Аш таппасаң да, сѳз тап…

Ак жалгасын – жакшылык болсун, жакшылык жалгасын

Акка моюн сунуу – каза болуу, дүйнѳдѳн кайтуу

Акма кулак – укканынын баарын унуткан адам

Ак ѳпкѳ болуу – кыйналуу, күйүгүү

Акыбети кайтуу – ишинин үзүрүн кѳрүү

Аягы асманга чыгуу – жамандык ишинин бети ачылып, уят болуу

Аягы жерге тийбеген – иштебей, ушак айтып басып жүргѳн

Бармагынан бал тамган – уста, чебер адам

Бармагын тиштѳѳ – ѳткѳн ишке ѳкүнүү, ѳкүттѳ калуу

Баш териси бузук – жаман ойлуу, ниети бузук.

Баш териси  тырышуу  – кыжырлануу, жинденүү, ачуусу келүү

Башы байлануу – ѳз ою жок, бирѳѳлѳрдүн эрки менен болуу

Башы жер саюу – иши оңунан чыкпай калуу

Бекер ооз – оозуна келгенди сүйлѳй берүү

Белди бекем буу – кайраттан, ѳзүңѳ дем бер

Бели каткан – чоңоюп эр жеткен, баралына келген

Бели майышкан – кыйынчылыкка туруштук бере албай калган

Бетинде кызылы бар – абийирдүү, уяттуу, намыстуу

Бети карайып калган – маскара, уят болгон

Бети ачык – тастаңдаган, тартынбаган

Бети калың – кенебес, тоотпогон

Бети кара – адамкерчиликчиз, уятсыз

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *