БОСОГОДОГУ СӨЗ же КЫТАЙДЫН ТҮБҮН ТИРЕГЕН КЫРГЫЗ

3-Чоюн агайЖазуучу, илим изилдөөчү Чоюн ӨМҮРАЛИЕВДИН «Теңирчилик. Бурут тамга – жандырмак» аттуу фундаменталдуу илимий басылмасы чыгарууга даярдалууда. Ч.Өмүралиевдин «БУРУТ» деп аталган түркий дүйнөгө киргенине он беш жылга чукулдап калды. Кытай жазуу тамгаларынын кыргызча-түркчө окулушу илимий ачылыш катары биринчи жолу «Асылзат» гезитинин атайын бир толук санында 2001-жылы (№14, VIII) жарык көргөн. 2003-жылы 5-ноябрда Бишкекте өткөн Бүткүл дүйнөлүк Чыгыш таануучулардын конгрессинде илимий докладда баяндалган. Бул ачылыштын илимий-теориялык негиз-дери жана практикалык өңүттө ишке ашырылышы автордун 2012-жылы жарык көргөн «ТЕҢИРЧИЛИК. БУРУТ ТАМГА – ТӨРӨН ТИЛ» аттуу илимий басылмада көргөзүлгөн. Тынымсыз көп жылдык изденүү, ачы-лыш, күмөн саноо, тактоолор, аныктоолор соңунда өз жемишин берди. Атаганда, илимде так чечилбей, же алиге башы ачыкталбай күңүрт келаткан маселелер бир жагдайлуу чечилди.

Автор буга дейре синология илиминде эч бир козголбой келген: «Бир иероглиф – бир морфема – бир сөз угум» принцибин жарып, татаал иероглифтерди курам бөлүктөрүнө, же ички морфемаларына, акыркы бирдиктерине чейин ажыратып жиберип окуган. Алардын түпкү угумдарына түшкөн, ички угумдарынын айкашы аркылуу берилген муундап жазылган сөздөргө чыккан. Натыйжада, ин, чжоу жазуусу жана заманбап иероглифика дегенибиз, абал башатында, буга дейре синология илими түшүндүрүп келгендей бир гана идеографиялык жазуу эмес, ичинде муун жазуу (слоговая письменность), болгондо кыргыз-түркү тилинде түзүлгөн жазуу болуп чыкты.

Кытай тамга-арибинин негизин түзгөн 214 ачкычтык белгилери: ин, чжоу, заманбап иероглифика – үч баскычында тең мүлдө (баары – 642 тамга-иероглиф!) дал ушундай окумга ээлиги далилденди. Бул дүйнөлүк алтаистикадагы жана синологиядагы жаңы ачылыш!

Түркү тил демекчи, автор ин, чжоу тамгаларында да, иероглификада да катылып жаткан бул зор казынаны бир гана кыргыз-түркү эл-тилдерине тиешелүү деп эсептебейт. Ал муну бүткүл алтай калктарынын орток энчиси катары карайт.

 БОСОГОДОГУ СӨЗ же КЫТАЙДЫН ТҮБҮН ТИРЕГЕН КЫРГЫЗ

Чоюн Өмүралиев

Ооба, Кытайдын түбүн тиреген Кыргыз.  Бирок буга бүгүн ким ишенет?  Бул сөз азыр акылга сыйгыс абсурд, бүгүнкү илим чындыгына эгерим коошпогон ээнбаштык, а демек, «ашынган патриотчулуктун да бир ченем–чеги болушу керек го акыры» деп не бир салмактуу улутчулдарыбыздын да сабырын түгөтүп баш чайкатаар ыңгайсыз жагдай. Бирок качанкы чындыктын Кара Тоо карааны бүгүнкү илим жеткен бийиктен алдаганча алыс, бүлбүл жатыптыр. Сөз ушул тууралуу.

«Цивилизация» жана «маданият» деген өтө сыйымдуу түшүнүктөр. Алгачкы коомдук түзүлүштөн цивилизациялуу коомдун айырма, өзгөчөлүгү эмнеде деген суроого ар кимдин жообу да ар кыл. Бирок көпчүлүк аалымдар макул таап илимге алынып кеткен критерийди кезинде культуролог Г.Чайлд сунуштаган. Анын оюнча биринчи цивилизациялардын зарыл башкы белгилери болуп булар эсептелүүгө тийиш:

1. эл отурукташкан аймак, шаарлары;

2. ири эмгек курулуштары;

3. борборлоштурулган алман (налог) системасы;

4. экономикалык байланыш, анын ичинде соода-сатык гүлдөшү;

5. ар кандай өнөр адистигинин өркүндөшү;

6. жазуунун болушу;

7. түрлүү илимдин негизинин түзүлүшү;

8. искусствонун өнүгүшү;

9. эл баштаган, башкарган артыкчылыктуу таптардын чыгышы;

10. мамлекеттик түзүлүшкө ээликтик.

Экинчи бир белгилүү аалым В.Эберхардт беш башкы белгини жетиштүү санайт:

1. мамлекеттик түзүлүш;

2. мал үйрөтүү жана аны дыйканчылыкка унаа колдонуу;

3. бир башкы ордонун (архитектурага ээ – калаанын) айланасында уйуу;

4. жазуунун болушу жана чарбалык кат иши;

5. металлдын колдонулушу.

Байкалып тургандай, негизинен отурук элдин философиясын, көз карашын чагылдырган позиция. Айтмакчы, «цивилис» деген эски латын сөзүнүн өзү «отурук жай, айыл, калаа» дегенди билдирет. Ал эми «маданият» дегени «жер иштетүүгө» келет. Ушинтип Батыш илими, дүйнөтаанымы «цивилизациялуу» деген терминине «отурук мазмуунду» гана батырып карайт. Ал эми көчмөн дүйнө алардын бул чен-өлчөмдөрүнө туура келбейт. Демек, эч цивилизациялуу эмес, маданиятсыз варварлар. Калаа курушпайт, дыйканчылык кылбайт, жазуу-сызуусу жок, айрым-айрым илим негизин да түзбөгөн, мамлекетсиз, демек, кайталайм, – цивилизациясыз! Б.а. жер бетиндеги «биринчи цивилизациялар» («первичные цивилизации») деген мазмундан эгерим тыш. Азыркы расмий көз караш ушундай.

Акыйкатта, «цивилизация» дегендин аныгы маңызы, критерийи (эгерде аны «отурук, айыл» деген эмес, «маданият» деген чыныгы маанисинде алсак) бул, ириде – руханийлик. Анткени Чайлд, Эберхардт санактаган чен-өлчөмдөрдүн баарынын тегин-негизин сүйөп-жөлөп турган нерсе – руханият. Маданияттын негизи – руханийлик. Андыктан биз «Теңирчиликтин» экинчи китебинде «Руханий Цивилизация» деген терминди сунуштап, бирдиктүү философия, жалпыланган терең дүйнөтааным гана цивилизация тегин солк эткис тиреп тураарын айткан элек. Жогорудагы эле авторитеттер койгон талапка да моюн суналы, чен өлчөмдөрүн тааныйлы, ошондо байыры Азия көчмөн дүйнөсү ага сыябы? Биздин оюбузча, ушунун өзүнө да толук сыят!

 1. Эзелтен мамлекеттик түзүлүшү бар. Тек, көчмөн мамлекеттүүлүгү отурук мамлекеттен айырмалуулугун, өзүнүн ички өзгөчөлүгүнө ээлигин моюндаш керек. Классикалык үлгүсү кийинки, б.а. эки миң ашуун жылдан мурдагы хуннулардын мамлекеттик түзүлүшүнөн белгилүү. Ошол эле система, негизинен мындан да кийинки, Чыгышта – сяньби, тоба, жан-жуң (авар), түрк, уйгур, кыргыз, караханид, маңгул; Батышта – хазар, булгар каганаттарында сакталган.

2. Мерчемдүү жерлерде, аймактарда Ордо, сепилдери, баш кошкон байтактылары болгон. Аларды шарт, кырдаалга ылайык которуп да турушкан. Баса, Латын сөзү деп таанылган «Цивитэс» дегендин («айыл», «калаа») түбүндө өзү түркит уңгу: чеп/шеп/сеп – сепил («цив – цивил») сөзү туру. Байыркы гректерге бу уңгу байыры хэттэй, этрускилерден оошуп барган деп айтабыз.

3. Дыйканчылык чарбачылыктын башкы мү­нө­зүн аныктабаса да, ал болгон, өнүккөн. Жашоого зарыл аштык өстүрүлгөн.

4. Искусство өнүккөн. Байыркы таш сүрөттөрүнөн тартып дүйнөнүн жети кереметинин бири дээрлик – скиф айбанат стили калыптанган, анын соңку эволюция-этабы – жалпыланган көчмөн орнаменти түзүлгөн. Жана булар жөн эле искусство эмес, терең дүйнөтаанымдык мүнөзгө ээ болгон.

5. Илимдин негизи түзүлгөн. Күндөлүк жашоо тирликтин өзү өнөрдүн эң өрүн – практикалык түрлүү илимдин жаралышын зарыл шарттаганын айтпасак да (м.: жан-жаныбар сыры менен иши чыккан саяпкерлик, мүнүшкөрлүк, аңчылык; материал сыры менен иши чыккан уз-устачылык; ж. б.) экөөн атайын белгилесе болот. Алар – элдик медицина жана жылдыз санаган эсепчилик. Мунун биринчиси, белгилүү – чоң Чыгыш, ириде Тибет, Кытай медицинасы менен киндиктеш жатат. Экинчиси – астрономия илиминин негизи тууралуу сөз өзгөчө. Астрономия илиминин башатында көчмөндөр турушканын азыркы расмий илим моюндайт. Анткени, асман агылышы, жылдыздар жылышы менен түбүндө Улуу Кыйырдын бир четинен экинчи четине түрүлүп көчүп жүрүшкөн көчмөндөрдүн иши чыккан.

6. Металл иштетилген.

7. Жазуу түзүлгөн.

Арийне, жогоруда айтылгандардын баары болбосо да басым бөлүгү көпчүлүк окурман үчүн жомок туюлат. Көкүрөк керген мактаныч угулат. Акыйкатта да, буга ишениш кыйын. Эң кыйын! Анткени, азыркы илимдин жеткен чеги минтип ойлошко эч кимге эч мүмкүнчүлүк бербейт. Демек, шек – жүйөөлүү. Бирок азыркы илимдин өзүнүн чече элек жагдайы да кыйла. Ошонун бири, ал эми Чыгышка карай алганда эң башкысы – Ин цивилизациясынын проблемасы. Ооба, байыркы Кытай цивилизациясынын башаты саналган Шан-Ин мамлекеттик бирикмесинин теги-жайы, аны жараткан аныгы ээси кимдер? Буга азыркы дүйнөлүк илим, синология ачык айкын, бүткөрө жооп бере элек.

Шаң-Индиктер бийик өнүккөн коло маданияттын ээси. Сары Өзөн – Хуаңхы бассейнинде түзүлгөн. Б.з.ч. экинчи миң жылдыктын башы-аягын камтыйт (XVI-XI кк.). Уруулардын биримесинен түз­үлгөн күчтүү мамлекеттик түзүлүшкө ээ болгон. Мал чарбачылыгы жашоо турмушунда башкы ролду ойногон. Айрыкча, жылкыны кадырлашкан. Аңчылык кеңири кулач жайып, дыйканчылык да өрүштөгөн. Калк уютуп жашаган ири калаалары болгон (Чжэн­чжоу жана Аньян калаалары казылып, тегерете иликтенди). Индиктер колону эң чебер иштетүүгө жетишкен. Турмуш-тиричиликке байланышкан казан, тулга, балта, чоттон баштап искусство маанисине ээ түрлүү кооз идиш, асем буюмдарды куюшкан. Атка чегилген кош жана төрт дөңгөлөктүү жеңил арабалардын ээси да индиктер эле. Эң кызыктуусу – тегерек дөңгөлөктөрдүн арасы чабактап бөлүнүп, тең ортосун колодон куюлган уюл (втулка) кошкон. Бул өз заманынын эң мыкты жетишкендиги. Ин мамлекетинде искусство айрыкча гүлдөгөн. Чоподон жасалган түрлүү буюмдар, мрамордон, асыл таштардан чегилген адамдардын, жан-жаныбарлардын чоң, кичи скульптуралары, колодон куюлган буюмдардын жана куралдардын айбанат стилинде асем жасалгаланышы көздүн жоосун алган. Жана акырында, индиктердин керемет жетишкендиги – жазуусу жана календарлык жыл эсептөөсү эле. Бир жылды он эки айга бөлүү, аны да майдалай 24 кезеңге ажыратуу, асмандагы ай, жылдызга карап жыл түрпүн сүрүү күчтүү өнүккөн.

Мунун баары индиктердин таңкалаарлык зор жетишкендиги. Бирок анын чыныгы таңкалаарлык жери мында – Ин цивилизациясынын генезиси азыркы илимде жеткилең тактала элек. Ал автохтондуубу, же Кытайга сырттан барганбы? Бул суроодо дале кыйла кызыган талаш жатат. Эмне үчүн? Кытай неолитинде, б.а. соң таш доорунда Хуаңхы, Яңзы бассейндеринде түзүлгөн жергиликтүү маданиятты археологдор «яншао» жана «луншань» маданияты деп аташат. Уюткусу Кытай чыгышында, азыркы Шандуң жарым аралында жатат жана мезгили боюнча кололуу Шаң-Ин маданиятынан болжолу 500-1000 жыл аркы аралыкты камтыйт. Аталган маданият анык түпкытайдыкы (протокитай) саналат. Ал эми соңку Шаң-Ин маданиятына келсек, мунун алдыга озгун кеткени ушунчалык – мурдагы маданият экөөнүн ортосундагы байланыш, эволюциянын изи дээрлик билингис калган.

Тескерисинче, Ин цивилизациясы менен алыскы Батыш Азия цивилизацияларынын ортосундагы жалпылыктар, окшоштуктар кыйла. Кытайга жамаатташ аймак – Сибир, Алтай, Борбор Азия маданияттарын айтпаганда. Ооба, бу соңку экөөнүн ортосунда, б.а. Ыраакы Чыгыш, Түндүк Кытай (Хуаңхы бассейнинен түндүккө карай) жана Сибир, Борбор Азияда түзүлгөн маданияттардын ортосунда өтө көп жалпылыктар жатат. Бул жалпылык узаакы мезгилди, б.а. жогорку палеолиттен бери карай мүлдө неолитти камтыйт. Тескерисинче, түштүк, жана түштүк чыгыш Кытай неолити түк башка. Бул дүйнөлүк илимде такталган маселе. П.Теяр де Шарден, Н.К.Ауэрбах, Г.И.Сосновский өңдүү ж.б. көрүнүктүү аалымдардын эмгеги ушуга арналган. Кытай түндүгүндөгү чөл талалуу, бөксө жайыктуу кеңири аймактын маданиятын өзгөчөлүгүнө ылайык Теяр де Шарден «микролит» деп атаган.

Мына ушул бир «микролит» алкагында Түндүк Кытай аймагы Борбор Азия, Сибирди көздөй «колунан жылмышып чыгып баратканын» туйган Кытай аалымдары өткөн кылымдын 60-70-ж.ж. баштап жаңы теорияны активдүү иштешти. Башкы автору Цзя Ланьпо. Анын теориясы боюнча таш кылымдагы Кытайга эки маданий система, же эки түрлүү традиция мүнөздүү. Бири Түштүк, экинчиси Түндүк маданияты. Түндүк маданиятынын базалык борбору Хуаңхы түндүгүндө уйуу менен бирге өзүнүн жан жагына кеңири аймакты уюштурат. Б.а. миграция Хуаңхы бассейнинен түндүккө карай Ички Монголия, Монголия аймактарын арытып Сибирге жетет. Андан чыгышка кайрылып Беринг кысыгы аркылуу Америка континентине оойт. Экинчи тарамы ошол эле багытын саал ийип Корея, Сахалинге, Япония аралына кирет. Ал эми батышка жылжыган багыты Хэси аркылуу Синьцзянга чыгып, андан Тянь-Шанга өрдөп, Орто Азиянын чөлү, Казакстандын талааларын карай жайылат.

Биз буларды эмнеге айттык? Байкалып тургандай, мейли орус, Батыш аалымдары болсун, жаки, Кытай аалымдары өзүлөрү болсун моюндашкандай, Хуаңхы бассейнинен түндүктү карай Сибир, Борбор Азия, казактын даркан талааларына чейинки кеңири аймакта таш кылымдан берки байыркы жалпылык таасын жатат. Эми мына ушул аймакта, б.а. Түндүк Кытайда кийин жер үстүндөгү «алгачкы» аталган цивилизациялардын (б.а. өз ички мүмкүнчүлүгүндө өсүп чыккан) жашы боюнча, Азиядагы, эң акыркысы – Ин цивилизациясы калыптанып отурат.

Жогоруда айттык, илимде мына ушул Ин цивилизациясынын генезиси али жеткилең тактала элек, талаш тартыштар бүтө элек. Мунун себеби, көрдүк: биринчиден, анын базалык борбору же археологиялык табылгалардын очогу Хуаңхы бассейнинде жатат. Демек ал автохтондуу болууга тийиш. Экинчиден, антейин десең, Ин цивилизациясы эң көп белгилери боюнча Алдыңкы Азия цивилизацияларына таамай окшойт. Бул байланыштарды эмне менен, кантип түшүндүрүүгө болот? Алдыңкы Азия, же Жер Орто Деңизи менен алыскы Хуаңхы арасын байланыштырып турган нерсе эмне? Ортодогу Улуу Кыйырда жайылып жапан көчмөндөр жатат. Арадагы байланыш изи (б.а. Тигр, Евфрат – Хуаңхы арасындагы) кантсе да ушул зор мейкинде калышы керек эле, ал – жок [делет]. Ал эми көчмөндөрдүн өзүлөрүн эч качан цивилизациялуу санашка болбойт, алар жапайы – варварлар. Маданиятты ооштуруп гана алууга маш алар. Ушинтип Ин цивилизациясынын изи күүгүм. Бул туюктан чыгыш үчүн азыркы күндө болжол үстүнө болжолдор боо болуп жыйылган.

Мисалы, антропологиялык жагын алалы. 1934-1935-жж. Индиктердин байыркы борбору Шаң калаасына жакын жердеги Сибэйган көрүстөнүн казууда табылган 400дөн ашуун баш сөөктөрдүн мүнөзү ар кыл. Булардын расалык тиби боюнча аалымдар арасында бирдиктүү пикир жок. Бир бөлүгү азыркы түндүк кытай расасына окшойт. Басым бөлүгү – «классикалык» монголоид, алтургай сейрек болсо да арасында европеоид кездешет.

Согуш арабасына келели. Неолитте түп кытай уруулары араба дегенди билген эмес. Ат үйрөтүп минүү түшүнө да кирген эмес. Демек ат да, араба да сырттан барган. Бул ойду япон аалымы Х.Минао айтат. Кытай аалымы Чжэн Дэ – кунь Шандыктардын дөңгөлөктүү арабалары илгериде жакынкы Чыгышта, кийин Греция, Римде арбын пайдаланылган арабаларга окшоорун жазган.

Искусствосу. Индиктердин искусствосунда Кытай неолитиндеги, айталы, яншао карапаларындагыдай орнаменттер өтө сейрек. А бирок айбанат стили эң күчтүү өнүккөн. Совет окумуштуусу С.А.Теплоухов скиф «айбанат стилиндеги» буюмдар менен Сибирдеги карасук жана түндүк Кытай искусствосунун ортосундагы өтө жакын жалпылыктар тууралуу өткөн кылымдын 20-жылдарында эле айткан. Ошондон бери Андерсон, Масперо, Сальмони, Карлгрэндер да бул маселеге кенен кайрылышып тек жалпылыгын макул табышты. Бирок баарынын түп генезиси кайда, ал – талаштуу бойдон.

Календарь, жыл эсеби. Баяраак айтылды, байыркы индиктердин жана Вавилондуктардын мүчөлдөп жыл эсептегени, жылдыз санагы, астрологиялык ыкмалары, негизинен күн календарын пайдаланганы – мына ушунун баары тең эң майда баратынан өйдө бир-бирине дал келээрин Т. де Лакупри, Бецольд, Л. де Соссюр, Хасимото жана кытай маданиятынын Батыштагы мыкты билерманынын бири Д.Нидэм терең далилдүү жазып чыгышты. Таасир этишүү багытына келсек, артыкчылыкты Вавилонго ыйгарышат. Мисалы, кытай коло маданиятынын терең билерманы Го Мо Жо өзү жазат: «Здесь же можно сказать об этом кратко: двенадцать циклических знаков означают двенадцать знаков зодиака, представление о которых распространилось в древности из Вавилона».

Жазуу. Индиктердин эң керемет жетишкендигинин бири, ушул – жазуусу. Бул жазуунун генезиси, байланыш таасирлери тууралуу да кыйла-кыйла талаштар жүргөн. Алардын бири шумер – ин иероглифтеринин байланышы. Агылчын Ч.Боол «Чын жана Шумер» деген көлөмдүү монография жазып, аны 1913-жылы Лондондон чыгарган. Анда ал эки аймактагы иероглификадан эң эле көп окшоштуктарды (графикасы да, мааниси да боюнча) тапкан. Синолог Уайт аны улантып мааниси да, сүрөтү да дал түшкөн жана жөнөкөй эле эмес татаал курумдагы дагы 21 иероглифти кошумчалаган. Бирок бул окшоштук кайдан келет, неликтен чыгат, жоопсуз калган. Байыркы кытай тилинин фонетикасын үргүлжү калыптап чыккан биринчи авторитет, швед аалымы Б.Карлгрэндин белгилүү сөздүгүнөн соң кытай жазуусунун автохтондуулугу жөнүндөгү пикир биротоло бекип, шумерлерге байланыштырган теория чечкин кагылып, экинчи планга сүрүлдү. Бирок байыркы кытай тилинин теги тууралуу талаш жөнүндө муну айтууга болбойт. (Айтмакчы, кытай тилинин түп генезиси алиге так ачыктала элек. Андыктан азыркы тил илими аны типологиялык жактан гана классификациялап, синтибетбирма тобуна бириктирет).

Биринчилерден болуп 18-кылымдын акырында эле немец Г.Шлегель байыркы кытай жана индогерман тилдеринин ортосунда параллель жүргүзүп айрым окшоштуктарды алып чыккан. Карлгрэн сөздүгү жарык көргөндөн кийин (1940, 1957-жж.) ошол эчаккы унут калган эски гипотеза кайра козголуп, индиктердин тилинин индогерманизми тууралуу идея жанданып кетти. Мисалы, көрүнүктүү синолог Э.Пуллиблэнк 1966-ж. «Кытайлыктар жана индоевропалыктар» деген кытыгылуу орчун макала жазып, анда Чыгыш Түркүстанга чейин жеткен индоевропалыктар (тохарларды эске алып атканы, бирок тохарлардын теги талаштуу бойдон, биздин баамыбызда алар – туран тилдүүлөргө кирет) Ин цивилизациясынын башатына түрткү болсо керек деген ойду кылайтат. Бул багытты синолог Ян Уленбрук улантып, байыркы кытай жана эски герман тилдерин салыштыра отуруп мааниси да, угуму да дал келген 57 сөздү таап жарыялаган. Бу идеяны дагы синолог Улвинг улантып, байыркы кытай жана индоевропа тилдериндеги 200гө жакын маанилеш сөздөрдү чечмелеп жарыялап, мындай окшоштуктар эми эч кокустук эмес, ал системага айланып барат деп сөзүнүн удулун тектик жалпылыкты көздөй секин-секин жылжытат. Б.а. сөздүн түпкү багыты бул: «балким, Ин цивилизациясынын тегинде индоевропалык дух жатпасын?..»

Ушундай. «Байыркы Кытайдыкы» деп жалпы атап койгон Ин цивилизациясынын артында аны байыркы семиттерге, индоевропалыктарга, түпкү кытайлыктарга (протокитайцы) карай билгизбей тыткынга алып көкбөрү тарткан талаш жатат, алиге… Ал эми бая айтылган жогорку палеолиттен бери карай эч бир үзгүлтүксүз, тынымсыз созулуп келе жаткан Орто, Борбор Азия, Сибир, Ыраакы Чыгыш, Монголия, Түндүк Кытай – Хуаңхы бассейнин бир айкын жалпылыкта камтып жаткан зор маданият (микролит), аны жаратуучулар жана алардын азыр да ошол эле кеңири аймакты мекендеп жатышкан бүгүнкү урпактары жайында бир ооз сөз жок. Анткени, алар – көчмөндөр, варварлар. А варварларда кайдагы цивилизация, маданият?.. Цивилизациялуу элдердин бул аймакка мамилеси мына ушундай «цивилизациялуу»…

Эми бул талашка эмне чекит коет? Кандай позиция, концепция, далил, баарын өз-өз ордуна тургузат? Тарых илими кое албайт, анткени ал өзү талаштуу бойдон, жана улам арылаган сайын түбү жылымчы саясатташкан. Археология да алсыз. Анткени ачык сүйлөбөс бул илимдин жылаңач фактыларын ордочул дух (семитцентризми, кытайцентризми, индоевропацентризми» ж.б.) дамамат өзүн карай тымызын оодарып өз ыңгайында «сүйлөтө» берет.

Демек, бир гана чындык калат – добуштуу тилдин өзүнүн чындыгы! Тил гана ачык айкын өзү тууралуу өзү сүйлөп берет, кимдигин, тегин, дайынын.

Демек, маселе барып-келип индиктердин өзүлөрүнүн керемет жазуусунда, ал жазуу артына жашынган ата мурас, эне тилинде… Бирок бул тил алиге сүйлөй элек. Индиктерден ушунча орошон мурас калганына карабастан, ал тууралуу канча бир кабат-кабат изилдөөлөрдүн жарык көргөнүнө, канча бир тексттердин окулуп жарыяланганына карабастан, ин жазуусу али ички тилинде сүйлөй элек. Ооба, ички тилинде сүйлөй элек, ал тек, азырынча, буга дейре, бир толук идеограмма катары гана жалпы маанисинде чечмеленип келүүдө. Соңку, акыркы иероглифтердин жардамы аркылуу.

Баштагы чачкын Кытайды борборлоштурулган бир улуу империяга бириктирген Цинь Шихуан ди заманында (б.з.ч. 200 ж.ж.) жазуу үчүнчү ирээт өзгөртүлдү, унификацияланды. Башкача айтканда, азыркы колдонулуп жүргөн иероглифтин акыркы калыбынын негизи салынды.

Ал эми тилинин эң байыркы дабышы-калыбы белгисиз экени айтылды. Б.Карлгрэн фонетикалык жактан реконструкциялаган байыркы тил б.з.ч. биринчи миң жылдыктан бери жагын гана камтыйт, б.а. Чжоу кезеңден гана тарта. Азыр бүткүл дүйнө синологиясы, анын ичинде кытай аалымдары өзүлөрү таянган эң башкы авторитеттин бири, ушул – Б.Карлгрэн. Б.Карлгрэндин ар жагы, б.а., Ин заман тили – жың. Кайсы тилде, не сөздө сүйлөгөн – белгисиз. Айтканыбыз окурманга ишенчиликтүү угулсун үчүн Ин жазуусу боюнча советтик илимдеги бирден бир авторитет, «Язык иньских надписей» (М: 1973) аттуу бул багыттагы жападан жалгыз китептин автору М.В.Крюковдун төмөнкү пикирин сунуштай кетели:

«Изучение генетических связей китайского языка было поставлено на научную основу после реконструкции фонетики древнекитайского языка относящегося к началу I тысячелетия до н.э. Очевидно возможности сравнительно-исторического изучения китайского языка могли бы намного возрасти, если бы удалось реконструировать произношение знаков наиболее древних памятников китайского письма – иньских надписей на гадательных костях.

Однако до сих пор не ясно, как это можно сделать. Вот почему материалы древнейшего периода истории китайского языка все еще остаются вне сферы досягаемости сравнительного метода. Это означает, что единственным путем сравнительного изучения языка надписей в настоящее время является исследование его типологических свойств».

Биз эмне үчүн байыркы кытай тарыхынын айжаркын жана талаштуу башаты Инь цивилизациясынын түбү тууралуу түйшөлүп мынча кеп салдык? Бизге эмне кереги, зарылдыгы бар эле? Дүйнө ансыз да бул суроодо чачылып-түгөнүп башы чагылып атса, бизге кошумча баш оорунун кереги бар беле? Ким болбосун ушундай ойлойт азыр. Эмесе айтылаар сөздүн да анык кези жетти: зарылдыгы бар, өткөрө бар! Анткени Инь цивилизациясы дегенибиз, көрсө, бул – түздөн түз кыргыз цивилизациясы экен! Ооба, байыркы кыргыз цивилизациясы. Анын барандуу бир танабы. Улуу Мамлекети! Көрсө, Улуу Кытайдын түбүн – андан Улуу Кыргыз тиреп туруптур!

Мунун далили кайсы?

Бая айтканбыз, сандаган талаш-тартыштарга акыры бүткөрө чекит кое турган жападан жалгыз гана күч бар, ал тил деп. Эми Ин жазууларына келсек, ал алиге синологияда бүткөн бир идеограмма катары гана окулуп келет. Ал эми ошол идеограмманын ичине анын курам бөлүктөрүн бытыратып чачып ийип кирген жан жок. Айтса, кирген жан да кайсыдыр бир түркү тилдүү калктын өкүлү болушу керек. Ансыз идеограмма ички угумун баары бир чечпейт, сырын жандырбайт. Анткени жазуу өзү түбүндө… түркү тилинде түзүлгөн! Ооба, ин жазуулары гана эмес иероглифтин акыркы, б.а. азыркы калыбынын өзү да ичинде түркүчө түзүлгөн! Бирок Кытай традициясы иероглифке мындай мамиле кылбайт. Б.а. татаал иероглифтерди жөнөкөй курам иероглифтерине жиликтеп-жиктеп жиберип, жыйынды дабышынан сөз издебейт. Алар үчүн бир иероглиф, жөнөкөйү да, татаалы да, бир гана угум, бир муундуу сөз. Мааниси контекстте гана аныкталаар. Мунун себеби өзүнчө. Байыркы тил угумунан жолу кесилип калган бүгүнкү кытайдын, жана азыркы кытай илими кандай окутса ошол калыптан чыкпай камалып чектелген башка тилдеги аалымдардын башкы талуусу мына ушунда жатыптыр.

 Кытай иероглификасы бардыгы болуп 214 ачкыч белгилеринен турат. Биз азыркы урунуп жүргөн 36 тамга сыяк. Ачкыч иероглифтер бир чийинден башталып, татаалдап жүрүп акыркы 214-сү 17 чийинден түзүлөт. Бирок татаал да, жө­нөкөй да түрлөрүнүн баары тең бир гана муундуу угумдан турат. Себеби, кытай тилинин табияты ушундай, бир муундуу. Кезинде, мына ушул 214 ачкыч бир-бири менен түрлүү-түрлүү айкалыштарда татаал иероглифтерге айлана отуруп, баардыгы 60 миңге жакын иероглиф келип чыгат. Ар бир иероглиф – бир сөз, бир маани. Айттык, кытай традициясы татаал иероглифтерди бириндетип чачып, ичинен бирден сөз сууруп чыгып жыйынды маанисин издебейт. Эгерде ошону иштейин десе анда ал бир муундуу кытай тилинде ар кайсы гана маанилердин, б.а. курам иероглифтердин чокуй, чокуй айтылган баш аламан күрөндүсүнө айланмак. Андыктан кытай принциби ага эч качан жол бербейт. Иероглифтердин мааниси сөз тизмегиндеги ордуна жана кайсы тондогу айтылышына жараша маалым болот. Ошондой эле татаал иероглифтердин бири «фонетик», б.а. иероглифтин дабышы кандай окулаарын нускаса, экинчиси анын жалпы маанисине шилтейт. Натыйжада экөөнүн айкаш жигинде иероглифтин конкрет мааниси дайын болот.

Биз кытай иероглифинин ичине кириш үчүн башка, жаңы жолду тутундук. Оболу иероглифтин башкы угумунан (дабышынан, окулушунан) чыгып анын баардык маанилерин бирдей угумдуу түркү тилиндеги сөздөрдө чечтик. Кытайча угумдун далдасында чөккөн эзелки түркүчө угумду калыптадык. Жана мындай реконструкция көп учурда Карлгрэндикинен өзгөчөлүү ачылды. Андан соң татаал иероглифтин графикасынан (сүрөтүнөн) чыгып, аны жөнөкөй иероглифтерге жиликтеп жиктеп, жыйынды дабыштарында окудук.

Таңкаларлык. Ушунда иероглиф тышында бир бүтүн сөз-идеограмма эле эмес, ичинде муун жазуу болуп чыкты, түркү тилинде түзүлгөн! Же тил илими муну өз термининде консонанттык, не силлабикалык жазуу деп атайт. Ушинтип иероглиф Үндө берилген маанисин Сында бышыктап, ачыктап турган кош миздүү канжар сыяк дүйнө экени билинди.

Кытай традициясында иероглификага мындай мамиле жок. Жана бир таң калаарлыгы, кытай тилинде бир иероглиф бир гана түрлүү угумга ээ (тонго бөлүнгөнүн айтпайбыз) жана ошол эле угум өз ичинде бир канча маанини алып жүрөт. Ал ар түрдүү маанилер кайдан жүрүп, кантип бир  иероглиф алдына катмарланып жыйылып калганы белгисиз. Синология буга жооп айтпайт.

Ал эми түркү тил ыңгайынан чыгып иликтеп-жиликтеп окуп чыккан кезде алиги маанилердин баардыгынын тең теги айкын-ачык аныкталып чыгат. Бир эле иероглифтин мындай көп маанилүүлүгүн синология: «иероглиф, бул – символ, ага канча бир кылым-жылдар бою улам бир жаңы маани катмарланып жыйылып отуруп калыптанган» деп гана жалпы жооп айтып тим болот.

Түркү тилиндеги графикалык ички окулушунда – ал маанилердин баардыгынын тең изи–теги изделип чыгат, б.а. ал тээ эң биринчи Ин, соңку Чжоу жана иероглифтин акыркы калыбынын боюнан сызылып жыйылган, катмарланган маанилер экени дайын болот. Ушинтип иероглификанын баардык ич-сырт касиеттери мүлдө түркү тил өңүтүнөн чыкканда гана түрө чечилет. Иероглифти окуудагы бул жаңыча усул катардагы окурман тургай адис синологдор үчүн да күтүүсүз, түшүнүксүз болоор. Андыктан орус тилиндеги айрым эң жөнөкөй мисалдарды келтирип оюбузду ачыктай кетели.

«…понятие «ясный» может быть выражено в частности, знаком 明 с чтением мин. Графически иероглиф образуется из двух пиктограмм:日«солнце» с чтением жи, и 月 «луны» с чтением юэ.

Этимологически свет «солнца» и свет «луны» выражает идею света, светлого, ясного и т.д.

Во втором ряду семантических образований выступают понятия: «открытый», «явный», «проявить», «показать», «понимать» и т.п.

В третьем: «проницательный», «умный», «просвещенный».

В четвертом: «завтра» (в сочетании с иероглифом «небо», «наутро», «днем», б.а. «таң» – Ч.Ө.) Наконец, «зрение», «зрячий», «дальновидный» и т.п.

Ошентип 月«Ай» (юэ) жана 日 «Күн» (жи) иероглифтеринен түзүлгөн татаал 明 «мин» иеро­глифинин кытайча мааниси «открытый, явный, ясный» ж.б. маанилерди берди. Эми эгерде биз жөнөкөй иероглифтердин бириккен угумуна чыксак, анда: ай + күн > айкын деген түркү сөзүн алабыз.

Абай салыңыз: жогорудагы маанилердин баардыгы тең ушул уңгуда уюп турат, б.а.:

1. айкын, ачык; ачык-айкын – ясный, светлый;

2. ачык-айкын; айкындоо, айкындуулук – открытый, явный, проявить, показать, понимать;

3. айкын [адам]; (мисалы: «айкын адам экен!») – проницательный, умный, просвещенный;

4. «Ачык, айкындын» бир синоними – «ар» (аруу, таза). Бул синоним угумдун «таң» («наутро, день») иероглифи менен бир келген айкашы: ар + таң > «эртең» («завтра») деген жана бир маанисине алып чыгат.

5. Акырында «айкын, ачык» дегендин контекстке ылайык ачылаар мүмкүнчүлүгүндө: «[көзү] ачык, ачылган» –

зрение, зрячий; дальновидный деген маанилери тур.

Жана мисал: Китайское письмо состоит из основных знаков (иероглифов) и дополнительных смысловых и фонетических определителей. Сложение иероглифов (основных элементов) отражает основной способ словообразования – сложение корней.

Н; сложение элементов 口 «Коу» – «рот» и 犬 «Цюань» – «собака» дает «Фэй» – «лаять». Муну түркүчө окусак: урут (уурт, б. а. рот – ооз) + ит > урит, б. а. «үрөт» (лаять) деген сөздү алабыз.

Дагы; элементов 口«Коу» – «рот» и 子 «Цзы» – «дитя» дает 吇 «кричать». Мунун түркүчө угуму: кичиг + урут (уурт) > кычыгырыт, б. а. кычыкырат, кычкырат-кыйкырат («кричать») деген сөздү алабыз.

Дагы: 人 «Жэнь» – «человек» и 木 «Му» – «дерево» означает, 休 «Сю» – «отдыхать». Мунун бизче угуму: бак + эр > бэкэр, б. а. «бекер адам» (отдыхающий) дегенди берет.

Дагы: элементов 木 «Му» – «дерево» и 目«Му» – «глаз» дает 相 «Сянь» – «смотреть». Мунун түркүчө угуму: карэ(г) + бак > карагбаг, б. а. карамак; көр(үг/үв) + бак > көрү(в)бэг, көрүбэг, көрүмөг, б. а. көрмөк (смотреть) дегенге келет.

Биз мында ишенгенге оңой болсун үчүн атайын жөнөкөй мисалдарды келтирдик. Жана биерде бир эске алаар жагдай: иероглифтин графикалык түзүлүшү муун жазуу же логограмма экенин көрдүк, б.а. ар дабышы айкын тамгаланган азыркы фонетикалык жазуу эмес бул. Демек, байыркы жазуу принциптен, не тамгачыдан ашкере фонетикалуу тактык талап кылынбайт. Мисалы: эмне үчүн «үрөт» эмес, «урит» дегендей. Анткени бул кийинки так фонетикалык жазуу эмес. Бирок ушунун өзүндө да бир нюанс жатат: «у» (урут) жана «и» (ит) дабыштарынын жууруму «ү» дабышын берет. Ошондо биз эки сөздүн айкашынан «урит» эмес «үрүт» деген сөздүн өзүн алабыз. Түрк тилдеринде «ө-ү», «о-у» фонемалары бир-бирине өтүшөт. Демек, «үрүт» угум бир вариантында: «үрөт» деген да тапатак дабышында айтылат. Кытай тилинде мындай кыйдам үндү кубултуп сүйлөгөн ар кыл тондо (төрт тон бар) жөндөлөт.

Анан да, жогорудагы эле кичинекей мисалдардан көрдүк – нукура эски, орустуку сыяк сөздөр кыргыз тил уңгусунда терең чөгүп жатат (уурт-урут / у-рот, у/о; кычы(г)ыр эт > кычкырат; кричать < киричи(г)эт; «Кычы(г)ыр эт – киричи(г) эт» метатезалашкан угумдар (тегирмен – темирген сыяк). Этиштин «эт, этүү» угуму орус тилинде глаголду аныктаган грамматикалык туруктуу формага айланып калганын айтпаганда… кричать – крич-эт, игра-ать – игрэ-эт; делать – дело-эт; бегать – бэг-эт, ж. б.).

Мындай түпкү уңгулаштык (сөздөрдүн кийинки оошу эмес бул) бир ностратикалык чоң топко киргизилген кыргыз-орус тилдеринде эле эмес, ностратикага эч тиешеси жок [делген] кытай жана орус тилдеринде эң көп учураганы канчалык таңгалычтуу. Орустун не бир түпкү, төл деген сөздөрү эки жарым миң жыл мурунку иероглифтерде чөккөнү, не кызык. Буга иероглифтердин ичин иликтеп жүрүп, өзүбүз күбө өттүк. Мындай күтүүсүз көрүнүштүн жанында байыртан аймакташ, алакалаш жашашкан түп кытай жана түркү элдеринин, тилдеринин көөнө жалпылыгы тууралуу ой эми эч кимди деле таң калтырбай калат…

Ошентип сөз удулуна кайрылсак, татаал иероглифтин курам угумдары жыйылып түркүчө сүйлөдү. Принциби түшүнүктүү болду го дейм. Арийне, баары эле мынчалык жөнөкөй эмес, буга 214 ачкычтын түгөл чечилишин окуп чыккан жан ишенээр. Ооба, 214 ачкыч бүт чечилди. Ушул принципте. Соңку, 3-этапта калыптанып унификацияланып болгон иероглифика ачкычтары эле эмес, алардын Ин, Чжоу замандарындагы башаттарынан бери үзгүлтүксүз эволюциясында чечилди. Бардыгы 642 иероглиф!

Мындай таптиш илик бизге иероглифтердин эң соңку калыбы, б.а. графикалык сыпаты, сүрөтү неликтен ушундайча түзүлгөндүгү жөнүндөгү маселенин да башын ачыктап берди.

Ал эми бул маселе да азыркы синология илиминде кыйла күүгүм: «в общей сложности в китайской иероглифике выделяется до 200 графем. Первоначально графемы представляли собой рисуночное изображение отдельных предметов или их сочетаний. В процессе эволюции китайской письменности внешний вид графем очень сильно изменился, и сегодня подчас невозможно определить к изображению какого предмета восходит тот или иной знак».

Ал эми бул белгилердин (знак) түпкү угуму түркү тилинде катылганына иероглифтердин Ин башатын иликтеп жатып кадиксиз ынандык.

Иероглифте: 勹 «бао» – гл. обматывать, завертывать;  Инде:  бүк, бүктө; байла, боола (тамгада бүгүлгөн кишинин элеси);

Иероглифте: 立 «ли» – стоять; становиться, получать назначение ж. б.  Инде:  ал, ээле, алуу; лыг, дыг > тык, токтоо ж. б. (сүрөттө бир нерсени ээлеген, канатын жая токтогон элес);

Иероглифте: 至 «чжи» – доходить, достигать; крайняя степень, высшая точка. Инде:  жит (сүрөттө: жерге житип бараткан жебенин элеси).

Айтмакчы, ушул эле иероглифтин 至 өзүн жиликтеп чечмелеп анык түркү сөзүн алсак болот:

а) 土 «ту» – земля; түркүчө: тэг-тэгиз;    б. 厶 «сы» – частный, личный; түркүчө: жек-жеке, өз;

в) 一          – «и», (иг, эг) – один, первый, во-вторых, резко, вдруг, филос.

Единое, ж.б; түркүчө: эң, эң биринчиден; «эк!»; эки; Эге; ж. б.

Демек, кытайча «чжи» деген бир угум татаал йероглифтин боюнан жеке + тегиз + эг, эге деген ар бөлөк сөздөрдү алабыз. Жаңы, түркүчө эреже негизинде бул сөздөрдүн, баш же аяк муундары жалгана окулат да, окшош угумдуу муундары бир-бирине кабатталышып кетет. Ошондо мынабул тизимге ээ болобуз:

жэк + тэг + эг.

Бул айкашты иероглиф маанисиндеги контекстке ылайык окусак, анда: жэ (г) тэг, б.а. жетег деген сөз чыгат. Ал эми мында:  а) жетек, жетектөө, жетекчил идея (высшая точка);  б) жетиг – жетүү (доходить);   в) житиг – житүү (достигать)  деген маанилер жатканы эми эч кимди кү­мөнсүндүрбөс.

Ин тамгалары да ичтен дал эле ушундай жиликтеп окулат.

Мына ушинтип эми эски да, жаңы да кытай жазуусунун билерманы М.В.Крюков айткан:

«…Однако до сих пор не ясно, как это можно сделать. Вот почему материалы древнейшего периода истории китайского языка все еще остаются вне сферы досягаемости сравнительного метода»  деген өткөн кылым ичи чечилбей келген дүйнөлүк маселе эми чечилди.

Чечилгенде да, Ин жазуусунун тилин кандайдыр башка тилдерге салыштырып отуруусуз эле, анын өзүнүн ички жаңырыгында жана… жана түк башка тил деп эсептелген түркү тилинин турпагында чечилди. Анан да, эгерим бизге эч тиешесиз саналган, өзүнүн Үн да, Сын да табиятында кытай үчүн да кыйла жери күүгүм жаткан  соңку иероглифика  нак  кыргыз (түркү)  тилинде  анык-канык  сайрап ачылды. Крюков баш болгон мүлдө синологдордун түшүнө киргис! Ушундай. Буга ишениш өтө кыйын. Кыйын!..

Зыңгыр илимпоздордун күңгүр шеги баары бир кала берет. Ошон үчүн эч жерде, эч кимде, эч бир күдүк калбасын үчүн азыр аталган 214 ачкычты, б.а. иероглификанын негизин – биринчи кыштарын мүлдө, Ин, Чжоу, иероглифика – үч баскычында тең толук чечмелеп бүттүк. Көлөмдүү эмгек басууга даяр. Теңирим жазса, жыл ичинде окурман журтуна тартуулагыбыз бар.

Эми окурман көңүлүндө дагы бир суроо туулар: мейли дейли, макул табалы, эми бул бизге эмне берет? Иероглификанын кыргызча сүйлөөрүн билдик дейли, анан?.. Анда бул ачылыш бизди алдыда кайсы жайыкка алып чыгаарын ырааттуу санактайлы.

1. Шаң-Индиктердин теги тууралуу бүтпөй келаткан дүйнөлүк талашка чекит коет. Ин цивилизациясынын ээси Турандыктар (эски, же Кара Кытай ушунун ичинде), ордо бийлигиндегилер Чайан-Бөйөн кыргыздары экенин ачат. Бийик цивилизация деген түшүнүк отурук калкка гана мүнөздүү делген мифти кыйратат.

2. Илим айдыңынан экинчи планга сүрүлүп кеткен Шумер-Ин проблемасын кайырып келет. Экөөнүн тил жалпылыгында Азиянын Улуу Дөбөсү – Туран өсөт. «Туран» деген түшүнүк мурда ойлой келишкендей мындан ары түрк дүйнөсү менен гана чектелбестен, Алтай тил тобундагы элдерди камтып, ага мына эми жаңыдан ачылып жаткан байыркы Кара Кытай (соңку Сары Кытай жөнү саал бөлөк) тилин кошуп, келечегинде Шумерге кеңийт. Чыгыштан бир кез Батышка барган, Жер Орто Деңизинде Хет цивилизациясын түзгөн, кийин кайра Чыгышка кайтып, арада изи сууду делген Хеттей (Кытай) проблемасын кайрадан тике коет. Хет жана Ин иероглифтеринин киндиктеш жалпылыгында жаңы тарых сүйлөйт. Хет иероглифтерин мык жазуу (клинопись) жана Египет иероглифтеринин жуурумунан чыккан деген жарамсыз концепция кыйрайт. Балким Хет индоевропеизми тууралуу баштагы теория зак берет. Тохар проблемасы кайра каралат, анын Туран негизи бышыкталат. Тогоолу Борбор Азияда тунган Ин-Хеттей-Шумер же Хуаңхы – Жер Орто Деңиз – Тигр, Евфрат арасындагы эзелтен көчмөн көчкөн география­лык кеңдиктеги Улуу Үч Бурчтук ачылат.

3. Ин, Чжоу жазууларынын өз ичинде түркүчө сүйлөшү келечекте дүйнөдөгү бирден бир кайталангыс китеп,  ыйыктын ыйыгы,  бийиктин бийиги,  дүйнөнү керээтинде сүйлөөр битиг «Ицзин» – «Купуя Манасты» элибизге кайырып келет. Калкты улуу касиетке уютаар аабалкы рух биримдиги кайрылат. Анткени ал тарыхка дале бир муундуу кытайча айтылышында Фу Хи (б.з.ч. 2953-2838-жж) деп түшкөн Кыргыз Каан атабызга Көк Теңирден түшүрүлгөн биринчи китеп (бул кезде дүйнөнүн бир да бир элинин бир да бир ыйыкталган китептери али «Асмандан түшүрүлө» элек!).

4. Байыркы Кытай булактарында башкача угумда чөгүп калган, эми түркүчө аталышы Манаста күр чачылып жаткан байыркы эл, жер, адам аттарын салыштырып тактайт. Эки миң жыл мурунку биз билген Хунну – Цинь кагылышынан берки эле эмес, андан аркы 2,5–3 миң (б.а. 5 миң) жылдан соңго созулган Фу Хи – Кыргыз Каан; легендарлуу Ся – ХХI-ХVII кк; Шаң-Ин династиялары ылдый – Кытайда эң биринчи жыйнакталган тарых «Шу цзин», кийинки Сыма Цяндын «Шы-зи» – санжырасына түшкөн бизге түздөн-түз тиешеси бар мүлдө көңкү тарых сүйлөйт. Тарыхый окуялар даректелип баары орду-ордуна коюлат.

5. Калкыбыз жоготуп алды делген эзелки түпкү илимди (медицина, астрономия, ой-бой күүсү – цигун) кайырат, элдик салт-санаанын коом-мамлекеттүүлүктүн, ритуал, ишенимдин түп философиясына табыштырат. Рунада катылган (Ин тамгага киндиктеш) магияны ачат.

6. Руна демекчи, түрк руникасынын түп теги азыркы расмий илим эсептегендей финикий, арамей (б.а. семит тек) башаттан келген иран алфавитинен эмес, жана Асмандан түшө калгандай б.з. VI кылымында капыс да эмес, узаакы эволюциялуу жолун басып, өз тегинен байыркы аска-таш тамгадан тамыр-ланган Бөйөн–Чайан каттан (Шаң, Ин жазуусунан) унификацияланып уланып чыгаарын кашкайта ачат (т.а. ачты, ар бир рунанын, б.а. баардыгы 40 тамганын дабышына дал сөздөгү мааниси бу күндө өз кыртышында, же түркү тилде толук чечилди).

Дегеле, буга дейре илимди чылк бийлеген: «дүйнөдөгү алфавиттик жазуунун атасы – семит сиро-палестин элдери» (б.з.ч. II миң жылдыктын 2-жарымы) деген козголгус [сыяк] чындыкты козгойт, копшойт, кайра кароого мажбурлайт. Бул багытта сөз арбын, алдыда…

7. Жогоруда айтылгандын баары өткөндү билип, такташка эле кызмат кылбайт, ал келечекте элдин аброюнун артылышына баштайт. Бедел бекийт!  Жана, бул – илимий ачылыш да эмес. Илимий ачылыш буга чейинки бар илимдин алкагында жүрөт.

Бул, жаңы илимий багыттын ачылышы тюркология жана синологиянын башын кошуп жаңы илимий жайыкка алып чыгаар.

Жогоруда айтылгандай, улуу тарых, улуу цивилизация андан алда канча арыда. Демек, бүгүнкү сөз, бүгүнкү  маареке  биз үчүн али  босогодогу гана сөз,  улагадагы гана ураан.  Чыныгы улуу  мааракеге карай генералдык репетиция.  Кыргыз Каан атабыздын беш миң жылдыгына,  дүйнө азырынча башка аталышта (Шан-Инь)  таанып турган  Чайан, Бөйөн  аталарыбыз түзгөн  Ортоңку Кыргыз Каганаттарынын  төрт миң жылдыгына карай бараткан.

Түбү Улуу Туранды мелжеген…

Сибирь аска-таштарындагы байыркы жазуулар
(Интернеттеги маалымат.)                                                                       

 Россия илимдер академиясынын Бурятиядагы борборунун илимий кызматкери Алексей ТИВАНЕНКО «ДРЕВНЯЯ ПИСЬМЕННОСТЬ СИБИРИ» (2011) деген байыркы адамдардын аска таштарга чеккен сүрөттөрү боюнча жазган китебинин бетачарын жасады. 

Алексей Васильевич Тиваненко өмүр бою аска сүрөттөрүн изилдеп келет. Окумуштуу өзү айткандай, иш жүзүндө бул сүрөттөрдө биз мурда ойлогондой эмес, терең сыр жаткандай. Үч кылым бою Шибердин калкы калтырып кеткен аскаташ жазууларын чечмелей албай нечен окумуштуулар баш катырып келишкен. А.Тиваненко жакында гана бул таштардын сырын ача алды. Окуя капилеттен болгон. Тарыхчы Шибердин “баш катырмаларын” байыркы Кытайдын сүрөт сымал иероглифтерин сөлөкөттөрүнө салыштырат. Акырында мазмуну толугу менен дал келген маалыматка карк болот.

А.Тиваненко: “Албетте, бизде бул ташка чеккен сүрөттөрдүн маңызы эбак унутулган. Кантсе да 30 миң жыл деген оңойбу! Мына, байыркы Кытай иероглифтерин биздин таш сүрөттөргө каптай салыштыра келсек, биздин петроглифтер кадимкидей жазуудай окула баштаса болобу! Качан биз көңкү кытай иероглифтеринин сүрөттүү негизине байсал жасаганыбызда, алардын дээрлик жүз пайыз дал келгендиктерин көрө алдык, биздин таш сүрөттөр сөзмө-сөз идеографиялык окулушун көрө алдык. Коло заманындагы авторлордун ойлорун кадимкидей окуй алганыбызга тобо“.

Байкал жергеси менен Монголиядагы “Селенгин” петроглифтерин чечмелөөнүн жаңы усулу берилген. Тиркемесинде Борбор Азия жана Шибер пиктограммаларын чечмелөө каталогу жайгаштырылган жана “тоолук уруучул бабалардын жазма ырым-жырым белгилеринин идеографиялык түшүнүмдөрүнүн сөздүгү”  да бар. Борбор Азия менен Шибердин петроглифтерин байыркы кытай сүрөтнаама иероглифтерин салыштыруунун негизинде аскаташ жазмаларын идеографиялык окумга жакындатылган жаңыча чечмелөө ыкмасы сунушталат. Ошону менен катар, Азиянын жалпы диний-мифологиялык маалымат чөйрөсүнүн теориясы түптөлүүдө. Мисал катары Байкал чөлкөмү менен Монголиядагы “Селенгин” петроглифтердин идеографиялык моделдештирүү системалары каралат да, изилденген сүрөтнаама белгилеринин каталогу жана чечмелөө ачкычтары, алардын окулушу берилет. “Байыркы кытай ырым-жырым жазма графемаларынын сөздүгү” түзүлгөн жана алардын жардамы менен Шибердеги кээ бир археологиялык эстеликтердин жана түшүнүмдөрдүн даана чечмелери берилген. Мындай ыкмада изилдөө биринчи жолу жасалды.

 

 КОНФУЦИЙГЕ  ЧЕЙИНКИ  ӨЛӨҢ

Ачыла элек сандыкта – бычыла элек кундуз бар. (Элден) 

Байыркы Кытайды тэгинен тиреп турган беш негизги ыйык китеп бар – “У-ЦЗИН” (“Бештик” – “Пятикнижие”).  Алар:

1. “Шуцзин”  –  Книга Истории    – Тарых  баян;

2. “Шицзин”  –  Книга Песен        –  Ыр баян;

3. “Лицзи”     –  Книга Обычаев  –  Салт баян;

4. “Чуньцю”  –  Вёсны Осени     –  Кез баян;

5. “Ицзин”     –  Книга  перемен  –  Сыр баян.

 Аталган китептердин бардыгын бир ирээтке алып санжаптап чыккан байыркынын алпы – Конфуций дөө. Бул китептердин бизге – байыркы көчмөндөргө, алардын ичинде көчмөн дүйнөнүн улуу уюлу, ыйыктын ыйыгы Манас илими түшүрүлгөн кыргыз элге кыйла-кыйла даражада тиешеси бар! Көңкү кытай тарыхы, илими, адабияты, жазуусу менен системдүү түрдө иши чыкпаган адамга бул айтылгандар, арийне, түк ишенчиликсиз туюлат. Бирок 214 килит иероглифтердин үч кезеңи мүлдө ички биртуташ эволюциясында түрк-алтай тилдеринде сүйлөп чыгышы – “байыркы кытай” деген түшүнүктүн да ары жагында дагы бир башка “белгисиз байыркылык” жаткандыгынан кашкайта кабар айтып турат.

Шицзин”Ыр баян – беш канон китептин бири. Маани-маңызы боюнча, балким, “Ицзинден” кийинки экинчи китеп. “Ицзин” (“Купуя Манас”) – бүткүл болмуштун жайын, келер-кетерди, атургай болор болочокту да дүңүнөн сүйлөгөн ыйыктын ыйыгы битиг.

“Шицзин” – өлөң жыйнак. Куңзы (Конфуций) өз заманында эл безип, жер кезип, бектиктерден бектикти арытып, кандыктардан кандыкты карытып жүрүп калк ичинен жыйнаган кайнар ырлар. Бүгүнкү тил менен айтканда, фольклор. Төрт бөлүктөн туруп, өз ичине үч жүз беш өлөңдү камтыйт.

Ал бөлүктөр илимде:  1. “Гофын”  –  “Кан бектиктердин жолою” (“Нравы царств”);   2. “Сяо я”  –  “Кенже мактал”, же  “Кичи одалар” (“Малые оды”);   3. “Да я”  –  “Улуу мактал”,  же  “Көңкү одалар”  (“Великие оды”);

4. “Сун”  –  “Гимндер”  (“Гимны”)   деп аталат.

Мындагы ырлар – алтындан да эленген алтын; күмүштөн да иргелген күмүш болуп саналат.

Анткени, Куңзы калк аралап жүрүп, болжолу, баш-аягы үч миңден ашык өлөң чогултса, ошонун ичинен, болгону, үч жүзүн гана иргеп алып (ондун бири!) өлбөс-өчпөс “Өлөңдөр Жыйнагын” – “Шицзинди” түзгөн. Айтса, “өлөң” бул – 诗 (詩)  “ши” иероглифинин экинчи тилге которулушу эмес, бул “ши” иероглифинин дал өзүнүн ички угумунан агылып чыккан дабыш, окулуп чыккан кат.

Түп тексттин табиятына кайрыла кетели. Андагы бар болгон алты саптын ичинде эмне үчүн бир эле иероглиф угумдары кайра-кайра, кайра-кайра дээрлик дал кайталанып жатат:

лу лиң лиң        ци жэнь мэй цюй жэнь

лу цун хуань    ци жэнь мэй цюй цюань

лу цзун мэй      ци жэнь мэй цюй сай

 

Абай салыңыз, ар сабында үч-бештен, баардыгы – 24 иероглиф-угум. Ошонун ичинде алтоо гана жаңы, калган он сегизи бир-бирин толук кайталайт.  Бул эмне болгон тавтология? Эмне менен нетип түшүндүрүлөт бул?  “Шицзиндин” бул кайра-кайра кайталанма “тавтологиясынын” артында эмне жатат?

Кытайдын адабиятын изилдеген орустун эң көрүнүктүү синологдорунун бири Н.Федоренко жазат:

Произведение китайской классической поэзии в значительной степени рассчитаны на зри-тельное восприятие, поскольку язык их не адекватен разговорной речи и не может быть вос-принят всеми на слух (за исключением узкого круга лиц, у которых в отношении древних стихов выработалось профессиональное восприятие). В дошедшем до нас тексте “Шицзина” иерог-лифические знаки явились лишь средством закрепления, фиксации фольклорных песен, звучащих на живом народном языке. Однако впоследствии, с веками древний язык “Шицзина” омертвел, утратил прежнее качество речевого звучания, стал непонятным на слух.

Естественно, фонетический состав древнекитайского языка отличался от современного. В результате реконструкции древнекитайской фонетики удалось прочесть песни “Шицзина”, веро-ятно, почти так, как они звучали в дни их создания. Однако реконструкция звукового потенциала и музыкальности иероглифических письмен старых литературных памятников представляет ско-рее научный, чем практический интерес, так как никто теперь не станет произносить песни “Шицзина” в их первоначальном звучании. Утрачена музыка песен “Шицзина”, а с нею и магия интонации, неповторимость звучания.

Потому как древний иероглифический текст песен “Шицзина” трудно доступен современному китайскому читателю даже в зрительном восприятии, в Китае стали издаваться его переводы на современный язык. Выходят в свет анологичные издания и других древнекитайских литератур-ных произведений (например, сборники поэзии Цюй Юаня).

Следует, сказать, что, к сожалению, эти попытки не увенчались заметным успехом передачи смысла песен: пересказ сюжета не дает представления о художественной форме. В результате утрачиватся сама поэзия “Шицзина”, словесное искусство народных певцов, образность языка, внутренняя композиция, мелодика, волшебная тайна, а самое главное – сама поэзия  – все то, что создает уникальность и своеобразие этого древнейшего памятника и что представляет эстетическую его ценность как поэзии”.

Адырга аркар камалып,

Адырдын чөбү сабалып.

Тектирге теке камалып,

Текенин жүнү сабалып.

Будурдан бугу куюлуп,

Будурдун чөбү суюлуп…
Кумайдан кулжа куюлуп,
Кумайдын чөбү суюлуп…
Же:
Терекке тууган куштары,
Теминип турат учканы.
Кайыңга тууган куштары,
Камынып турат учканы…

 Ушунда биздин кулагыбызга кайра эле ушул Федоренконун:

образность языка, внутренняя композиция, мелодика, волшебная тайна, а самое главное – сама поэзия!”  –  деп тамшанып айткан чыныгы поэзиясы угулат!

Угулат… бирок эми  кытай вэньянизминде эмес,  Буруттун улуу дүбүрт тилинде,  кадимки  кара  өлөңүндө  угулат!

Маселен, кытай вэньян жазуусунда мындагы “аркар да, кулжа да, теке да, бугу да, терек да, кайың да”, баары-баары бир гана угумда, 鹿 “лу” – олень, же 木 “му” – дерево иероглифтери менен; ал эми “адыр, будур, тектир, кумай” ж.б. баары бир гана угумда 土“ту” – земля иероглифи менен гана бериле берер эле. Башка жолу жок. Анткени, иероглифика, бул – символ, идеограмма, омонимизация; дүйнөнүн миң кыл чексиз мазмунун негизинен биркылдоо, тегиздөө, жумгактоо, бир сөз менен айтканда түрүлүп жыйылуу (унификация).

Ал эми жады поэзиясы, дал ушунун тетирисинче, дүйнөнүн бир кыл көрүнүшүнөн миң кыл сулуулукту ачуу, дүйнөнү түмөн түстө жаңшанып ырдоо. Бир сөз менен айтканда жазылып жайылуу (полифония), арийне, дүйнөнүн символ касиетин сактай отуруп…

Эмесе, баятан айтыла келген ойлордон келип чыгар  биринчи  тыянактар не?   Алар:

1. Жазма тилдүү “Шицзин” жарала, түзүлө электе эле көчмөн калктардын жады поэзиясы гүлдөп жашап турган. “Шицзинге” негиз болуп берген аавалкы улуу кайнар булак ошол. Жогорудагы бир жылт тартылган ырлардын тулку түзүлүшү, уйкаш ыргактары, кайтоол кайырмасы, айлампа тереңдиги ж.б.д.у.с. “Шицзиндин” текст тереңинен тебилип-сызылып турганы ошол.

2. “Шицзин” – “Шицзин” болуп катталган вэньян аталган адабий-жазма тилдин ички жылга-жыбыттарында, бүгүш-бүктөмдөрүндө, булуң-буйткаларында бөгүп-чөгүп калган дагы бир ички тили бар. Ал – Алтай тили. Бул тилде “Шицзин”, “Шицзин” эле эмес байыркы классикалык вэньянда катка алынган башка булактардын бири да али сүйлөй элек. Мындай окумдун жолу бар экендиги, анын ыгы-ыкмасы биздин буга чейинки гундардын кош сап ырын ички кайрыгында окуган илигибизде ачылды.

3. “Шицзиндин бүгүнкү окулуп жаткан сырткы тили, же айтым байхуа тилдин байыркы вэньян текстке көчүрүлүп окулушу, түшүнүлүшү.  Ал эми вэньян өзү: элесисүрөт, көзгө түшүнүктүүдобушуага байланышсыз, кулакка түшүнүксүз өлүк жазма тил болуп калган.

Демек, “Шицзин” толук сырында али эч ачыла элек. Биз бүгүн “Шицзинди” тегерете окууга боло тургандыгына учук-шилтек катары аны биринчи тепкичинде гана окууга аракет кылып көрөбүз:

а) “Шицзинге” алгачкы негиз болуп берген кайнар булактын гана көзүн ачып коюуну көздөйбүз. Арийне, мында биз байыркы текстке тыкыр байланбайбыз, тескерисинче, байыркы тексттин өзү түп башатында кандай болушу мүмкүн экендигин гана көз алдыга тартууга аракет кылабыз. Анткени бул, дагы бир ирээт кайталайлы, жазма тилге чейинки жады сөз, Конфуцийге чейинки көчмөндүн кара өлөңү өзү! Андыктан текстке эркин мамиле жасап, анын сыртында “балким калып кеткен” башка саптарын кошо калыптайбыз.

б) “Шицзин” текстиндеги иероглифтердин гана маанилеринен чыгып калыптандырылган тыкыр академиялык мүнөздөгү котормону (мисалы, орусча А.Штукиндики сыңары), буюрса, келечек берээрин эсиңиздерге сала өтөбүз.

Эми, “ШИЗЦИН” – “ӨЛӨҢ ЖЫЙНАГЫН” түзгөн ички баптарды чыныгы аталыштарында бир жерде жыйып чогуу берсек болот.

1.国风“Го Фын” – Кара  өлөң (Нравы царств).

Турмуш-тиричиликтин миң кыл жагдайларын күйгө салган, чагылдырган көчмөндүн кадимки кара өлөңү. Түркү калктарында: кыргыз, казактарда –  өлөң, кара өлөң; алтай кыргыздарында – кожоң; саха калкында – олоңко (өлөң күй, гөй – кийин баатырлар ыры таризин алып кеткен) деген угум-маанилерде сакталып калды.

2. 小雅 “Сяо Я – Алкыш (Малые оды).

Аталышы айтып тургандай – алкоо ырлары. Тиргиликтин түрлүү-түрлүү жагдайларына карай алкыш айтылат. Алкыш, алкоо деген сөздүн өзүндө аллыг-алгы; иллигилгери деген алга сүрөө мааниси чөккөнү иероглиф мисалында айкын жатат. Салыштырыңыз: каргыш, карга. Мында – кэриге тартуу, артка сүйрөө мааниси туру. Алкыш-каргыш, кийинки замандары бизде ак бата, терс бата аталып кетти. Алтай калктарында аавалкыдай эле айтылат.

3.大雅 “Да я – Даңаза (Большие оды).

Алкыштан айрымаланып, мында кандайдыр зор окуялар, салтанаттуу кезеңдер, көзү тирүү кан-бектер, залкар кишилер даңкталат, даңазаланат. Ысымы, кылган иши кылымдарга үлгү калтырылат. Манастагы “даңазасына чийилген”, “даңазасына катталып” деген саптардагы мааниси ушул – мамлекеттин Башкы Даңаза Китебине ысымы жазылды дегени.

4. 颂 “Суң – Кошок (Гимны).

Аталышынан белгилүү тургандай, мындагы ырларга кош-бэш айтуу мүнөздүү. Мисалы, кызды күйөөгө узатканда эне, жеңелеринин кошкону. Сапарга чыккан, же жорук майданга аттанган эрлер менен ооруктагылардын коштошуусу. Бул, тиргилик турмуштагы тирүү кошуг. Кошоктун эң күчтүү  өнүккөн түрү бул – жоктоо.

Бул ааламдан Каранын Каны, Калктын туткасы өткөндө ак таңдай улуу акындар тарабынан бир жоктолгон. Каралуу катын кайран энең Каныкейдей канга теңдеш ургачынын сырттаны аркылуу эки жоктолгон. Элдин муңзарына чыдабай, Көл сапырылып, Жер онтоп, Ай-Күн тутулуп, Асманда жарык тутулуп, мүлдө Жан-Жаратылыш аркылуу үч жоктолгон. Мүлдө Жан-Жаратылыштын мөлл касиети уюган Айкөл Күч жоктолгон! Байыркы каан Манаска Улуу Кошок, кечээги Жоочу канды жоктоо – ошол деңгээлдеги Кош-Бэш!

Кошок – көзү өткөн кишилердин даража-ордуна ылайык, өтөгөн ишине карай ар деңгээлде, ар кыл адамдар тарабынан ар даражада кошулган. Жалпы мааниси – кош-бэш; кайтпаска узатуу.

Өзүнүн бүт өмүрүн: Байыркы эле, байыркы,байыркыдай болорбу; Эзелки эле эзелки, эскилердей тууларбы – деп эртегилерди зар эңсеп жүрүп өткөн эсил КУҢЗЫ дөөнүн эл безип, жер кезип, “түндүктөгү варварларга” суктанып жүрүп жыйнаган асыл мурас – “Өлөңдөр жыйнагынын” жогорудагыдай баптарда ирээттүү санжаптап берилишинде кылымдарга улуу үлгү жатыптыр. Ал эми бизге, башаттын дал өзүндө турган, кайнардын кара көзүндө турган жады поэзиясын жаңшаган “жапан элге” – мүлдөм тарыхый булак-сабак!

Эмесе, ачыла элек сандыкка бир багалы, бычыла элек кундузду колго алалы…

 ШИЦЗИН – ЫР БАЯН (Википедия эркин энциклопедиясынан)

 Шицзин Кытай адабиятындагы эң байыркы мурастардын бири. Көңкү Кытайдын ар кайсыл жергелериндеги  тилин,  идеологиясын,  адат-салтын чагылдырган,  ошондой  эле   мааниси  жана  стилистикасы жагынан  Индиянын «Риг-Ведасы»  менен байыркы  Персиянын «Авестасы» сымал мааниге ээ.  Конфуциандык канондошкон “У-цзин” (“Бештик” – “Пятикнижие”) жыйнагына кирген. Классикалык түрдө б.з.ч. XI-VI кылымдарда жаралган 305 элдик ырларынын ар кыл жанрларын камтыйт. Коом жана табият тууралуу нускалуу билим. Ырларды чогултуп, тандоо эмгеги Конфуцийге таандык деп эсептелинет.

«Ыр Баян» билимге карк төбөлдөр арасында кадырланган жана Кытайдын мен маданияттуумун деген катмарларында даназаланып келген. 20-кылымдагы археологиялык казууларда алгачкы империялык доордун жазма реформасы каптабаган тексттери табылган. Графикасы өзгөрүлмѳ болгону менен, цитаталар фонетикалык бир усулду чагылдырып турат. Демек, бул ырлар эң оболу оозеки түрдө таралып келген. Азыркы калыбында «Шицзинде» – 100 чөп-чардын, 54 башка өсүмдуктөрдүн, 38 куштун, 27 илбээсиндин, 41 балык жана курт-кумурскалардын аттары бар.

Ыр Баянды орус тилине А.А.Штукин которгон. Ал эми Батышка таанымал котормосунун бири Эзра Паундка таандык англис тилиндеги котормо.

ШИЦЗИН – ӨЛӨҢДӨР

(Кытай, англис, орус, кыргыз тилдеринде)

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ

   1.  騶虞

彼茁者葭,壹發五豝。于嗟乎,騶虞!

彼茁者蓬,壹發五豵。于嗟乎,騶虞!

 

Strong and abundant grow the rushes;

He discharges [but] one arrow at five wild boars.

Ah! He is the Zou-yu!

Strong and abundant grow the artemisia;

He discharges [but] one arrow at five wild boars.

Ah! He is the Zou-yu!

 Цзоу-юй  (Белый тигр)

(I,II,14)

Как пышно разросся камыш над рекой…

Пять вепрей убиты одною стрелой…

Вот, Белый наш тигр, ты охотник какой!

 

Густой чернобыльник стоит как стена.

Стрела – пятерых поразила одна…

Вот, наш Цзоу-юй, ты охотник какой.

 

Сур жолборс (Кайып мерген) 

 

Белеске чыккан талдайсың,

Беш каманды бир жыккан,

Береним мерген, кандайсың.

 

Каланып өскөн талдайсың,

Катарлап жыккан каманды,

Кабылан-Камбар, кандайсың!

 

    2.  日月

居月諸,照臨下土。乃如之人兮,逝不古處。胡能有定?寧不我顧?

日居月諸,下土是冒。乃如之人兮,逝不相好。胡能有定?寧不我報?

居月諸,出自東方。乃如之人兮,德音無良。胡能有定?俾也可忘。

日居月諸,東方自出。父兮母兮,畜我不卒,胡能有定?報我不述。

 

O sun; O moon,

Which enlightens this lower earth!

Here is the man,

Who treats me not according to the ancient rule.

How can he get his mind settled?

Would he then not regard me?

 

O sun; O moon,

Which overshadow this lower earth!

Here is this man,

Who will not be friendly with me.

How can he get his mind settled?

Would he then not respond to me?

 

O sun; O moon,

Which come forth from the east!

Here is the man,

With virtuous words , but really not good.

How can he get his mind settled?

Would he then allow me to be forgotten ?

 

O sun; o moon,

From the east which come forth!

O father, O mother,

There is no sequel to your nourishing of me.

How can he get his mind settled?

Would he then respond to me, contrary to all reason?

 Песнь забытой жены           

(I,III,4)

Солнце и месяц, вы свет земле

Шлете, плывя в вышине!

Древних заветы забыл супруг,

Стал он суров к жене.

Или смирить он себя не мог –

Взор свой склонить ко мне?

 

Солнце и месяц, не вы ль с высот

Льете на землю свет?

О, почему же любви ко мне

В сердце супруга нет?

Или смирит он себя? Найдет

Чувство мое ответ?

 

Солнце и месяц, радует нас

Вашим восходом, восток!

Слава худая идет о том,

Что муж мой со мной жесток.

Если бы смог он себя смирить,

Забыть меня разве бы мог?

 

Солнце и месяц, с востока вы

Всходите день за днем!

Мать и отец! Ведь вам меня

Не прокормить вдвоем.

Разве он может смирить себя?

Отклик найду ли в нем?

 

Салбар катындын арманы

 

Күнүгө чыккан күлүңдөп

Күн нурун тегиз төкпөйбү?

Күнү катындын күнү тууп

Күн сайын мени кектейби?

Күлүстөн жарым келбесе

Күйүттө өмүр өтпөйбү?

 

 

Ааламга чыккан жаркырап

Ай нурун тегиз төкпөйбү?

Анткоруна кошулуп,

Алганым мени жектейби?

Айланып бир күн келбесең

Арманда өмүр өтпөйбү!

 

Күлүктөй сызып куушуп

Күнүгө жаңы күн чыгат.

Күлүстөн шерим сени ойлоп

Күйүткө жүрөк тумчугат,

Күйөөдөн айтпай кудайым

Күйгөндөн айттым бир сабак.

 

Аргымактай куушуп

Ай артынан ай чыгат.

Ата-энемди ойлоп бир жактан

Арманга жүрөк жанчылат.

Асылым, айтчы, акыры

Азабың тартам канча убак …

 

      3.  凱風 
凱風自南,吹彼棘心。棘心夭夭,母氏劬勞。
凱風自南,吹彼棘薪。母氏聖善,我無令人。
爰有寒泉,在浚之下。有子七人,母氏勞苦。
睍睆黃鳥,載好其音。有子七人,莫慰母心。

 

The genial wind from the south

Blows on the heart of that jujube tree,

Till that heart looks tender and beautiful.

What toil and pain did our mother endure!

 

The genial wind from the south

Blows on the branches of that jujube tree,

Our mother is wise and good;

But among us there is none good.

There is the cool spring

Below [the city of] Jun.

We are seven sons,

And our mother is full of pain and suffering.

 

The beautiful yellow birds

Give forth their pleasant notes.

We are seven sons,

And cannot compose our mother’s heart.

 

Песнь о сыновьях, которые не сумели покоить старость матери

(I,III,7)

Южного ветра живительный ток

Веет, лелея жужуба росток.

Стали красивы и нежны ростки –

Высохла мать от забот и тоски.

 

Южного ветра живителен ток.

Вырос жужуб, теплым ветром согрет.

Ты, наша мать, и мудра, и добра,

Добрых детей у тебя только нет!

 

В местности Сюнь есть источник один –

Много несет он студеной воды.

Семь сыновей нас, а мать и теперь

Тяжесть несет и труда, и нужды.

 

Иволга блещет своей красотой,

Тонкие трели выводит вдали.

Семь сыновей нас у матери, мы

Дать ее сердцу покой не смогли!

 

Жети уул, бир эне

Күн жүрүштөн жел жоксо

Күңгөйдүн чөбү таралды.

Күтүп жүргөн энеңдин

Күйүттө чачы агарды.

 

Тескейден соккон салкын жел,

Теректин бүрү сабалды.

Тентегин күткөн энеңин

Телмирип чачы агарды.

 

Кайнардын кара көзүндө

Какшаган муздак суу агар.

Канча уулу кайтпай сапардан

Какшанып калды куурагыр.

Жекендин башы куураса

Жел соккон менен таралбайт.

Жети уулу баары биригип

Жеке энени бага албайт.

 

 

     4.  雄雉    

雄雉于飛,泄泄其羽。我之懷矣,自詒伊阻。
雄雉于飛,下上其音。展矣君子,實勞我心。
瞻彼日月,悠悠我思。道之云遠,曷云能來?
百爾君子,不知德行。不忮不求,何用不臧。

 

The male pheasant flies away,

Lazily moving his wings.

The man of my heart! –

He has brought on us this separation.

 

The pheasant has flown away,

But from below, from above, comes his voice.

Ah! The princely man! –

He afflicts my heart.

 

Look at that sun and moon!

Long, long do I think.

The way is distant;

How can he come to me?

 

All ye princely men,

Know ye not his virtuous conduct?

He hates none; he covets nothing; –

What does he which is not good?

 

Как пестрый фазан далеко улетает

(I,III,8)

Как пестрый фазан далеко улетает –

Медлителен крыл его плавный полет.

Супруг благородный, всем сердцем любимый,

Не он ли мне горе разлуки несет?

 

Фазаний самец далеко улетает,

Крик слышен то снизу, то вдруг с высоты…

Не сам ли, супруг благородный, любимый,

Мне сердце наполнил страданием ты?

 

Взгляну ли на солнце, взгляну ли на месяц,

Все думы мои лишь о нем, лишь о нем!..

Но в путь он собрался, я знаю, далекий.

Когда же он снова вернется в свой дом?

 

Да кто ж из людей благородных не знает,

Что доблестен муж мой в поступках и строг?

Нет алчности в нем, нет завистливой злобы!

Недоброе сделать он разве бы мог?

 

Кара куш* 

 

Кара куш көктө калкыган

Каалгытып канат какпайбы.

Казатка кеткен кайрандан

Кайгы алып келе жатпайбы.

 

Жору куш көктө айланат

Жогордон белги эмеспи?

Жорукка кеткен беренден

Жоболоң кабар эмеспи?

 

Ай сайын эмес, күн сайын

Арманым – өзүң жөнүндө,

Карааныңа зар ыйлап

Калганым – өзүң жөнүндө.

 

Карада жок эр эле,

Кан уулу менен тең эле.

Каалгыган көктө кара куш

Кабарыңа – кара муш!

Кандай күн болот  тегеле…

 

 

*Кытай философиясында кыргоол – Улуу Асман кушун жышаандайт. Бул кийин чыккан маани. Асмандын Улуу Кушу, акыйкатта, Кара Куш, т.а. Алпкаракуш. Биз байыркы таанымга негиздеп өлөңдү кыргоол (фазан) эмес Каракуш деп бердик.

 

        5.  式微 

式微式微,胡不歸?微君之故,胡為乎中露?
式微式微,胡不歸?微君之躬,胡為乎泥中?

Reduced! Reduced!

Why not return?

If it were not for your sake, O prince,

How should we be thus exposed to the dew?

 

Reduced! Reduced!

Why not return?

If it were not for your person, O prince,

How should we be here in the mire?

 

Зачем, о, зачем мы ничтожны, бедны 

(I,III,11)

Зачем, о, зачем мы ничтожны, бедны

Вдали от родимой своей стороны?

Или здесь не для вас собрались мы, о, князь,

Где едкая сырость и жидкая грязь?

 

Зачем, о, зачем мы ничтожны, бедны

Вдали от родимой своей стороны,

Назад не идем? Из-за вас без вины

В росе и грязи мы здесь мерзнуть должны!

 

Жокчулук   

Жерден кезип алыска

Тентиреттиң жокчулук.

Баткакка башым тыгылтып,

Эндиреттиң жокчулук.

Байдын көзүн каратып,

Кемсиреттиң жокчулук.

 

Элден безип алыска

Самтыраттың жокчулук.

Бардын колун каратып,

Жалдыраттың жокчулук.

Алдан күчтөн тайдырып,

Алдыраттың жокчулук.

 

[Жону катуу жокчулук

Жокчулукка көнөрбүз.

Жокчулукка көнбөсөк,

Жок болуп бир күн өлөөрбүз.]

 

       6.   旄丘 

旄丘之葛兮,何誕之節兮。叔兮伯兮,何多日也。
何其處也?必有與也。何其久也?必有以也。

狐裘蒙戎,匪車不東。叔兮伯兮,靡所與同。
瑣兮尾兮,流離之子。叔兮伯兮,襃如充耳。

 

The dolichos on that high and sloping mound; –

How wide apart are [now] its joints!

O ye uncles,

Why have ye delayed these many days?

 

Why do they rest without stirring?

It must be they expect allies.

Why do they prolong the time?

There must be a reason for their conduct.

 

Our fox-furs are frayed and worn.

Came our carriages not eastwards?

O ye uncles,

You do not sympathize with us.

 

Fragments, and a remnant,

Children of dispersion [are we]!

O ye uncles,

Notwithstanding your full robes, your ears are stopped.

 

Взросла конопля над пологим холмом   

(I,III,12)

Взросла конопля над пологим холмом,

Уж стелются юркие стебли кругом.

О, старшие родичи наши, увы,

Прошло столько дней, мы все помощи ждем!

 

Зачем же в поход не сбирается рать,

Иль, может быть, помощи надобно ждать?

Так долго, зачем не выходит она?

О, верно, тому быть причина должна!

 

Из лис наши шубы сносились не в срок.

Иль шли колесницы не к вам на восток?

О, старшие родичи наши, от вас

Сочувствия нет, ваш обычай жесток.

 

Остатки, осколки мы рати былой –

В скитаньях не знаем приюта себе.

Улыбчивы, старшие родичи, вы,

Однако не внемлете нашей мольбе.

 

Кендирим калды орулбай

Кырбусун жаап өндүрдүн

Кыйгасы тууду кендирдин.

Кеткендер кайтпай жолунан,

Кез ороктун жогунан

Кендирим турат орулбай.

 

Арс ичигиң кийдиңби,

Аскерди көздөй жүрдүнбү?

Аскерге кеткен келбейби,

Арс ичигин чечпейби,

Айлына жардам бербейби.

Катар тонуң кийдиңби,

Каңдыны көздөй жүрдүңбү?

Каңдыга кеткен кайтпайбы,

Калтар тонун чечпейби,

Калкына жардам айтпайбы.

 

Орокко салып ийгенге

Оорукта катын, бала жаш.

Жорукка кеткен берендер,

Кары картаң, тууганга

Кайрылып келип каралаш.

 

Айтса, кыргызда ээзел күндөн келаткан

мындай элдик ырлар бар:

Кырбууга чыккан буудайды

Кулпунтуп шамал ыргайды,

Кызылын жерге калтырбай

Кызуусунда оруп жыйнайлы.

Кулпунган ушул турмушта

Курдаштар ойноп жыргайлы.

 

Тектирге чыккан буудайды

Теңселтип шамал ыргайды,

Тегизге эрте түшүрүп,

Теминди эрте бүтүрүп

Ороого салып жыйнайлы.

Теңдиктүү ушул заманда

Теңтуштар ойноп жыргайлы.

 

          7.   靜女 
靜女其姝,俟我於城隅。愛而不見,搔首踟躕。
靜女其孌,貽我彤管。彤管有煒,說懌女美。
自牧歸荑,洵美且異。匪女之為美,美人之貽。

 

How lovely is the retiring girl!

She was to await me at a corner of the wall.

Loving and not seeing her,

I scratch my head, and am in perplexity.

 

How handsome is the retiring girl!

She presented to me a red tube.

Bright is the red tube; –

I delight in the beauty of the girl.

 

From the pasture lands she gave a shoet of the white grass,

Truly elegant and rare.

It is not you, O grass, that are elegant; –

You are the gift of an elegant girl.

 

Тихая девушка  

(I,III,17)

Тихая девушка так хороша и нежна!

Там, под стеною, меня ожидает она.

Крепко люблю я, но к ней подойти не могу;

Чешешь затылок, а робость, как прежде, сильна.

 

Тихая девушка так хороша и мила!

Красный гуань в подарок она принесла.

Красный гуань сверкает, как будто в огне;

Как полюбилась краса этой девушки мне.

С пастбища свежие травы она принесла.

Как  хороши и красивы побеги травы!

Только вы, травы, красивы не сами собой –

Тем, что красавицей милой подарены вы!

 

Моймолум  

 

Керилген талдай жаш жубан

Керегеден көз салдың,

Кермеде башы – мен кунан

Кежигем кашып тим калдым.

 

Өрүлгөн талдай жаш сулуу

Өрүгүң сундуң каш кагып,

Өрүк комуздай чертилдим

Өрттөнүп кетчү баштанып.

 

Жайкала басып моймолжуп

Жайлоонун тердиң ышкынын.

Жалооруй карап сунганда

Жандырып ийдиң ышкымы.

 

 

     8.   羔裘    

羔裘如濡,洵直且侯。彼其之子,舍命不渝。
羔裘豹飾,孔武有力。彼其之子,邦之司直。
羔裘晏兮,三英粲兮。彼其之子,邦之彥兮!

 

His lambs’s fur is glossy,

Truly smooth and beautiful.

That officer,

Rests in his lot and will not change.

 

His lambs’s fur, with its cuffs of leopard-skin.

Looks grandly martial and strong .

That officer,

In the country will ever hold to the right.

 

How splendid is his lamb’s fur!

How bright are its three ornaments!

That officer,

Is the ornament of the country.

 

Баранья придворная шуба

(I,VII,6)

Баранья придворная шуба блестит,

Мягка, и гладка, прекрасна на вид.

О, это такой человек, говорят,

Судьбой он доволен и верность хранит.

 

А барсовый мех к рукавам прикреплен.

Отважен сей подданный, смел и силен.

О, это такой человек, говорят, –

В отчизне был правды ревнителем он.

 

Пышна эта шуба баранья на нем –

На ней украшенья сверкают огнем.

О, это такой человек, говорят,

Достойнейшим был он в отчизне бойцом!

Карадан чыккан шер

Көкүрөгү күймөлүү

Көрпө ичик эле кийгени.

Көз жоосун алып көйкөлүп,

Көп ичинде жүргөнү.

 

Илбирс ичик кийгени,

Илбирстей эле жүргөнү.

Элинде болгон нерсени

Илгиртпей дароо билгени.

 

Көбө келсе көйкөлгөн,

Жаба келсе жайкалган,

Карадан чыккан шер эле

Калкын жоодон кайтарган.

 

               9.    伐柯

伐柯如何?匪斧不克。取妻如何?匪媒不得。
伐柯伐柯,其則不遠。我覯之子,籩豆有踐。

 

In hewing [the wood for] an axe-handle, how do you proceed?

Without [another] axe it cannot be done.

In taking a wife, how do you proceed?

Without a go-between it cannot be done.

 

In hewing an axe-handle, in hewing an axe-handle,

The pattern is not far off.

I see the lady,

And forthwith the vessels are arranged in rows.

 

О скором сватовстве 

(I,XV,5)

Когда топорище ты рубишь себе –

Ты рубишь его топором.

И если жену избираешь себе  –

Без свах не возьмешь ее в дом.

 

Когда топорище рублю топором,

То мерка близка, говорят.

Увидел я девушку эту – и вот

Сосуды поставлены в ряд!

 

 Жуучу түшүү

 

Балтага балта кайраса

Балтанын мизи түтпөйбү.

Жубайлуу болсом дегендин

Жуучуга иши түшпөйбү.

 

Балтаны сукса балтага

Эскини жаңы кеспейби.

Жалт карай салса ыргаалым,

Жанчылтып жүрөк эзбейби.

4 thoughts on “БОСОГОДОГУ СӨЗ же КЫТАЙДЫН ТҮБҮН ТИРЕГЕН КЫРГЫЗ

  1. Чоюн ага, ишиңизе ийгилик, күчүңүзгө күч кошулсун, демиңизге дем кошулсун, кыргыздын касиетин ачууга көмөктөш болуп жатканыңыз улуу милдетти аркалашыңыз кубаттарлык көрүнүш.

  2. Өткөдү жаңыртыпсыз, өлгөндү тирилтипсиз. Аракетиңизди Түркий Эл билсин, акыбетин көрүңүз!!!!

Leave a Reply to арап Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *