Шабдан баатырдын уулуна баш кошом деген Койсун кыз баяны

Мен бул макалам менен арбактарды козгоп коёмбу деп кичине кооптонуп, арбактардан кечирим суроо менен баштаймын.

Кичине кезибизде кулагыбыз кез-кез угуп калган, бирок биз үчүн түшүнүксүз болгон сөздөрдү улуулардан сурай берчүбүз. Мисалы, ошол сѳздѳрдүн ичинен «кызыл чок» деген эмне?» деп сураганыбызда: «ок, оозуңду жап, айтпа ал сөздү, эч качан кеп кылчу болбогун» деп тыйып коюшчу эле. Кийин чоңоюп, өзүбүз да эне болгондо апамдан жана атамдын бир тууганы Зууракан эжемден тактап сураганымда, өздөрүнүн уккандарын төмөнкүчө айтып беришти эле.  Ошол уккандарымды сөз кошпой, мактанбай, укканымды уккандай жазып түшүргѳнгѳ аракет кылдым.

Илгери жоокерчилик заманда кыргыздар кыздарын да жоокерчиликке  үйрөтүп, жаа тартып, найза сайган кыздар көп эле болуптур жана бул нерсени катардагы иш катары көрүшчү экен. Мына ошондой кыздардан «Атакелдинин алты кыз, алгылуусу Койсун кыз» деп кыз кезинде эле айылга лакап болуп кеткен биздин Койсун эжебиз тың чыгып, эл оозуна алыныптыр. Ал аймак азыркы Ак-Талаа районунун Куртка айылы экен. Атакелди бабабыздын алты кыз, үч уулу болуп, алты кыздын бири ушул Койсун эжебиз. Үч уулу: Тойгонбай, Токобай, Исабек. Чоң атам Тойгонбайдан Кара, Табылды, Иманкул, Биримкул жана Бурмакан, Тынымкан, Зурмакан деген үч кыз. Атам Иманкулдан 3 уул, 7 кыз. Мен ушул  жети кыздын биримин.

Исабек атабыз баатыр болуп, үйлөнө элек жаш кезинде эле жоо колдуу болуп каза тааптыр. Атабыздын зоот кийими Биримкул байкемдикинде сакталуу деп укчубуз, кийин эмне болгонун билбеймин, чокморун биз көрүп калдык.

Эми кебимди Койсун кыз тууралуу баштайын. Койсун эжебиз 15терге чыгып калган кезинде Шабдан баатырдын бир нече жигити Шабдандын тапшырмасы менен Атакелди  бабабыздыкына, Соң-Көл жайлоосуна келип, бир топ күн жүрүп калышат экен. Тойгонбай, Токобай, Исабек бир туугандары менен эр кийимин кийинип, жаа тартып эркин өскөн кыз да ошондо тигилер менен бирге жүргөн экен. Жигиттер менен кошо жаа тарткан жагынан ал баарынан мыктылыгын кѳрсѳтүптүр. Бирок, анын кыз экенин тигилердин жигиттери билбесе керек, болбосо ошол жерден эле токтотушат эле.

Ошентип, ал Койсун кыз катары тигилер менен таанышкандан кийин  Шабдандын жигиттеринин бири менен сөз байлайт экен да, алар артты кѳздѳй кайтканда минген ат-маты, жоо кийими менен кошо кетип калат экен. Кеминге келгенде эле, тигил сѳз бекиткен жигитинин калпы ачыкка чыгат. Кѳрсѳ, ал «Шабдандын баласымын» деп айткан экен кызга. Баласы эмес эле, Шабдандын эки уулунун биринин жигити экен. Шабдан атабыздын эки уулу тең үйлөнүп-жайланган, экиден аялдары бар чоң адамдар экенин билгенде, Койсун эжебиз Шабдан атага түз кирип барып: «Мен Атакелдинин кызымын, мен ээрчип келген бала, сиздин уулуңуз болбой, уулуңуздун жигити болуп чыкты. Мен ага турмушка чыга албаймын, атама тез кетишим керек » деген экен. Ошондо Шабдан атабыз: «Атакелди менен чабыша албайм (же «чабышкым жок» дегенби, айтор ушундай), тезирээк кайра жеткизкиле» деген экен. Ошондо аттардын көкүлүнө кызыл чүпүрөк байлап («кызыл чок» деген ошо экен), күнү-түнү чаап отурушуп Кеминден Курткага жеткиришиптир.

Кыргыздын илгерки салты боюнча атынын көкүлүнѳ кызыл чүпүрөк байлаган чабаган  жигиттер кайсы айылга келип түшүшсө да, ошол айыл же үй ал аттарды алып калып, ордуна башка аттарды берип тез узатып жиберип, анан алар жолдон кайра артка кайрылып келатканда өз аттарын алып калып, тигилердин аттарын кайра өзүлөрүнө кайрып берчү экен.

Ошентип Койсун эжебиз көз байланганда келет, Атакелди атабызга угузулат кыз келди деп. Ошондо Атакелди атабыз : «Каапырдын жүзүн көрбөйм, түнү менен жеткиргиле деп» Ат-Башыга кудалап, калыңын алып, боз үйүн баш кылып, бүт себин жүктөп, келин болуп барчу жерине түнү менен узатып жиберген экен.

Биз кийин чоңоюп, эс тартып калганда, атабыз Иманкул жылкычы, коммунист чабан  болуп Соң-Көлгө дайыма чыкчубуз. Ал 50-чү жылдар болчу. Ошондо Соң-Көлгө араба айдаган бир киши келчү эле. Анын арабасында күзгү, боёк, жип, ийне, тарак ж.б. майда-чүйдөлөр болуп, ордуна бизден жүн, тери алчу. Аабакеч кишинин ысымы Кошбармак  болчу. Чын эле бир колунун эки бармагы бар экенин кѳрчүбүз. Атабыз ал кишини урматтап тосуп алып, бир нече күн конок кылып, кой союп узатаар эле. Кетээрде арабасына толтура жүн, тери салып берчү. Ал убакта биз балалык менен көңүл бурган эмес экенбиз, көрсө ал биздин таякебиз, баягы кыз кезинде лакап болгон Койсун эжекебиздин баласы экен да. Таяке экенидигин кийин гана сураштырып билип отурбайбызбы. Кыз кезинде тайманбаган мүнѳзү бар эжебиз үй-бүлөсү менен кулакка тартылып, кайсы бир жакка көчүрүлүп кетиптир. Кайра Ат-Башыга кайрылып келгенби, же балдары эле келгенби, ал жөнүндө маалымат жок. Үйдѳгүлѳр эжекебиз тууралуу кеп кылбай, сыр кылып жашырышып, эч нерсе билдиришчү эмес. Анткени ошол заманда кыз баланын ата-энеси менен кеңешпей ат-маты менен бир жакка баса бериши бетке кѳѳ сүйкѳлгѳндѳ өтө уят иш болуп эсептелип, аны өмүр бою жашырышып, өз балдарына да айтышпай келишкен. Мезгилдин ѳтүшү менен да биз ата-энелерибизден Койсун эжебиз боюнча эч нерсе укпадык.

Уулбүбү Иманкулова, пенсионер, Сокулук району, Ак-Жол айылы

One thought on “Шабдан баатырдын уулуна баш кошом деген Койсун кыз баяны

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *