине карабай, анын кулк-мүнѳзү, башкаларга жасаган мамилеси, жан дүйнѳсүнүн ѳзгѳчѳлѳнгѳн касиети, акылы, сезим-туюму аркылуу жалпы элден айырмаланып турган, бирок ошол ѳзгѳчѳлүгүн ѳзү да билбей, билсе да билдиргиси келбей жалпы элден айырмаланбай жашаган, бирок, элге үлгү кѳрсѳтѳ алган, эл аны баалап, жактырып, талдап турган адам «Элита-Ак сѳѳк» деп аталат.

Ак сѳѳк адам жогорку бийликте жолугушу мүмкүн, бирок, ѳтѳ сейрек кездешет.

Абды САРИЕВ

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *