Мурат МУСАБАЕВ, система талдоочу, публицист, социалдык мастер Ыймандууларыбыз бийликке керексизби?

3-Мусабаев1Биздин мамлекеттеги САЯСЫЙ ИШМЕРДИК эптеп бийликке жетүүгѳ умтулган мансапкорлордун, бузукулардын жана наадандардын кесибине айланганы жаңылык эмес. Руху керең, кѳкүрѳгү сокур болгондуктан, саясатчылардын кѳпчүлүгү эмне кылуу керектигин жакшы билебиз деп ойлошот. Бирок алардын айынан мамлекетте туруктуулук орнобой, кѳчүбүз оңолбой келет. Баарыбыз ал «экспериментчилерден» тажап бүттүк, биргелешип Таза Мамлекет курбасак болбой калды…

Убакыт жетти. Коом мамлекеттик башкарууга жарамдуу чыныгы, нукура улуттук ЭЛИТАНЫ сүрѳп чыгышы керек! Тилекке каршы, ата-энесинен мыкты тарбия алып, ыймандуу чѳйрѳдѳ ѳскѳн, табиятынан таза, таланттуу, татыктуу жана деңгээли бийик абдан кѳп адистер мамлекеттик башкаруу системасынан четте калууда. Бул жагдай саясый-коомдук системанын эң чоң, эч качан кечирилгис ѳксүгү болуп саналат. Анткени,  ѳлкѳнү ѳнүктүрүүгѳ «сак-саламат клеткалар» тартылбай,  бардык орчундуу жерлерди ѳзүн-ѳзү жок кылууга алып келе турган, «жугуштуу илдетке чалдыккан клеткалар» ээлеп алган.

Акылман Конфуций  мындай абал тууралуу минтип айткан экен: «…эгер ыймандуу адамдар бийликке керексиз болуп калса, анда ѳлкѳнүн оор мезгилди баштан ѳткѳрүп жатканынан кабар берет» деп.

Биз системалык ѳзгѳртүүлѳр жѳнүндѳ кѳп эле угуп жүрѳбүз. Бирок ошол ѳзгѳртүүлѳрдүн маани-маңызы кандай?! Маани-маңызы – ѳткѳн кылымдын 30-жылдарынан бери мамлекеттик башкаруу системасы мазмуну жактан жаңыланбай келаткандыгында. Биздин аң-сезимибиз таштай катып калган сенек кѳз караштардын ширисине чектелген. Үй ичине тигил же бул түрдѳгү эмеректер коюлушу керек деген сыяктуу эле, биз эмнегедир мамлекеттик бийлик дал азыркыдай курулууга тийиш, сѳзсүз түрдѳ саясатчылар башкарышы керек дейбиз.

Эмне үчүн банк системасы азыр да илгеркидей иштѳѳгѳ тийиш? «Акча дайыма тартыш болуп баш оорутат, андыктан банктардан пайызы тири укмуш жогору насыя алышыбыз зарыл»  деген түшүнүк аң-сезимибизге сиңип калган. Биз бийликке жеткен адамдардын баары сѳзсүз кыянатчылыкка барат, элдин акысын жейт дей беребиз. Баарыбыз генералдын же министрдин баласы койчу же дыйкан болбойт, малчы менен карапайым мугалимдин баласы эч качан генерал же министр боло албайт деп эсептейбиз. Ушул сенек кѳз караштардын ширисинен качан арылабыз?! Эгер турмушта туу туткан эрежелерибизди ѳзгѳртпѳсѳк, жашообуз эч качан оңолбойт, баягы эле кайдыгерлик менен ээрчимеликтин сормо сазында кала беребиз…

Мамлекет саясатчылардын колунда кала берсе, жок болуп кетебиз

ТАЗА МАМЛЕКЕТ – бул коомдук мамилелердин социалдык-саясый жана каржылык-экономикалык уюштуруусунун жаңы стандарты жана нугу.

Ашканада, дүкѳндѳрдүн кире беришинде, сыра ичүүчү жайларда жана коомдук мончолордо саясый ушактарды айтып, мамлекеттик бийликтин кемчиликтери жѳнүндѳ кургак чечендик кылууну токтотуу керек! Ѳз жашообуз үчүн жоопкерчиликти толугу менен ѳзүбүз кѳтѳрүп, жашоо-тиричилигибизди оңдоого шымалана киришер убактыбыз келди! БИЗ САЯСАТЧЫБЫЗ дегендерге бүткүл элдин талабын коёлу: «Же силер мамлекетти социалдык-саясый уюштуруунун ушундай стандарты менен форматын түзѳсүңѳр, же саясый ишмердиктен биротоло баш тартасыңар!»

Кытайдын Лу хандыгынан чыккан акылман, ѳмүр бою карапайым калктын арасында жашап, элдин муң-зарын ичкериден аңдап билген Конфуций: «ДЭ» күчүнѳ таянып башкаруу – бул, башка баардык жылдыздар айланып жылып жүрүшсѳ да ортодогу ордунан козголбогон «Алтын казык» жылдызына окшошууну билдирет» деп абдан таасын белгилеген. «Дэ» сырдуу энергиясы – «Алтын казык» жылдызынын туруктуулугун башкарууга жетишкен,  жогорку уюштуруучулукка ээ болуп, ѳзүн-ѳзү башкаруу системасындагы ыйык жѳндѳмдүүлүктүн ѳзү. «Алтын казык» – бул ЭЛ, анын кызыкчылыктарын башка бардык «жылдыздар» тегеренип жүрѳт. Эгер туура курулса, «КУРУЛТАЙ» системасы элдин таламын адилет коргоону бекем жана туруктуу камсыздай алат!

Конфуцийдин жогоруда келтирилген  сѳзү мамлекеттик башкаруу  туруктуу болушу зарыл экендигин туюнтат. Мындай система иштеп турганда, мамлекеттик бийликтин алмашуусу кѳнүмүш жашоо ыргагын бузбайт, социалдык апааттар болбойт. Биздеги башкаруу формасын ѳзгѳртүү боюнча эсеби жок эксперименттер туруктуулукка да, бекемдүүлүккѳ да эч кандай шарт түзбѳйт. Азыркы саясатчылардын  ыймандык, рухий деңгээли, пейили жана ички маданияты «Алтын казыкка» да, «Ысык-Кѳлгѳ» да окшошпойт! Жашоодо башкы максаты АКЧА болгон бул пенделер КЕРТ БАШЫНЫН кызыкчылыгы үчүн гана иштейт. Мындай шартта бийлик ыймандуу, ал эми адамдардын ѳз ара мамилеси чын ыкластуу болушу мүмкүн эмес. Рухийлик жѳнүндѳгү бардык сѳздѳр эки жүздүүлүктүн чүмбѳтү гана болот. Коомдук мамилелердин ѳзѳгүндѳ эки жүздүүлүк, калпычылык турганда, коом, мамлекет да дал ошондой болот!

Бирок бул, кырдаалдан чыгар жол эмес! Микродеңгээлден алып караганда, Кыргызстандагы ар бир үй-бүлѳнүн муктаждыктары окшош, бирок ар бир үй-бүлѳнү эки жүздүүлүк менен калпычылык бириктирип турбайт эмеспи. Үй-бүлѳдѳ ар кимиси ѳз кѳмѳчүнѳ күл тартпайт го? Эгер Бүтүндүктүн түзүмдүк элементи туруктуу, таза болсо, анда Бүтүндүктүн түзүлүшүн да туруктуу жана адилеттүү кылууга болот! Башкысы, бул жерде элементтерден турган Бүтүндүк  Түзүлүштүн курулушунун ыкмасы, эрежелери негизги маани болуп турат.  Курганда да, МАКРОҮЙ-БҮЛѲ куруу керек. Тилекке каршы, азыркы жашоо принциптери үй-бүлѳнүн тирегин да бошоңдотууга, кыйратууга, туугандык байланыштарды үзүп салууга ѳбѳлгѳ түзүп жатат. Азырынча элибиздин пейили мунун баарына туруштук берүүдѳ. Демек, ар бир Үй-бүлѳ Коомдун туруктуулугу үчүн жоопкерчиликти кѳтѳрүшү зарыл, ал эми Коом ѳзүнүн башкаруу органдары аркылуу Үй-бүлѳнүн туруктуулугуна кам кѳрүшү керек! Эгер биз мындан ары да мамлекеттин туруктуулугун камсыздоо укук-милдетин саясатчылардын колунда калтыра берсек, анда бул Чаржайыт Система болот. Ал эми чаржайыттыктын негизин мамлекеттик деңгээлдеги калпычылык түзѳт. Мындай мамлекеттин келечеги жок. Советтер Союзундай зор мамлекеттин дүйнѳлүк картадан жок болуп кетишине дал ушундай жагдай себеп болгон.

Эл башчыларын эр сайыштагыдай тандоо керек

Социалдык организмдин ѳнүгүүсүндѳгү чукул бурулуш учур келди, эми алдамчылыкка негизделген түзүлүштүн ордуна ТАЗА МАМЛЕКЕТ курулушу керек! ТАЗА МАМЛЕКЕТ – бул Кыргызстандагы бардык ҮЙ-БҮЛѲлѳрдүн макросоциалдык деңгээлде биргелешүүсү. Мындай биргелешүү дүйнѳдѳгү ар кандай социалдык-экономикалык жана саясый каатчылыктардан аман кала турган «Нуктун кемеси».

Сапаттуу башкарууга жетишүү  үчүн – бийликтин аткаруу жана сот тармактарында адилет, чыныгы жана натыйжалуу МЕЛДЕШ жолун  түзүп, башкаруучуларды тандоо гана керек. Орто кылымдарда жана андан байыркы убактарда  эң татыктуу эл башылар эр сайышта, жаа тартышта эр таймашын кылып иргелген эмес беле! Бул тандоо ыкмасы ѳтѳ жѳнѳкѳй, баарыбызга белгилүү. Мисалы, спорт клубдарында келечектүү спортчулар иргелип, машыктырылат. Алар ар кайсы деңгээлдеги мелдештерге даярданат. Саясый партиялар да мындан ары ѳздѳрүнүн уюшуу принциптерин ѳзгѳртүп, элиталык саясый клубдар катары иштей башташы керек! Жалпы элге таанымал «Эмне? Кайда? Качан?» («Что? Где? Когда?») телеоюнуна катышуу үчүн элиталык интеллектуал клубдар ушундайча иш жүргүзѳт эмеспи. Акыл-эс даремети жогору, ден соолугу чың, мамлекеттик башкарууга катышуу ниети жана негиздүү дымагы бар жарандар ошондой  «саясый аянтчалардын» бирин  тандап, мамлекеттик башкаруу кадрларын даярдоочу, кайра даярдоочу жана кесиптик чеберчилигин жогорулатуучу жерден ѳтүүсү керек. Башкаруу илимин узак мезгил бою, талыкпастан ѳздѳштүрүү зарыл!

Спортто күрѳш килемине же рингге, футбол талаасына же баскетбол аянтчасына машыктыруучулар ар кимди эле чыгара беришпейт эмеспи. Эмне үчүн анда мамлекеттик башкаруу системасына кесипкѳй эмес, отура  турган кызматында кандай иштээри жѳнүндѳ түшүнүгү жок, тайкы немелер келиши керек?

Биз кызматта турган жана кызматка умтулган бир катар саясатчылардын интеллект деңгээлин текшерүү үчүн байкатпай сурамжылоо жүргүздүк. Кѳрсѳ, мен кыйынмын деген «азаматтардын» кѳпчүлүгүнүн интеллекти ѳтѳ тѳмѳн жана алар  ѳздѳрүнүн ушундай ѳксүгүн билсе да, саясый ишмердик менен алектенүү үчүн анча чоң акылдын кереги деле жок деп эсептешет экен?!

Негизинен биздин саясатчылардын билими тайыз, ар кайсыдан аз-аздан, үстүрт түшүнүк алуу менен чектелишкен, бир дагы тармак же адистик боюнча жетиштүү нерсе билишпейт. Азыркы саясатчылар жана саясатка барам деп дегдешкен «жолдоштор» саясый ишмердүүлүк үчүн эң негизгиси «шер мүнѳз» керек деп 100%га ишенип эсептешет.  Бул «шер мүнѳздүктүн» алардын түшүнүгүндѳ наадандыктан эч айырмасы жок: саясый ишмердүүлүктѳгү уюштуруучулардын жана демѳѳрчүлѳрдүн акчалары зарыл; эптеп ыңгайлуу «революциялык кырдаал» түзүлѳ калса эле жолдуураак саясый топко ѳтѳ качып кирип кетиш керек…  Кѳптѳгѳн оппозициядагылардын  таянган жүйѳѳсү бул: «Реформа жүргүзүү үчүн, эң башкысы, бийликке жетүү керек!» Бирок, алгач, бийликке жеткенге чеийн ѳзүлѳрүнүн баш мээсинде  реформа жүргүзүүнүн алгылыктуу чийим-түзүмдѳрү, пландары болуш  керек эмеспи?

Ѳздѳрү билбеген, билгендердин акылын укпаган наадандар толуп кетти. Реформа жүргүзүү боюнча сунуштарды айтуу үчүн бир канча деген мамлекеттик ишмерлерибизге кайрылып кѳргѳнүбүздѳ, эч кимисинин кандайдыр бир жаңылык жасоого, ѳлкѳнү ѳнүктүрүү жолун табууга такыр кызыкпагандыгын байкадык. Билбегенди билдирсе болот, бирок билгиси келбегенди, түшүнүүгѳ даремети жетпегенди, кайдыгерди кантебиз? Алар кайтарым байланыштын кандай таасирлер болушу мүмкүндүгүн ойлобойт, буга баш катырууну да каалабайт. Ошондуктан алар тѳмѳнкүдѳй жагдайларга тушугат:

1.Бийликке жеткендер эртеси эле ѳздѳрүнѳ жол ачкан «революциянын» жигердүү катышуучулары менен тил табыша албай, аларды кандайдыр бир тоскоол күчтѳр катары карай баштайт.

2.Оппозициячылар ѳздѳрү бийликке келер замат ѳкмѳттүн ишине жалаң гана оң баа берип калат.

3.Мурда оппозицияда болуп келип, эми бийлик үчүн жооптуу болуп калгандар каршылык митингдерин жактырбай, «тынч, туруктуу жашайлы» дей баштайт.

4. Тизгинди эптеп ээлеген соң, бийлик башына келген адам мамлекет деген чоң машинаны куру убадалар, кооз ураандар жана чакырыктар түрүндѳгү «күйүүчү май» менен жүргүзѳ албастыгын түшүнѳт. Анан ушундай абалды баштан кечирген мурдагы «айдоочуларды» аяп да кетет.

Дал ушул себептен мамлекеттик системаны түп тамырынан ѳзгѳртүп, саясый ишмердик стандарттарын ѳркүндѳтүү, саясатчылардын кесипкѳйлүгүн, билимин жана маданиятын жогорулатуу, инсандык сапатын жакшыртуу зарыл.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *