Башкалар кыргыздарды сыйлаш үчүн, адегенде ѳзүбүздү сыйлап үйрѳнѳлү

Асыран АЙДАРАЛИЕВ,
«Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобунун автору, эркин журналист,
Финляндия, Келсинки шаары. 18-19-май, 2013-жыл. 

Кадырлуу мекендештер, ааламтор алкагында (интернетте) алгачкы ирет “Фейсбук” социалдык түйүнүндө түзүлгөн «Кыргыз Көчү” мекенчилдер тобу атайы бирден ѳкүл чакырып “Көчтүн” байланышын өткөрүп туруу  саамалыгын баштады.  Бул топ учурда кѳйгѳйгѳ айланып турган: кыргыз тили, чет ѳлкѳдѳ иштеп-жашап жүргѳн мекендештердин акыбалы, саясат, дин, кыргыз баалуулуктары тууралуу ачык суроо-жоопторду, ой-толгоолорду ортого салуу максатында “Кыргыз Кѳчтүн” толук кандуу мүчөсү, Кыргыз республикасынын президентинин этностор аралык мамилелер боюнча  кеңешчиси КАПТАГАЕВ Эмилбек мырзаны талкуу-байланышка чакырган. Аталган байланыш 18-19-май күнү Бишкек убактысы боюнча саат 19-00дөн 22-00гө чейин өтүп, алты саат аралыгында берилген суроолордун баардыгына Эмил мырза ѳзүнүн жоопторун бере алды.  Гезиттин мүмкүнчүлүгүн эске алып, аталган байланышта талкууланган кѳйгѳйлѳрдүн ичинен бүгүн тил маселесине токтолдук. Эмесе, ааламтордо ѳткѳрүлгѳн алгачкы “Кѳч байланыш” сиздердин кѳңүл бурууңуздарда.

Айзат КАЛЫБЕКОВА, Бишкек: – Агай, сиз көп жылдардан бери бийликте кызмат өтөп келесиз. Мына ошол мезгилдердин ичинде эне тилибиздин өнүгүшүнө ѳзүңүз кандай салымыңызды кошо алдыңыз?

 

 

Эмилбек КАПТАГАЕВ: –  Салым коштум деп айта албайм, бирок кайсы жерде иштебейин, мамлекеттик тилдин даражасын көтөрүүгө аракет кылып келе жатам. Мисалы, 2001-жылы Ысык-Көлдө губернатордун биринчи орун басары болуп иштеп турганымда демилге көтөрүп, 2002-жылдын 1-январынан тарта облус боюнча иш кагаздарын кыргыз тилине өткөргѳнбүз. Ошол кезде Тил комиссиясынын төрагасы Казат Акматов барып абдан ыраазы болуп, сыйлык катары компьютер берген. Бирок, бир-эки жылдан кийин облустун жетекчилиги алмашып, иш кагаздары кайрадан орусча болуп калган. Мындан эки жыл мурда деле Президенттин аппарат башчысы болуп туруп иш кагаздарын кыргыз тилине котордум, атайын аппарат кызматчыларын окуудан өткөрдүм. Бирок бул иш деле туруктуу болгон жок. Азыр Өкмөттүн аппараты да келерки жылдан баштап иш кагаздарын кыргыз тилине өткөрөбуз деп атышат. Бирок жетекчилер алмашып кетсе кайра эле мурдагы калыбына түшүп калабы деп ойлойм. Азыр бийлик системасында иштеген адистердин дээрлик басымдуу кѳпчүлүгү орус тилдүү, орусча ойлонушат, орусча сүйлөшөт, орусча гана жаза алышат… Айла жок, баардык аналитикалык материалдар, расмий документтер орус тилинде даярдалат… анан барып кыргыз тилине которулат, келегей тил менен жарыя болот…

Сатывалды САЙПИДИН уулу, Баткен: – Айтсаңыз, маданияты оңолбой мамлекет өнүгө алабы? Кыргыз тилибизди босогодон төргө өткөрүү үчүн кандай иш-аракеттер керек?

 

 

Эмилбек КАПТАГАЕВ: – Маданият өнүкпөй, маданий өзгөчөлүктү сактабай мамлекет өнүгө албайт. Мисалы, туризм өнүгүшү үчүн сөзсүз маданий өзгөчөлүк болушу керек, башка эл негизинен тарыхый, маданий эстеликтерди көрүүгө келет, жергиликтүү элдин маданиятына кызыгышат. Кыргыз тилин босогодон төргө өткөрүү үчүн болсо, биринчи кезекте өзүбүз, кыргыздар тилди урматтап, аздектеп пайдаланышыбыз керек, өз ара эне тилибизде сүйлөшүбуз керек. Тилибиздин азыркы абалынын орчундуу себептеринин бири – биздин саясый, экономикалык, илимий-техникалык жана коомдук элитабыз орус тилдүу болгондугу, биринчи кезекте ошолор кыргыз тилинде жаза да, сүйлөй да албагандыгы.

Эльбек БАЗАРОВ, Орусия, Сургут шаары: –  Тил маселесинде кандай чаралар көрүлүп, тил комиссиясы кандай иштерди жасап жатат? Дегеле тилди которгондор бир жактуу которсо болобу? Акча бөлүнгөнбү котормочуларга?

 

Эмилбек КАПТАГАЕВ: – Көрнөк-жарнактардын нукура кыргыз тилинде болушун камсыз кылуу бир топ эле машакаттуу иш экен. Мамлекеттик тил комиссиясы бул багытта бир топ эле аракеттерди кылып келе жатат. Акыркы кезде мыйзам чегинде да тескөө коюу аракетин байкап жатсаңар керек. Атайын айып салуу сыяктуу механизмдерди да сунуштап жатышат. Бирок, дагы бир орчундуу маселе, ошол эле кыргыз тилин кыйын билем дегендердин, котормочулардын ортосунда талаш көп, биринин айтканын экинчиси жактырбайт дегендей. Терминдер боюнча комиссиянын ишин кайрадан жөнгө коюу маселеси да азыр күн тартибинде болуп турат. Аткара турган иш көп, андыктан, жабыла аракет кылалы.

Эльбек БАЗАРОВ: –  Коркпой-үркпөй эле, тил маселесин көтөрүүдѳ неге чечкиндүү боло албайсыздар? Башка улуттар капа болот деп дагы 50 жыл күтөлүбү! Кыргызстандын негизги, түпкү тамыры кыргыздар болгондон кийин башка улуттардын баары жашап жаткан жериндеги кыргыз тилин сыйлаш керек да. Эгерде менин тилимде, ырдап, сүйлөп жатса, кантип сыйлабайлы ал улутту.

Эмилбек КАПТАГАЕВ: – Башка улуттар кыргыздарды сыйлаш үчүн адегенде кыргыздар өздѳрүн өздѳрү сыйлаганды үйрөнгөнү абзел го. Кыргыз тилин эмдигиче силер айткандай  “босогодо кармап” келгендер башка улуттун өкулдөрү эмес, өзүбүздүн эле кыргыздар.  “Даяр эмеспиз”, “шарт жок” деген сыяктуу дүжүр шылтоолорго жамынып отурушат азыр деле…

Мирлан МАЗЕКОВ, Түштүк Корея, Сеул шаары: – Жакында эле Билим берүү жана илим министирлигинин жалпы республикалык тестирлөөгө өзбек тилин да кошуусу бир топ талаш-тартышты жаратты коомчулукта. Мен да “Кыргыз көчү” тобуна суроо салып, сиз да талкууга ой-пикир кошконуңузду билем. Тилекке каршы, ал жерден аргументтүү эч кандай жыйынтык сөз чыккан жок. Ошондуктан, коомчулуктагы эки анжы ойго так аргументтер менен жооп берип коюңузду өтүнөм: бүгүнкү жалпы республикалык тестирлөөгө өзбек тилин кошуунун канчалык зарылдыгы бар?

Эмилбек КАПТАГАЕВ: – Кыргыз мамлекети башка мамлекеттер сыяктуу эле бир топ Эл аралык келишимдерге кол койгон, алардын ичинде улуттук азчылыктардын укуктарын камсыз кылуу боюнча да документтер бар. Азыркы эл аралык коомчулукта бул маселелер бир топ эле катуу каралат. Мына ошол докменттерге ылайык жамаатташып жашап келаткан ар бир этникалык топ өз эне тилинде билим алуу укугуна ээ. Бул жагдайды туура эмес деп айтууга эч кандай негиз жок. Башка мамлекеттерде, мисалы Өзбекстан, Тажикстан жана Кытайда жашап жаткан кыргыздар да ошондой укуктардан пайдаланып жатышат. Кыргыз тилинде мектептерди ачып, балдарын окутуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Ал эми биздеги өзбек тилдүү мектептин саны жүздөн ашуун, бир нече жүз миң бала окуйт. Он бир жыл өзбек тилинде окуп билим алган окуучуну кыргыз тилинде же орус тилинде тест тапшыр деп зордоонун өзү туура эмес. Мындай позиция этникалык жактан басмырлоо, алардын укугун чектөө катары каралат.

Эрик РАСТ,  Австралия, Том-Прайс шаары: – Мен Канаданын жаранымын. Жубайым кыргыздын кызы жана ѳзүм Кыргызстанда 3 жыл иштегем. Ошондон бери Кыргызстанды жактырып, сүйүп келем. Өзгөчө, айтып түгөткүс кооз тоолоруңар, жаратылышыңар бар. Мен ал жакка барганда, кыргыз тили экинчи орунда экенин байкагам. Сизге суроом: кыргыз тилин өнүктүрүүгө жана кеңири колдонууга эмне тоскоолдук кылууда?

Эмилбек КАПТАГАЕВ: – Ыракмат Эрик мырза, кыргыздар үчүн күйүп жатканыңызга. Кыргыз тилинин азыркы абалы боюнча мен жогоруда айттым, менин жеке ойумда, улуттук элита орус тилдүү болуп жатканы абдан эле кедергисин тийгизип жатат. Алар өздөрүнүн ыңгайына жараша 2003-жылы орус тилин расмий деп киргизип алышты, азыр деле өздөрүнүн ыңгайына жараша баардык ишти орус тилинде аткарып жатышат. Мындан эки жыл мурда Кыргызстан элинин Ассамблеясынын курултайында Роза Исаковна айтты эле, «тил маселесин чечүүнүн башкы жолу мектепке чейинки тарбия жана баштапкы билим берүу кыргыз тилинде болушу керек» деп. Абдан туура ой.  Бирок, ошондогу мамлекет башчысынын мындай демилгеси коомчулук тарабынан таптакыр колдоого алынган жок. Кичинесинде кыргыз тилинде тарбия көрбөгөн бала чоңойгондо жеткиликтүу үйрөнүп кете албайт, ага ѳз тили чоочун тил болуп калат. Ушул сыяктуу эле, кичинесинде кыргызча тил үйрѳнгѳн башка улуттун балдарына да кыргыз тили өз эне тилиндей эле болуп калат. Мисалы, Александр Костюк менен Юрий Бобковду карагылачы, кыргыздардан таза сүйлөшөт.

Чынара САРБАГЫШОВА, Бишкек: – Эмилбек ага, борборубуздагы орус тилдүү мектептерге кыргыз тил сабагы киргизилген. Бул жөн гана “киргизилген”.  Ал эми ошол сабак мектептерде  жеткиликтүү окутулуп жатабы? 11 жыл окуган окуучулардын канча пайызы кыргызча үйрөндү? Мына ушуларды мамлекет текшерип-тескегенге чамасы жетип жатабы? Орус тилдүү мектептердеги кыргыз тил сабагынын акыбалына кызыккан эч ким жок. Кандай жол менен кыргыз тилин натыйжалуу кыла алабыз?

Эмилбек КАПТАГАЕВ: –  Туура, орус тилдүү мектептерде кыргыз тилин окутуунун натыйжасы дээрлик жокко эсе. Канча жылдан бери окуп келе жатышат, канча муун орус тилдүү балдар мектепти бүтүштү, андан кийин жогорку окуу жайларында билим алышты, ал жакта дагы кыргыз тилин окуп зачет, экзамен тапшырышты, бирок кыргыз тилинде сүйлөп кетишкен жок. Мен башканы коюп өз башымдан өтүп жаткан эле окуялардан айтайын. Неберелерим кичинесинде үйдө татынакай эле кыргызча сүйлөп тилдери чыгышкан. Бала бакчага бара баштагандан баштап орусча сүйлөй башташты, анан мектепте окуп калышты, азыр зордоп да кыргызча сүйлөтө албай калдык. Биз үйдө толук эле кыргызча сүйлөшөбүз, а неберелерге кыргызча, айтсаң сага орусча жооп беришет. Бул – турмуш чындыгы. Мен өзүмдүн уулумду, эки кызымды кыргыз мектепте окуттум. Ал эми неберелер башка экен, алардын өз ата-энеси бар дегендей. Мындай көрүнүш ар бир үй-бүлөдө бар. Бул жерде бир топ катышуучулар туура айтып жатышат. Муктаждык болмоюнча, коомдогу башкы маселелер кыргыз тилинде чечиле баштамайынча абал таптакыр өзгөрбөйт. Башкысы, бала бакчада жана баштапкы билим берүүдө биз толугу менен кыргыз тилине өтүүбүз зарыл. Менимче, кыргыз тил сабактарынын натыйжалуулугу башкы маселе эмес. Канткенде Кыргыз мамлекетинде кыргыз тилине МУКТАЖДЫК жаралат, канткенде аны билүү ар бир жаранга ЗАРЫЛ болуп калат деген маселени ойлонуп чечүүбүз керек.

Жаныбек ЖАНЫЗАК, Бишкек: – Эмике, орто мектептин окуулуктары жөнүндө: 1.Тендер деген шылтоо менен кайсы бир сабактын окуу китеби кайсы бир басмага чегерилет. Сунуш: Кайсы бир предмет боюнча тандалып алынган окуу китебин Билим берүү министрлиги сатып алышы керек да, ким каалаган басмага ЭРКИН чыгара берүүгө ортого ташташы керек. Ошондо жер-жерлердеги басмалар, мисалы, Оштогу, Жалал-Абаддагы, Нарындагы, Баткендеги… басмачылар өз аймагына жетиштүү санда китептерди басып чыгара берсин дегенибиз туура болот беле же кандай?

2. Азыр мектептерде китепканалар окуулуктарды 25 сомдон арендага беришет экен. Ошо китепти кеминде 5 жыл айлантышат. Натыйжада 125 сомго чыгат! Бирок… Тарых 5 жылда үч томкорулуп кетип жатат. Эскирет. Анан калса, чет тили, орус тили, кыргыз тили деген китептердеги көп чекит коюлган суроолорду биринчи алган окуучу ошол эле жылы толтуруп салат. Сунуш: Ар бир окуулук бир жылдык мөөнөткө, бир жолу пайдалангыдай чыгарылышы керек.

Бир жылдык программаны камтыган окуулукту мен, мисалы, 25 сомдон чыгарып бермекмин. Китепти окуучу чийип, тытып, бүктөп, белгилеп окушу керек, антпесе болобу?!

Эмилбек КАПТАГАЕВ, –  “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дегендей, баардыгы барып эле акча-каражатына такалат. Азыр мектептерде окуу китептери менен камсыз болуу 70% дан ашпайт, акыбал оор эле. Айла жок жанагыдай “аренда” дегенди киргизип, эскисин жаңысына жармачтап окутууга туура келип жатат. Бул жагдайды да туура түшүнүү керек деп ойлойм. Балким сунуш туурадыр, арзан гезиттик кагазга эле бастырып, аны бир жылдан кийин чогултуп алып кайра иштетип салуу туура эле болот. Бул сунуштарды атайын эсеп-кысабы менен даярдап, атайын эле талкуу кылуу керек деп ойлойм. Балким адегенде атайын “Тегерек үстөл” уюштуруу керектир, бардык кызыкдар жактарды чакырып. Сунуштарды атайын кат жана анын тиркемелери катары дайындап бере алсаңыз, мен Билим берүү министрлигине табыштап, алардын да жүйөөсүн алайын. Анан чогуу-чаран дагы бир ойго, сунушка, пикирге келет болушубуз керек дейм. Маселе абдан эле орчундуу, абдан эле оор.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, Финляндия, Келсинки шаары: –   Эмилбек мырза, Бишкек шаарында бүтүндөй кыргыз аймагына маалымат жеткирип, кыргыз тилинде кабар таркатып турган көзгө басаар бир эле китеп-гезит базары бар. Билсеңиз керек? Бөкөмбаев көчөсү менен Үсөмбаев көчөсүнүн кесилишинде.  Ушул базар азыр жабылуу коркунучуна кабылып турат деген маалымат бар.  Ушуга жакшынакай жай таап куруп бесе жарашат беле дейм. Бир кезде Кулов мэр болуп турганда кыргыз сүрөтчүлөрүнүнүн багын ачып койду эле. Ошол «Сүрөт Галерея» азыр да турбайбы чок борбордо. Чымыны бар, чыгармачыл адамдардын сыймыгы болуп. Дал ошондой кылып, ылайыктап жер бөлүп берип, кыргыз китеп-гезит базарын сөзсүз куруп коюш керек го? Тил маселесин «айтып-деп», какшап эле жатабыз, а бул көйгөйдүн башы да ушул жерге барып такалып жатпайбы! Бул маселеге көңүлүңүздү жакшылап буруп, ал эмес өзүңүз баштап киришип, аягына чыгарганга аракет кылат деп терең ишенебиз!

Эмилбек КАПТАГАЕВ: – Асыран мырза, чынында эле Кыргызстанда кыргыз китептерин басып чыгуу, аларды таркатуу, сатуу жагы абдан эле начар абалда. Азыр басмадан чыккан китептердин нускасы өтө эле аз, миң же эки миң нуска менен араң басылар, анда дагы авторлордун эле каражатына. Дүйнөлүк турсун өзүбүздүн кыргыз адабиятынын классиктеринин китептери жок, басылбайт. Мен “Кыргыз Китеп” борборунун курулушун колдойм, андай жай сөзсүз болушу керек, ал жер китеп базарынын, гезит базарынын ордосу катары иштеш керек. Бул демилгеге мен да кошулам, бирге аракет кылалы.

Тынчтыкбек БЕКТАШ уулу, Кытайдын Ички Монголия автоном аймагынан: – Сизден төмөнкү суроолорума жооп алгым келет: 1. КМШ, Кытай ж.б. социалисттик түзүмдү баштан кечирген өлкөлөрдө жарандын улуту анын этностук өзгөчөлүгүнө жараша аныкталат. Ал эми Жапония, Түркия ж.б. өнүккөн өлкөлөрдө өзүңүз билгендей жагдай башкача. Мисалы: Түркиянын жараны (башка улуттан болсо да) сөзсүз түрдө түрк деп жазылат паспортуна. Сиз бул жагдайлардын кайсынысын туура деп ойлойсуз, жана эмнеге? 2. Жаңылышпасам, тээ 2005-2006-жылдар болуш керек, сиз улутчул маанайдагы партия түптөгөн элеңиз. Ошол сиз жетектеген партия бүгүнкү күндө кандай иштерди аткарып жатат? Кененирээк токтолуп өтө аласызбы?

Эмилбек КАПТАГАЕВ: – 1. «Кыргыз жараны» деп эле жазылса туура болмок. Ар кимдин улутун жаза берип чет жактагылардын да башын айлантып жатабыз. Кыргызстандан орус же өзбек башка жакка чыкса, аларды кыргыз жараны катары карабай, ошол эле Орусия, Ѳзбекстан менен байланыштырып жатышпайбы.  2. Ооба, “УЛУУ БИРИМДИК” улутчул-демократиялык партиясын 2005-жылы түзгөнбүз, максатыбыз кыргыз элин улут катары сактап калууга, анын өнүгүшүнө өбөлгө түзүү болчу. Азыр деле бар партия, клубдук мүнөзгө ээ. Жакында эле ижарабызды жаап коюуга мажбур болдук, азырынча анча акча-каражат коротуп имарат кармаштын кажети жок болуп турат. Бирок, партиялаштар жолугуп турабыз, эл ичинде үгүт-насыят иштерин жүргүзө берели деп чечкенбиз. Ал эми акыркы үч жылдагы Кыргызстандагы мекенчилдерди, улутчулдарды жыйып, башын кошуп бирдиктүү саясый күчкө айлантуу аракетибиз да натыйжа берген жок. Майда-чүйдө, кайдагы бир алтынчы же жетинчи иреттеги маселелер менен ажырым чыгып, ар кимиси ар кайсы жакты карайт. 2010-жылы улутчулдар биригип Кыргызстандын Конституциясынын алтернативдүү вариантын алып чыгалы деген сунушум да колдоо тапкан жок. 2005-жылкы Конституциялык реформада сунуш кылынган 16 варианттын бири биздин партияныкы болучу. Бул эми тарых.

Айжаркын ЭРГЕШОВА, Бишкек: – Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Чолпонбек Абыкеевдин бир жыйналышта “Өз жерибизде, өз элибизде туруп өз тилибизди коргойбуз деп кыйналган шордуу эл экенбиз. Качан өз жеринде туруп өз тилин коргочу эле” деген маанидеги сөзүн укканда, “Ким күнөөлүү?” деген суроо дилиме келди эле. Албетте кыргыз болуп туруп кыргызча сүйлөгөн кыргыздын ар бир уул-кызы, анын ичинде Сиздей эл башчылары күнөөлүү да,  туурабы? Менин сизди душман катары көрөйүн деген оюм жок, бирок эл башы болуп сиз, кыргыз уул-кызы болуп биз коргой албасак, сырттан сиз айткан самолет менен келчү душманды күтүүнүн кажети жокко дейм. Сиз кыргыз тилине кандай салым коштуңуз, эмне жумуш жасадыңыз, патриот катары сизден күткөн үмүттөрдү актадым деп ойлойсузбу деген эле суроо болчу. Сиз кайсы топтосуз, өз жеринде туруп өз тилин коргой албагандардын катарындабы, жатып-ичер эл башыларынынбы, же сен мага тийбе, мен сага тийбейм деген мителердинби, же кыргыз үмүтүн актаган патриоттордун катарындасызбы?

Эмилбек КАПТАГАЕВ: –  Айжаркын, чынын айтсам мен да билбей турам, кайсы топко барып кошуларымды. Абыкеев агайың туура айтат. Мен деле көп жерде айтып жүрөм «кыргыздар Кыргызстанда улуттук азчылыктын ролунда» деп. Бул ачуу чындык. Анткени кыргыздар көтөрүп чече албай жүргөн маселелер (тил, маданият, китеп, мектеп…) башка мамлекеттерде ошол азчылыктар көтөрүүчү маселелер. Биз болсо мамлекеттин ээсибиз, буларды айтып көз жашылап отурбай эле чечип салуу керек эле. Бирок! Мына ошол БИРОК бардык нерсени чечет экен. Бул тууралуу буга чейинки талкууда айттым. Мен деле, Кудай мага ыроолоп берген коомдогу ордумдан пайдаланып далай эле маселени чечүүгө аракет кылып келе жатам, «өтөөсүнө чыктым» деп айта албайм… Бардыгына мезгил гана тараза болот го… Азыр болсо, колдо каруу, көкүрөктө дем барда күрөшө берели, башка айла жок!

Калмамат ТУРДУБАЕВ, Өзгөн шаары: – Эмилбек Саламатович, мамлекетибиз ушинтип кыйын абалда отура береби, ушул абалга келишине күнөөлүү адамдар жазаланат деп ойлойсузбу? Качан биз да эл катары жашайбыз? Кыргыз Мамлекетинин кыйын абалга туш келгенине өзүңүздү да күнөөлүү деп эсептейсизби?

Эмилбек КАПТАГАЕВ: – Мамлекеттин ушундай акыбалда турганына баардыгыбыздын, анын ичинде сиздин да күнөө бар, бул чындык. Убагында ошол эле Акаевди колдодук шатырата кол чаап, ал киши жакшы иштерди да аткарды, бирок акыры напсиге алдырып жиберди. Ошондой эле Бакиевди да колдодук, кыянаттык иштерди жасап жатканын көрүп турсак да унчукпадык, макул болдук. Башкасын айтпаганда да Медет Садыркуловду өлтүрүп сөөгүн өрттөп жибергенде да эл козголгон жок, дым дебеди. Мына ошондон кийин алар күчөдү, кыргыз элин “кулагын кескен кул кылып” алууну ойлоп калышты. Аягы эмне болду. Акаев менен Бакиевдин эл алдында, мамлекет алдында кылган эң чоң күнөөсү – мамлекеттин кутун качырышты, элдин үмүтүн үзүштү, элдин мамлекетке болгон, мамлекеттик бийликке болгон ишенимин жок кылышты. Алардын бул күнөөсүнүн алдында жеп-ичип, уурдап-тоноп кеткендери шоона эшпей калат. Байлык табылат, акча табылат, бирок жоголгон ишеним оңой менен кайра келбейт экен. Азыркы бийликтин да, мындан кийин келе турган бийликтин да башкы милдети ошол ИШЕНИМДИ жаратуу болушу керек. Азыр элдин пейили бузулуп турганы да ошол ИШЕНИМДИН жоктугунан. Эч ким эч кимге ишенбейт. Пейил оңолбосо, заман да оңолбойт. Бул илгертеден айтылып келе жаткан сөз. 

One thought on “Башкалар кыргыздарды сыйлаш үчүн, адегенде ѳзүбүздү сыйлап үйрѳнѳлү

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *