Гендиректордун эмгек китепчесинде «принять в магазин продавцом» деген гана жазуу бар болчу…

Кубатбек ОСМОНОВ

Энергетика тармагындагы сырларды ачыкка чыгарып, «Люстрация» элдик кыймылы бул  стратегиялык тармактагы кѳрүнүштѳргѳ коомчулуктун көңүлүн буруп келатат.

Мамлекеттик жана жеке кызыкдар тараптардын, ошондой эле мекенчил атуулдардын катышуусу менен бул тармак боюнча биринчи ачык жыйын-форуму апрель айынын аягында болуп өткөн. Коррупциясы тамырлаган энергетика тармагынын оор абалынан чыгуу үчүн – чынчыл, адилет адистердин жана бийликтин таза өкүлдөрүнүн катарынан  «ТАЗАЛОО КОМИССИЯСЫН» түзүү демилгеси элдик кыймылдын атынан коюлган жана Жогорку Кеңешке ачуу чындык жазылган Резолицияны жөнөтүшкөн. Мына ушундан көп узабай Энергетика жана өнөр жай министринин иштен алынышына ушул жыйын-форумдун түздөн-түз тиешеси бар. Учурда болсо жер-жерлерден энергетика тармагындагы коррупциялык иштер тууралуу кайрылуулар «Люстрация» элдик кыймылына келип түшүүдө. Мындан улам, энергетикадагы жеп-ичкич жетекчилердин четтетилип жоопко тартылышына жана реформа жүргүзүлүшүнө аракеттерин жасап жатышкан элдик кыймыл тарабынан аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүү пландаштырылууда.

Кыймылдын биринчи ачык форуму коюп жаткан маселеге түздөн-түз тиешеси бар чиновниктер өздөрү келбей, орун басарлары, бөлүм кызматкерлери катышкан. Жыйындын негизги өзөгүндөгү талаш маселе – энергетика тармагындагы ортомчу компаниялар тууралуу жүрдү. Бул ортомчуларды  жоюп, энергетика тармагын мамлекеттин тутумунда гана кармоо керек деген маселеге жыйынга катышкан мамлекеттик айрым чиновниктер жана ортомчу компаниялардын өкүлдөрү каршы чыгышты.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин стат катчысы Баатыркул Баетов элибизди электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга үндөп, Кыргызстан – 2,4 саат киловатт, Гризия – 0,2 саат киловатт, Япония -1,6 саат киловатт, Америка – 0,3 саат киловатт, Германия – 0,2 саат киловатт жана Россия – 0,8 саат киловатт электр энергияларын өндүрүү менен бир доллардан таба тургандыгына, көрүнүп тургандай, Кыргызстан баарынан көп өндүрсө да киреше болбой жатканына токтолду. Стат катчынын айтымында, мындай көрүнүштөн улам алар свет текшерүүчүлөрдүн көбүн иштен бошотушкан. Баракелде! Баардык эле маселе ошол свет текшерүүчүлөрдө болсо кана! Кардарлар менен биргеликте текшерүүчүлөр бир киловаттынан 1 сомдон жеп жатышса, мамлекеттик, ортомчулук коммерциялык түзүмдөр бир киловаттынан 6-7 сомдон жеп келе жатышканын ким айтат?..

«Люстрация» элдик кыймылынын төрайымы Лира Усубалиева жана юристи Жаныбек Сөлпиев аткаминерлерге каршы альтернативдүү доклад жасашып, энергетика тармагындагы электр энергияларын бөлүштүрүү так эмес, коомчулуктан жашыруун болуп жаткандыгын, ММКдан, эч бир сайттан эл биле албагандыгын, натыйжасыз башкаруудан улам коррупцияга жол берилип, чыккынчы Бакиевдер куулуп чыгарылгандан бери үч жыл өтсө да, анын убагында элдин башын айландырган эл аралык аферист Алексей Ширшовдун түзгөн программасы бул тармакта былк этпей эле иштеп жаткандыгын баса белгилешти.

Энергетика тармагындагы одоно көрүнүштөрдү айтып, Эсептөө палатасынын, Улуттук коопсуздук комитети жана коррупцияга каршы кызматтарынын адистери да агынан жарылышты. Алар 2011-жылы Бишкек жылуулук борборуна 42 миллион сомдун наркындагы кереги бар да, жок да жабдуулар сатылып алынып, ошондой эле жалпысынан 350 миллион сомдук жабдуулар пайдаланылбай эле турганын, «Жалал-Абад электр» ААКсы, «Чыгыш электр» ААКсы электр эсептегичтерди эки эсе кымбат баада сатып алышып, он миллиондогон сомдорду, «Ош электр» ААКсы 20 миллион сомду жешкендерин аныкташты.

Эсептөө палатасынын өкүлдөрүнүн маалыматында, «Чыгыш электр» ААКнын жетекчилигине, так айтканда, генералдык директору  Жыргал Турускуловго жана анын техникалык иштер боюнча орун басары Шамза Сооданбековго кылмыш иши козголгондугу боюнча сөз болду. «Сөз атасы өлбөсүн» дегендей, ушул жерден айта кетчү нерсе, так ушул Турускулов  «Чыгыш электр» ААКсына генералдык директор болуп бекитилген убакта ал жердин жамааты Караколдон мага атайын телефон чалышып, журналист катары чакырышкан эле. Убагында Ө.Бабанов премьер-министрликке келээр менен «Бишкек жылуулук берүү түйүнү», «Кыргызтелеком», «Жалал-Абад электр», «Түндүк электр», «Чыгыш электр» жана «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомдорун «прихватташтырууга» зор аракеттерди жумшаганын, аталган ишканалардын эмгек жамааттарынын укугун бузуп, соодагер-алыпсатарларды жетекчиликке таңуулаганын  коомчулукта айтып-жазышкан. Ошол алыпсатарлардын бири – эмгек китепчесинде болгону: «принять в магазин продавцом» деген эле жазуусу бар,  орто  билими да жок Жыргал Турускуловду көп жылдан бери иштеп келаткан дасыккан эмгекчилери «биздин жетекчи лампочка бураганды да билбейт» деп ачык эле айтышканына өзүм күбө болгом. Ошондо Турускуловдон интервью алайын десем, тапанчалуу жансакчысына далдаланып, эшик артына бекинген. Ал эми аны менен кошо кылмыш иши козголуп жаткан орун басары Сооданбеков да энергетик эмес, экономист. Жамааттын ошондогу ызы-чуусунда мен «Чыгыш электрдин» стратегиялык баалуулугуна токтолуп, «Ысык-Көл, Нарын дубандарынын он эки тармактарындагы башчыларынын ичинен эң татыктуусун сунуштасаңар, шайлап алсаңар болмок» десем, директорлор кеңешинин төрагасы Жолдош Ачикеев «жетекчини бекитүү жогортон чечилет эмеспи» деп жооп берген болчу…

Энергетика тармагындагы коррупцияга каршы өткөзүлгөн форумдун катышуучулары директорлор советине, ишкана жетекчилигине шайланып жаткандарды коомчулуктун жана көп жылдар үзүрлүү эмгектенишкен ошол тармактардын устаттарынын кеңешин эске алуу менен бекитүү  зарыл деген талаптарды коюшту.

Кызылдай акчанын арты менен келип иштеген жетекчиликтердин шалаакылыгынан улам бул тармакта башаламандык, тартипсиздик, жоопкерсиздик орноп, коопсуздук эрежелери жагынан да терс көрүнүштөр көп. Мисалы, Улан Раимбеков жетектеген Токтогул РЭСинде мастер Сайырбек Токтобаев жетектеген Толук УЭСинде иштеги жоопкерчиликтин таптакыр жоктугунан 16-апрелде Алтынбек Абасов трансформатордун өчүргүчүн иштетип жиберип, белдүү кызматкери Баракан Арыкбаев кайтыш болгон. Бөөдө кырсыкка кабылган Баракан Арыкбаевдин жакындары Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине, Энергетика жана өнөр жай министрлигине арыз менен кайрылышкан эле. Токтогул РЭСнин начальниги Улан Раимбеков орун басарлары менен иштен четтетилди. Б. Арыкбаевдин жогорку чыӊалуулуктагы токтон  кайтыш болгондугу соттук медициналык экспертизадан аныкталып, ал эми Алтынбек Абасовго кылмыш иши козголду. Тергөө амалдарында, Толук УЭСиндеги электр станциясынын өчүргүчүн   Абасов  атайылап күйгүзүп жиберген деген айып тагылган (бул боюнча жакынкы сот иштеринде териштирилет).

А.Ширшовдун программасы алгач башталган жылдары эле энергетикадагы бүлүнгөн чындыкты чыркырап айткандыгы үчүн Курманбек Бакиев тарабынан ак жеринен камалган, бүгүнкү күндөгү «Түндүк электр» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү Сапар Аргынбаев бул жыйында: «Талас облусунун сот, милиция, элге билим берүү жана салык кызматкерлери өздөрү кырк-элүү миңдеген сомдорду электр энергиясына төлөбөй жатышат. Электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар дээрлик баардыгы контролерлор менен алдын-ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, сарпталган киловатты азайтышууда. Эсепке кирбеген электр энергиясына ким жооп берет? Жыртык, бөксө казынабызды кантип толтурабыз? Ошондуктан  электр тармагын ирилештирип, ортомчу ишканаларды жоюу керек. Республикабыздын негизги бул тармагы мамлекеттик гана болуусу зарыл», – деди.

«Өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип» көнүп калышкан электр тармагындагы жеке ишкерлер «ортомчул электр бөлүштүргүчтөрдү бириктирбейли» деген көз караштарын сунуштаса, стат катчы Баетов да «бириктирем дегендер – уурулардын сөзү» деп алардын сөзүн коштоду.

Укук коргоочу, «Кыргыз чоролору» коомдук бирикмесинин идеология бөлүмүнүн башчысы Уран Рыскулов сөз алып: «1991-жылы Эл аралык валюта фонду 350 миллион доллар бергенден тарта бул тармакта уурулук башталган. Алардын төрт этаптуу көз каранды кылуу саясаты ишке ашырылууда. Ширшовдун планы боюнча кетип жаткан бул тармак муунтулуп, жок болуу коркунучу алдында. «Газпром” тендер өткөзүп, бир гана НЭСКАны катыштырат экен да, өзүнө мазут алат. Ошондо, ортодо 20 миллион доллар бирөөнүн чөнтөгүнө түшүүдө. Башка да тармактар, компаниялар менен коррупциялык кылып иштеген НЭСКА компаниясын жыйырма жылдан бери мамлекеттик органдардын эч бири текшерген эмес. Илимий-техникалык эсептөө болбогондуктан, түшкөн акчаны эсептеп чыгаруу ишин Жогорку Кеңешке берүүнү сунуштайм. Болгарияда бул тармак ирилештирилген. Казакстан болсо,  кетирген катасын оңдоп, энергетика тармагын жеке ишкерлерден кайра ири суммага мамлекет эсебине сатып алды. Ширшов «Түндүк электр» ААКны  Бакиевдин тушунда болгону 18 миллион сомго эле сатып алган. Ал ишкана жылына өзү эле 45 миллион сом пайда келтирчү. Демек, эл аралык маанидеги аферист Ширшовдун түзүп кеткен системасын түп тамырынан бери жок кылбасак, Кыргызтанга кайрадан кооптуулук туулат» деди.

Коомдук анализдөө борборунун төрайымы Зулфия Марат  Эл аралык валюталык фондунун башчысы Кристина Лагарт калпыс саясат жүргүзүп, кийинки убактарда берилген ири суммадагы төлөмдөрдүн, инвестициялардын изин жашырып, сарпталганынын санын көбөйтүш үчүн энергосектордогу жабдуулардын пайдалануу мөөнөтүн эки-үч эсе кыскартышканын ачыкка чыгарды жана КРнын Эсептөө палатасынын адистеринен бул маселени дыкат кароосун өтүндү. Дээрлик ортомчулуктан гана пайда табышкан жыйырма бир жеке электр компанияларынын ишмердүүлүгү, киреше-чыгашалары, айырмачылыктары жөнүндү эч жакка маалымат чыгарышпаганын сынга алды. Бул ишканалар Ош окуясын пайдаланышып, ага чейин сарпталып бирок акы төлөнбөгөн өтө көп электр кубаттуулуктарын жокко чыгарышканын далил келтирди.

Ал эми төмөндө аталган ишканалардын бири да мамлекетке бир сом салык төлөбөгөндүгүн Лира Усубалиева белгилеп айтты. Алар:

ОсОО «АкТулпар». Электр энергиясын 21 тыйындан алышып, 2012-жылдын жыйынтыгында 2 миллион 674 миң 16 сом чыгаша менен чыккан.

ОсОО «Максат». Электр энергияны 65,46 тыйындан алышып, 2012-жылдын жыйынтыгында 812,2 миң сом чыгаша менен чыккан.

ОсОО «Электросила». 2011-жылы 15 миллион киловатт электр энергиясын 45 тыйындан, 2012-жылы 34 миллион 800 миң килловат саатты 27 тыйындан алган. 2013-жылы да 27 тыйындан алууда.

ОсОО «Энерго Трейд» компаниясы 83 миллион киловатт саат электр энергиясын 83 тыйындан алат да, 66 миллион киловатт саатты 1 сом 33 тыйындан сатат. 13 миллион киловатт саатты 93 тыйындан сатат. Болгону 3 миллион килловат саатты элге 70 тыйындан сатат да, мамлекетти көз көрүнө алдашат.

ОсОО МПС «Димет» 2 миллион 480 миң киловатт саатты 21 тыйындан алып, 2012-жылдын жыйынтыгында 485,2 миң сом чыгаша менен чыккан.

Бул ортомчулардын актив, курулуш деген сыяктуулар менен иштери жок, салык төлөшпөйт, чыгаша менен чыгышат, өз аймагына эч кимди киргизишпейт.

Ал эми салыштырмалуу айтсак, «Түндүк электр» ААКсы киловатт саатын 25,8 тыйындан алууда. Алар киреше бөлүктөрүнүн эсебинен мамлекеттик активдерди көбөйтүп, ири курулуштарды аткарууда. Техникалык, коммерциялык жоготуулардан кийин аларда 7 тыйындан калып жатат. Ошол 7 тыйындын эсебинен мамлекетке 40 миллион сом салык төлөшөт.

Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөшкөн жана акыйкаттыкты оронотууга аракет кылып келаткан «Люстрация» элдик кыймылы жана жалпы эле мекенчил атуулдарыбыз стратегиялык бул тармактын жеке ишкерлерге бөлүштүрүлүп берилишине каршы. 2005- жана 2010-жылдардагы эл нааразычылыгынын негизги себептеринин бири да ушул болбоду беле. Андыктан, атайы адистердин, мамлекеттик түзүм өкүлдөрүнүн көз караш пикирлеринен тышкары,  карапайым коомчулуктун да бул тармак боюнча ой-мүдөөсүн айтчу кат-кабарларын «Люстрация» элдик кыймылы күтөт. Байланышуу телефону: 0550 17-03-59; 0777 17-80-59.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *