Jun 13

Кыргыз организминин сыры

 Салмоор ДЫЙКАНОВ, коомдук ишмер

Кыргыздар эркиндикте төрөлгөн, эркиндикте миң жылдар бою жашаган. Кыргыз элинин улуттук мүнөзү ушул эркиндикте жаралган. Алар кулчулукту көргөн эмес жана бул мүнөзү менен кулчулукта, басмырлоодо таптакыр жашай албайт. Кыргыз эли байыртан эле өзүн өзү өз башчылары аркылуу башкарчу…

Улут деген жөн эле көп адамдардын жыйыны эмес, бул өзүнчө тирүү организм. Ар бир кыргыз ошол кыргыз улут организминин клеткасы. Кыргыз элинин салттары – бул кыргыз улут организминин жашоо программасы. Ар бир организм өз ата-бабасынан калган салттары, мыйзамдары менен  өсөт, гүлдөйт, мөмөлөйт, утат, жеңет. Организм өз куту, өз коду, өз мыйзамдары менен жашаса, ал оорубайт, ден соолугу чың, кубаты күчтүү, акылдуу, бай болот. Согушпу, экономикабы, илимби, маданиятпы – бүт жерде бүт нерседен утат. Организм өз кодун өзгөртсө, башка, чоочун организмдердин кодун туураса, анда ал сыркоолойт, ар кандай жаралар, оорулар жугат.

Толугу менен

Jun 13

Ысык-Кѳл – бейиштин бир эшигидир

Бактыбек МАКСҮТОВ, «Айкөл Манас» фондусунун төрагасы

Манас бабабыз биринчи жолу Алтайдан Алатоого келатып, Үч-Каркырадан өтүп, Кызыл-Кыя менен кыялай түшүп, мелтиреп жаткан Ысык-Көлдү көрүп, сулуулугуна таң калып, жанындагы Ажыбайга кеп салган экен:

– Ээ Ажыбай, ушундай да сулуу көл болобу, ушундай да кооз жер болобу?! Суук көзгө көргөзбөс, ыпылас бутка бастырбас, кир колго карматпас, кыргызымдын пейилине жараша маңдайына бүткөн керемет көл экен го!? Көлдүн сулуулугуна, жердин байлыгына кызыгып, далай кан төгүшкөн кармаштар болуп, нечен азамат эрлердин баштары топтой томолонуп, көз жаштар далай агат ко, айланайын Ысык-Көлүм сен үчүн.

Толугу менен