Кытай кийимине эмес, кыргыз кийимдерине жол ачалы…

 

Мамлекеттин кѳзүн карабай, карапайым эл ѳз алдынча оокат кылуу аракетине ѳткѳнүнѳ оголе кѳп болду. «Дордой» базарында он эки жылдан бери иштеп келаткан бир ѳтүкчү: «Пенсионерлер менен студенттерге ѳкмѳт жардам бербесе, аларга жардамды  мен берейин деп, бут кийимдерин кээде бекер, кээде арзыбаган акчага жасап берип коём» деп айткандай, колунан келгенин жалпы элдин жакшылыгы үчүн, аз да болсо кыргыз жери үчүн жасап келаткандар жок эмес. Азыр ѳздѳрүнүн кызматы менен эмгегин кыргыздын жакшыруусу, жаңылануусу үчүн деп жан үрѳгѳндѳр ошондой карапайым эл ичинен жана жаштар арасынан гана чыгат деген үмүт калды.

Жаштар демекчи, союз кулагандан кийин тѳрѳлгѳн жана ал кездеги наристе балдар ѳлкѳдѳгү эгемендик менен бирге эгемен ойлорго ээ болуп чоңоюшуп, чет мамлекеттерди кыдырып кѳрүшүп ал жактан билим алып, сыртка чыкпагандары интернет булактары аркылуу ѳнүккѳн башка мамлекеттерди таанып-билип,  ѳлкѳнү оңдоого «абдан аракет кылып» умтулган улуу муунга салыштырмалуу, биздеги тартипсиздик, башаламандык, жакырлык, кайдыгерлик ж.б. кѳрүнүштѳргѳ намыстанып турушат…

Ал эми биздин  «Дымактуу ишкер» рубрикасынын бүгүнкү каарманы  – алысты кѳрѳ билген жаштардын бири – 28 жаштагы Чыңгыз Алканов. Ал Москва шаарында туулуп, ошол жакта чоңоюп, Темиржол институтунун маркетолог адистигинде окуган. 3-курсунан тарта, башкача айтканда 19 жашында Москвадагы үй-жайларды сатуу ишин жүргүзгѳн  риэлторлук компаниясына орношуп, аз убакытта  атайы адис, андан кийин башкы адис болот. Бул иштен соң Эларалык консалтинг компаниясына сатуу жагынан менеджер катары кирип, бир жыл ичинде СНГ боюнча  коммерциялык  директор болот. Мындай иш тепкичтерин басып, ийгиликтерге жетишип, Кыргызстанга келүү оюнда жок жүргѳн кезинде атасы аны Бишкекке чакырып, бул жактагы анын ишин колго алып улантууга аргасыз кылат.

Ошентип, Чыңгыз Алканов 22 жашынан баштап кыргыз ѳндүрүшчүлѳрүнүн колунан чыккан товарларды саткан Кыргызстандагы эң чоң жана жалгыз базар – «Алкан базарын» 6 жылдан бери жетектеп келүүдѳ.

«Дордой» базар-соода комплексинин  так ортосунда жайгашкан «Алкан базары» Чыңгыз жетектеген бул жылдар аралыгында ар тарабынан ѳзгѳрүп, «Дордойдун» аймагындагы башка базарлардан иреттүүлүгү, тазалыгы, жаңы шарттары менен айырмаланып турат.  Эки миңге жакын контейнер жайгашкан «Алкан базарынын» сатуучуларынын 90 пайызы ѳзүбүздүн ѳндүрүштүн сапаттуу кийимдерин сатышат. Бул жерден Россиядан, Казакстандан, Тажикстандан, Ѳзбекстандан жана Кыргызстандын жүз миңдеген дүңүнѳн сатып алуучулары соода кылышат.

Мына ушул соода кылган чет элдиктерге, базарга каттаган баардык сатып алуучуларга жана күнүгѳ базарга келип иштеген ѳздѳрүнүн сатуучуларына ыңгайлуулук түзүп, «Алкан базарынын» жетекчилиги авариялык абалда жаткан жолду бир ай ичинде ремонттон ѳткѳрүп, 14-май күнү жолдун салтанаттуу ачылышын жасашты.  Жаз айындагы жамгыр күндѳрүнүн тоскоолдуктарына карабай, 1-апрель күнү башталган жол 1-майга караган түнү курулуп бүткѳн.

«Дордойго» каттаган маршруткалар, жеңил унаа машинелери ойдолоп-кайкалап араң ѳтчү Элебесов атындагы бул кѳчѳ …………………….. акча каражатына ремонттолду. 1,3 километрди жана жазылыгы 8 метрди камтыган жол ремонтуна  5,5 миллион сом сарпталган.   Жолду  “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык  ишканасы жаңы технология менен оңдоп, акча салган ишкерлер жолдун жасалыш сапатына купулдары  толгонун салтанаттуу ачылышта айтышты.

Баса белгилей кетчү нерсе, бул жолдун оңдолуп салынышынын башка негизги ѳңүтү да бар. Ал негиз – «Кыргыз ѳндүрүшүнѳ – ачык жол» деген ураанды берип турат. Бул боюнча «Алкан базарынын» вице-президенти Чыңгыз Алканов мындай пикирин билдирди:

– Мен биздин ѳлкѳдѳ ѳзүбүздүн ѳндүрүштүн ѳнүгүшүн жана анын дайыма сыртка чыгып турушун кѳздѳйм. Себеби, мындай учурда кандай жагдай менен болсо да акча каражаты кайра Кыргызстанга кайтып турат.  Кыргыздар тигип жаткан кийимдер абдан сапаттуу жана баа наркы боюнча кытай товарлары менен атаандаштыкка чыгып калды. Буга кѳпчүлүк маани бере элек. Биз азыр «ѳтүкчүнүн ѳтүгү жок» деген кѳрүнүштѳ турабыз. Анткени, учурда бизде миңдеген тигүү цехтери мыкты сапаттагы кийимдерди жана бут кийимдерди ѳзүбүздѳн тигип ѳндүрүп жатса да, болбой эле кытай кийимдерин кийип жатабыз.

Мына, Бажы союзуна кирүү алдында турабыз. Мындай кадамдан кийин кытай товарларынын баалары кымбаттаары белгилүү. Ошондуктан, биздин эл азыртан ѳзүбүздѳн чыккан ѳндүрүш менен таанышып, аларды баалап-барктап алуусун каалайм. Буга жаңы оңдолгон ыңгайлуу жол себепкер болуп,  базарга каттагандардын саны кѳбѳйүү менен кыргыз ѳндүрүшүнүн ѳсүшүнѳ, ѳлкѳгѳ пайда алып келишине пайдасын тийгизсе дейм.  Кыргыз товарларына канчалык талап күчтүү болсо, жергиликтүү ѳндүрүшчүлѳрдүн да бизнестеринин жүрүшү эртеңки күнгѳ ишенимдүүлүктү берет.

«Алкан базарынын» ѳзгѳчѳлүктѳрү

Базардын баардык тарабына күнү-түнү иштеп туруучу видеокѳзѳмѳл орнотулуп, кароолдор коюлган. Андыктан, келип-кетүүчүлѳр уурулардан, чѳнтѳкчү-тоноочулардан сактанабыз деп сарсанаага түшүшпѳйт. Видеокѳзѳмѳл орнотулгандан бери, уурулар кескин түрдѳ бул жайдан жок болушкан.

Базардагы заманбап чатырлар жаанды жана ысыкты ѳткѳрбѳгѳндүгү менен бирге, чатырлар күндүн жарыгын ѳткѳрүп туруучу курулуш каражаттарынан жабылгандыктан, «Алкан базарынан»    товар тандап сатып алууда башка базарлардагыдай күңүрттүк, караңгы кѳлѳкѳ жок.

Баардык контейнерлер бирдей түскѳ боёлуп, ѳтмѳктѳрдѳн адашпас үчүн ар бир жерде багыт берүүчү белгилер коюлган жана ѳтмѳктүн жолдоруна брусчаткалар тѳшѳлгѳн.

Базарда дарыкана, мейманкана, мончо, чачтарач, кафе, банк жайгашкан. Ал эми машине унааларын коюучу жай толук асфальтталып, кѳзѳмѳл күчѳтүлгѳн.

One thought on “Кытай кийимине эмес, кыргыз кийимдерине жол ачалы…

  1. АР ДАЙЫМ БАР БОЛ .-БАКЫТ ,БИЙЛИК ДЕН СООЛУК БУЛ- БИЙИК ЗОО,КЭЭ БИРООЛОР АГА ТАШБАКАДАЙ ЖОРМОЛОП ЖЕТСЕ ,КЭЭ БИРООЛОР БУРКУТТУН КАНАТЫНЫН БИР КАГУУСУНДАЙ ЖЕТЕТ .ЧЫНГЫЗ СЕН ДАЙЫМ КЫРГЫЗ ЭЛИ УЧУН БУРКУТ БОЛ…….. СУЛОГОН СОЗУН МН ЖАСАГАН ИШИН ДАЛ КЕЛСИН ,САГА ЧЕКСИЗ ЖАКШЫЛЫКТАРДЫ КААЛАЙМ .АР БИР КУНУН КУБАНЫЧ СУЙУНУЧ МН КОШТОЛСУН .!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *