Жумагүл САРИЕВА, «Чапан» студиясынын жетекчиси: «Байыркы чапаныбыз жашап кетсин деген эңсѳѳм аз да болсо орундалды»

1-1

 

24-сентябрдан 27-сентябрга чейин ѳткѳн Москва шаарындагы «Россия модасынын» VI конкурсунда «Аялдардын үстүнкү кийимидери» номинациясында биринчиликти уткан «Чапан» студиясы ушул жылдын 17-мартында Кыргызстандын Жеңил ѳнѳржайынын конкурсунда Гран-при утуп алып, жогоруда аталган конкурска бара турган жолдомого ээ болгон. Азыркы алар жетишкен сыйлык – «Россия модасынын» сыйлыгы – россиялык «Текстильлегпромдун» анык адистик жана чыгармачылык үчүн бериле турган жогорку сыйлык.

 

 

11-1Кыргыз кийимдеринин баалуулугу катары байыртан келаткан бул шырылган чапандарды Жумагүл САРИЕВА  заманбап түспѳлүндѳ алып чыкканына бир жарым гана жыл болду. 2012-жылдын апрель айындагы эң алгачкы  коллекциясы менен биздин гезит окурмандарды тааныштырган эле.  Ушул кыска убакыттын ичинде сымбаттуулугу, жарашыгы, ѳзгѳчѳлүгү, нукуралуулугу менен кѳпчүлүктүн кѳѳнүнѳ отурган чапандар мына эми Россиянын эң мыкты дизайнерлеринин жогорку баасына татып, келечекте алардын дагы кѳптѳгѳн сунуштарын, чакырууларын алып, буйруса Россиядан тыш мамлекеттерди да багындырганы турат. Эмесе, бүгүнкү маегибиз Москва шаарында ѳткѳн конкурстагы ийгиликтер жана чоң жеңиш боюнча болмокчу.

 

– Жумагүл айым, кыргыз чапандарын сыртка таанытып, утушка ээ кылып, анын жашоо мейкиндигин кеңейтип келгениңиздердин ѳзү кыргызга жасаган чоң кызматыңыз. Айтсаңыз, ушул ишти баштаганда сиздин койгон максат-оюңуз кандай эле, ошол нерсеге жеттиңизби?

1-6– Кыргыз чапаны мен үчүн жѳн эле максат-ой эмес, кѳкүрѳктѳ жаткан аруу тилек, ѳзүмѳ койгон катуу талап эле: чапан азыркы жашообузга кирип, жашап кетиши керек дечүмүн.  Азыр апам 94 жашка чыкты, ѳзү манаптын кызы болгондуктан ар бир кийимди барк-баасы менен кийип, күмүш жасалгаларынын да нукурасын гана тагынчу. Ал ѳз балдарына гана эмес, айылдаштарына да шырылган чапан, чыптама жана башка кийимдерди тигип берчү. Кийин сатыкка чыккан улуттук кийимдерибизден ага сатып берсек кийбей, «мындай болчу эмес эле, сүрѳттү деле тартасың, ойу деле чийесиң, нукура чапан тиксең боло, ушул чапанды дегеле баштабай койдуң» деп нааразы боло берчү. Анан шырылган чапандын эң алгачкысын ушул апама тигип берип сынатып, кеңешин алып, андан кийин анан азыр силер кѳрүп жаткан чапандардын коллекциялары уланып кетти.

– Коллекцияңыздагы жаштар үчүн арналган чапандар заманбап тигилген эмеспи, ал эми алардын нукуралуулугу эмнесинде сакталган?

1-4– Заманга жараша албетте ар кандай стилде ѳзгѳртүүдѳбүз, бирок, анын нукура кездемеси,  шырылганы, кайда жүрсѳ тоголоктоп салып алсаң да бырышпай жүрѳ бергени, жеңил болсо да жылуулугу, ыңгайлуулугу ѳзгѳргѳн жок. Андыктан чапан деген аты менен ар кимдин табитине жараша узун же кыска, кѳк же жашыл болуп жашай беришин туура кѳрѳм. Бул чапанды эскиче тигилиште кармай бергенде жаштарыбыз кийбейт, ал эми ар кандай стилде чыгып жатышы кеңири чѳйрѳнү камтып, «чапан» деген аталышты, түшүнүктү, кийимдин ѳзүн жаштарыбызга таанытууда.

– Москвада болгон конкурс боюнча кеп салсаңыз, россиялыктардан кандай мактоолорду уктуңуздар?

– Биринчиден, Россиянын жеңил ѳнѳр жайынын иштермандарына рахмат, бизди чакырып, жолдомо берип, ушинтип катышууга мүмкүнчүлүк бергендери үчүн. Экинчиден, Россиянын Мода индустриясынын баардык жюрилерине рахмат. 11-4Алар биздин чапандарга абдан суктанып, баалап, биздин кѳрсѳтүү болгондон кийин бѳлмѳбүзгѳ ѳздѳрү басып келип, эртеси да атайы жолугушууга чакырып, мени менен маектешишти. Чын эле чапан аларды багынтканынын даана далилин мындан билсек болот: чапан кѳргѳзүүсү болгон күндүн түнү  конкурстун уюштуруучусу Вера Александровна мага телефон чалып,  «жюрилердин консультациясын, ой-пикирин ѳз ооздорунан угууга адатта дизайнерлер үчүн кыйынга турат, ал эми сизди ѳздѳрү атайы чайга чакырып жатышат, эртең сѳзсүз саат 6га келиңиз» деди. Эртеси барып алар менен кофе ичип олтуруп, мактоолорун да, жакшы акыл-насааттарын да  уктум. «Кичинекей эле ѳлкѳдѳн чыгарган чапандарыңар менен Россияны жеңип жатасыңар, силер Россиянын тарыхындагы Мода-шоусуна бир чоң жаңылык алып келдиңер, ушунуңарга рахмат» дешип, Россиянын мода индустриясынын эксперти Андрей Бурматиков: «Этно стилин заманбап кылыш, кийгенге ылайыкташ жана эскини орду менен жаңылаш дизайнерликтеги оор тема» деп баса белгиледи. Питердин бүтүндөй мода дүйнөсүн алдыга чыгарып, улам жаңылык киргизип келаткан атактуу Ирина Ашкенадзе болсо чапандар көргөзмөгө чыгар мезгилден баштап эле бизди кубаттап, «силердин чапаныңар мыкты, силер сөзсүз жеңишке жете аласыңар» деп сүрөп келди.

1-3Чапандын ѳңүнѳ, айрым ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳ дагы башка жаңылык киргизип берсеңиз деп сунуштап, эгер ушундай-ушундай кылсаңар, анда биздеги эксклюзивдүү элит кийимдери сатылган Москвадагы дүкѳндѳрдѳ чапандарды сатыкка коюуга мүмкүнчүлүк бар дешти. Ал эми бир жюриси эркектердин чапандарын алып келүүбүздү, эгер бар болсо ѳзү да кийерин айтып ѳттү.

Жюрилер шырылган чапандарга суктанып олтуруп, «Шырылган кийим азыр  модада жана абдан талап болуп жатат, чапандардын ѳң-түсү да учурдагы модага тѳп экен, сиз ѳз убагына туш келиптирсиз» дешкенинде, «Менин ата-бабаларым ѳмүр бою ушундай шырылуу кийимдерди кийишкен» дешсем, ыраазы боло күлүп калышты.

– Адатта талабы күчтүү мыкты адистер сѳзсүз сын айтышат эмеспи, чапандарга кандай жагынан сын болду?

11-5– Таңкалычтуусу, алар бир да сын айтпаганынан, мен аларга кайрылып: «Силер кантсе да мода индустриясы абдан ѳнүккѳн ѳлкѳнүн  жюриси болосуздар, мага да сабак болсун, жок дегенде бир кичине кемчиликтерибизди айтып кеткиле, ѳтѳ мактап койдуңар» десем, «Жок, эч кандай кемтик айта албайбыз, сизге 5 + менен, сиз ѳзүңүзгѳ жогору баа бербеген ѳтѳ карапайым мүнѳз адам экенсиз» дешти. Чынында, бул баа – мен үчүн чоң эле баа. Анткени, мен бизнес кылайын, же акча таап алайын деп максат койгон эмесмин, оюма да келген эмес. Жогоруда айткандай, апамдын ѳтүнүчүн, ѳзүбүздүн кыргыздар кыргыз кийимин кийсе деген тилегимди ишке ашырсам дегем. 25-сентябрдагы чапан кѳрсѳтүүсүнѳн соң тааныбаган эле ошол жактагы кѳрүүчүлѳр сырттан бизди жакшы кабыл алышып, кол булгалап, «Чапан, молодцы», «Чапан, эң мыктысыңар!» деп жатышты. «Чапан» деген сѳздүн кайра-кайра кайталанып, «чапан каяктан келиптир, кайсы ѳлкѳнүкү экен» деген суроолор болгон сайын, Кыргызстан, Бишкек айтылып турду.  Уктап турган жеримден чапанды кѳтѳрүп чыксам деген эңсѳѳм кичине болсо да орундалганына, «чапан» деген сѳз менен кошо кыргыз жергеси айтылып турганына Москвадан абдан кубанып келдим.

11-6Жюрилер мени Кыргызстандагы эң атактуу адамдардын бири деп ойлошуп, «эмне үчүн мындай күчтүү дизайнерди биз ушул убакка чейин билген эмеспиз, сиз жѳѳ да баспайт окшойсуз» дешип, «маршруткада эле жүрѳм» дегенимде ѳтѳ таңкалышты. Анан алар «Чапандар  азыр сатсаңар эле азыр кетчү товарлар, азыртан эле биздеги чоң-чоң кѳрүнүктүү фирмалар кызыкдар болуп жатат, жазында дагы бир показга келиңиз, дагы бир жолу кѳрсѳтүңүз, Кыргызстан кандай экенин билбейбиз, биз жардам бергенге, колдогонго, сатыкка чыгарганга даярбыз» дешти.  «Кыргызстан деле колдоп атат, ѳзүм табиятты жакшы кѳргѳндүктѳн жѳѳ жүрѳм» деп койдум. «Сиздин мүнѳзүңүз абдан карапайым, жѳнѳкѳй экен, жеңишиңизди деле сезбейт окшойсуз» дешет күлүп. Чынында менин ички дүйнѳм алып-учуп, ата-бабаларыбыздын чапан деген аты кайра-кайра аталып, жашоосун улантууга жол ачылганына жан дүйнѳм менен сүйүнүп жаттым.

Россиянын мода индустриясын сыртынан гана эмес, ичинен да кѳрүп, таанышып, кѳптѳгѳн сунуштарды алып, кѳп нерсеге кѳзүм жетти. Биз чапандын мындан аркы жарык жолун ачып алдык деп ишенем.

d«Чапан» студиясынын конкурста ээ болгон сыйлыктары

  • “Подиум” сыйлык-статуеткасы
  • «ВВЦ лауреаты” алтын медалы
  • “Юнсен Текстиль” компаниясынан үстүнкү кийим кездемесине сертификат
  • “Интернационал Текстиль” журналына «Чапан» студиясын чагылдыруу үчүн атайын сыйлыгы
  • Россиялык КАРО текстиль компаниясынын 30 метрлик кездемесине сертификат 
  • “Сарафан 24.ру” сайтынын сервисине акысыз кошулуу сертификаты

One thought on “Жумагүл САРИЕВА, «Чапан» студиясынын жетекчиси: «Байыркы чапаныбыз жашап кетсин деген эңсѳѳм аз да болсо орундалды»

  1. Жумагул эжеге ызатым бар!Коптон бери “Эже,качан мырзаларга чапан тигесиз?”-деп сурап келем!Мына калыстардан да бироо кызыккан турбайбы?Эже!эми киришпесениз болбойт!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *