Наргиза ИСМАИЛОВА, дизайнер: «Кыргыз жигиттеринин бѳрү тукумундай кыйын болушун каалайм»

1077350_537322209694520_589018553_oЖаш дизайнер Наргиза ИСМАИЛОВА Бишкектеги КГУСТА жогорку окуу жайына караган Инновациялык кесиптердин институтун  ушул жылы бүтүрдү. Бул окуу жайы алты жыл бою дизайнерлерди тереңден окутуп, жылына мыкты бүтүрүүчүлѳр аяктап чыгышат. Кубантканы, акыркы жылдары улуттук ѳзгѳчѳлүктү баалаган жаштар кѳбѳйүп, улам жаңы идеяларды ойлоп таап, кыргыз кол ѳнѳрчүлүгүнѳ, кийимдерине жана башкасына ѳздѳрүнүн жаратмандыгын кошуп, жашообузга жакшы жышаана беришүүдѳ.

nargyizaНаргиза Исмаилова ушул ноябрь айынын 5инен 10уна чейин Бишкек шаарында жылына эки ѳтүүчү «Мода жумалыгы» конкурсуна катышып, алгачкы коллекциясын алып чыкты. Жалпы кѳрүүчүлѳрдүн кѳңүл жактыруусуна татыган «Бѳрү» аталышындагы кийимдери кандай негизде жаралганын жана эмне сыр катып турганын билүү максатында – кыргыз жигиттеринин кийим образын ѳзгѳрткүсү келген дизайнерди маектешүүгѳ тарттык.

– Наргиза, «Бѳрү» коллекциясы сенин дипломдук ишиң экен. Бул идея кандайча жаралды?

– Дипломдук ишти тандаарда абдан кѳпкѳ чейин кыйналдым. Сѳзсүз эркектердин багытына гана токтолом дегем, бирок ал кандай тема болорун кѳпкѳ чейин таппай,  ой-түйшүккѳ баткам. Анан бир күнү түш кѳрдүм. Түшүмдѳ тоодо жүрүптүрмүн. Кѳп карышкырлар элди кубалап жатышат. Мен коркуп, азыр мени да тиштешет деп турганымда бир карышкыр кишидей болуп колу менен мага жол кѳрсѳтүп, кайда кетишим керек экениме багыт берди. Ойгонуп кетип эле, кандайдыр бир эргүүгѳ туш болдум да, «бүттү, мен карышкыр темасын алам» дедим ѳзүмѳ.

9-4Ошондон кийин карышкырлар тууралуу окуп, сурап, эмне үчүн кыргыздарда кыйын эркектерди бѳрүгѳ теңээрин сураштырып, ар кандай маалыматтарды ала баштадым. Кѳрсѳ, алар жалтанбас күчтүү болгондон тышкары, бирин-бирин сатпаган, бийиктик мамилесин сактаган, чынчыл, ѳз үй-бүлѳсүнѳ камкор, мыкты сакчы, коргоочу жана сүйүүгѳ туруктуу сапаттарга ээ экен. «Манастан» жана башка тарыхый, элдик чыгармалардан «ал баатырдын колдоочусу, коргоочусу карышкыр» деп окуп жүргѳнүм менен буга терең маани бербептирмин. Жанагинтип сураштыра баштаганымда, колдоочусу карышкыр болгон арабыздагы эле адамдарга да кезиктим.

– Ооба, «Кудай колдойт, ата-баба арбагы колдойт» дегенден тышкары, адамды касиет күчтѳр да колдойт эмеспи. Демек, сенин колдоочуң да бѳрү баласы го, бекеринен жогоруда айткан түш-аянды кѳргѳн жоксуң да?

– Билбейм… Дагы кошумчалап кетээрим, мисалы, жаныбарлар ханышасы деген арстан деле циркте ойноп жатпайбы, бирок мен карышкырлардын циркте ойногонун кѳргѳн эмесмин. Демек ал ѳзүнүн  тууралыгын билет, эч ким аны эч нерсеге мажбур кыла албайт, ѳзүнүн жашоосунда ѳз сапаттарын катуу кармап жашайт. Ошондуктан, беттегенин бербеген кыйын жигиттер жѳн жерден «карышкыр», «бѳрү» деп аталбаптыр.

– Эркектер темасын гана тандап алам деген ойуң эмне үчүн бекем орноп калды эле?

9-3– Себеби, аялдар үчүн ар убак кийимдердин түрлѳрү бар жана боло берет, жаралып чыга берет. Анүстүнѳ, канча жана кандай чыкпасын, аялзаты улам бир жаңыны эңсеп, алар атайы бир кийимдерге ыраазы болуп токтоп калышпайт, кийинген сайын дагы жаңыларын эңсей беришет. Дизайнерлик жагында жүрүп, эркектер тарабынан: «Эмне үчүн бизге эч нерсе жок, эмне үчүн бизге да арнап чыгарбайсыңар?» деген сѳздѳрдү угуп калчумун. Бир четинен болсо,  корей тасмалары жашообузга киргенден бери кыргыз жигиттеринин Гун Жун Пё (сериалдагы каарман бала – К.Ж.) сымал назик, жасалма сулуулукка ыктаган балдар кѳбѳйүп баратканы кѳңүлүмѳ таптакыр жакпайт. Мен кыргыз жигиттеринин андай болушун каалабайм. Биздин эркектер күчтүү, кайраттуу, тайманбас болууга милдеттүү. Анткени, жоокер ата-бабаларыбыз ошондой болчу.  «Бѳрү» коллекциясындагы кийимдерден кийген жигит чынында эле ѳзүнүн боюн түзѳп, кайратына келип, образдуу түрдѳ жакшы жагына ѳзгѳрѳрүнѳ ишенем жана бѳрү тукумундай кыйын  болууларын каалайм. Бара-бара башка да идеядагы эркек кийимдерин чыгарууну пландап жатам. Албетте, баардыгын кыйнай албайбыз, бирок, мезгилдин жылышы менен бирге эркектик күчтүү духтагы кийимдерге жигиттер сѳзсүз ѳтѳт деп ойлойм, айрыкча кийинки муундар. «Бѳрү» кийимдерин кѳргѳндѳн бери «ушундай кийинет элек» дегендер аз эмес.

– Кийимдерди жаратууда кездеме табуу, бычып-тигүү түйшүктѳрү кандай болду?

– Баарынан мех издеп табуу кыйынга турду. Анткени, күчтүү эркек мүнѳзүн бериш үчүн мехти да агрессивдүү, кайраттуу, күчтүү карышкырдын образына шайкеш келгидей издедим. Ал эми керектүү ѳңдѳгү кѳйнѳктѳрдү да кѳпкѳ издеп таба албагандыктан, метрлеп кездеме алып, аны керектүү түскѳ келгиче аяр карап боётуп чыгып, андан кийин бычып-тиктим. Кийимдерге булгаары жана твид кездемеси колдонулду.

9-2– Кѳйнѳктѳр эмне үчүн кызыл түстѳ?

Карышкыр кызылды башка түстѳргѳ салыштырмалуу  жакшы айырмалап кѳрѳ алат жана ушул түстү жактырат экен. Кызыл ѳң  агрессияны берип турарын билет эмеспизби, ѳзүнѳ мүнѳздүү ѳңгѳ ошол үчүн карышкыр жакын деп ойлойм. Костюм, пальтолордун кээ бир жерине жана бут кийимине да кызыл түс колдондук.

Бычып-тигүү боюнча айтсам, жигиттер шарт-шарт жүрүүдѳ, атка минүүдѳ ыңгайлуулук берген улуттук ыкмадагы бычып-тигүүнү шым-кѳйнѳктѳргѳ колдондум. Кыргыздын эски шымдарынын бычылышынан үлгү алып, аны моделдештирип бычтым. Мындай шымдар адамдын кыймыл-аракетте жүрүүсүнѳ гана эмес, ден соолугуна да пайдалуу. Анткени, азыркы замандын жынсы сыяктуу чыпыйган шымдары эркектерди айрым учурда тукумсуздукка алып келүү зыянын да тийгизет. Андыктан, биз мода индустриясына ѳзүбүздүн кыргыз бычылышындагы шымдарды киргизсек ашыкча болбойт.

– Сен анда азамат экенсиң да, эркектерибиздин тукумсуздук болуп калуу коркунучун да эсиңе алып жүрсѳң. Айтсаң, болочоктогу түгѳйүңдүн албетте карышкыр мүнѳз болушун каалайт болушуң керек?

– Жогоруда айткандай, карышкырлар тууралуу изилдеп, алардын чынчыл, күчтүү, үй-бүлѳгѳ карамдуу, бир сырдуу экенин билгенден кийин, албетте, анык ушул сапаттарды камтып жүргѳн бөрү жигитке баш кошкум келет.

9-1– Ылайым ошол оюң орундалсын. Сѳзүңдѳн байкасам, сен «бычып-тиктим» деп жекелик түрүндѳ айтып жатасың, жардамчыларың болгон жокпу?

– Коллекцияны жалгыз даярдоого туура келди, ошондуктан кыйынчылыктар болбой койгон жок. Бирок мага кеңеш беришкен, колдоо кѳрсѳтүшкѳн устат эжелериме абдан ыраазымын.

– Кѳргѳзүүгѳ чыккан беш жигит – беш башка улуттун балдары деп уктук?

– Ооба, ошондой. Башында кыргыз балдарды эле чыгарайын дегем, бирок, шартка байланыштуу мен ойлогондой болгон жок. Кыргыз модел балдар жок экен.

– Жигиттерибиз анда чын эле бѳрү экен да, циркте карышкыр болбогондой эле, балдарыбыз да подиумда жок болсо…

– (Күлүп) Бар экен, бирок менин талабыма туура келишкен жок, алардын сырт келбети кийимибиздин сүрүнѳ туура келбейт экен. Тигил бешѳѳ беш башка улуттан экенин мен кийин гана угуп-билип таңкалдым, алар: уйгур, ѳзбек, күрд, орус жана кыргыз. Ошентип, коллекциямда ар улуттун бѳрүлѳрү чагылдырылып калды.

– Дипломду жактап жатканыңда ал жердеги окутуучулар тарабынан кандай сѳздѳр болду?

1391613_537322083027866_784989852_n– Диплом жактоодо ар кайсы университеттен келген мугалимдер олтурду. Бир эле айым, калгандары эркек мугалимдер болчу. Баары тең макташты. Анан бирѳѳсү «А где волчица?» деп күтүүсүздѳн сураганда эмне дээримди билбей шашып, «Я сама волчица» дей салсам, каткырып күлүп жиберишти «азаматсың» деп. Ошентип, «5ке» тапшырып, КГУСТАнын атынан конкурска катыш деген сунуштарын да кабыл алып, жогорку орундарга илинбесем дагы «Кѳрүүчүлѳрдүн кѳңүл жактыруусуна» ээ болгонума, идеямды жаратып чыкканыма кубанычтуумун.

– Бул кубанычыңдын артынан жаңы бийиктиктерди багынта беришиңе тилектешпиз. Ѳзүңдүн ушул кесиптеги чоң тилегиң эмнеде?

– Мода ѳзгѳрѳт, артынан кайталангыз из калтыргандары чанда болот. Андыктан, мен изденип иштеп,  келечекте мода индустриясына ѳзүмдүн изимди калтыргым келет.

– Маегиң үчүн рахмат, тилегиң кабыл болсун!

Айперим НУРМАГАМЕТОВА

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *