Алым сабак, айтым кеп

 Асыкбек Оморов (Чын Темир), жазуучу

Ондогон кылымдарды карыткан кыргыз элинин ичинде кара кылды как жарган калыс, калпыс иштерден алыс, бечараларга бел, карыптарга караан болгон далай бабаларыбыз жашап өткөн. Алардын атагы алыска чыккан, калк оозуна алынып, эл анын өзүн көрбөсө да, сөзүн бири-бирине айтып, ушул убакка чейин сыймык менен даңазаланат.

Кыргыздын айрыкча философиялык багыттагы дүйнө таанымы өтө күчтүү айтылып, элдик оозеки чыгарманын бир түрү болуп келген. Ал «алым сабак, айтым кеп» деп аталат. Илгери кыргыздар жаш муунду алым сабак аркылуу сыначу. Ким жакшы жана туура жооп берсе, андай балдарды акын, сынчы, жомокчу, санжырачы бабаларыбыз ата-энесинен сурап алып, кошо ээрчитип эл таанытып, жер көргөзүп, айлап-жылдап журт аралатышчу.

Жаңыдан акыл-эси өнүгүп келе жаткан жаш муун ушинтип турмуш менен тарбияланып, аң-сезими, акыл-эси өсүп, өзүнөн кийинки жаштарды тарбиялачу. Кыргыз элинин нарктуулугунун бир сапаты ушунда.

Эмесе, ошол эзелтен калган кыргыз элинин «алым сабак, айтым кебинен» үзүндү катары кээ бир суроолорун окурмандарга чечмелеп кетейин.

Тирүү жандын атасы ким?

Энеси ким?

Каны кайсы?

Жаны кайсы?

Тирүү жандын атасы – Күн.

Энеси – Жер.

Каны – Суу.

Жаны – Аба.

Асыл болсоң күндөй бол,

Ааламга жарык нур берген.

Жакшы болсоң жердей бол,

Баарын чыдап көтөргөн.

Таза болсоң суудай бол,

Баарын жууп кетирген.

Улукман болсоң желдей бол,

Ушунча жанга дем берген.

 

Баланы жоктон бар кылган,

Ата-эне да ушундай.

Күн болуп нур берет,

Жер болуп эмчек эмизет.

Суу болуп кан киргизет,

Аба болуп жан киргизет.

***

– Жер сиңип кеткен жети Ата,

Ал эмне?

Жерди жемире баскан чал Буура

Ал эмне?

 

– Жер сиңип кеткен жети Атаң

Жети атабыз эмеспи.

Жердин жемире баскан чал Буура

Түпкү атабыз эмеспи.

***

– Асман менен Жердин ортосу канчалык

Калп менен чындын ортосу канчалык?

– Асман менен Жердин ортосу каш менен кабактын ортосундай – каш көтөрүп өөдө карасаң – Асман, кабак түшүрүп ылдый карасаң – Жер.
Калп менен чындын ортосу төрт эли – кулак менен уксаң – калп, көз менен көрсөң – чын.

***

– Бул дүйнөдө оордун оору эмне?
Жеңилдин жеңили кайсы

Жакындын жакыны кайсы?

 

– Бул дүйнөдө оордун оору – жокчулук.

Жеңилдин жеңили – мамиле.

Жакындын жакыны – жар болот.

 

***
– Үч арсыз, беш кайып – булар эмнелер?

– Үч арсыз – уйку, күлкү, тамак. Буларда ар жок.

Беш кайып – насип кайып, кырсык кайып, дидар кайып, нике кайып, ажал кайып.

***
– Жети жетим кайсылар?

– Чөп чыкпаган жер жетим.

Тыңшалбаган сөз жетим.

Багылбаган мал жетим.

Кемпири жок чал жетим.

Бойго жетип, эр албаган кыз жетим.

Элинен кеткен эр жетим.

Башчысы жок эл жетим.

***

– Кордук деген эмне?
Муңдук деген эмне?

Зардык деген эмне?

 

– Кордук деген – оору.

Муңдук деген – өлүм.

Зардык деген – жокчулук.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *