«Кайдасың сен, кыл мерген? Кайдасың, жан биргем?»

1237840435_aitmatovch2Дабыт АБДЫЛБАРЫ, Түндүк-батыш улуттар университетинин студенти, «Кѳк асабанын» Кытайдын Ланжу шаарындагы ѳз кабарчысы:  – Айтматовдун «Фудизиямада кадыр түн», «Балалыгым» аттуу эки чыгармасын жана айрым макалаларын эсепке албаганда, жазуучунун баардык чыгармасы дээрлик кытай тилинде жарык көргөн. Ал эми «Аскада калган аңчынын ыйы» жакында кытай тилине которулуп,  басмадан чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кытай мамлекетинде Айтматовдун бир эле чыгармасынын бир нече котормодо жана тең эле бир нече басмадан талаша басылганын көрүүгө болот. Мына ушундан кытай элинин Айтматов чыгармаларына кандай караарын билүү кыйын эмес. Кытай кыргыздарынын жүрөгүндө «Айтматов» деген ысым жана бул улуу инсандын чыгармалары кээ бирөөлөр ойлоп жетпеген жагдайда түнөк тапкан. Муну бирـэки ооз сөз менен айта салуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу кытайлык кыргыз окумуштуулардын калеминен маалымат ала алаарыңыздарга ишенем.

Ал эми “Тоолор кулаганда” романындагы мифтин каражатталышы тууралуу аз сөз» аттуу бул макаланы чет эл тили факултетинин лекторлору Хан Жиңчи жана Лию Жиянроң аттуу эки айым жазган. Макала Кытайда чыгуучу «Кино адабияты» журналынын 2009-жылдык 6-санындагы «Контекистик изилдөө» айдарына басылган. Кытай тилинен кыргыз тилине ушул жылы жетинин айинда (октабир) которгом. Бул жылы Айтматов абабыз дүйнөгө келгенинин 85 жылдыгы боюнча дүйнөнүн жер ـжерлеринде залкарды эскерүү ишـчаралары жүргүзүлдү. Мен да муну Айтматов дүйнөгө келгенинин 85 жылдыгына карата атайылап которгом. Негизи, «өзгө улут, жат идиёлогия Айтматовдун чыгармалары эмне ой айтышат?» дегенге бир жооп катары аталган макаланы гезит аркылуу көпчүлүккө сунгум келет.

Айтматовдун чыгармачылык чабытынын кайнары
же «Тоолор кулаганда» романындагы мифтин каражатталышы тууралуу аз сөз

Авторлор:

Лию Жиянроң (1970), аял, Хибей пировенсиясындагы Хибей университетинин чет эл тили факултетинин магыстыр-аспыранты, изилдөө багыты: орус филологияси.

Хан Жиңчи (1972), аял, Хибей пировенсиясындагы Хибей университетинин чет эл тили факултетинин магыстыр-аспыранты, изилдөө багыты: орус адабияти.

Кытай тилинен которгон Дабыт АБДЫЛБАРЫ

Биринчи. Алгы сөз 

Дүйнөлөшүү жер шарындагы нече мыллыярт калкты саясы, экономика жана маданият ажырымынан алкытып, үздүксүз жуурулуштуруу менен менен бирге, көңүлдөн оолак калтыргыс коомдук термелүүнү да кошо ала келип, тикелей же кыйыр түрдө аз болбогон көйгөйлүү кубулуштарды жаратты. 2006-жылы жарык көргөн «Тоолор кулаганда» деген романда, Теңиртоонун чокусунда ууга кабылган Жаабарс жана тагдырын таш капкан эрктүү журналист Арсен Саманчин экөө үзөңгүлөш жип учу кылынып, кыргыздардагы жаңыдан гүлдөнгөн экономикалык зулмамат («зулмамат» – оор кризис, – «Кѳк асаба») жана араб ханзадалары менен Теңиртоо этегиндеги жокчулук жонунан баскан элди салыштырып, кыргыздардын байыркы элдик мифин арткы көрүнүш кылып отуруп дүйнөлөшүүнүн толкунундагы адепки маданият, адепки жашоо жана адепки нарк таанымынын ыдыроого баштанган тагдыры айгене жазылат.

Романда экономиканин дүйнөлөшүүсү алкагындагы Кыргызыстанда материялдык напсинин арааны жүрүп, маданият, көркөм өнөр четке кагылып, тебөөрүндө калат. Базар экономикаси асыл-ахлактын опол тоолорун кулатып, мифтеги «кыз кайып» жана реял жашоодогу элестин өчпөс махабат жана чындыкка деген талпынуусуна үзөңгү кагыштырат. Романда лирикалуу боёк жана философыялык талаш ـтартыш коюу кездешет. Миф «Түбөлүктүү колукту» болсо  – аптордун реял дүйнөнү кармай билүүдөгү, адам жагдайы жана кагылышууларын илип калуудагы өзгөчө ыкмасы саналып, жазуучунун коомдук маселелерге, жашоо көйгөйлөрүнө карата жогору көңүл бөлүүсүн жана ой чалуусун айгенелеп берет. Аптор адам мүнөзүндөгү кайрымдуулук менен катигездикке («катигездикке» – адамдык сыпатына, – «КА») талдоо жүргүзүп, сүйүүнүн таттуусу менен ачуусуна кайрылат. Дүйнөлөшүү учурундагы тиричиликке деген махабат, жашоонун жыргалын сезүү, тагдырды белгилөө сыяктуулардын баарына элден бөлөкчө түшүнүк керек болору чындык. Биз макалабызда миф жана жазуучунун чыгармачылык көрөңгөсү, мифтин баян курулмасы, ошондой эле мифтин көтөргөн темасинин каражатталышына карата алгачкы кадамда бир аз иликтөө жүргүзмөкпүз.

Экинчи. Чабыттын кайнары элдик мифтерде

Кыргыздын залкар жазуучусу Айтматовдун тоолордун, жайлоолордун кучагында элдик маданиятка канык өсүпـчоңойгону анын чыгармачылыгынын  көрөңгөсү жана курамдаш бөлүгү. Айтматовдун киндик кесип кир жууган, койнунда чоңоюпـөскөн бул өрөөнгө деген махабаты бөтөнчө. «Мүмкүн асман тиреген залкар тоолор жана кеңирсип жайкалып жаткан шиберлер ага көчмөн чарбачы улуттарга мүнөздүү өзгөчө кызуулукту, марттыкты, ак көңүлдүк жана карапайымдыкты ыйгарып, жайлоонун көк асманында сызган жүгөнсүз булуттар, эрке шамал анын ойـчабытына канат бүтүрүп, кыргыздардын узак тарыхый жашоо барышында топтолгон көрөңгөлүү элдик миф, уламыштар кудум тамырда аккан кан сыяк Айтматовдун көркөм чыгармачылык тамырында айланса керек». Туулган жер жана андагы мифтер Айтматовдун чыгармачылык чабытынын кайнары саналат.

Миф – кишилер ойـтуюмунун терең катмарына топтолгон улуттук психиканин уюткусу, «ал элдик эсـтутумдун, ошондой эле адамдар жашоосунун данеги, миф жана фантазыяны каражат кылып отуруп калктын философияси жана тарыхынын данегин баяндоо – бул урпактан урпакка калган осуят», ошондой эле калемгердин коомдук жашоону чагылдыруудагы ыкмасы, кадиресе Айтматовдун өзүнө гана таандык нерсе чыгар. «Ак кемеде» «мүйүздүү бугу эне» уламышына санаалуу түрдө баш баккандан тарта, анын ар кандай бир чыгармасында мифология чегерилет. Макалабызда тилге алынмакчы болгон «Тоолор кулаганда» романындагы «түбөлүктүү колукту» атындагы мифтин бул чыгармага мөл, ары терең асемдик кунар тартуулаганын айтпай кетүүгө болбос. Жазуучу мифти эң эле сонун түшүнөт, «байыркы мифтердин баары биздин руху дөөлөтүбүз экенин эстен чыгарбоого тийишпиз. Миф, уламыштарды чыгармага кийирүү – чыгарманын ички дареметин байытып, мазмун өрүшүн кеңиртип, чыгармачылык ойـтолгоонун олуттуу кандыргасын түзөт». Бүгүнкү жашоонун накай жагдайын миф менен ашташтырып, миф менен реялдыкты жууруп, мифтин тарыхын астар кылганда гана реялдык таасын чагылып чыга келет. Ошол үчүн Айтматов:«Учурдагы дүйнөбүздү ого бетер таамай түшүнүү үчүн эзелки руху дөөлөттөрдөн пайдалануу керек» деп айтат.

Үчүнчү. Кереметтей мифология менен түркүн-түстүү курулманы дедуксиялоо (чукул корутундулоо)

Кереметтей миф «түбөлүктүү колуктуну» романдын жандама темаси катары чыгармага сиңдирип жиберүүдөн биз өзгөчө жазуучулук ыкмасын даана көрө алабыз.

Романдагы Арсен Саманчиндин тоолук элинде таралган миф «Түбөлүктүү колукту» да төмөнкүдөй окуялык баяндалат: чокусу асман тиреген кыргыз тоолорунда шамдагайлыгы менен кайратـэрки шай келген бир жаш көзгө атар мерген жашаптыр. Ал калкына кадыры өтүп, журт бийи болуу менен кошо ошол арадагы ай менен күндөн жаралган бир сулууга ашык болуп, өмүрлүк жары кылып тандайт. Түгөйлөрдүн той салтанатындагы кыз куумай оюнунан кийин көрө албастар жубайларга каскүнөмдүк жасашып, кызды жең астынан байлап кетишет да, «кайындалган кыз мурда сөз бекиткен жигити менен базары көп бир шаарга качып кеткен имиш»,- деп ушак таркатышат. Кастыктын канжары сайылган мерген жигит өзөгүнөн ызаага буулугуп, атынан ыргып түшүп, артына кылчак карабай тоо аралап кетет. Ошондон кийин аны көрүп-билген жан болбойт. Кыз суудан өткөн убакта кудай колдоп жулкунуп бошонуп, азыр эле жигит менен ажырашкан жерге келет да, жигитин таппай сыйпалап калат. Ошондон кийин ал көзгө көрүнбөйт, үнү бар да, өзү жок, ал да тоо арасына кайыптай кайым болот. Кыз кайыптын бой боздоп кошкон кошогу улуу тоолордон жаңырып турат.

«Түбөлүктүү колукту» аңызы романда октумـсоктум («октум-соктум» – анда-санда, – «КА»), же болбосо кейипкерлердин диялогунда кездешет, а болбосо, адам жана жаныбарлардын тагдыр таскагынан жарк этип, философыялык бийиктиктен адам ахылагына кайрылып тургандан сырт, романдагы окуялыктын жай жапсарын да күчөйтө түшөт. Эми биз «Түбөлүктүү колукту» мифинин романдын курулмасына көрсөткөн таасирин төмөндөгүдөй бир нече жактан талдоого алып көрөлү:

1.Реялдык менен миф кыналышып, окуялыктын өнүгүүсүн түртмөктөйт.
«Түбөлүктүү колуктудан» турган бул бир күйүттү сүйүү жомогу Арсен Саманчиндин кечирмишине кыналып, ошону ого бетер көрктөндүрүп турат.

Романдын баш каарманы Арсен Саманчин болсо килассик музикалардан жогору маалыматка ээ, атагы чыккан журналист. Мурда өзүнүн сүйгөнү, сулуу, ары таланттуу опера актирсаси Айдана экөө «Түбөлүктүү колукту» опера тыятырын ордундоо жөнүндө сөзү бүтүшкөн. Арсен Саманчин алгач жолу «кыз кайыптын» сүйүү жомогун оозго алганда, ал экөөнүн сүйүүсү да дал ошол жомоктогу сонун сүйүүгө кошулـташыл биригип, таза сезим, аруу тилек менен коштолгон эле, так ушуну менен кошо алар келечек келишпестегинен да сөз уруп койгону бар. Кудум «кыз кайыпты» коюнунда котур ташы бар каскүнөмчүлөр барымталап кеткен сыяк сүйгөнү Айдананы да оюн-зоок соодагер ишкери «барымталап», күйүттүү сүйүү жомугу алардын сүйүү тирагедиясин да дедуксиялап жиберди (чукул корутундулоо).

Арсен Саманчин бул мифти араб ханзадаларына айтып бергенде алар да «кыз кайыптын» ачыныштуу тагдырына боор оорутуп, тирагедиянин түп-тамыры дагы эле адамдардагы укумдан-тукумга уланып келе жаткан көрө албастык жана өчмөндүктө («ѳчмѳндүк» – ѳч алуу, кек сактоо, – «КА») экенин айтышат. Бирок, өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөп сейрек кездешүүчү мөңгү барстарына уучулук жасагандыгын утурлап пайдага төбөсү менен сайылган бир нече айылдык жарандын аларды коркунучтуу барымталоого жол чаап жаткандарын түк эстерине келтиришкен эмес. Жазуучу мифтин табынан бүгүнкүнү сын көз менен карап, жеке кызыкчылык жана көрө албастыктын казанын асып эсин жоготкон инсандарга: акпаган көл сыяк турган кырдаалдын артында мыкыйып кирзис жатат, мифтеги кастык канжары бүгүн кайра жалтыроодо,- деп эскертет.

Демек, мифтин чыгармага жуурулуштурулушу окуялыктын өнүгүүсүн түртмөктөп эле калбастан, чыгармага коюу лирик боёк жана мазмун ыйгарып, философыяга кандырып, өзгөчөлүк багыштап турат.

2.Миф реялдыкка кийрилип, кыял менен чындык айкашкан.

Миф ــ адам жана жаныбарлардын келечек тагдырынан чечим берүүчү бир морал баалуулугу болуп, ал реялдыктан келет, реялдык мифти дедуксиялайт. Реялдык менен миф үзөңгүлөш болгондон тышкары, ал экөө бир-бирине тутумдаш, жуурулушкан болуп чыга келет. Чыгармада мифтеги кейипкер «кыз кайып» инсанатка кайтып келип, жакын менен алыс, бар менен жоктун арасында, кыял менен чындык жанаша өмүр сүрөт.

Теңиртоонун бийик чокулуу өңүрүн жайлаган Жаабарс мурда ошончолук өжөр да, каардуу, айбары таш сындырган жан эле. Бирок кийинки сакталып туруу таймашынан кийин салпыюуга багынды болуп калды. Пайданын кызуусунда сейрек кездешүүчү мөңгү барыстарына уучулук жасоо соодасынын теребелдүү пиландалип жатканын бул байкуш кайдан билсин? Так ушул кезде, айрымдар өнүккөн учур техникаси, озгур жандооч кабарлашуу жабдуулары аркылуу «кыз кайып» турган жерде мөңгү барстарына уучулук жасоонун чотун согуп жаткан эле. Кай бир шумдуктун болорун туюк сезип турган Жаабарс алыстан угулган адамдын доошунан ого бетер бүшүркөдү. Муну кайдан келген доош экенин Жаабарс кайдан билсин? Бул жакын эле жердеги тоолорду аралап кеткен кыз кайыптын доошу эле, ооба, ал келген болчу:

«Кайдасың сен? Айтчы мага жан биргем? Айтчы мага, бул мен, сендик “кыз кайып”. Боздоп улам, калбай ээрчийм артыңан, кайдасың сен? Карап койчу кылчайып». Ошентип, “кыз кайып” эчкирип ыйлап, «Эми кантем? Кантем эми? Не чара?» деп ботодой боздоп жатты. Бул эмне үчүн экендир? Же ал бир нерсени туйдубу? Жаабарс “кыз кайыптын” жан сыздаткан кайгы-касирет кошогунан чыдай албай чыйырды бойлоп, алда кайдаларга жортуп кетти…» Мына бул жердеги «кыз кайып» уламыштагы токулма образ эмес, кайра баарына пар келип турган накай өмүрдүн элчиси катары, тоо бөктөрүндөгү жаныбарлардын колдоочусу болуп чыга келди. Ал төгөрөгүндөгү бар-жоктун мурдагыдай болбой калганын туйган. Ушул жеринде «кыз кайыптын» келиши Жаабарстын башына күн түшкөнүн астыртан билдирип, ага муну күн алдын эскертип реялдыктин мифке кийрилип турганы бар.

Элес менен Арсен автоунасын айдап кооз капчыгайга жете келгенде эле «кыз кайып» мифын тилге алышты, бул жолу муну Элес оболу айтып чыккан болчу:«Арсен, карасаң, мына бул жылга-жыбыттар менин сүйүүмдү ушул жерден күтүп жүргөн, ошол үчүн мен дайым бул жерге келип турам. Бул айылда алиги кыз кайып ушул жактарда тоо аралап жүрөт деген сөз таралган». «Болду, Элес, эми токтотпосоң мен үн салып ыйлап жиберчүүдөй турам!» Элес «кыз кайыпты» таканчыктап туруп сүйүүсүн билдирди. Ал Арсендин сөзүнөн да «кыз кайыпка» деген кусалык даана көрүнүп турат. Ушул бир көз ирмем жазуучунун сыйкырдуу калеми астында, ал экөөндөгү адалдык жана бакытка карык махабаттын күбөдөрү болуп калган өңдүү. Мифтеги колукту «Арсен менен Элестин бакытын жүрөгү туюп, кырка тоо зандим чокуларды кезип өтүп жетип келди» да,  кай бир кырда токтоп, Элес черткен гитаранин доошуна кулак төшөдү. Арсен менен Элестин сүйүүсү улуу кудуреттен тартып «кыз кайыпка» чейин толкундантты. Бул жерден миф менен реялдыктын айкалышып, кыял чындыкка ашташып окуялыкка каражат болуп турганын көрүүгө болот. «Кыз кайып» ал калың тоолордун арасында, тоолук элдин ой ـ санаасында дайым бар болуп турган тагдырдын кудурети. «Кыз кайыптын» уламышы реялдыкка үндөшүп, келечектен шыбыт берип турса да, мифтин тирагедиялык боёгу баш каармандын кийинки тагдырына бүкүлүү бир нерсени таштап кеткени анык.

3.Байыркы миф жана көкөйдүн кош жаңырыгы

Чыгармадагы миф кейипкер баяны аркылуу өз нугу менен берилгенден тышкары, кейипкерлердин ойـсанаасында да айрым варыянттары пайда болот, алардын кыялында кайра жаңырып чыга келет, ошондой эле кейипкерлердин ойـсанаасы менен ашташып жаркырап турат да, алардын жан дүйнөсүндөгү болгондун баарын учу-кыйырсыз терең мааниге баштайт.

Арсен акыркы тыныгы токтоп, ажал оозун араандай ачып келе жатканда, ал «кыз кайыптын»:«Кайдасың сен? Кайдасың сен, жан биргем?» деген үнүн алыстан эшитет. Ошондо Арсен мукактанып туруп:«Кайыр кош! Эми биз түбөлүккө көрүшө албайбыз…» дейт. Мында мифтеги «кыз кайып» менен мергендин, ошондой эле реял жашоодогу Арсен менен Элестин коштошуусу өз ара алыстан кийрилишип кетет. Мифтеги «кыз кайыптын» зар какшаганы кайгыга байланган элести көз алдыбызга тартат. Мөңгү барстарынын тукуму курут болуп кетүүсүнүн алдын алуу, араб ханзадаларын барымталоодон оолактатуу, кыргыз элинин узак мөөнөттүк түпкү таламын коргоо үчүн Арсендин кырчын жанын өлүмгө байлаганы «Тоолордун кулаганын» тосуп калууда эсепсиз салым болду десек жаңылышпайбыз.

Кабарды угар замат жете келген Элестин үңкүрдө эчак мүрдөгө айланган өз сүйгөнүн көргөндөгү азабынан аска ыйлап, тоо күңгүрөнүп, бир гана асман көмкөрүлүп түшпөй турду. Дал ушул учурда алыскы тоолордун арасынан:«Кайдасың сен, кайдасың сен, айтчы мага, кыл мерген?» деп боздогон доош кудум Элестин жүрөгүн эзип, ичин сыздаткан доошундай эле туюлуп, мифтеги мергенинен айрылган колукту менен реялдыктагы сүйгөнү Арсенден айрылган элестин ички дүйнөсү бир болуп чыга келет. Сүйгөнүнөн айрылып, оор азаптын туткунуна айланган Элестин көкөйүндө:«Мен уктум, сенин доошуңду уктум, «кыз кайып», сен экөөбүз азыр окшошпуз» дегени мээсинде сан жолу кайталанып жатты.

Жазуучу Элести каражат кылып туруп мифтеги «кыз кайыпка» жооп кайтарды, ары «кыз кайыптын» жазмышы аркылуу Элестин тирагедиялуу тагдырын жарытып берди. Мифтеги колукту тээ байыркы доордогу тирагедиянин курмандыгы болгон болсо, ал бүгүнкү дүйнөлөшүү доорунун курмандыгы болуп турган Элес мөңгү барстарын коргоо жана экологиялык тепетеңдикти сактоо үчүн жанын кыйган сүйүктүүсүнөн түбөлүккө айрылып, эмикинин шордуу «кыз кайыбы» болуп кала берди. Жазуучу мифке таканчыктап туруп бүгүнкү дүйнөнү жаратты жана ага сын көз менен карап, адамзат тиричилигинин дүйнөлөшүүнүн алкагындагы экономикалык бет алышка кор болуп жатканындай көкөй кести маселени айтып кетти. Миф окуялыгынын күрдөөлдүүлөшүүсүнө ээрчий улам өзүнө тартып, кишини ой дүйнөсүнө түртүп, ойـсанааны алыска канат кактырат. Миф менен реялдыктын мына ушундай чеберчилик менен айкаштырылышы чыгарманын бийиктик жана көрөңгөлүү кубатын арттырып, философыялуулугун күчөйтөт.

4.Реялдыкты рефраксиялап(башкача көрсөтүү), баш теманын тереңдигин көрүнүктөндүрүү

Айтматов өзү мурда:«Адабият миф жана уламыштар аркалуу бир эле учук кептенген эскиче жупунулугун түртүп салганда гана окурмандарда өздөрүнүн реял кечирмишине карата ого бетер терең таасир пайда кыла алат» деп айтып өткөн болчу. Иш жүзүндүк чыгармачылыкта миф анын реял дүйнөнү колго алуу, адамдар жагдайын, кагылышын байкай билүүдөгү өзгөчө ыкмасы болуп калды. Айтматов өз каармандарынын реял дүйнөгө карата таанымын миф жана уламыштын жардамы аркалуу айта алды. Адамдардын ички дүйнөсү, коомдун тереңге тарткан тамыры мифтеги образдар жана окуялыктардан көрүнүп турганы чын. Мифтеги байыркы адамдардын кемчиликтери менен бүгүнкү доор кишилериндеги кемчиликтерде бир түрдүү мейкиндик алкыган окшоштук байкалат. Жазуучу мифти каражат кылып туруп мол ары терең мазмунду баяндады жана ачып берди. «Ачкөздүк, мансапкордук жана сөөлөткордук адамзатка айтып бүткүс азап алып келет. Журтчулуктун орток таанымынын сөөнчүсү болгон бул үчөө мүлдө былык этпес надандар дүйнөсүнө гана мүнөздүү. Булар ушунтип аз болсун, көп болсун адамзатка зулумдугун калтырганы калтырган» ـ деп аптор дүйнөлөшүү доорунун убайымын тартат.

Миф «түбөлүктүү колукту» да, түбөлүктүү махабат даңазаланып, чындык, ак жүрөктүк, сулуулук мактоого алынат; жасалмалык, карасанатайлык, куниктик камчыланып, адамдардагы бендечиликтин айынан келип чыккан тирагедия ачып жиберилет. Ушулар айкын болуп тургандан тышкары, Арсен менен Элестин мөлтүр махабаты бийик көтөрүлүп, Айдананын акча жана атакـабройго деген чекене кызыгуусу сындын талуу жерине илинет. Ошондой эле жазуучунун реял турмуштагы моралдуулукту иликтөөсүнө таканчык болуп турат. Жазуучунун чыгармачылык жүрүшүндө мифке деген кыя албастыгы миф аркылуу чыгармада өзгөчө көрөөгөн ой чабыттоону ачыктап көрсөтүү жана болумуштун аныкـканыгына жетүү үчүн жол чаап, чыгармадан адамды өзгөчө үзүр алдырып, ошондон улам терең эстетикалык өнүмгө жетүүсү үчүн кызмат кылат.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *