Куданыкы кудайдан деп коюп карызга батып жатышат…

Суранчы ДҮЙШѲНБАЕВ, журналист, Талас шаары

Элибиздеги айрым бир аша чаап кеткен кѳрүнүштѳр  тууралуу сѳз козгоп, муну менен бул макаламда жаңы бир саамалык баштайын деген деле оюм жок. Булар тууралуу далай жолу айтылган жана айтыла берери анык. Кептин баары, каада-салт деп шылтоолоп, ар ким ѳз билгенин жасап жаткандыгына күйүп, арыдан-бери бололу, дурустарын сактап, буруштарынан акырындык менен арылалы деген тилекти билдиргим келет.

Акыркы жылдары бизде байлыгын батыра албаган кээ бир билермандар бѳйрѳктѳн шыйрак чыгарып, ѳзүлѳрүн даңазалоо үчүн алгылыксыз алымча-кошумчаларды киргизе коюшуп, ансыз да азыркы базар экономикасынын тушунда кыйналып-кысталып жашашкан карапайым калкты ашыкча чыгымдарга түртүшүп, убалына калышууда.

Бул жалган дүйнѳдѳ жамандык менен жакшылык дайыма жанаша жүрѳт эмеспи. Ошол үчүн алгачкы кепти жамандыктан баштоону эп кѳрүп турам. Айттырбай келген жамандык «бардын барын, жоктун жонун чыгарам» дейт экен. Анын сыңарындай, каран түн башына түшкѳн адам эмне кыларын билбей алдастап калары чын. Бирок, мал-салы бар, жек-жааты кѳп адамдар мындайда тескерисинче кѳп дүйнѳ топтоп алууга ѳтүштү ал эми колунда жоктор болсо аргасыздан союшка бодо мал алалы дешсе, «баланчанын балдарынын ичинен камчыга саптуу бирѳѳсү жок экен» деген элдин наалат сѳзүнѳн айбыгышат. Ошентип, сѳзгѳ сѳлтүк, кепке кемтик болгулары келбей, карызга батууга туура келет. Үй ээлери антип бар аракетин жасап атканда, кээ бирѳѳлѳр «согуму арык, дасторкону жупуну» деп сынтаккандан кайра тартпай, анан калса бышканын бышкандай кымтып кетчү айылдаштары четтен чыгат.

Мындан бир нече жыл илгери облустун мурдагы казысы Сатылган Бает уулунун учурунда ѳрѳѳнүбүздѳгү молдолор, кадыр-барктуу айыл аксакалдары ѳз ара масилет курушуп, калкыбыз жапырт колдой турган чечимди чыгарышкан эле. Анда, сѳѳк чыккан жерде бир гана мал союу (бодо мал),  жыртыш бербѳѳ, сѳѳктү койгон соң айыл эли тарап, ысык тамак алыстан келген конокторго гана берилери айтылган. Бирок, бул нерселер айрым гана айылдарда иш жүзүнѳ ашкан. Буга Бакай-Ата районундагы Ѳзгѳрүш айыл ѳкмѳтү жакшы мисал боло алат.  Айылда жогорудагы чечим толугу менен ишке ашып, бир калыпка түшүп калган. Ал эми, «Кудай берген кишиге Кудай урган киши теңелет» дегендей, 2-3 жылкы союп, дасторконун дүйүм ашка толтургандарга теңелем деп, кээ бир ала кѳѳдѳн, жылаң ач баатырлар алына карабай тигилерге жетем деп, куру намыстын курмандыгы болушууда. Сѳздүн ток этери, ал байкуш жакынынан айрылып бир кайгырса,  карызынан кутула албай ѳлгѳндүн үстүнѳ кѳмгѳн болуп экинчи жолу дагы бир кутулбас куяга кабылып калып жатпайбы…

Ошондуктан, бай адамдар «атың чыкпаса жер ѳрттѳ» болбой, колундагы байлыгын кѳрсѳткѳндүн ордуна, элден ашпайын да, калбайын деп жогорудагы жүйѳѳлүү чечимге моюн сунушса – карапайым калк кош колдоп колдобойт беле. Ошончо байлыктарын андан кѳрѳ ата-энесинин кѳзү  тирүүсүндѳ бапестеп-сыйлаганга, бей-бечараларга, багар-кѳрѳрү жокторго кайрымдуулук кылып кетирип турса эң сонун болмок. Арийне, алар мындай кайрымдуулук иштерине келгенде укмаксан-кѳрмѳксѳн боло калып кутулуп кетишет.

Эми, кийинки кебибизди жакшылык ѳткѳрүү боюнча айтсак. Мында деле ар кандай тойлорду ѳткѳрүүдѳ кейип-кепчий турган кѳрүнүштѳр болуп келатат. Бир эле келин алуу жагын айтсак, «Куданыкы Кудайдан» деп аша чаап кетип олтуруп, аягында башын мыкчыгандар четтен табылат.

Анан да, кыз жигити менен сүйлѳшүп, ѳз каалоосу менен келген күндѳ да жеңелери чаап ала тургансып «кууп» келип, аларга ага-иниси же эже-сиңдилери кошулуп, кара күчкѳ салып «кызыбызды бергиле» деп чоң чатакты жасалма салгандары жаныңды кашайтат. Күнѳѳкѳр тарап мындайда башын ийип, кечирим сурайт. Ага да болбой алкылдашып, бир топ убакыттан кийин гана «ачуулары»  тарайт. Ошондон соң берки тарап аябай сыйлап, арак куюлуп, аягында жеңелери кызга келгенин деле унутуп коюшат. Кетээринде болсо берилген кийиттерин жактырышпаса нары түртүп, үй ээсин бушайманга салышат. Акыры аларды эптеп жѳнѳтсѳ, келиниңди жуубайсыңбы деп, тамак-арак аңдып,  аласасы барсынган айрым кошуна-колоңдору да болот. Анан келиндин калыңын алып барууга камылга кѳрүлѳт…

Ушул жерден, Манас районунда болгон бир мисалды келтирейин. Бир жигит ата-энесине акылдашпай туруп, мас болуп алып эле жолдош-жоролору мене н үйгѳ келин киргизип калат.  Карбаластап шашып калган ата-энеси эмне кылаарын билбей далбастап, анан колунда жогуна карабай тобокелдикке салып, бир жагынан жек-жааттарына ишенип, бир бай ишкерден чоң суммадагы акчаны үстѳккѳ алат да, отуздан ашуун  туугандарын ээрчитип кудасынын алдына жыгылып барат. Келгенден кийин коңшу-колоңдору аны укмуш барыптыр деп бир-эки ай кеп кылышат. Ошол сѳзгѳ үй ээси кадимкидей маашырланат. Ал эми келинге кошумча кошчулар негедир  кечиге берет. Ошондо оюна той түшѳ калып, карызынан кутулуу үчүн тезирээк той ѳткѳрүүнү кѳздѳп, кайрадан үстѳккѳ акча алат. Бирок, баягы үмүт эткендердин жарымы тойго келбей коёт. Кошумчага тай айткандары  болбогон акча берип, калгандары ар нерсени шылтоолоп, ооздору менен жайгарат. Ошентип, той ээси карыздарынан кутулмак тургай тойго жумшаган чыгымы акталбай банкрот болуп, онтобос ооруга чалдыгат. Анын ортосунда бир топ убакыт ѳтүп кетип, бир күнү үстѳктүн ээси үтүрѳйүп келип, айтылган убакта акчасын бере албаганы үчүн тигини үй-бүлѳсү менен алты бѳлмѳлүү тамынан кууп чыгат.

Мына, куру намыс үчүн чоң той беребиз деп кайгы жеп калган ушундай кѳрүнүштѳр биздин коомдо толуп жатат. Ошондуктан, замандаштар, жамандык-жакшылык ѳткѳрүүдѳ акыл калчап, жети ѳлчѳп бир кескенди унутпай, кѳйгѳйлүү кѳрүнүштѳргѳ кабылбаганга аракет кылалы.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *