Тагдыр сырың – эсепте эленет…

Алмазбек ЭРКЕБАЙ

1. Жалпы түшүнүк

Кадырлуу окурман, инсандардын миң түрдүү психологиялык абалын, жер үстүндө аркалай турган миссиясын, касиеттүү ички жан дүйнөсүн, табышмактуу тагдырын, туура келечекке үндөгөн агартуучу таалим-тарбиясын, кесибин, түбөлүк жан бирге болчу  түгөйүн аныктоодогу эң аяр делген эзотерика (жашыруун ыйык сырлар) багытындагы санчылыктын (нумерология) сенсациялык  маалыматтары үзүл-кесил болсо да кыргыз окурмандарына жетип жаткандай.

Мындай купуя кайып дүйнөлүү ааламдарды ачып берүүдө санчылык сабактарынын элге жасай турган кызматы зор. Бирок, кулпуланган адам сырларын сандар аркылуу чечмелеп, жамы журтка жеткирүүдөгү кемчилдик: ырааттуу системалуулуктун, атайын методикалык-практикалык окутуулардын жоктугунда. Биз ушул боштукту толтуруу ниетинде «Санчылыктын сабактары» аттуу жаңы рубрикабызды ачып олтурабыз.

Жаңы рубрикабыздын максаты – өзүн таануу, билүү салаасындагы  өзөк өстүрө турган жан дүйнөгө кетчүү ыйык жолдорду издеп, Теңирге кетчү багыттарды түптөө. Жашооңдогу кыбыр эткен кыймылдарды талдоолорго алуу менен бирге эртеңкиге кетчү келечектүү оң багыттарды аныктоо. Турмуштан өз ордуңду, кесибиңди, түгөйүңдү адашпай табуу, өз алдыңча туура тыянактарды чыгарып, ийгиликтерге жетелеген эркин, бакубаттуу-бактылуу жолдорго арык чабуу, айлана-чөйрөгө болгон шайкештик (гармониялык) мамилелерди түздөө болуп эсептелет.

Санчылыктын коомубузга кызмат кылуудагы агартуучулук мааниси, илимий-практикалык тажрыйбалары Пифагор сыяктуу алп окумуштуу мистик-математиктер аркылуу кылымдар бою  дүйнөнүн ар кайсы тараптарында сыналып, адамзат цивилизациясынын алга жылуусуна кызмат кылып келүүдѳ.  Математика, психология, философия, медицина, дин, адабият, искусство, живопись, музыка, экономика, стратегия, саясат, армия, коргонуу, коопсуздук (мамлекеттик атайын жашыруун тапшырмаларды аткарган чалгын  кызматтарында) тармактарынын өнүгүшүнө да бараандуу салымын кошууда.

Ислам дининин негиздөөчүсү Мухаммед пайгамбар: «Сандардын чечмеленишин билбеген илимпозго көп нерсе караңгы» десе, кыргыздын акылман ойчулу Жусуп Баласагындын: «Жакшы билгин катмардын эрежесин,/Санактан тамыр чыгар билип өзүң» деп, санчылыктын купуя кайыптуу тамыр-маңызына зор көңүл бөлүп жаткандыгынын өзү байыркы калкыбыздын бул билимге болгон жарык мамилеси бар экенинен сиздерге кабар айтып, өз жашоолорунда санчылыкты кеңири пайдаланып эле тим болушпастан, башка элдерге да жайылткан бабаларыбыздын мурастарына таазим этип, арууланган (арий) таза кандуу улуу көчтүн учугун улайлы дедик.

Жол издеген күндөр абдан кызык. Ушундай түркүн-түстүү күндөргө туш кылган ааламдын чексиз кеңдигине таңданасың. «Нумерология» деген илимий терминди азыркы жашообузга «санчылык» деп таланттуу акын, журналист Гүлжамила Шакирова дал туура киргизди. Айрымдар бул илимди  орусчадан оодарылып бизге жеткен эзотерикалык руханий окуу окшобойбу деп адашып алышы мүмкүн. Бул илимдин тарых-таржымалы Гималай, Памир, Тибет алп тоолорунда жашаган элдерден угут  алган. Андан Индиядагы Веда окуулары аркылуу жер бетинин төрт тарабына тараган. Европа өлкөлөрүнө халдейлер (көчмөндөр, кыргыздардын Саруу уруусуна бутакташ  «келдей» деген урук) аркылуу үч багытта: халдейлер, пифагорчулар (европалыктар), каббалистер(еврейлер) болуп, ар кимиси өз кыртышына ыңгайлаша өнүгүү жолдоруна түшүшкөн.

Дүйнөдөгү санчылыктын эң популярдуусу – Пифагордун системасы. Алп илимпоз анын Азиядан көчмөндөр аркылуу келгенин жашырбайт.  Еврейлер каббалистиканы өтө этияттана көмүскөдө тыкыр колдонушуп, «Дүйнөнү баш ийдирип башкаруунун» айла-амалдарын талбай издеп келаткан калк. Ушулардын арасынан акыйкатка эң  жакыны халдейлердики делет. Бирок бул окууну татаал дешип, балким башкалардан атайылап жашырышып, эл көзүнөн ыраак кармашат. Арабдар аны Абжад деп, дин ишмердүүлүгүндө, мамлекет башкаруусунда пайдаланышат. Кытайлардын Конфуций сүйүп окуган санчылыкка байланышкан «Книга перемен»  деген фундаменталдуу эмгектери дүйнөлүк классикалык адабияттын алдыңкы саптарынан кылымдар бою түшө элек.

Эгер кылымдардын тереңинде таш алдында калган эски тарыхый мурастарыбызга астейдил назар салсак, көчмөндөрдүн дүйнөлүк цивилизациянын башатында турган асыл нарктуу,  руху күчтүү маданияты, муундардан муундарга өчпөй өткөн кереметтери  тамыр алып дүйнөгө кулач жайганын байкайсың. Атаганат, көчмөндөрдүн тагдыры татаал белем, санчылыкты алгачкылардан болуп тараткандардын аты бара-бара унутулуп, же атайылап унуткарылып, көчмөндөр алып барган изги идеяларды жерге бекем отурукташып алган өлкөлөрдүн пенделери «менчиктештирип» алышып, аны өзүлөрүнүн улут өзгөчөлүгүнө тууралап, өнүгүү жолдорун аныктап келатышат. Өнүккөн Кытай, Индия, Жапония, Америка, Европа, Израил, Араб мамлекеттери ар таптуу универсалдуу колдонушуп, аны менен катар  Жаратканды даңктаган ири чоң дин ишмердүүлүктөрүндө да ийгиликтүү пайдаланышууда.

Ооба, санчылыкты үстүртөдөн пайдаланышып, күнүмдүк жашоолорунда жанын багып жүргөн инсандарыбыз бар. Сандардын космостук мистикалык кайып сырлары оңой эле ачыла берчү нерсе да эмес. Адамдын бери дегенде ачыла турган 9-11 катар каналдары бар. Ага татыктуу, өз деңгээлинде жоопкерчиликтүү мамиле жасоо зарыл. Өзүн таануу жолундагы адамдын жолун эч ким тоспойт. Жер үстүнө кандай вазыйпа аткаруу үчүн келгенин сезген улут, же болбосо жеке инсан эч кимге жагалданбай, өз ордун, баса турган  жолун адашпай таба алат. Биздин негизги мүдөө: өзүндү-өзүң тааны, бил; жаратмандык чыгармачыл ички мүмкүнчүлүктөрдү арттыр; ѳзүңдү өзүң жөндөө аркылуу чыныгы эркиндикке, маданиятка жетелеген таза булактын көзүн ач. Бул, биз 21 жылдан бери далай азаптарга кабылып, табалбай келаткан чыныгы эгемендиктин өзөгү. Демократия дегениң Батыштан келе калган жаңылык эмес (бул жерде демократия мааниси: элдин нукура бийлиги, ѳзүн-ѳзү башкаруу саясаты ѳзѳгүндѳ айтылып жатат). Ал биздин кылым карыткан кыртышыбызда өчпөй келаткан каада-салттуу дүйнөбүзгө даң салып, каныбызда ойноп турган жаратылышыбыздагы (арий) аруулукту барктаган табиятыбыз.

Кылымдар тогошкон жаңы доор мезгилинде илим дүйнөсү чоң өзгөрүүлөргө тушугууда. Сан деген жердеги эсеп-кысап чарбабызды жүргүзгөн гана математикалык жалпак логикага негизделген кургак эсеп гана эмес, ал Космостон кабар берген жер үстүндөгү купуя маалымат, туура жашоолорго үндөгөн жарык белги. Тамгалар менен сандардын адамзат прогрессине кошкон салымын таразаласак, сандар ээлеген тараза ташы негизги фундаменталдуу милдет аркалайт.  «Математика – илимдердин падышасы» делсе, санчылыкты «математиканын Кудайы» дешкен аалымдар. Жер үстүндө тамгалардын түрлөрү абдан көп, ал эми сандардын ааламга жайылган эки эле түрү бар. Ал биз колдонуп жүргөн араб жана рим сандары. Жөп-жөнөкөй кыска сандар баарына түшүнүктүү болуп, жалпы адамзатты бириктирген Теңирдин тили. Жаңыдан акыл-эс кирип келаткан жаш бала деле негедир алгач эсепти үйрөнөт. Анткени жашообуздун жазылбаган алгачкы суроо-талабы ошондой. Сандардын жогорку мистикалык сыры аркылуу  сапаттык аң-сезимге, андан аркы паралелл дүйнөлөргө баам салып, менталдык (ой дүйнө), астралдык (сезим дүйнө) ааламдарыбызды түгөнбөс энергиянын булагына кошуу менен бирге, Манаста айтылгандай асман менен жерге түркүк боло жашай алсак, кыргызды  кайсы эл көз каранды кылышка умтулушу мүмкүн. Биз ички пейилибиздин абалына жараша тагдыр, доор тандап жаткан учурубуз.

Санчылыктын улуттук багыттагы Кытай, Индия, Европадан айырмаланган рух бакчалуу мектебинин пайдубалын түптөсөк деген кыял-тилектерибиз бар. Өзүбүздү кайрадан нөлдөн баштап карап чыгуучу түмөн түйшүктөр алдыда. Анык реформа – өзүбүздү өзүбүз реформалоодон башталат. Реформа Ак үйдө эмес, ал сен экөөбүздүн психологиябызда . «Азыркы жаңылардын баары – унутулган эскилер» демекчи, ата мурастарыбызды кемитпей, бүгүнкү кирип келген үчүнчү миң жылдыктын талаптарын байкап, мезгилге үндөшө алдыга жылып, сырткы факторлордун адаштырган талкалоочу кыймылдарына абай салып, өзөктүү ички жолубузга дың бузсак, эртеңки келе турган жаңы муун алдында жүзүбүз жарык болор. Буюрса биз көптөгөн өзгөрүүлөрдүн, ички ачылыштарыбыздын алдында турабыз.

Бүгүнкү макалабыздагы Санчылык жөнүндөгү жалпы жоболуу түшүнүктөрдөн соң, гезиттин кийинки сандарында практикалуу, турмуштук-тажрыйбалуу  мисалдарга таянган, жеке индивидден (жеке инсандык ѳзгѳчүлүктѳрдүн айырмасы) тартып, улут  тагдырларына чейинки түйүндөшкөн терең суроолорго жооп издеген жолдорго чыгабыз, Улуу Журт! Андыктан, биз менен бирге болуңуз!

(Уландысы кийинки санда)

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *