Камволдук-нооту комбинатындагы кармаш

Кубатбек ОСМОНОВ 

Кезегинде Союзда даңкы таш жарган, беш миңден ашык кыз-келиндер эмгектенген Камволдук-нооту комбинаты бүгүнкү күндө биротоло талкалануу коркунучуна кептелди.

Отуз-кырк жылдан бери маңдай терин, көз майын, жаштыгын коротуп, беш-алты жылдан берки айлыктарын алалбай жүрүшкөн акционерлер учурда ызы-чууга түшүүдө. Алар КНК  (камволдук-нооту комбинаты) биротоло талкаланаарын билип калышып, коррупцияга каршы күрөш алып барып жатышкан «Люстрация», « Кыргыз чоролору» коомдук бирикмелерине кайрылышып, алардын жардамы менен «комбинатты жок кылууу жыйынына» жыра киришип, комбинаттын жетекчилиги уюштурган жыйынды «башаламандыкка» түшүрүштү.

Тагыраак айтканда, ал күнү комбинаттын башчылары Кубаныч Ашырматов жана  Кубаныч Миңбаев өздөрүнүн мүдөөсүн жактаган гана «кол алды» акционерлери менен жыйын өткөрүп, ишкананын калган-каткан жабдууларын темир-тезек катары өткөрүп салууга жана комбинаты таптакыр жок кылууга кадам жасап жатышкан. Бирок, кызыкчылыктары коргоосуз калган комбинаттын башка көптөгөн акционерлери мындай жыйын өткөнү жатканын билип калгандан кийин, жогоруда айтылган уюмдардын  ѳкүлдѳрү менен бирге катуу чабуул коюп жатып, чоң мушташуу менен жыйын залына киришкен.  Жыйын болгон күнү комбинаттын башчылары эки катар күзөтчүлөрдү коюшуп, эч кимди киргизбегенге аракет кылышкан эле.

Күзѳтчүлѳдү кѳзгѳ илбей  жарып кирген топ «Эмне үчүн ишканадагы иштеп жаткан жабдууларды жана анын аймагын сатуудасыӊар?», «Эмне үчүн 4-5 жылдан берки айлык акыбызды бербей жатасыӊар?» деген дооматтарды коюшуп, ал эми ушул убакка чейин жетекчиликтин жоруктарына күйүп жүргөн жумушчу  Н.Марковдун чыдамы үзүлүп: «Свердлов салык инспекциясы ижарага алышкан имаратты, эң баалуу иштеп жаткан станокторду саттыңар, бир канча  гектарлаган комбинаттын жерлерин «Мадина» базарынын жетекчилигине соодаладыӊар, Тараз шаарына алып барып жеке комбинат куруп алдыңар, беш жылдан бери тиешелүү акчаларыбызды бербей келесиңер. Дагы алдап кулагыбызга «кесме» илгенди токтоткула, силердей иш билбеген талкалагычтарга караманча каршыбыз!» деп, жетекчилигинин бетине айтты. Көп жылдардан бери иштеген Көкүмбек Элеманов, Ырыс Абдрашитова, Владимир Савинов, Жамила Карагулова, Майрам Ниязалиевалар ишкананын 77 % акциясын тартып алган бакиевчил баскынчы Темирбек Тиллебаевди алып келүүлөрүн талап кылышып, Ашырматов менен Миңбаев жѳн эле жасалма жетекчилер экенин жакшы билишерин баса белгилешти.

«Бул нооту комбинатындагы жабдылган баалуу станоктор бизде жана Японияда эле бар, койдун кыркылган жүнүн бул жагынан салса, экинчи жагынан даяр нооту чыгат» деп чырылдашты адистер.

«Баш калаабыздагы жүздөгөн завод-фабрикалар талкаланганы менен, биз нооту комбинатын сактап калганбыз. Дайыма иш болуп жатчу. Азыр да товарларыбызга суроо-талап толтура. Мурунку директор Болот Акказиев комбинаттын маданият үйүн, пионер лагерин, айрым станокторун сатты. Андан кийинкилер аёосуз талкалоодо. Миңдеген кыз- келиндерибиз ишсиз жүрсө, турган комбинатты сактап калууга бийлик да тез арада салымын кошоор, бийликтин, эмгек жамаатынын, коррупцияга каршы күрөшкөн коомчулуктардын катарынан комиссия түзүү зарыл» деди акционерлердин бири Какан Элеманова.

Кайсы бирине күйөйүн дегендей, жакынкы эле арада Россиядагы кыргыз ишкерлери аскер күчтөрүнүн шинелдери үчүн нечен миңдеген метр ноотуларын жасатууга келишсе, комбинат жетекчилери заказды кабыл алуудан баш тартып, турган өндүрүшкө мамлекет кийлигише электе банкрот кылып жиберүүгө жанталашкандары үчүн буларга  кылмыш ишин гана козгоп соттош керек деп кыйкырышты жумушчулар.

Не дейли, канча жылдан бери үндѳрү жетпей, ичтерине сактап жүргѳн буктарын, дооматтарын, кѳзгѳ баса айтаар чындыктарын ушул күнү чыгарышты акционерлер. Союз ыдыраар замат чыккынчылар Глушич ЭВМ заводун, Криворучко «Монолит» заводун Россияга көчүрүп кеткен болсо, бул Камволдук-нооту комбинатынын стратегиялык маани-маңызы алардан да жогору экендигин, көпчүлүк сырьелор өзүбүздөн камсыз болоорлугун айтсак жетиштүү болоор. Бүгүнкү күндө акционерлер көз карандысыз аудиттерди жалдап, ичип-жегичтерге кылмыш иштерин козготууга УКМКнын, Башкы прокуратуранын адистеринин да колдоосу менен иш бащтоого киришти. Биз бул маселеге дагы да болсо кайрылып келебиз.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *