Ѳлкѳбүз адамдын адамдыгын качан тарбиялаар экен?

7-SКыргыз Республикасынын Аксакалдар Кеңешинин мүчөсү, ардагер журналист Кенжалы САРЫМСАКОВ

22 жылдык соңку тарыхыбызда республикабыздын, коомубуздун, жалпы эле эл-журтубуздун дейли  жашоо турмушунда эмнелер болуп жатат ?

Төмөндөгүдөй  бир маалыматтар айтылып жүрөт. Өлкөбүздүн аянты дүйнөнүн 117 өлкөсүнүкүнөн чоң. Суу байлык жагынан 110 өлкөдөн алдыдабыз. Сабаттуулук жагынан дүйнөдө 14-орундабыз. АКШ 9чу, Россия 22чи, Франция 29чу, Германия 30чу, Жапония 31чи, Канада 58чи, Малайзия 98чи, Түркия 100чү, Кытай 102чи орунда. Ушулардан улам тыянак сөз: демек, карандай сабаттуулук аздык кылат экен да. Ал сабаттуулуктарды аракетке келтирип, жалпы элдик дем, демилге жаратуу керек экен да. 1800-жылдары жашап өткөн америкалык ойчул, жазуучу Эмерсон Ралф Уолдо: ”Цивилизациянын чыныгы көрсөткүчү – байлык менен билимдин деңгээли эмес, шаардын чоңдугу эмес, өлкө тарбиялаган адамдын адамдыгы” деген экен.

1945-жыл, 14-август. Жапония императорунун капитуляция жарыялап, анан элине кайрылып айтканы: “Эл-журтубуз муундан муунга бир үй-бүлөдөй болуп, ыйык жергебиздин түбөлүктүүлүгүнө түбөлүк ишенимде бололу, бардык жоопкерчиликтердин оорчулуктарын эстен чыгарбайлы. Алды жактагы жолубуз түгөнбөгөн түбөлүк жол болсун. Күч аракеттериңерди бириктирип, аны келечекти курууга арнагыла. Нарк-дөөлөт пайдубалыңарды, руханий асылзаадалык  аброюңарды сактагыла, империя урматына деп чечкиндүү иштегиле, дүйнөлүк прогресстен артта калбагыла”.

Дагы бир мисал. 1800-жылдары жапан элинен Байган Исида деген акылман чыккан экен. “Эмгек деген эмне? Эмгек деген бул – баарынан мурда адамдын өнүгүүсү, ал эми өндүрүштүк көрсөткүчтөр экинчи катардагы маани. Жалкоо адам өспөйт, өнүкпөйт” деп эл арасында агартуучулук иш жүргүзүптүр.

Соңку тарыхыбызда болуп өткөндөрдүн баары, менимче, эл-журтка терең чечмеленип айтылып, коомчулукта туура түшүнүктөрдү калыптандырып, кары-жаш дебей калайык калкты келечекке түздөө керек деген маанидеги сабак. Өсүү , өнүгүү, жетилүү, жаңылануу, акылга келүү, мунун баары ири алдыда талдоочулук таамай ой, таамай сөз таасирлеринен башталат окшобойбу деген ой келет экен, Жапониянын мисалынан улам.

Кыргыз коомчулугу, элдин өзү, эл башчылары, бизнес чөйрөсү, саясый күчтөр ойлоно турган маселелер көп экендигинде талаш жок. Замандын өзү ар кандай оң-тескери таасирлерге жыш. Айла-амалдануулар өзүнчө бар өнөргө айланып, адамгерчилик деген түшүнүктүн өзү жок болуп бараткандай. “Менимче – жалпы адамзат коому үчүн ядролук согуштан кийинки эле өтө кооптуу жагдай – эчен миң жылдар урпактардын элегинен өтүп иргелген руханий дөөлөттүн эң башкысы – адамгерчилик касиеттердин алсызданышына жол берилгендиги” деп улуу Чыңгыз бекеринен айткан эмес экен да. “Цивилизациянын чыныгы көрсөткүчү өлкө тарбиялаган адамдын адамдыгы” болсо , анда неге ушул жагы республикабызда эң башкы маселе катары каралбай келет.

Жаңы төрөлгөн ымыркайлардан, тестиер балдарыбыздан баштап, окуу жайларындагы уул-кыздарыбызга, бизнесте , мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүшкөн жаштарыбызга чейин баары бир кездерде, аманчылык болсо, карыйт, агала чач абышкалык, байбичелик куракка жетет. Ошондо алардын эл арасындагы абалы кандай болор экен? Мунун өзү – коомчулук, мамлекеттик деңгээлде ойлонула турган, азыртадан баштап кам көрүлө турган маселе да.

Кыргыз Республикасынын Аксакалдар Кенеши деп бир топ жыл мурда бозүйдө иш башталган. Негизги максат – калк арасында карыялык кадыр- баркты калыбына келтирип, “дүжүр чалдар”,  кээ бир депутаттар кыйынсынып Аксакалдарды “ак шакалдар” дегенге чейинки мазактоолорду жок кылып, карыялык калыстык касиетти коомдо, эл турмушунда өзүнүн татыктуу ордуна ээ болгудай дэңгээлге жеткирүү. Көптү көргөн, көптү билген, өткөн-кеткендерге ойдогудай ой жүгүртө алган кадырман карылар уюмдаштырылып, мүмкүн болушунча шарт түзүлүп, ушул иш күчөтүлсө, элдик колдоого алынып таанылса, ушунун өзү, бүгүнкү кыргыз турмушундагы эң бир тарыхый иш болгону турат. Кытай Эл Республикасында бул маселе мамлекеттик деңгээлде колго алыныптыр. Бул деген –  иштин көзүн таба билгендик. Айыл жерлеринде , шаар аймактарында Аксакалдар чогулуп, чер жаза баарлашып тургудай атайын жайлар бар экен. Карыган кезде өзү менен өзү болуп жалгызсыроо – азаптуу, адамдын адамдыгына жарашпаган жат абал.

Гезиттерди үзбөй окуган, теле-радиодон айтылгандарга жакшы кабардар 85 жаштагы карыяга жолуктум, айылдан. Далайга баарлаштык. Көнүлүндөгү ойлорун айтты. Бир азга тунжурап, анан: “Кенжеке, жашагым келбей калды” деди. “Байке, мен сизден ушундай сөздү угат белем, бул эмне дегениңиз?” десем, “Ук, жөн-жайын айтып берейин. Жамандык-жакшылыкта эл чогулган жерлерге чакырышат, барсам жалаң ушак сөздөр, калжың сөздөр айтылат, анан “табым жакшы болбой турат” деп шылтоолоп кетип калган учурларым болуп атат. Сенин жездең экөөбүз чер жаза ой бөлүшүп, ошонун өзу кандайдыр  бир дем болор эле мага. Ал киши о дүйнө салды. Мен үй күчүк болуп жалгыз калдым. Жашагым келбей калды дебатканымдын жөнү ушул”. Демек, карыяларга да санаалаштык, сырдашчылык чөйрө зарыл экен да. Кыргыз элдик карыялык каада-салтты калыбына келтирүү – турмуштук да, тарыхый да кыя өтө алгыз зарылчылык экендигине бийликтегилер түшүнүүгө милдеткер.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *