Абдымамбет САРИЕВ, «Кыргызфильм» киностудиясынын Кѳркѳм Кеңешинин мүчѳсү: «Элибизди шерменде кылган киносценарийлерди жаратпай жатабыз»

i (1)Тѳлѳмүш Океев атындагы Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясынын Кѳркѳм Кеңеши сентябрь айында жаңыртылып, курамы кайра түзүлгѳн.  Бул Кѳркѳм Кеңештин негизги милдети – келип түшкѳн киносценарийлерди окуп, текшерип, ошого жараша баа коюп сунуш кылуу жана киностудиянын администрациясына, жалпы эле кинотармагында иштегендерге кѳмѳк кѳрсѳтүү болуп саналат. Эки ай убакыт ичинде Кѳркѳм Кеңеш келген сйенарийлердин арасынан кыргыз  элин, кыргыз ѳлкѳсүн  уятка калтыра турган пас деңгээлдеги киносценарийлерин жокко чыгарып, бул үчүн далай кинорежисёрлор кыжырданып жаткандыгын угуп,  «Кѳк Асабанын» окурмандарына бүгүнкү кыргыз киносу жѳнүндѳ ой бѳлүшүп берүүсүн  ушул Кѳркѳм Кеңештин мүчѳсү,  КР Улуттук чыгармачыл жазуучулар Союзунун Прездиумунун жана Башкармасынын мүчѳсү, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Байкоочу Кеңешинин мүчѳсү, жазуучу Абдымамбет САРИЕВден ѳтүндүк.

 – Тѳлѳмүш Океев атындагы Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясынын кѳркѳм Кеңешине кандай «жол» менен барып калдыңыз? Анткени, 90-жылдардан бери ким кайсы жерге барса жердештик, урук-туугандык же партиялык кѳз караш менен мамиле жасоо негизги орунду ээлегендиги жашыруун деле болбой калбадыбы? 

– Чыгармачылык менен иштеген жазуучулар Союзу, драма театры, телерадио, филармония, опера жана балет театры  жана башка руханий дѳѳлѳт менен күн кѳрүп, дем алгандар бири-биринде кандай жаңылыктар, ѳзгѳрүүлѳр болуп жаткандыгын жакшы билишет.  Сентябрдын башында Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясынын кѳркѳм Кеңеши таратылгандыгын жана эмне себептен таратылгандыгын  бир топ чыгармачыл адамдар угуп, «сен  кыргыздын улуттук идеологиясына күйүп жүргѳндѳрдүн бирисиң, азыр кыргыз элин, кыргыз ѳлкѳсүн уятка калтырган кинофильмдер чыгып атат, ушул маселе боюнча оюңду айтып аралашпайсыңбы?» деген сѳздѳрүн айтышып, жыйынтыгында «Алтай-Манас-Талас» коомдук бирикмесинин жана КР Улуттук чыгармачыл жазуучулар Союзунун сунушу менен кѳркѳм Кеңешке мүчѳ болуп калдым.  Кыскача ушундай…

Кѳркѳм Кеңештин курамы канча адамдан турат, тѳрагасы ким?

  Кѳркѳм Кеңештин курамы 11 мүчѳдѳн түзүлгѳн, тѳрагасы – белгилүү кинорежиссер, мекенчил инсан, бетке сүйлѳгѳн Темир Бирназаров. Кошумчалап айта турган нерсе, мурдагы таратылган Кѳркѳм Кеңеште жалаң кинофильм тармагындагылар иштеп, киносценарийди ѳткѳрѳбү же башка бир маселе болобу бири-бирин кыя албай, кѳңүлүн калтыра албай тургандар болсо, үстүбүздѳгү жылдын сентябрь айында түзүлгѳн азыркы Кѳркѳм Кеңеште элге таанымал болгон  адабият, маданият, искусство, басма сѳз тармагында чыгармачылык менен эмгектенгендер кѳпчүлүктү түзѳт.

  – Алгачкы чогулушуңуздар качан жана кандай маанайда ѳттү? Анткени, биринчи жыйында эле адамдардын кѳз караштары, кулк-мүнѳздѳрү, деңгээлдери, ѳз милдеттерине жасай турган жоопкерчиликтери  байкалып калат эмеспи…

– Сентябрь айынын орто ченине жакын биринчи жыйын болуп ѳттү. Биз ошондо эле киносценарийлерди талкуулоодо жана ѳткѳрүүдѳ тааныш-билиш, тууган-урук, жердеш деген сыяктуу кыргызга зыян-кесепетин тийгизе турган мамилелерди токтотуп, кыргыз киносунун алдыга ѳсүп-ѳнүгүшү үчүн сунуш кылынган киносценарийлерди ар тараптан иликтеп, изилдеп, кѳз караштар туура келбесе урушпай-талашпай, бири-бирибизге маданияттуу мамиле жасап, «балл кою маселесин ар ким ѳз ыктыяры менен чечсин!» деген бүтүмгѳ келгенбиз.  Ал турсун айрым бир маселелер боюнча эмоциянын күчү менен Темир Бирназаровго катуу айтып алып, кийинчерээк бул жигиттин мекенчил, улутка күйгѳн, бетке түз айткан, чындык үчүн чыркыраган инсан экендигин билип, ичимден ѳкүнүп калганым болду.

Кудай берген баштагы акыл, жүрѳктѳ орногон сезим, алган билим, турмуштук тажрыйба, чыгармачылык руханий кѳрѳңгѳ ар кимибизде ар кандай деңгээлде болгондугуна жараша жана кыргыз киносунун алдыга жылышы, ѳнүгүп-ѳсүшү үчүн ойлогон ойлорубуз, тилеген тилектерибиз, койгон масксаттарбыз бирдей экендиги баарбызды кубандырды.

 – Мурда кинотасмаларды кѳрүп жүрсѳңүз эми Кѳркѳм Кеңештин мүчѳсү катары кааласаңыз да, каалабасаңыз да аралашууга туура келди. Бүгүнкү кыргыз киносунун акыбалы кандай?

– Кѳркѳм Кеңешке мүчѳ боло электе эле кыргыздын кинофильмдерин кѳрүп, ѳз оюмду эл арасында жыйындарда айтып жүргѳм. Тагдырдын буйругу менен азыркы учурда бул тармакка аралашып калдым. Кыргыз ѳлкѳсүндѳ азыркы учурда кѳптѳгѳн кинофильмдер «Кыргызфильм» киностудиясынан жана башка жеке менчик киностудиялардан тартылып жаткандыгы кубандырат. Мунун ѳзү изденүү жана кинотармагына кѳпчүлүктүн кѳңүл буруусу, кызыгуусу, ѳнүгүп-ѳсүүсү болуп эсептелет.

Бирок, жүрѳктү ѳйүткѳн жана кыжырды кайнаткан нерсе, кинофильм тартууда, массалык маалымат каражаттарын тескѳѳдѳ улуттук-мамлекеттик идеологиянын жоктугу. Анткени,  шайлоо учурунда гана кайсы бир адамды мактап-жактаган, үгүт-насаат жасаган учурлар ѳлкѳ боюнча болбосо, азыркы учурда гезит-журналдар ѳлкѳнүн баардык аймактарындагы окурмандарга жетпейт. Элди тарбиялаган, оң жолго багыттаган, жол кѳрсѳткѳн, улутту ѳзүнѳ ѳзүн тааныткан миссия-милдет аткарган силердин «Кѳк Асабага» окшогон гезиттердин нускасы аз, каражат жагынан аксап калууда. Мына ушул негизден алып караганда, гезиттерге салыштырмалуу азыркы учурда кинофильмдер дисктерге чыгарылып, бардык жерде кең-кесири сатылууда. Аны ѳлкѳнүн баардык аймактарындагы жаш-кары дебей массалык түрдѳ кѳрүүдѳ. Бирок, натыйжада, айрым бир чет ѳлкѳлүктѳрдүн программмасына ылайыкталып,  жаштарды бузуп, багытынан адаштыра турган, уят-сыйытсыздыкка, шермендечиликке, мыкаачылыкка, бузуктукка тарбиялаган идеология ѳзүнѳн ѳзү жүрүп жатат. Кѳпчүлүк кинофильмдерде кыргыздын менталитетине жат, маданиятына, каада-салтына, жашоо образына туура келбеген жасалма жана жансыз, киндиктен ылдый түшкѳн, ѳбүшүп-жытташкан, интимдик кыймыл-аракеттерди үгүттѳп-насааттап, «ушундай боло берет, ушинткиле!» деп тымызын үйрѳткѳн кадрларды тартуу жаңылык деле болбой калды. Андайларды  кѳргѳндѳ тѳбѳ чачың тик туруп, жаныңдагы балаңдан, кошо кѳрүп аткан агаңдан, уяттуу адамдардан тартынып, каякка кирип кетериңди билбей каласың. Мына ушундай кинофильмдердин тартылып жатышы руханий талкаланууга тушуктуруп, улутту улут катары бузуп-жарып жоготот. Мунун баардыгы мамлекет тарабынан кѳзѳмѳлдүн жоктугу, жалпы эле СНГ ѳлкѳлѳрүн, анын ичинде биздин Кыргызстанды руханий жактан талкалоого далбастап, «демократия, адам укугу» деген жарлыктарды пайдаланган айрым бир чет ѳлкѳлүктѳрдүн ушундай кинофильмдерди тарткан айрым бир жеке менчик киностудияларга жана ушул сыяктуу кинофильмдерге  каражат берип, сыйлык ыйгарып, колдоп, жол кѳрсѳткѳн диверсиялык иштеринин жыйынтыгы – биз үчүн «ачуу жемиши»  болуп эсептелет.

 Биз, Т.Океев атындагы Улуттук «Кыргызфильм» киостудиясынын гана Кѳркѳм Кеңешинин мүчѳлѳрүбүз. Чындыгында «Кыргызфильмден» башка азыр кѳптѳгѳн киностудиялар кино тартып жатышат. Алардын сценарийлерин тескѳѳгѳ биздин укугубуз да, акыбыз да жок эмеспи. Ошондуктан бул маселеге мамлекеттик кѳзѳмѳл керек. Биз Кѳркѳм Кеңештин алгачкы жыйынында эле мындайларга жол бербѳѳ боюнча ѳз позицияларыбызды тактап, бир бүтүмгѳ келгенбиз.

– Жогорудагыдай тескери кѳрүнүштѳр орун алган киносценарийлер дале сунуш кылынып жатабы?

– Бир топ киносценарийлерди окуп, талкуудан ѳткѳрүп, бир канчасын жараксыз деп таптык. Талашып-тартышып, урушуп кете жаздаган учурлар болду. Азыр адамдарды бир нерсе менен таң калтыра албайсың, киносценарий жазса эле аял менен эркектин интимдик кыймыл-аракеттерин коштогон, улуттук менталитетке туура келбеген, жакын адамдар чогуу кѳрѳ албай турган, ѳлкѳнү, элди шерменде кыла турган кѳрүнүштѳрдү чагылдыруу «модага» айланып кетиптир. Кѳрсѳ, айрым бир чет ѳлкѳлүктѳр дал ушундай тескери кѳрүнүштѳрдү камтыган, кыргыз элин шерменде кыла турган киносценарийлерди колдоп, акча берет экен. Биз киносценарийдеги мындай кѳрүнүштѳрдү алып салуу же болбосо ошол киносценарийди биротоло жарабайт деп  чечим чыгарган учурларыбыз кѳп болду.

Дүйнѳ эли кайсы бир улуттун кинофильмдери аркылуу ошол элдин жашоо-турмушун, дүйнѳгѳ болгон кѳз карашын, адамдык деңгээлин, маданиятын, бири-бирине жасаган мамилесин кѳрүп, «а, бул ушундай улут турбайбы!» деп баа берет.

Алгачкы жыйында эле: «Эмне үчүн кыргыздын кинофильмдерин кѳрсѳң бир мутант-инвалид, бир сойку, бир алкаш, бир кайырчы анан адамдын жүрѳгү түшкѳн короо-жай же кѳпчүлүк жашаган келпийген имарат, аял менен эркектин ачык жалгашуусу, бузулган жаштар, түбү тешилген кайыкка түшкѳндѳй келечегине үмүтсүз караган адамдар тартылат, мындайды токтотсо болбойбу?» деп айттым. Колдогондор болду, унчукпай койгону да болду.

Мисалы, бизге бир киносценарийди алып келишти. Анда бир жигит сарайга кирип уйга жалгашат экен, андан кийин жеңесин күчкѳ салып, зордоп аркасына жармашыптыр…

Жалаң жаман кѳрүнүштѳрдү топтоп, киносценарий жазып келгендер да болду.

«Бул ушундай турбайбы, акча деп абийирди саталыбы, болбойт» десек,  «ушундай эле болуп жатпайбы, бул чындык да» деп талашкандар четтен чыкты.  «Чындыгы чындык, бирок, жалаң жаман кѳрүнүштѳрдү ар жерден бир сценарийге жыйнап келе берсе болобу. Жалпы эл андай эмес да, киного чыгар замат жалпы кыргыз дал ошолордой акмак, уятсыз, шүмшүк, айбан болуп калып жатпайбы» деп да айттык. Кыскасы, ушул сыяктуу кыргыздын жан дүйнѳсүнѳ жат, бузуп-жара турган тескери идеядагы бир канча киносценарийлерди жаратпай артына кайтарып жибердик.

«Кыргызфильм» тарабынан тартылган кинофильмдер элдин маңдай тери менен табылган акчага тартылат. Ошол элдин акчасына кайра ошол элди шерменде кылып, жаштарды бузуп-жарып, мамлекетти талкалай турган кинофильм тартууга кимдин акысы бар!

 

– Бул маселе боюнча эмне кылыш керек деп ойлойсуз?

Биринчиден, кыргыз мамлекети жана кыргыздар жѳнүндѳ жеке менчик киностудияларда жана «Кыргызфильмде» биргелешип же болбосо ѳз алдынча тартылган кинофильмдерди териштирип-тескѳѳ, идеялык багытын аныктоо, ѳлкѳгѳ, элге зыян-кесепетин тийгизе турган, бузуп-жара турган, уят-сыйыттан чыккан, башка элге шылдың кылдыра турган кѳрүнүштѳрдү аныктоо үчүн атайын комиссия түзүп, оңдотконун оңдотуп, оңдолбой турганына тыюу салуу. Экинчиден, кыргыз мамлекетин, кыргыз элин шерменде кыла турган, бузуп-жарууга ылайыкташкан, уят-сыйытсыз кѳрүнүштѳрдү ичине камтыган киносценарийлерди тартуу үчүн чет мамлекеттерден акча каражатын алган жана алардын айтканындай тартууга умтулган кинорежиссёрлорду, ошол багытта кѳмѳк кѳрсѳткѳндѳрдү аныктап, чыккынчы жана саткын катары жазалоо, элге жарыя кылып, чыныгы жүзүн ачуу.

Үчүнчүдѳн, кинорежиссёрлорду мамлекеттик идеологиялык ишке багыттоо үчүн кинофильмдерди кантип тартуу керектигин, канткенде ал мамлекеттин алдыга жылуусуна, элдин руханий жактан бир багытка баруусуна жол кѳрсѳтүү керектигин үйрѳткѳн; тарых, маданият, каада-салт, манас таануу, кыргыз таануу ж.б. улуттук менталитетке таандык курстан ѳткѳрүү, атайын сертификат берүү болуп саналат.

 – Маегибиздин соңунда, Кѳркѳм Кеңешке түз тийиштүү болбосо да, суроомдун тѳркүнүн «Кыргызфильм» киностудиясы жана анын директору Таалай Кулмендеевге бурайын деп турам: буга чейин да, учурда да массалык маалымат каражаттарында киностудиядагы терс кѳрүнүштѳр, тонолуп-талкалануу, Кулмендеевдин жегичтиги тууралуу кѳп сындар жүрүүдѳ. Буга кандай оюңуз бар?

– Жазуучулардын, артистердин, кинотарткандардын жана башка руханий тармактагы адамдардын топ-топ болуп алып же жаш курагы боюнча муун-муунга бѳлүнүп жаатташып, «уруш талаасына» чыгышы жаңылык деле эмес.  Мындай жаатташуунун  бир эле максаты болот. Бул – бийлик талашуу. Тактап айтканда үстѳл-«папке» талашуу. Бийлик талашкан тарап бийликти алыш үчүн болгон ыкмалардын баарын  колдонот. Болбогон ишти «болду», кылбаган ишти «кылды», жебеген нерсени «жеди» деп ѳлкѳ бийлигинин бардык инстанцияларына жазат, текшертет. Текшерүүдѳн эч нерсе чыкпай калса «сатылып кетти, атайын жаап койду» деп ММКларга киши жалдап жаздырат. Иши кылып болгон аракетин кылат. Мындайлар башыбыздан далай ѳткѳн…

Ооба, Т.Океев атындагы Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясынын директору Таалай Кулмендеевди жаманатты кылуу аркылуу элге жек кѳрсѳтүп кызматтан алуу аракети жүрүүдѳ. Мен ал макалаларды окугам, бирок, тактап кете турган нерсе, ал жактага арызчылар «Эл артисти», «эмгек сиңиргени», искусствонун «дѳѳ-шаалары» деп фамилияларына удаа белгиленип берилип жүрѳт.

Ѳлкѳгѳ, элге кызмат кылган таланттуу адамдардын ысымдарын сыйлык, наамы болбосо деле элдин бардыгы жакшы билет жана тааныйт. Бирок, мен андай адамдарды билбейт экемин, ошондуктан, билбегендигим үчүн алардан кечирим сураймын.  Акаев менен Бакиевдин тушунда кимдер гана сыйлык, наам албады. Ошондуктан азыркы бийлик айласыздан сыйлык, наамдарга мораторий жарыялап жибербедиби…

Бийлик талашуу дайыма болуп келген жана боло берет. Мындан трагедия жасоонун кереги жок.  «Кыргызфильмдеги» бийлик талашуу 60тан ашып, 70ти желкелеп калган муундун Т.Кулмендеев ѳкүл болгон орто муундан бийликти тартып алып, директорлукка ѳз адамын коюнун аракети, тактап айтканда «компьютер менен иштебейбиз, анын ордуна совет доорундагы жазма машинканы алып келгиле!» деп талап койгон муундун аракети болуп эсептелет.

– Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

P.S.: Сентябрь айында жаңыдан куралган «Кыргызфильмдин»  Көркөм Кеңешинин иш милдети кандай жүрүп жаткандыгы окурмандарыбызга түшүнүктүү болду деп эсептейбиз. Ал эми «Кыргызфильм» киностудиясынын директору Таалай Кулмендеев массалык маалымат каражаттарындагы өзүнө карата айтылган жана жазылган катуу сындарга каршы эч кандай жообун коомчулукка билдирбей келет. Биз Таалай мырза менен кийинки саныбызга маек курууну көздөп, “Кыргызфильмдин” тегерегинде чубалжыган чуунун аныгын билүүгө аракет кылабыз.

One thought on “Абдымамбет САРИЕВ, «Кыргызфильм» киностудиясынын Кѳркѳм Кеңешинин мүчѳсү: «Элибизди шерменде кылган киносценарийлерди жаратпай жатабыз»

  1. Pingback: Таалайбек КУЛМЕНДЕЕВ, «Кыргызфильм» киностудиясынын директору: «Кайдан-жайдан «кинону сактоочулар» пайда болгонуна таң калам» | Көк асаб

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *