Ысык-Кѳл – бейиштин бир эшигидир

Бактыбек МАКСҮТОВ, «Айкөл Манас» фондусунун төрагасы

Манас бабабыз биринчи жолу Алтайдан Алатоого келатып, Үч-Каркырадан өтүп, Кызыл-Кыя менен кыялай түшүп, мелтиреп жаткан Ысык-Көлдү көрүп, сулуулугуна таң калып, жанындагы Ажыбайга кеп салган экен:

– Ээ Ажыбай, ушундай да сулуу көл болобу, ушундай да кооз жер болобу?! Суук көзгө көргөзбөс, ыпылас бутка бастырбас, кир колго карматпас, кыргызымдын пейилине жараша маңдайына бүткөн керемет көл экен го!? Көлдүн сулуулугуна, жердин байлыгына кызыгып, далай кан төгүшкөн кармаштар болуп, нечен азамат эрлердин баштары топтой томолонуп, көз жаштар далай агат ко, айланайын Ысык-Көлүм сен үчүн.

Колун сууга этиеттеп малып, жүзүн чайканды. Колун маңдайына тарта бата кылды:

– Айланайын көлүм, кылымдардан бери келаткан касиетиңден жазба, элим үчүн акжолтой боло көр. Сулуулугуңдун, байлыгыңдын убай-урматын кылымдардан кылымдарга кыргыз эли көрсүн. Оомийин…

Жанындагы кырк бала кошо бата кылышты. Көлдү жээктеп жүрүп олтурушуп аягына келгенде шар бастырып кете албай, айланчыктап бир азга турушту. Касиеттүү көл мемиреп, бала Манас баш болгон кырк балага ак жол каалап, сулуулугунан жазбай мемиреп жатты.

(Б. Максүтов, «Айкөл Манас баяны». 1-китеп, 57-бет, 2004-ж.)

Тарыхты карап отурсаңыз, 18-кылымдын башында калмактар көлдү ээлеп, кыргызды туш тарапка сүрүп, Гиссар, Кулябка чейин тентиткен экен. Кийин, бир топ жыл өткөндөн кийин, туз-насип буюруп ошол эле кылымдын 50-жылдарында жерибизге кайтып, өз жергебизге орун очок алыптырбыз.

Кийин дагы Ысык-Көлгө кызыгып, сугун арткандар көбөйө баштайт. Батыштан Орусия, кошунабыз Кокон кандыгы, капталыбыздан  казак туугандар, чыгышынан кытай керемет көлгө ээ болуунун түркүн жолдорун издешип, тыңчыларын жиберишип, уруу башчыларына бир аз белек-бечкегин беримиш болуп, өздөрүнө тартууга аракет кыла башташкан.

Орусия бийлиги соодагер кийимин кийинтип, биздин элдин кулк-мүнөзүн жакшы түшүнгөн, салт-санаасын, каада-салтын, үрп-адатын аябай өздөштүргөн Файзулла Ногоев дегенди тыңчы кылып жиберген. Ал келгенден кийин айрым уруу башчыларынын ишенимине кирип, кожоюндары тарабынан берилген белек бечкектерди берип, аларды өздөрүнө тарткан. Уруу-урууларды бири-бирине тукуруп, бир тууган эки элдин ынтымагын кетирип, жаңыдан түптөнүп келе жаткан кыргыз мамлекетинин тамырына балта чаап, 22 кылымдан ашык тарыхы бар, уюткулуу түптүү элдин келечегине орду толгус зыян келтирген. Жүзүкара тыңчынын кылган ишинин зыяны, арадан бир топ мезгил өтсө да, бүгүнкү күнгө чейин айкын сезилип турат.

1856-1857-ж.ж. саякатчы катары П.П.Семенов-Тян-Шанский  эки жолу келип, көл жээгин кыдырып, эл-жердин шартын изилдеп, келгенде да жөн келип-кетпей,  бир атадан тараган эки бир тууган уруудагы элдин ынтымагын ого бетер бузуп кеткен.

Ошол учурда Заилий крайынын начальниги, орус армиясынын полковниги Хоментовскийдин күчтүү куралданган отряд менен бөлөк мамлекетке тийешелүү кыргыз жергесине келип, чек ара бузуп,  бейкут жаткан элге куралдуу күч менен кол салып, көптөгөн үй-бүлөлөрдү кара кийгизип, кан жуткуруп,нечендеген бей күнөө адамдардын өмүрүн кыйып, колунда курал-жарагы жок, жан айласы кылып тоо-ташка жашынып, ажалы жоктон аман калганын өмүр бою жашоо өткөрүп жаткан жергесинен  сүрүп, мал-мүлкүн зөөкүрлүк менен тартып алганын угуп-билип туруп, айтпай кетүүгө болбойт.

Бул жөнүндө П.П. Семенов-Тян-Шанский өзүнүн китебинде минтип жазган.(Маанисин так жеткирүү үчүн түп нускасында кандай жазылса ошондой берели).

«Сильный отряд Хоментовского, вышедшего из Верного вскоре после начала моего путешествия на Иссык-Куль, состоял из трех сотен казаков и одной роты пехоты, посаженной на лошадей, двух горных пушек, нескольких ракетных станков и множества киргизов ( Сөз казактар жөнүндө болуп жатат – М.Б.) Большой орды.

Отряд благополучно перешел через высокий перевал и спустился в долину реки Чу, ниже кокандского укрепления Токмака. Здесь он застал на кочевьях несметные массы кара киргизов, разгромил их аулы и овладев ближайшими их табунами, и пустился в обратный путь…»

Падышачылык Орусиянын негизги максаты – Ысык-Көлдө, Кочкордо, Жумгалда жашаган элди Кытайга сүрүп, Сары-Ѳзөн-Чүйдө жашаган элди Балхашка көчүрүү болгон. Бул жүзүкаралык максаттардын алды 1916-жылы Үркүндө иш жүзүнө аткарыла баштаган. Улуу үркүндө желдеттердин огунан каза тапкан миңдеген күнөөсүз  адамдарды, агыны катуу сууга аккан, аскасы бийик  зоодон учуп өлгөндөрдү, ачкалыктан кырылган жаш балапандай наристелерди, жарты чака талканга сатылган жаш өспүрүм кыздарды, киндик каны тамган, туулуп өскөн жерине кайтпай, сөөгү бөтөн эл, бєтөн жерде көмүлүп,көмүлбөй калган боордошторду бир барак кагазга жазып, түшүндүрүүгө мүмкүн эмес. Ал бир өзүнчө кеңири сөз кыла турган узун тарых эмеспи.

Инвестиция алып келип, мелтиреген асфальт жолду, мыкты пансионаттарды салдырабыз, дүйнөдө жок аэропорт курдурабыз, көлдүн жээгин бейиштегидей гүлдөтөбүз деп, сүйлөсө оозунан от-жалын чыгып, жаны күйүп-бышкандарды  газетадан окуп, телевизордон көрүп жүрөбүз. Атаганат, чын эле ошондой болсо кана. Өстүргөн азык-түлүктөрүн туристтерге сатып, элибиз байып, маданиятыбыз көтөрүлүп, жерибиз гүлдөп, кереметтүү көлүбүздүн көркү чыгып, анын убай-урматын, байлык-берекесин  калайык -калк, бүтүндөй кыргыз эли көрсө  кана.

Учурда айрым шылуун адамдар  атасы энчилеп бергенсип, көл жээгиндеги жерлерди ыңгайы келсе ар кимге белекке берешендик менен берип, же сатып, ата-бабаларыбыздын каны-жанынан бүткөн бар байлыгыбызды ой келди жумшап, дүнүйөкорлук, ачкөздүктүн сормо сазына батып, калайык калк кыйын-кысталыш мезгилди баштарынан кечирип турганда, көпчүлүк момундардын эсебинен ыксыз байып жатышат.

Ал эми Союз убагында Казакстан менен Өзбекстанга берилген жерге курулган пансионаттарга бүгүн кыргыздын атуулу баш багып кире алабы? Барып калсаң төшкө түртүп киргизбей, кокустан ичине кирип калсаң артыңан тээп чыгарып койбос бекен?

Кыргыз-казакка жана башка кошуна элдерге жакшы таанымал, акылман жана улуу ойчул Калыгул Бай уулу өзү тулуп-өскөн Ысык-Көлдү өтө урматтап, таазим кылып, анын табият  тартуулаган ченемсиз байлыгын, чексиз келечегин алдын ала сезип, ошого байланыштуу төмөндөгү ыр саптарын өсүп келе жаткан муундарга арнаган экен:

«Күңгөйдөн агат миң булак,
Тескейден агат миң булак,
Аягынан агып чыкпайт бир кулак.
Тегереги туюк,
Төбөсү бийик.
Суу сайын нарын табак эти бар,
Ысык-Көл – бейиштин бир эшигидир!
Кыш болуп кашкая  суугу жок,
Жай болуп катыра ысыгы жок.
Ат жеткен жерде
Мындан артык кызыгы жок.
Мактанып жер жетерби?!
Адам мындан кетерби?
Ысык-Көлдөн чыкпагыла, балдар! – деп ушул бир нече сап ыр менен кереметтүү Ысык-Көлдүн өзгөчө касиетин, анын байлыгын сүрөттөп, анын келечегинин кеңдигин алдын ала баамдап туюп, ата-бабалардан калган касиеттүү көл жээгинде түбөлүк өмүр кечирип, көздүн карегиндей  сактоо керектигин айткан экен.

Калыгул атабыздын бул кичинекей ырынын маани-маңызы, көтөргөн жүгү бүгүнкү күндө мурдагыдан да артып, кыргыз бермети болгон касиеттүү Ысык-Көлдү сактоодо, анын табият берген баа жеткис байлыгын жалпы калайык калктын кызыкчылыгына жумшоодо, ар бир кыргыз атуулуна зор жоопкерчиликти, чоң милдетти жүктөп отурат.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *