Ош-Бишкек жолундагы асканын сыры

Айнагүл ТѲЛѲГѲНОВА, 66 жашта, Жайыл району, Сары-Булак айылы

Жайыл районуна караштуу Сары-Булак  айылынын Узун-Булак жайлоосу Ош-Бишкек жолунун күн батыш тарабында. Уулдарымдын бири Шерик менчик малын апрель-май айларында жайлоого кѳчүрүп калды.

«Жердин кѳркү эл менен, жайлоонун кѳркү мал менен» дегендей, мен да ал жактан эс алып келүү үчүн үйдѳн чыктым. Ош жолу менен жүрүп жаткан машиналар чабалекейдей каттайт. Бирок мен эч бирѳѳсүн кол кѳтѳрүп тоспой, жаратылыштын кооздугуна суктанып жѳѳ басып кете бердим. Узун-Булактын кайрылуусуна жеткенде «Узун-Булак» деген кафени кѳрдүм. Кѳрсѳ аны биздин айылдын кулуну Болот Мүсүркулов ачкан экен.  Айылдаш болгондон кийин куттук айтып кирип калдым. Ѳткѳн-кеткендер бул жерден даам сызып, эс лып, намаз окуп ниет менен кайрылгандар да бар экен. Бул жерге орун алып калгандарына 4-5 жыл болуп калганын айтты Болоттун келинчеги Нуриза. Анан ал сѳз баштап тѳмѳнкүлѳрдү айтты:

– Бул жердин касиети бар экенине абдан ишенип, ынанып калдым. Себеби, ѳзүм жана  уулум кѳп ооруп калчубуз. УЗИге түшсѳм жүрѳгүң олкуп-толкуп турат экен, так да бар дешкен. Бул жерге келгени жүрѳк оорум жеңилдеди. Эч бир дары ичкен эмесмин. Болгону таза аба, шаркыраган суу, келген элдер менен маектешүү эле акыбалымды жакшыртып койду. Ал эми маңдайкы асканын бетинде эки таш үңкүр бар экен. Келгендердин айрымдары айтышты, бул таш үңкүргѳ илгери ата-бабаларыбыз жол жүрүп баратып токтоп, эс алышчу экен. Биздин жолоочулар ал жерге атайы барып, куран окутушат. Бир күнү Ош жактан келе жаткан бир келин мага айтып калды, «Нуриза эже, сизге чоң рахмат, ушул таш аскага сиз айткандан кийин жол жүргѳн сайын кайрылып, ниет менен балалуу болсом деп эңсеп, тилек кылчумун. Кудайга шүгүр, быйыл эркек балалуу болдум» деди.

Нуризадан жогорудагы сѳздѳрдү угуп, менин да таш аскага кызыгуум артты. Ал жакка бараарымды айтсам, «Ой апа, сиз чыга албайсыз» деди ал. Атайы жол басып келгенден кийин ниетимди коюп, ал жакка барып чыга баштадым. Шагыл таштар  менен биринчи үңкүргѳ чыгып, экинчисине да чѳп-чарларды кармалап атып чыгып бардым. Аскада бирине-бири кудум эле үйдүн чатырына окшоп кошулган жерлерден бири-бирине урунган, себеленген тамчылар кошулуп, кѳз жаштай болуп шорголоп агып турат. Муну кѳрүп, «бул жерге кѳз оору же бир нерсеге муктаж адам ниетин коюп келсе ойлогон ою кабыл болот экен го» деп ойлодум. Анан Суусамыр-Талас жолуна илгери ат менен каттап ушул жерге түнѳп кетип турган чоң аталарыбызга багыштап куран окудум да, бир литр суу тосуп алып, үйдү кѳздѳй жѳнѳдүм. Менин да Кудайдан сураган тилегим ошол түнү аян болуп түшүмдѳ берилген. Анан эң кичүү уулум «үңкүр да болсо үйүм бар» дегендей үйлүү жана машинелүү болду. Жаратканыма ыраазымын. Айтаарым, эл-журтубуз аман, асманыбыз ачык, ааламда тынчтык болуп, уул-кыздарыбыз, келиндерибиз  акыл-эстүү, ыймандуу болушсун. Баарыңарга ден соолук каалайм, маңдайыңарда жылдыз жанып турсун!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *