Жашоо сабактары

7-сабак

Жашоонун кубатын алган адам – бактылуу
Жашоонун сабагын алган адам – акылдуу
Жашоонун белгисин билген адам – олуя.

Жашоонун негизин кармаган адам – барктуу
Жашоонун азабын тарткан адам – муңдуу
Жашоодо адашкан адам – аянычтуу.


Байлык түрлѳрү
Адамдын түшүнүгү боюнча бул дүйнѳдѳ 3 түр байлык болот.

1 – жан дүйнѳ байлыгы
2 – акыл байлыгы
3 – казына байлыгы

ЖАН ДҮЙНѲ БАЙЛЫГЫ ченегенге болбогон Кудайдан берилген байлык.
АКЫЛ БАЙЛЫГЫнын бул дүйнѳдѳ 3 түрү бар:
1. Укумдан тукумга калган ата-тектин акылы. Бул акыл муундан муунга, тукумдан тукумга улам ѳркүндѳп, тайыздап, үзүлүп, кайра уланып келүүдѳ. Бул акылды биз жүрүм-турумубуз менен, ой-толгообуз менен, сүйлѳгѳн сѳзүбүз менен жашоо ыргагында алып келүүдѳбүз.

2. Унут калган, сыры ачылбай туюнду калган акылдар. Бул акылдар сыр белги болуп таш жазууда, кол жазууда жана башка негиздерде калган акылдар.

3. Ааламдан келген акыл. Бул акыл адамдын акылынан тышкары туюм менен кабыл алынчу акыл. Ааламдан келген акыл 3 булактан турат.
Биринчи булак – Улуу күч.
Экинчи булак – кара күч.
Үчүнчү булак – сырдуу күч.
Экинчи, үчүнчү булактан келген акыл андан ары дагы тарамдап кетет.

КАЗЫНА БАЙЛЫГЫ адамдын жашоосуна керектелчү тиричилик дүйнѳсүндѳгү сарамжал жана жашоого негиз берчү каражаттын бѳлүгү. Казына байлыгына кызыккан адамдын саны жан дүйнѳ жана акыл байлыгына кызыккан адамдардын санынан бир топ эсе кѳп.

Улут байлыгы деген эмне?
Улут байлыгы – бул улутка таандык акыл казынасы, билим деңгээли, улут саламаттыгы, улуттук дем.

Улуттун акыл казынасына булар кирет:
1. Макал-лакаптар. Кылым карыткан макал-лакаптарда жашоо негизин түшүндүргѳн акыл сѳздѳр камтылган.
2. Каада-салт – байыртан келаткан турмуш тажрыйбасынан иштелип чыккан жашоо мыйзамы.

Улуттук дем – бул кѳкүрѳктѳгү улут үчүн күйгѳн от, ѳз улутуна карата сезим күчү (сыймыктануу сезиминен баштап уялуу сезимине чейин). Улуттук дем тая баштаса, улуттун келечеги кууш. Улуттук деми күчтүү улуттун келечеги кең.

Максат
Максатсыз жашаган адамдын жетишкендиги максаттуу адамдыкына салыштырмалуу ѳтѳ аз. Ар бир адам алдыга максат коюп жашаганы абзел. Максат адамга кубат, шык, жѳндѳм, изденүү берет. Максатка жетем деп адам түйшүк тартат, бирок ал түйшүк адамга чоң оордук бербейт, себеби ал максатына жетүүчү тепкичтер болуп эсептелет.

Максаттуу жашаган адамдын убарасы максатсыз жашаган адамга караганда аз. Себеби ал күчүн эмнеге, кайсы жакка жумшаарын эртелеп билет. Максатсыз адамдын убарасы, түйшүгү, изденүүсү кѳп болот. Ар бир адам келечекке максат коюп, ѳзүнүн ордун тапканы оң.

Тилек
Кубаттуу, демдүү адамдын тилеги күчтүү болот. Эгер адам тилекти бага билсе, дайыма ойлоп келсе, анда тилегине жетүүгѳ Кудай кѳп шарт жана мүмкүнчүлүк берет. Адамдын тилеги, ою бир нукта болуп турганы оң. Эгерде тилектин, ойдун нугу улам ѳзгѳрүлүп турса, анда адам тилегине жете албайт. Себеби, улам бир нукка Кудайдан жагдай-шарт түздѳлѳ баштаганда – адамдын тилеги ѳзгѳрүлүп, жагдай-шарт ага таандык болбой калат. Ошондуктан адам кѳкүрѳктѳ эңсеген тилегин ѳзгѳртпѳй бага билгени оң.

Кубаттуулук
Адамдын ой-толгоосу, айткан сѳзү кубаттуу болсо, ал кѳп ийгиликтерге жетет, башкаларга үлгү боло алат, жарык (нурдуу) жашоодо болот, белектүү жолу болот.

Адамдын тагдыры анын ой толгоосуна жараша болот.

Ойдун кубаттуусун ойлогон адам аркасынан эл ээрчитет.

Ойдун тайызын ойлогон адам жетишкендиги жок, жетекте болгон адам.

Акылдын тереңине жеткен адам – жашоо ыргагын тааныган адам.

Кѳп учурда адам кубат менен күчтүн айырмасын биле албай жашап келет.

Кубатты тааныган адам ѳтѳ сейрек адам.

Кубанычты тартуулаган адам – кубаттуу адам.

Кубанычты бере албаган, бирок ѳзүнүн жакшы таасирин тийгизген адам – бул абдан күчтүү адам.

Үмүттү жандырган адам – ѳтѳ кубаттуу.

Сулуулукту таанып-билип, ага баа берген адамдын жашоосу кубаттуу.

Мезгилдин сыноосунан ѳткѳн адам – айбаттуу, кубаттуу, таасирлүү.

Кылымдан кылымга, жашоодон жашоого ѳтүп, ѳзүнүн таасирин иликтеген адам – жашоонун кубатын тааныган адам.

 

Маанилүү сѳз жана туура тилек
Адам жашоодо кѳп сүйлѳйт жана кѳп сѳздѳргѳ маани бербейт. Сѳздѳ чоң күч, кубат бар. Ошондуктан, ар убакта адам сѳзгѳ маани бергени оң.

Туура сүйлѳп, туура тиленбесе, жакшыны тилеп жатам деп туура эмес тилеп алышы мүмкүн. Мисалы: «Мага Кудай акыл тереңдигин берсин», «Мага Кудай мээрим берсин» – бул абдан жакшы тилектер. Ал эми: «Мени Кудай эч нерседен кем кылбасын» деп тиленүү – ѳтѳ начар тилек. Себеби, адам ѳзүнѳ ѳтѳ кѳп нерсе сурап жатат. Жашоодо жакшы да бар, жаман да бар, жыргал да бар, куурал да бар. Бул тилекте адам куурал менен жыргалды, кайгы менен таалайды – баарын текши сурап жатат. Мунун туурасы мындай: «Мени Кудай жакшыдан кем кылбасын».

Эгер адам маанисиз сѳздү кѳп сүйлѳсѳ – ал тайыз адам. Терең адам сыйлуу, баалуу, барктуу келип, сѳзү салмактуу, насааттуу, калыс болот. Аны менен маектешкенди каалап-эңсегендер кѳп чыгат.

Жалындуу сезим
Жалындуу сезим ар бир адамда боло берет. Бирок, ѳѳрчүп турган учуру – жаштык курак.

Жалынды туура негизде, туура багытка бурса – жалын менен кѳп иш бүтүп калат. Жалын дайым эле адамда боло бербейт. Адам жалындап турган учур ѳтѳ аз.

Жалындын кубатын, жалындын табын, жалындуу учурду таанып-билген, аны колдонгон адам аз болот. Эгер ушул учурду туура пайдаланса кѳп иш башталат да, ошол иштин кубаты, таасири кылымга, муунга, жылдарга созулушу мүмкүн. Ошондуктан, ошол жалынды, тапты туура негиз берип, туура багыт берип ѳз убагында жолун түздѳп койсо, ал иш ѳзү эле ѳѳрчүп кетет.

Топтун күчүн, топтун кубатын жана жалынды бириктире билген киши – бул аалым, кѳсѳм, данакер киши.

Ден соолук
Адамдын ѳмүрү узун болуш үчүн адам ден соолукта болушу зарыл. Ден соолук адамга кубат, күлкү алып келет. Дениң сак болбосо, сага байлыктын да, бийликтин да кереги жок.

Ооруга чалдыкпаш үчүн адам 3 нерседен алыс болгону оң:
1. Кѳңүлү чѳккѳндѳн
2. Таарынычтан
3. Ашык тамактан

3 нерсеге жакын болуш керек:

1. Тазалыкка
2. Кыймылга
3. Адепке (тамактануу адеби, жашоо адеби, кыймыл адеби ж.б.

Жүрѳк менен кабыл алчу акылдар
Ыраазы болуп жашаган адамдын ѳмүрү узун болот,
Нааразы болуп жашаган адамдын оорусу кѳп болот.

Кѳптү кѳргѳн адам мыкты эмес,
Кѳптү сезген адам мыкты.

Адам жакшыга жетем десе, ошого жетерлик ой-санаасы, иш кызматы болгону оң.

Адамдын адамга жакканы абзел эмес, ал бийикке (Кудайга) жакканы оң.

Адам Бийикке кызмат кылсын. Бийикке жаккан кызмат кылсаң, Бийиктен ырыскы, береке келе берет.

Оюн туура нукка бурса, адам ѳсѳт.

Акылды айткан акылдуу эмес,
Акылды колдонгон акылдуу.

Жакшы сѳздүн урматын билген адам аз,
Сѳздүн тереңин сезген адам жокко эсе.

Жакшы сѳздү акыл менен эмес, жүрѳк менен кабыл ал.

Жакшы үрѳн береке берет,
Жаман үрѳн азап берет.

Ар бир адам ѳзүнѳ жооптуу.

Ар бир адамдын ѳзүнүн ырыскысы ѳзүндѳ.

Бирѳѳнү туура эмес жамандасаң, анда анын жүгүн ѳзүңѳ аласың. Эч качан бирѳѳнү жѳнү жок жамандаба.

Жакшы нерсенин баарын ачуу жууп кетет. Ички ачуу – бул: санаа, кек, ыза, жин, күралбастык, ич тардык ж.б. Сырткы ачуу – бул: тамеки, арак, кумар, азгырык.

Адам бул жашоодо из калтырышы керек. Жаркыраган из – бул жакшы тукум. Ар бир кыргыз жакшы тукумга жетсе – биздин улуттун улуулугу, тазалыгы.

Ѳзүңдү сыйлай бил, басынба, менменсинбе. Кудайдын жазасы, Кудайдын мээрими бар экенин бил.

«Бакдѳѳлѳт» коомунун «Жашоо сабактарынан», байланышуу телефондору: 0771 144-820; 0552 853-555.

2 thoughts on “Жашоо сабактары

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *