Кѳзү азиз балдардын комуз үйрѳнүү чеберчилиги таңгалдырууда

Филология илиминин доктору Гульнара Айтпаева жетектеген «Айгине» маданий-изилдѳѳ борбору учурда «Жаштар кѳйгѳйүн чыгармачыл карым-катыш аркылуу чечүү» долбоору менен иштеп жатышат.

1-ноябрдан 4-ноябрга чейин «Айгиненин» кеңсесинде долбоордун экинчи сессиясы болуп ѳттү. Бул сессияда кѳрүүсү начар жана азиз кѳздүү балдардын мектеп-интернатынан окуучулар жана борбор шаардын жогорку окуу жайларынан студенттер катышып, Нурак Абдрахмановдун «Эн белги» системасы боюнча комуз үйрѳнүү техникасы менен бирге ар бир катышуучунун жеке инсан катары ѳсүп-ѳркүндѳшүнѳ басым жасалды.  Комуз үйрѳнүү сабагына кѳзү азиз музыканттар Данияр Жунус жана Бакыт Жакыпов чакырылып, алар музыка жаатындагы чеберчиликке кантип жетишкендиктери, чыгармачылык жолдору, турмуштук тажрыйбалары тууралуу айтып беришти. Эң негизгиси, алар ден соолук жактан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар ѳз жашоосунда туш боло турган тоскоолдуктарды жеңип ѳтүү маселесине токтолушуп, кѳзү азиз балдарга күч-кубат, дем беришти.

Сессиянын акыркы күнү манасчы Дөөлөт Сыдыковдун бир саат бою айткан манасын уккан кѳзү азиз балдар буга чейин туйбаган сезимдерге кабылышып,  манастын магиялык күчүн сезишти.

Мээрим АЙТИКЕЕВА, «Айгине» маданий-изилдѳѳ борборунун кызматкери: – Бир жылдык мѳѳнѳттѳгү долбоорубуздун максаты – комуз үйрѳтүү аркылуу жаштарды бириктирип, бири-бирине болгон мамилесин бекемдѳѳ, ѳз ара маек курдуруу, келечекте эч кимге кѳз каранды болбой ѳз жашоолорун ѳздѳрү куруп кете алууларына кѳмѳк кѳрсѳтүү. Учурда,  кѳрүүсү начар жана кѳзү азиз жаштарды комузда ойногонго ыктыярчылар окутушууда. Ал ыктыярчылар ѳздѳрү комузда эң жакшы ойношот. Үстүбүздѳгү жылдын сентябрь айында долбоордун 1-семинары ѳткѳн. Ага күүчү Нурак Абдрахманов агайыбыз катышып, мында кѳбүнчѳ техникага кѳңүл бурганбыз. 2-семинарда да агайыбыздан жаңы күүлѳрдү үйрѳнүү менен бирге, балдардын руханий жактан ѳсүүсүнѳ басым коюп, кѳздѳрү азиз болсо да кѳп жетишкендиктерди багынткан адамдарды чакырдык. Муну менен жаштар турмуштагы ѳз ордуларын кыйынчылыксыз табуу үчүн руханий жактан түрткү берүү максатын койгонбуз. Эми кийинки 3-сессияны апрель айында ѳткѳрүп, ал эми июнь айында бир жыл ичиндеги жетишкендиктерибизди тастыктоо үчүн азиз балдар менен биргеликте отчёттук концерт берели деп турабыз. Сессия аралыгындагы мезгилдерде болсо катышуучулар жумасына үч жолу комуз үйрѳнүү сабактарын улантып келишет. Бул долбоорубуз «Сорос-Кыргызстан» фондусунун Жаштар программасы тарабынан каржыланууда, балдардын тамак-ашы, жол киресинен бери.

Нурак АБДРАХМАНОВ, күүчү, долбоордогу кѳзү азиз балдардын устаты: – Негизи, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын сезимталдыгы күчтүү болот экен. «Эн белгиси» системасына таянбай жѳн эле айтсаң да бат үйрѳнүп кетишүүдѳ. Булардын сезими бѳлѳк нерсеге алаксыбай, энергиясы ичинде топтолуп, сезими, кабыл алуусу бир топ күчтүү. Кѳзү жакшы кѳргѳн кадимки балдарыбызды нечен жылдан бери үйрѳтүп келатам, аларга кѳрсѳтүп койсоң чертишет, бирок эске тутуусу жакшы эмес. Бул долбоорго келгени байкаганым, тез үйрѳнүп алуудан тышкары, азиз балдар чоң адамдар чыгара албаган ѳздѳрүнүн ырлары менен таң калтырышууда, ѳзгѳчѳ эмгекчилдиги менен да айырмаланышат. Баары бир жандай аракеттенишет, айтканды так аткарышат. Кѳѳдѳндѳрү ѳтѳ бай, ойлонуусу да ар тараптуу. Балдарга комуз үйрѳтүүдѳн тышкары комуз, күү тууралуу маалыматтар берилүүдѳ.

Айпери НУРМАГАМЕТОВА

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *