Кыргыз тагдыры. Ѳмүр. Ѳлүм. Кайып илими

4-5-кыргыз5

Кыргыз философия илиминин, аюрвед илиминин доктору, шаман жана дарыгер Жолдошбек СУЛТАНОВ менен маек 

1993-жылдан 97-жылга чейин Швецияда Веда илимдерин окуткан Эл аралык университетинде окуп, санскрит тилин үйрѳнүп тѳрт жыл жашагандан кийин, Индиядан Аюрвед институтун бүтүрүп, кайып илимин изилдеп-таанып 16 жыл ал жакта, бир жыл тибеттик кыргыздардын арасында жашаган Жолдошбек СУЛТАНОВДУН жарым жашоосу абсолюттук чындыкты толук табуу үчүн жумшалды. Кѳп жылдар бою кыргыз жергесинен сырткары жүрүп, ал ѳзүнүн жан касиетин, кыргыз элинин касиетин тааныгандан кийин, аң-сезими жеке адамдык кѳз караштан жалпы элдик кѳз карашка ѳтүп, азыркы учурда кыргыз элинин ѳзүн-ѳзү таануусуна, касиетине кайтуусуна кызмат кылып жаткан учуру.
Беш ай Кыргызстанда болуп, бүгүнкү күнү кайрадан жарым жыл убакытка, 2014-жылдын жазына чейин Индияга кетип жаткан Жолдошбек Султановдон жолго аттанаар алдында дагы бир жолу маек куруп берүүсүн ѳтүндүк.


4-Султанов– Жолдошбек агай, сиздин дүйнѳ кыдырып, жер кезип кетүүңүзгѳ, шаман, элдик дарыгер болуп калууңузга кандайдыр бир окуя себеп болдубу же ички дүйнѳңүздүн толгонуусубу?
– 3-класста окуп жүргѳн убакта катуу бир толгонуп-ойлонгон учурум болду. «Эгер биз жашап жүрүп эле ѳлүп калсак, анан ошол бойдон жок болуп кетсек, анда жашоонун кандай маңызы бар?» деп түйшѳлдүм. Анан класс жетекчиме барып суроо бердим, ал айтты «тѳрѳлѳбүз, жашайбыз, анан жок болобуз» деп. Үйгѳ келип апаман сурадым, ал айтты «ким билет эми, ѳлѳбүз да, андан аркысын Кудай билет» деп. Атаман сурасам, «жакшы жүрсѳң бейишке чыгасың, жаман жүрсѳң тозокко түшѳсүң» деди. Анан ошондо кичине жеңилдеп калдым, «ии мен анда ѳлгѳндѳн кийин дагы башка жакка барат турбаймынбы» деп. Ал убакта атеисттик кѳз караштын заманы болгондуктан, эч кимиси толук жооп бере алган эмес. Ошол бойдон убакыт ѳтүп, бул нерсе унутулуп калды.

1981-жылы, ыраматылык атам ооруп каза болоор алдында жатканда мен ага ачык айттым: «Ата, ушунчалык жаш кетип бара жатасыз, 49 жашта элесиз, 10 баланы тѳрѳтүп, жашоонун жыргалын кѳргѳнгѳ жетишкен жоксуз, биз дагы сиз сыяктуу ушинтип жашашыбыз керекпи? Жанталашып иштеп жүрүп эле кетип каласызбы?» деп. Анда атам минтти: «Балам, ар бир кишинин ѳзүнүн жолу бар, сен кандай жашагың келсе, ошондой жашашың керек» деп. Атамдын бир тилеги бар болчу, дүйнѳ кыдырсам деген. Ошого жетпей кетип жатканын айтты. «Мен кыдырам, ата» дегем ошондо.
– Катуу ойлонуп-толгонуу 3-класстан келди дедиңиз, ал эми ымыркай, наристе кезиңизде кандайдыр бир ѳзгѳчѳлүгүңүз, башка балдардан айырмаңыз болуптурбу?
– Мен тѳрѳлгѳндѳ, тѳбѳ уюлумдан ылдый куюлган айдар чачым менен келип, элдин баары таң калышыптыр. Чоң атам чоң молдо киши болчу, «бул балага кол тийгизбегиле, ыйык бала» деп коргоп жүрчү. Негизи мен кичине кезимен эле ар кандай духтун балдары менен ойноп жүрѳ берчүмүн. Алар ар кайсы дубалдын бурчунан чыгышчу. Менден кийинки иним да бизге кошулуп ойночу. Ал да кѳрчү духтарды. Параллель дүйнѳдѳ жашаган мындай духтар менен ойноо биз үчүн табигый эле кѳрүнүш саналчу.
– Демек, кийин деле параллель дүйнѳдѳ жашагандар менен кездешип, ар кандай нерселерге туш болсоңуз керек?
– Ооба, кѳп эле окуялар болду. Ошолордон бир-эки окуяны айтып берейин. Мен ѳзүм Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында туулуп-ѳстүм. Мал багып тоого чыгып кетчү элек. 12-13 жаш кезимде, бир күнү кой жайып жүрүп үйгѳ келсем, апам айтып калды «балам, кошуна айылдан кемпир келиптир, келини тѳрѳй албай жатыптыр, чай ичип алып барып кел» деп. Мен үйдѳ он баланын экинчисимин. Апамдын кийинки тѳрѳттѳрүнѳ жардам берчүмүн дайыма. Ошентип, шашып-бушуп чай ичип, кемпирди ээрчип жѳнѳп калдым. Апам ал кемпирдин адам эмес экенин билген жок, бирок мен билгем. Экѳѳбүз анан кошуна айылды кѳздѳй эмес эле, айылды бойлоп аккан суунун ары жагындагы жарды карай кеттик. Чоң, үңкүр сыяктуу жардын ичине күңүрт тартып, бирок таштарынан жарык чыгып күйүп турат экен. Кирсем дагы бир кемпир, орто жаштагы аял, анан абышка олтуруптур, алардын жанында кыйналып келин жатыптыр. Мен алардан дароо ысык суу сурап, келиндин курсагындагы баласын тууралап кууп, чыгууга багыттап, бат эле тѳрѳттүм. Абышка киндигин кести, орто жаштагы аял болсо баланы сууга салып, мен ымыркайдын кулак-мурундарын үйлѳп чел кабыгынан тазаладым. Аман-эсен тѳрѳлгѳн балага ыраазы болуп, тигил абышка эки колу менен кочуштап туруп жерден таш алып берип мага карматты, «мына балам, ушуну ал» деп. Жолдон ойлоп койдум «эмнеге таш берип койду, булар анда үйгѳ барганда жарык берип күйѳт го» деп. Келип анан боз үйдүн алдына таштап койдум. Эртең менен эле апам кыйкырды, «оуй, булар күмүш турбайбы» деп. Атам анан ошол күмүштѳрдү ээритип, жүгѳн, ээр токум кооздогонго жана башкага кѳп жылдарга чейин колдонуп жүрдү.
Экинчи бир окуя мен 8-класста окуп жүргѳн кезде болду. Биз, балдар, чоң атамдын бешинчи аялы, эң сулуусу, кошок айткан, ыр ырдаган, колунан кѳѳрү тѳгүлгѳн уз болгон, карыганда да түз басып сымбатынан кетпеген Нурила чоң апабыздын үйүнѳ баргандан коркчу элек, анткени аны түнүчүндѳ баскан албарстысы бар болчу. Бир күнү эле үйгѳ келсем үй бек, баары конокко кетишип, мени чоң апамдыкына барып жатып ал дешиптир. Айла жок барып жаттым. Анан түн ортосунда эле тигил киши кыйкылдап-чыйкылдап баштады. Ордумдан эле «Ой апа, эмне болду?» деп кыйкырсам, «ой ѳлүгүңдү кѳрѳйүн, баягылар келишти» деди. Жүрѳгүм түшүп, азыр мага да келип, мени басат турбайбы дедим. Ошентип коркуп, оюм менен ѳзүм чакырып алган окшойм, бир кезден кийин эле карасам бутумдун башында эки аял турат. Чачтары согончокторуна чейин узун, эмчектери да салаңдап упузун, бойлору жарым метрдей эле кыска, тиштери орсоюп сыртка чыгып турат, жаш курактары болсо 45терде. Анан алар бутумду басканда эле денем кыймылдабай калды. Денемди муздак тер басып, кыйкырганга да жарабадым. Албарстылар кеткенден кийин таң атканча уктабай чыктым. Эртеси атама айтсам кара кой союп, молдо чакырды эле, анысы деле жардам берген жок. Ошол күндѳн тарта албарстылар мени ээрчип алышты. Бассаңар баскыла деп мен да бара-бара кѳнүп алдым. Келишет, жарым сааттай басып кыйнашат, анан кетишет. Кийин анан мени менен кошо армияга да барышты Москва тарапка. Экѳѳнѳ Зита, Гита деген ат коюп, достошуп алдым. Түнүчүндѳ постто турганда «уктап калсам ойготуп койгула» деп айтып койсом, ойготуп коюшчу. Кийин, 1994-жылы Швецияга барганымда да калышкан жок. Жанымдагы кошуна бѳлмѳдѳ жашаган профессор Американын Чикагосунан эле. Ал жактагы Чыгыш элдер университетинен келиптир. Япон, кытай, санскрит тилинде сүйлѳй алган, абдан толук, эптеп-септеп кыймылдап оокат кылган 50 жаштардагы адам болчу. Анын кыйналганын кѳргѳндѳн кийин оокат жасаганына жардам берип жүрдүм. Экѳѳбүз бир күнү сейилдеп жүргѳндѳ ага айтып калдым менин албарстыларым бар деп. Ал дароо эле: «Оо, эң жакшы, сен алардан билим алсаң, аларды башкарып алсаң болот» деди. «Кандайча?» десем, минтип түшүндүрүп берди: «Адам корккон сайын алар коркунучтан күч-кубат, азык алышат, а эгер сүйсѳң, мактасаң, алар желмогуздай болуп турса да «силер кандай сулуусуңар, мен силерди жакшы кѳрѳм» деп эркелетсең келе албай калышат» деди. Ошондон кийин эксперимент кылып, алар келери менен «айланайын силердин сулуулугуңардан, оркойгон тишиңерден силердин, Зита, Гита, мен силерди сүйѳм» деп мактап кирсем эле чүрүшүп, борсойуп түйүлүп, мени баса албай калышты. Коркпосоң, мактап-жактасаң алардын энергиясы сорулуп, алсыз болуп калышат экен жолой албай.
Ошентип, бир күнү албарстылар тууралуу университеттегилерге кеп салсам, англисчени жакшы билген, ѳтѳ билимдүү бир тажик бала «мунун баары болбогон нерсе, кимди басыптыр, мени мисалы эч качан баскан эмес» деп колун шилтеди. «Кел анда 100 долларга мелдешели, мен бүгүн кечинде албарстыларды сага жиберем» десем макул болду. Анан эртең мененки саат алтыда, мен ойгоно элек кезде эле тажик жигит келип калыптыр. Эшикти ачсам, 100 долларын сунган боюнча калтырап турат, «ал да, мени тийбечи» деди. Ошол күндѳн кийин белгилүү болуп кеттим да, университеттин башчысы мени чакырып, «сен шаман турбайсыңбы, кандайдыр бир күчтѳргѳ ээ экенсиң, бизге жардам берип иште» деп калды. Кандайча жардам берем десем, университеттеги кыздарга башчы бол, тартибин карма, ошого жараша акчасын тѳлѳп беребиз, окууда да жеңилдиктер каралат деди. Мен башчы болууга макулдугумду берип, баары жыйынга чакырылды. Биздин университетте 60 ѳлкѳдѳн келген кыздар окушчу, менин башчы болорумду угушуп эле алар каткырышты. Мен ого бетер тамашалап, «силерге ата болгум келет, жардам берем, а эгерде укпасаңар сазайыңарды кѳрсѳтѳм, түнүчүндѳ ѳзүм келип жазалайм» десем дагы күлүп калышты. Албарстыларды авторитет болуп жүргѳн германиялык бир кызга, жана башка тартипке келбей бой салбагандарынын айрымдарына түнүчүндѳ жибергенимден кийин эле момурап калышты. Кыздарды тѳрт жыл башкарган мезгил ичинде алар мени жакшы кѳрүп, кеңеш, жардам сурап турушчу. Бирѳѳлѳрү келип алып ыйлайт, бирѳѳлѳрү күйѳѳгѳ тийем дейт, дагы башкалары кѳйгѳйлѳрүн айтышат. Мен аларды сооротуп, кеңеш берип, багыт кѳрсѳтүп, колум менен дарылап, психологиялык жактан да жардам кылчумун. Швециядан кетип жатканымда ал кыздар мени ыйлап узатышты.
– А азыркы учурда Зита менен Гита кайда, дале жаныңыздабы?
– Жок. Алардын тагдыры мындай болду. Кийин, СНГ мамлекеттеринен баргандар Швециядагы университеттен ѳзүнчѳ бѳлүнүп Латвияга келдик, Веда илимин таратуучу филиалы катары. Латвиядан ээн калган бир санаторийге жайгашып, алгач анан ал жерге тазалоо жүргүзѳлү дедик. Кантсе да ар кандай оору-сыркоо менен далай жылдары далай адамдар жатышкан да ал жерде. Ошентип, Ягья ѳткѳрүүгѳ даярдандык (от жагып тазалоо). От жагуу убагында отко кайра-кайра сары май куюлуп, мантралар айтыла берет, Кудайдын миң аттары кайталанат, тилектин баары Кудайга жибериле берет. Ошондо баягы профессор айтып калды, «тигилериңди бошотпойсуңбу» деп. «Кантип?» десем, «кагазга Зита, Гита деп жазып, аттарын улам кайталап, ягья убагында ал кагазды отко сал, аларга анан кайра адам түспѳлүндѳ жаралышына шарт түзүлѳт» деди. Экѳѳнѳн сурасам алар коркуп, кеткиси келбей корунушту. Бирок, кой болбойт деп кагазга аттарын жазып, от күйгѳн маалда Зита, Гита деп улам кайталап, мантра окуп, кагазды отко салып жибергенимде Зита менен Гита сыя-кѳк ѳңүндѳ күйүп, жок болуп кетишти. Алардан кутулаарым менен мен ушундай бир жеңилдеп, денем балкып ырахатка батып, жонуман бир нерсе ѳткѳндѳй чымырап, кубанычка, эркиндикке бѳлѳндүм. 8-класстан бери жабышып жүргѳн албарстылардан ошентип кутулдум…
Мына ушул сыяктуу кызыктуу нерселер болгон. Бул демек кыргыз баласынын жашоосундагы бир кѳрүнүш. Дегеле кыргыздын жашоосу сырдуу, таңкалычтуу.

4-5-кыргыз3«Кыргыз кѳппү, жылдыз кѳппү» деген сѳз да бекеринен айтылган эмес. Кыргыздар бир кездерде жер бетиндеги баардык материктеринде жашашкан. Алар тигил жактан бул жакка кѳчүп келишкен дегендей эмес эле, турган жеринде эле кыргыз болуп жашап турушкан. Тибеттеги, Индиядагы, Памирдеги, Америкадагы, Енисей, Алтай, Румыния, Болгариядагы, Түркиядагы, Германиядагы жана башка жактагы илгертен бери жашап келатышкан жергиликтүү кыргыздар эч жерден кѳчүп барбай эле ѳмүр бою ошол жакта жашап келатышат. Байыркы кыргыздар экономикалык, социалдык жактан уюшкан, баатыр, жоокер эл болуп, ар кайсы тоодо жашап туруп эле тышкаркы жерлерге барып цивилизация орнотуп, дүйнѳнү каратып, кайра ордуларына кайтып турушкан. Ошентип миңдеген жылдар ѳтүп, ар кандай диндер пайда болуп, акыры жүрүп олтуруп албетте кыргыздар да ар элге сиңип-сиңип кетишти. Байыркы Кытайда мындай сѳз бар экен: «Кыргыз козголсо кылым козголот, кыргыз ойгонсо кытай жоголот» деген. Кыргыздар күчтүү болгонунун кесепетинен кытай сепили курулган. Буга албетте баары ишене бербейт. Качан дүйнѳнү кыдырып, ѳз кѳзүң менен кѳрүп бир айланып ѳтмѳйүнчѳ адамдын ою ачылбайт, кыргыз тууралуу түшүнүктѳргѳ келбейт. Мен дүйнѳнүн бул жагы Чыгыш тарапты кѳздѳй, бул жагы Түндүк, Түштүктү кѳздѳй басып ѳттүм.

Талааларында ата-бабаларыбыздан калган чоң-чоң айкел таштарды кѳрдүм, кыргыздын күчтүү энергетикасын сездим, тили бурулуп кеткен кыргыз элинин кыргыз ѳңдѳрүн кѳрүп, сѳздѳрүнѳн кыргыз тилин түшүндүм. Демек, кыргызды тааныш үчүн кыргыздан сырткары чыгып кѳрүш керек экен. Бирок, канча жерди баспа, кандай улуу тоолорду кѳрбѳ, ѳзүңдүн Ала-Тооңо, бейиштин алкагындай болгон кыргыз жериңе эч бир жерди теңей албайсың. Космостон караганда да, тоолорго курчалып, кыргыз жери бир керемет кѳрүнѳт.
– Жоого туруштук берген ошондогу кыргыз жан дүйнѳсү кандай эле жана азыркы жан дүйнѳсүнѳ кандай баа бересиз?
– Кыргыздардын жан дүйнѳсү бүркүттѳргѳ окшоп эркиндикти сүйгѳн, басып алууга мүмкүн эмес эл болчу. Акыркы жүз жылдык ичинде кыргыздардын аң-сезимин ѳзгѳртүп, кулчулукка түртүп салышты. Андан сырткары, «ѳздѳн чыккан жат жаман, ѳзѳктѳн чыккан ѳрт жаман» дегендей, ичибизди курутуп жүргѳндѳр да бар, чет элдиктерге сатылып, акча алып кызмат кылышып. Ар кайсы улуттун ѳкүлдѳрү да кыргыздын ич арасына саясаттарды жүргүзүп, бирине-бирин тукуруп, же болбосо тескери жакка түртүп, бул таасир астында кыргызды сатып жатышат, кыргызы да ѳзү кошо кошулуп. Кыргыз кыргызды сатып жатышын мен мындай түшүндүрѳм: ички жан дүйнѳ жоголду, адам баласы ѳзүнүн ички жан дүйнѳсүн жоготуп койгонунун бир себеби – жылуу мамиленин жоктугу. Илгери кыргыз балдары бала-бакча дегенге барышчу эмес, үйдѳн чоң ата, чоң эненин мээриминде, тарбиясында, жакшы мамиледе чоңоюшчу. Кичине кезинен ата-эненин мээримин кѳрбѳй чоңойгон адам таш боор болуп калат. Кыргыз элинин 20-25 пайыз эли таш боор болуп калганынын себеби – сүйүү мээриминен кур калып ѳскѳнүнѳн. Байыркы кыргыздын дүйнѳгѳ, ааламга, элге, мекенине, бири-бирине болгон сүйүүсү күчтүү, намысы бекем болчу. Намыс – ѳлүмдѳн да жогору турган. Бир кыргызды да жоого алдырып жибербей, намысты кармап турушкан. Кийинчерээк касиетибиздин баары кетип эле, каада-салтыбызды катуу кармабай калдык.
– Кыргыз ѳзүнүн каада-салтына түшсѳ гана оңолот деп акыркы жылдары байма-бай айтылып келатат. Гезит бетинен да буга кѳп жолу кайрылган элек, бирок, сизге жеке суроо: кыргыз каада-салты деген эмне?
4-5-кыргы2– Каада-салт – бул мыйзам. Жараткандын мыйзамы. Мисалы, «эркек бузулса – аял бузулат» дейт, «аял бузулса – заман бузулат, заман бузулса – табият бузулат» дейт. Табият бузулса – Күн бузулат, жарыгын бербей калат. Эң коркунучтуусу ушул: Күн жарыгын бербей калганы – акыр заман болгону. Демек, бүт баардыгы бири-бирине байланыштуу. Мына, совет мезгили кетээри менен эркектердин ниети бузулду эле, аялдар эркекке кѳз каранды болбой, «э койчу, сен киши белең, колуңан эч нерсе келбегенден кийин» деп ѳздѳрү чыгып кетишти да, тирликти жүргүзүүнү ѳздѳрүнүн колдоруна алышып, акчаны таап жатышты, эркектер болсо үйдѳ бала багып, ѳздѳрүнүн ордун таппай калышты, эркектик энергиясын жоготушту. Мына ушундай кризисти кѳрдүк. Азыр эми, элдин турмушу оңолуп калганын Кыргызстанды кыдырып келгенден кийин байкадым. Кыскасы, оңолууну кѳздѳй кандайдыр бир чоң кыймыл бар. Менин оюмча, акыркы тѳрт жылда кыргыздын турмуш-жашоосу бир топ эле кѳтѳрүлѳт. Анткени, аялдык касиетин жоготуп эркек сыяктуу иштермандыкка кеткен аялдар ѳз ордуна келе башташты. Эгерде аял эркекке баш ийбей ѳз алдынча акча таап кете берсе, эркек ѳз касиетин жоготот. Жашоодо аял менен эркек ѳз-ѳз энергиясында болбосо, аял эркектин эркектик, эркек аялдын аялдык энергиясын алып турбаса, турмуштагы ѳз ордуларын табышы кыйын болот. Мен ушул жерден ѳз тажрыйбаман кѳргѳн россиялык бир үй-бүлѳнү мисал келтирип кетейин. Светлана деген бизнесмен пациентим бар эле, Москва шаарында эле 3-4 эмерек дүкѳнүнѳ менчик ээлик кылчу. Дайыма тынбай ал дүкѳндѳрүн иштетет, күйѳѳсү болсо эки кызын багып үйүндѳ олтурат. Анан бир күнү мага айтып калды, күйѳѳм күйѳѳдѳй эмес, үй-бүлѳнү багалбайт, эркектик милдетин да аткарбайт, эмне кылам, аны менен кантип жашайм деп. Мен айттым, кеп анда эмес, кеп сенде, силер тез арада орун алмашып, күйѳѳңдү бизнеске кой, ошол башкарсын, жүгүрсүн, сен үйүңдѳ кал дедим. Антсем, «ой, ал жасай албайт да» деди. «Кѳрдүңүзбү, сиз күйѳѳңүзгѳ ишеним бербей жатасыз» деп түшүндүрүп, кеңеш бердим. Чындыгында эле эркек же акча таап үй-бүлѳнү бакпаса, же эркектик милдетин аткарбаса, Светланага кереги жок болуп калды да. Аялы иштен кечинде чарчап келет, күйѳѳсү тамак-ашын даярдап, кел деп чай берет – мунун ѳзү инь менен янь энергиясы алмашып кеткени. Менин кеп-кеңешимен кийин экѳѳ ордуларын алмашты да, жашоолору оңолуп кетти.
– Экѳѳнү ѳз энергетикаларына олтургузган турбайсызбы…
– Ооба, аял аялдын, эркек эркектин энергетикасына олтурду. Анан алар эркек балалуу болушуп, ѳздѳрү орус болушса да уулунун ысымын Жолдошбек деп менин атыман коюшкан. Күйѳѳсү ушундай сунуш кылыптыр. Азыр 5-6 жашка чыгып калды. Аны Жора деп эркелетишет. Ошентип, бул үй-бүлѳ ажырашуудан сакталып калган.
Кыргыз салтында аял болобу, эркек болобу ѳз ордуларында болушу керек. Аял – эркектин күч-кубаты, алар эркекке болгон мамилесин сакташ керек. Эркек эмне, булар чоң бала да. Баарыбир аялдын алдына келип эркелешет. Аларга деле, аялдарга деле жакшы сѳз керек. Бири-бирине кубаттаган жакшы сѳз айтып турушса, тигиниси да, мунусу да тоону томкоргонго даяр болушат. Анткени, жакшы сѳз – бул энергия.
– Аял-эркек энергиясы, ордулары түшүнүктүү болду, а кыргыз эли ѳз ордунда, ѳз энергиясында болуш үчүн эмне кылуу керек?
– Каада-салтын кармаш керек. Биздин каада-салт эмне үчүн күчтүү деп айтылат. Анткени анда касиет бар. Каада-салт касиетин бекем кармаганы үчүн байыркы кыргыздар улуу эл болгон. Мисалы үчүн, азыркы учурда деле тибеттик кыргыздарда жакшы, ыйык адам тѳрѳлүш үчүн баланы бойго бүтүрүү мезгилинен тарта эле каада-салтты катуу кармашат. Аялдын жатынын уруктандыруу алдында алар түнкү 11де чогулушат, бул маалда ушул дүйнѳ менен тигил дүйнѳнүн ортосундагы бир убакыт-саат болот экен. Анан алар от жагып, жыттуу чѳптѳрдү күйгүзүп, эч ким сүйлѳбѳй мемиреген тынчтыкты сакташат да, жубайлардын ата-энелери, урук-тууганы жакшы адам жаралсын деп тилек кылышат. Бул кѳрүнүш кыргыздарда байыртадан болгон.
– Бала бойго бүтүп, түйүлдүк болуп курсакта жаткан кезине да кандайдыр бир эрежелер барбы?
– Бойго бүтүп эки ай болгондо курсактагы баланы тарбиялоо башталчу. Кош бойлуу келиндерди сѳзсүз түрдѳ элдик баяндарды, эпосторду угууга, манас угууга чакырышчу. Себеби, аларда жѳн эле окуяларды сүрѳттѳѳ, айтып берүү эмес, жашоонун философиясы жатат. Мен ѳзүм манас укканда окуянын кандай болуп жатканы тууралуу ой жүгүртүп элестетпейт, ошол окуянын турмуштук маанисинин чечмеленишин, жашоого болгон таасирин кѳрүп турам. Эки айынан тарта курсактагы жан ѳзүн толук тааныйт, аң-сезими калыптанат, сырттагы жакшы-жаман нерселерди кабыл ала баштайт, угат, тогуз айына чейин энеси тарабынан айтылган каада-салт, ырым-жырымдар менен сугарыла берет. Аларга жомоктор, ата-теги, жети атасы тааныштырылып, чоң аталары кандай баатыр болгону, ким болгону айтылчу. Кыскасы, курсактагы ымыркай тирүү адам катары кабыл алынат. Анан жанагынын баарын угуп, ата-эненин мээрими, сүйүүсү тѳгүлгѳн бала жеңил тѳрѳлѳт, бу дүйнѳгѳ кубанычта келет. Ал эми биздин турмушта кездешчү «мен бул баланы тѳрѳгүм келбейт!» деп энеси кыйкырган убакта, түйүлдүктү чанган кезде ичте жаткан бала тоголоктошо түшѳт, ѳзүнүн ѳгѳйлѳнүп жатканын сезет, бу дүйнѳгѳ тѳрѳлгѳндѳн коркот. Ошондуктан, курсактагы баланы ата-энеси да, чоң ата-чоң энеси да «биз сени жакшы кѳрѳбүз, күтүп атабыз» деп сүйүп, эркелетип турушу зарыл.
Тѳрѳлгѳндѳн кийин кырк күн эне менен бала эч кимге кѳргѳзүлбѳй багылышы керек. Себеби, тѳрѳт учурунда аялдын аурасы айрылат, анын аурасында тѳрѳлгѳн бала экѳѳ тең сырткы дүйнѳдѳн коргонууга алсыз болушат. Кырк күндѳ ауралары калыбына келмейинче кѳп кѳздѳн, сѳздѳн сактануу зарыл.
– Бешикке салуу ырымын кѳпчүлүк эле жасап-билип жүрѳт, ошентсе да бул салтыбызга токтоло кетсеңиз?
– Баланы бешикке салуу да жѳн нерсе эмес. Бешикке алгач салууда сѳзсүз умай энелер, шаман энелер катышчу. Алар жаман азгырык күчтѳрдѳн бешикти аластап, бала жата турган орун-мейкиндикти тазалап-аруулашчу. Жаман кѳздѳн, жалган сѳздѳн сактап баланын чекесине күлдүн кѳѳсү сүйкѳлүп, сары майды эки кулагынын үстүнѳ, бешикке сүйкѳп, ушул бала баатыр, эл баккан эр жигит болсун, оору-сыркоодон,жаман нерседен алыс жүрүп, ѳмүрү узун болсун деген тилектер айтылып, жанагы эки айлык түйүлдүк кезинен бери сүйүү менен тарбияланган бала эми аалам катары саналган бешикке, ааламдын термелүүсүнѳ чоң каада менен бѳлѳнчү. Бешикти үстүнѳн жаап коюу – баланы баардык сырткы жаман нерселерден коргоо болуп саналат. Бешик ѳзү ымыркай үчүн тазалыкты, жылуулукту, ыңгайлуулукту, тынч уйкуну камсыздайт. Илгери ат менен жолго чыгышканда, же жоо чаап келгенде, же дагы бир башка жагдайларда бешик ымыркайды сактап, уйкусун бузган эмес. Бешикке жаткан баланын башынын жалпак болгонунда да ѳзгѳчѳлүк бар. Мындайда, баш жалпак болгондо желкедеги эки мээ ѳз ордунда жакшы кармалат.
– Анан тушоо кесилет…
– Тилекке каршы, азыркы учурда айрым билбегендер тушоо кесүүнү наристе эрте чуркап басып кетиш үчүн гана ырымдоо деп эсептешет. Чындыгында, бул салтыбызда баланын келечегине жол ачып берүү мааниси жатат. Жүндѳн эшилген ак-кара жипти чырмап бутуна бекеринен байлабайт. Ак менен караны айкалыштыруу, бул эки дүйнѳнүн экилтигин билгизет. Аял-эркек, жаман-жакшы, күн-түн, ак-кара деген сыяктуу экилтик. Жашоонун мына ушундай экилтиктиктеринин ортосунда турат да адам баласы. Ошол экилтиктердин тоскоолдуктарынан ѳтүп кетсин, жолу ачык болсун деп баланын бутуна байланган жипти биринчи чуркап келген күлүк, мыкты балага кестиришип, келечекте мүдүрүлбѳгѳн, алдыга кыйынчылыксыз кеткен, ийгиликтерге жеткен адам болсун деп тилек кылышып, бата беришкен. Демек, тушоосу туура жана ак тилектер менен кесилген бала турмушунда кыйынчылыктарга туш болбойт. Мисалы, кийинки заманда буга маани бербей, унутушуп, тушоо кеспей калышкан же эптеп эле ырымдап келишкен. Ошол үчүн азыркы мезгилде кыйналып жүргѳндѳр кѳп. Тушоо кесүү сѳзсүз түрдѳ, олуттуу маани менен кесилиши керек.
Балага ошондой эле сары май оозандыруу, кѳздүн кыйыгы ѳтпѳш үчүн башын теңдѳѳ, денесине ысык тогуз токоч баабедин тийгизип коргоп коюу, босогодон тѳргѳ чейин керки менен баланы аруулоо ырымы сыяктууларды биз жасабай калдык. Мунун баары балдар кичинесинен тартып саламаттуу, кубаттуу, аруу жетилип, элибиз күчтүү болсун үчүн катуу кармаган каада-салтыбыздын, башкача айтканда мыйзамыбыздын бир гана чети болуп эсептелет. Айта берсек, ѳзүңѳр билгендей, каада-салтыбыз боюнча ѳтѳ кѳп сѳз кылса болот.
4-5-кыргыз– Тибет кыргыздары баланын жарыкка жаралып келишине бойго бүтүрүү кезинен баштап маани берет дедиңиз, ал эми бала сүйлѳп, ойноп-чуркап калган кезинде кандай тарбия беришет экен?
– Тибет кыргыздарында балдарды 12 жашына чейин үлпүлдѳтүп ѳстүрүп, кѳңүлдѳрүн калтырбай, аларды эч бир тыйышпайт. Алам дегенин алыш керек, бер дегенин бериш керек экен. Кыскасы, хан сыяктуу жашап, каалаганын жасайт. Балага дайыма «сен эр жүрѳк баатыр болосуң, эл баккан кыйын жигит болосуң» деп кулактарына куюшуп, кыз балага «сен эне болосуң, бала тѳрѳйсүң, жакшы аял болосуң» деп турушат.
– Эркек бала ашкере тентек болсо да тыйышпайбы?
– Алар каада-салтты катуу кармашат дебедимби, жанагинтип бойго бүткѳн, 2 айлык түйүлдүк кезинен тартып сүйүү мээримин алган, туура тарбияланган бала тентек болбойт экен. Бир жыл жашап, мен андай бир да баланы кѳргѳнүм жок. Бизде эмне үчүн ашкере тентек болушат, мунун себеби, инь же янь энергиясы кѳп болуп кеткенде балдар тентек болот. Эркектин мамилеси кѳп болуп кеткенде же аялдын мээрими ѳтпѳй чоңойгондо бала тентек болуп кетет. Ошон үчүн наристеге ымыркайынан тарта мээрим тѳгүп, тең салмактуу тарбия берип чоңойтуш керек.
– 12 жашынан кийин кандай мамиле кылышат?
– Алар кыз баласына бел куда түшүп коюшуп, кыздары 12ге чыккандан кийин кайненесинин колуна беришет экен. Анан кайненеси кийин келин болчу кызга оокат кылганды, тамак жасаганды, эркекке болгон мамилени ѳзү үйрѳтүп, тарбиясын берип, жылуу-жумшак жакшы мамиле кылат. Менин таң калганым, кыздан 2-3 жаш улуу болгон болочоктогу күйѳѳсү тигил кыздан уялып, бир үйдѳ жашаса да сүйлѳбѳй качат экен. Алар 17-18 жашка чыкканда анан үйлѳнтүп коюшат.
Кыз баланы айттык, ал эми эркек бала 12 жаштан ѳткѳндѳ «сен эркексиң деп жаа атканга, кылыч чапканга үйрѳтүп, жоокерлик сырларына тарбиялашат. Ал жакта үй-бүлѳлүк ажырашуу деген түшүнүк жок. Адамдардын бири-бирине жасаган мамилесинде мээрим гана бар. Ар бир адамды Теңирдин ѳкүлү катары кабыл алышып, бири-бирин урматташат. Алардын коомунда бейпилдик, анан сүйүү энергиясы турат. Кѳп сѳздүүлүк жок. Учурашканы, ыраазы болгону, сыйлаганы – баары кѳз мээрими, жылмайып коюусу менен түшүндүрүлѳт. Биздегидей «сен жакшы кишисиң, мен сени сыйлайм, урматтайм, жакшы кѳрѳм» деген сѳздѳр айтылбайт.
– Бул жактагы кыргыздар алардай болуп ѳзүбүздү тынч абалда кармай билүү үчүн жана бири-бирибизди урматтап-сыйлаган жашоо ыргагына ѳтүш үчүн эмне кылуубуз керек?
– Ал үчүн ѳзүбүздү, оюбузду токтотконду, ойго тунганды, мээримдүү болгонду үйрѳнүшүбүз керек. Бирок, бири-бирибизди урматтап-сүйѳѳрдѳн мурда, ар бирибиз ѳзүбүздү урматтап-сүйүп, эң биринчи ѳзүбүздү жан катары сыйлашыбыз керек. Ал эми ѳзүбүздү сыйлоо, сүйүүдѳн да мурда – ѳзүн-ѳзү таануу маселеси турат. Ѳзүңдү кантип тааныйсың? Мына, адамдын денеси 33 миллиард клеткадан турат. Дене – бул сен эмессиң. Бул, сенин сыртыңды каптаган кабыгың. Анын ичинде акыл-эсиң, жука мээң, арбагың турат. Арбактын ичинде анан сен – жан турасың. Ал жан – түбѳлүк. Ѳлбѳйт. Түбѳлүктүү ошол жаныңды, касиетиңди таанысаң, бааласаң, сүйсѳң жаның сулуу болот. Ал сулуулук сырткы дене сулуулугуна чагылып чыгат. Жан дүйнѳң менен мээримге, сүйүүгѳ тунуп турганың ѳзүңдү сулуу кылып кѳргѳзѳт. Ошондо анан ѳзүңдѳгү сүйүүнү башкаларга да тартуулай аласың.
– Ѳзүн сүйүп, сулуу сезип, бирок башкаларды басынта карагандарчы?
– Андай эч убакта болбойт, алар демек ѳздѳрүн деле сүйбѳйт, кандайдыр бир кем жагына нааразылыктары бар, ѳздѳрүнѳ деле ичинен тескери мамиле жасап, сыртынан жасалмалуулук менен жашашат. Башкаларды басынтып мамиле кылган адам ѳзүн деле басынтып жашайт.
Ѳзүн тааныгандан, ѳзүн сүйгѳндѳн кийин, сүйүүбүздү Теңирге багышташыбыз керек. Ѳзүн ѳзү тааныган адам эч качан ѳлүмдѳн коркпойт. Ѳлүмдѳн коркуу – бул түркѳйлүккѳ жатат. Анткени, ѳлүмдүн ары жагын түшүнбѳгѳндѳр гана ѳлүмдѳн коркушат. Ал эми ѳлүмдѳн кийин эмне күтүп тураарын билген адам тынч абалда жана кубанычта узап кетет.
Ѳлүм коркунучун жеңе билбей, Теңирди эстебей, кѳз жумуп бараткан мезгилде маркум ата-энеңди эстесең аларга кетесиң, башканы ойлосоң башкага кетесиң, же машинеңди эстеп турсаң машинеңде каласың, талааны ойлосоң талаада каласың…
– Жанагы «үйдүн ээси бар» деген нерсе сыяктуу элеби?
– Ооба. Жука денеси, башкача айтканда арбагы калып калат. Ошондуктан мындай байлануудан бошонуп, кетээрибизде Жаратканды гана ойлошубуз керек.
– Демек, сиз менен жанатан бери маектешкен кебибизден улам, сѳзүбүздүн аягын мындай деп жыйынтыктасак болобу: ѳзүн-ѳзү тааныш үчүн, ѳлүмгѳ кубанычта, тынч акыбалда узап кетиш үчүн кыргыз баласы кыргыз каада-салтын билиш керек, катуу кармаш керек деп?
– Сѳзсүз түрдѳ. Кыргыздын каада-салты – бул биздин илимибиз. Ааламдык илим. Ал түркѳйлүктү жоёт, белгисиздикти жоёт. Качан кыргыз ѳзүн-ѳзү тааныганда, касиетин, кайып билимдерин билгенинде – кыргыз элинин тагдыры ѳзгѳрѳт.
– Маегиңизге чоң рахмат!

Маектешкен Салтанат КЫДЫРМАЕВА

15 thoughts on “Кыргыз тагдыры. Ѳмүр. Ѳлүм. Кайып илими

  1. Азаматсын Салтанат, абдан кызыктуу маек болуптур. Бул баарлашуудан жакшы дем-куч алып, кадимкидей эс алып окудум. Рахмат. Жолдошбек акедей жан дуйно илимин оздоштургон инсандарыбыздын катары осо берсин

  2. Aзаматсын Салтанат! Кыргыз элинин руханий дуйносун каада-салатын чагылдырган эн сонун КОК-АСАБА гезитиндин жана озундун омурун узун болсун! Чыгармачылыктын жолуу узак, татаал жана туболугу туз болот.Ар бир адам баласын кыялдары,ой максаттары алдыга койгон,аруу тилектери бар. Жараткан ар бир тилегинди кабыл кылып кыялдарынды орундатсын эн башкасы адамдык сапатын бийик болсун ийгилик сага кыргызымдын тааланттуу журогу таза патриот сулуу айымы сизге таазим!!!

  3. Саламатсынар!
    Макалага ырахмат. Макала мен үчүн кызыктуу. Дуйнөдө адамдан башка көрүнбөгөн жандыктар жөнүндө түшүндүрмө жана коргонуу кыргыздардын каада салттарынан мисал келтирип озунчо чон макала жазсаңар абдан керетүү деп эсептейм.

  4. ден-соолугунуз чын болсун Салтанат.
    жакшы маек болуптур
    сизден сураныч Жолдошбек акени такпканга жолун айтып бериниз

    деп Азат

  5. Жолдошбек Султанов менен жекеме жеке жолуккум келет телефонун берип койгулачы ырахмат

  6. Урматтуу Салтанат айым жана кыгыз элим, Жолдошбек Султанов аркылуу келген бул маалымат-руханий кенч! Улутубуз жоготкон,кайрадан кырылгыз “Кыргыз” болуп жаралууга бирден-бир шарт тузо турган, руханий кенчтерибиздин ар-бир тамчысын топтошубуз керек.
    Мумкун болсо даректеринерди берип койсонор.

  7. Жолдошбек Султанов менен болгон маекке үн каткан, жылуу пикирин билдирген жана биздин сайтты окуган баардык окурмандарыбызга терең ыраазычылык билдирем!

    Жолдошбек агай менен байланышууну каалагандар үчүн телефон номери: 0559 30-59-10.

    Менин телефон номерим: 0558 72-87-78.

  8. Большое спасибо за статью о Жолдошбеке Султанове. Горжусь тем, что в Кыргызстане есть такие люди.И их не мало.Хотела бы узнать, если Султанов ведет поиемы или консультации и если живет в Бишкеке или за границей.
    Дорогая Салтанат могли бы вы рассказать нам о кыршызстанце Али бабе из книги Ламыкина Школа лентяев. Взять у него интервью.
    Срасибо. С приветом из Чехии.

  9. Маегиңизге чоң рахмат. Ден соолукта болуңуз. Сизге суроо бергим келет. Айтсаңыз сиз тибеттеги кыргыз тилинде сүйлөшкөн бир элдин арасында жашап келипсиз ошондогу көргөн билгениз жөнүндө маалымат алсам болобу? Рахмат.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *