Каныкей: “Жашоонун боекторун чыгарып жашайлы”

75342_132473616914069_2070926826_nКөпчүлүгүбүз билген ырчы Каныкейдин – көпчүлүгүбүз билбеген ой толгоолору менен баарлаштык. Көкүрөккө уюп, акылга сыйып айтылган сырларын, чындап айткан пикирлерин кунт коюп тыңдап отуруп, ар бир ирмемдеги ыргакка ыраазы болдум. Каныкейде чын эле жашоо бар экенин туйдум… 

– Сиздин маектерди окуганда ар бир жообуңузда өзүнчө салмак, тереңдик сезилет. Сөз касиетине өзгөчө маани берериңиз байкалып турат…

– Күнүмдүк тирликке караганда терең ой толгоолор менен маектешүү мага кызыктуу. Мен турмуштун ыпылас нерселери менен эсептешким келбейт. Мага жашоодо ыр жазууга, ырдоого мүмкүнчүлүк берилгенине ыраазымын. Менин чыгармамды эч ким укпай койсо деле капаланбайм. Себеби мен баарыбир өзүм ырахаттанып, ыраазы болгон иштеримди жасай берем. Менимче ар бир адамдын жаны эркин болуш керек. Эгерде жөн гана көчө шыпырган адам болсом, менин шыпырган көчөлөрүм тарыхта калмак. Көпчүлүктүн агымы менен жөн гана жашагым келбейт. Ар бир адам бул жашоого салым кошкону келет деп эсептейм.

9-Каныкей5– Мындай толгонуулар сизде качан пайда болду?

– Кичинекей кезимде “эмнеге элдин баарына окшошуп юбка кийишим керек, эмнеге өзүм каалагандай жүрө албайм” деп ойлончумун, бирок башкалардын үстөмдүгү күчтүү болгондуктан кең-кесири билдире алчу эмесмин. Жыйырма жашка толгондон баштап өзүм каалаган жашоону аң-сезимим менен кабыл алдым. Албетте, эркиндигимди ыплас нерселерге колдонбойм, жашоомдун сезимдерин чачпайм. Жашоонун эркиндигин сөзсүз жакшы жакка гана колдонгум келет.

– Түз эфирдеги берүүлөргө чыкканыңызда эне тилде эркин сүйлөбөсөңүз да, эне тилибиздеги нукура сөздөрдү ыктуу пайдаланасыз, муну өзүңүздөгү сөз чеберчилиги катары баалайсызбы?

– Мүмкүн аракет кылам. Негизи кыргыз мектепти бүткөм, балким адабий тилде жакшы сүйлөй албастырмын, бирок эне тилимде терең сүйлөй алам, кыргыз экениме сыймыктанам, жөн гана сыймыктанбастан, жандилим менен сыймыктанам. Менин жашоом кыргыз, диним кыргыз. Кээде, кайсы динди тутунасың деп сурап калышканда, диним да кыргыз деп жооп берем.

– “Жашоо” деген сөз, “жашоо” деген термин сиздин урааныңыз болуп калды, деги эле сиз үчүн жашоо деген эмне?

2c77a62ef5864a5ea8bdc34d34acccb6– Менин оюмча адамдар бул жашоого кандайдыр бир миссия менен келет, ошондуктан ар бир адамдын өз алдынчалуулугу, ар бир адамдын өз таржымалы бар. Мисалы, мен ырчылыкка жөн эле келбесем керек. Бул турмушка адам кандайдыр бир себеп үчүн, себептерди чечүү үчүн жаралат. Менимче бул турмушта ар бир адам легенда болууга аракет кылыш керек деп ойлойм.  Адамдар канчалык көзгө көрүнбөгөн жагдайда жашагандай болгон сайын, өмүрдүн көркү кетип калып атат. Жашоонун боекторун чыгарып жашасак дейм. Ар бир көз ирмемде жашоону туя билсек. Бир көз ирмем үчүн канчалаган улуу адамдар жашап өткөн. Мен бир көз ирмем үчүн жашайм.

– Айрым жеңил-желпи ырчылардын “элге кызмат кылуудабыз, элдин патриотубуз” дегендерин угуп таң каласың. Кургак сөз, курулай ураанга караганда  жандүйнөңдүн муктаждыгын аткаруу, жандүйнөңдүн ырахатын сезүү боюнча эмне айта аласыз?

– Элге кызмат кылган күндө дагы эч качан “элге кызмат кылдым” деп айтпаш керек. Бул адамдын пастыгын билдирет. Андай адамдар толтура. Мейли ырчы болобу, мейли  министр болобу, андай адамдарга “көтөрүп турган асманыңар болсо таштап жибергиле” деш керек. Анткени асманды эч ким көтөрбөйт да. Көтөргөнгө укугу да, акысы да жок. Адамдын эң биринчи куралы – жөнөкөйлүк. Мындай курал менен бүткүл дүйнө жүзүн багындырса болот. Тиреп турган асман сенин жөнөкөйлүгүңө ийилиши мүмкүн. Өзүм дайыма жөнөкөйлүккө умтулам. Албетте, мен жөнөкөймүн деп өзүмдү көрсөткүм келип коомдук унааларда жүрбөйм. Бул жөн гана убакыттын ченемине байланыштуу. Адам жөн гана адам боюнча калыш керек деп ойлойм.

– Кандай адамдар менен баарлашуу сизге кызыктуу? Сиз үчүн кызыктуу адамды кантип тандайсыз?

– Кулк-мүнөзүнөн, сүйлөгөнүнөн. Эң оболу сөз болуш керек. “Сөздүн атасы өлбөсүн” деген накыл кеп бар эмеспи, андыктан баарлашып жатканда сөздүн атасы өлбөсө дейм. Мейли буддистпи, мейли мусулманбы, мейли жумушчубу – алар билимдүү болсо  сүйлөшүүгө кызыгам.

– Кыргыздын касиети дегенде сиз эмнени түшүнөсүз?

– Биздин ата-бабалар жаратылыштын сырын билген  касиеттүү эл болгон. Болгону азыркы учурда ошол касиетти сезгендер аз. Касиет жөнөкөй эле нерседен билинет. Эртең менен күн чыкканда күндү көрүп, кандай багытта күн тийип жатат, асманда бир нерсе барбы деп байкоо, дегеле ошол тийип жаткан нурдун ал-абалын түшүнүү. Айланада болуп жаткан бардык нерсе касиетке ээ,  табият бизге өзү эле айтып турат, болгону ошол касиеттерди туура көрүш керек.

– Сиз билген кыргыздардын касиеттүүлүгүн кайра кайрып келиш үчүн кантип жандандыра алабыз?   

– Ал үчүн биз өзүбүздүн жаратылышыбызды сактап жана көп окуш керек. Качан гана кыргыздар өзүнүн жаратылышын сактаганда касиети кайтып келет. Жаратылышты бузган сайын адамдардын “үчүнчү көзү” жок болуп баратат. Жаратылышты коргоо зарыл.

– Билим деген түшүнүктү сиздин билимиңиз, сиздин жандүйнөңүз менен түшүндүрүп берсеңиз?

– Билим бул – таалим. Билим ар тараптуу болот, бир эле сөз менен айтууга мүмкүн эмес. Руханий билим болушу мүмкүн, медициналык билим болушу мүмкүн, жана башка. Болгону, адам жандүйнөсүнө жаккан туура билимди тандай билиши керек.

– Эркиндигиңизди сезип, эркин жүргөнгө көнгөнгө чейин кандай этаптардан өттүңүз?

– Этаптар болот. Ал этаптарды турмуштагы катачылыктар берет. Катачылыктарды өзүбүз туура кабыл алып, жыгылып кайра турган жерден үлгү гана алып, кейип жатып калбашыбыз керек. Мен айтам го жашоо бар деп, андыктан ар бир этаптан өткөн сайын алдыга гана умтулуу зарыл.

– Чыгармачылык менен мээнеттенүү сизге эмне берет?

– Чыгармачылык эч качан элдер күтүп атат деп же акча үчүн жасалбаш керек. Менин абалымда алсак, чыгармаларым өзүмдүн жандүйнөмө арналат. Эмнени сезип-туюп турсам, эмнеден жабыркап жатсам – ошолор тууралуу чыгарма жаратам.

– Ырларыңызда сулуулукка карата өзгөчө мамиле байкалат. Деги эле сулуулук сиз үчүн эмне?

– Сулуулук – бул нур. Сен көзүң менен караганда, көзүңдөн нур чачырап турса, бул сулуулук. Сулуулук мен үчүн көздүн нуру. Качан көз жумулганда ошол сулуулук аяктайт.

– Коомдук каналдан берилчү “Жашоо бар…” аттуу автордук программаңызга каармандарды кантип тандайсыз?

– Азыр эл жалтыр-жултурдан жадады. Элге эмне берсем деп көпкө ойлонуп отуруп элдин өзүн элге каарман кылып көрсөткүм келди. Бул турмушта ар бир адам өз жашоосунун каарманы. Эл арасындагы каармандарды табыш кыйын деле эмес.

– Тарыхта калган улуу адамдардан баалагандарыңыз барбы?

–  Мен үчүн идеалдуу адам жок, көпчүлүгүнүн кетирген каталары бар, ошон үчүн алар адам. Жаныбарлар, курт-кумурскалар эч качан катачылык кетиришпейт, бир гана адамдар кетирет. Мен үчүн бизди жараткан бир гана Кудай идеалдуу. Эгер адамдар идеалдуу болсо, бул турмуш эчак башкача болмок.

– Адамдар билип-билбей аткарган туура эмес сапаттардан кантип арылыш керек?

– Адамдар кандайдыр бир туура нукту таап, бул жашоого убактылуу келгенин түшүнүп, жаратылыш менен тыгыз байланышта болсо оңолот. Мен өзүмө-өзүм көп учурда канааттанбайм. Жаман жүздөрүмдү көрүп калам. Бирок эч качан адам болуп жаралганымды унутпаганга аракет кылам.

Адамдар миссиясы эмне экенин кантип аныктаса болот?

– Жөндөмүнөн, шыгынан билсе болот. Кудай шыкты жөн эле бербейт. Өзүндөгү шыкты байкап, таап алган адам аны туура нукка пайдаланыш керек. Мисалы чыгаан дарыгер ошол тармакка ачылыш жасап салым кошсо, демек анын миссиясы ошол. Турмушта үмүтүң өчүп, болбойт турбайбы деген учурлар болот, бирок бул бийиктөөгө карай бурулуш этап болгонун түшүнүп, сынып калбай өсүш керек.

                                                                                                                 Мундуз АСАНАЛИЕВА            

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *