Кыргыз эл президенти болуу оңойбу же кыргыз рух президенти болуу оңойбу…

Кенжалы САРЫМСАКОВ,
Кыргыз Республикасынын Аксакалдар Кеңешинин мүчөсү, ардагер журналист

Өткөн жылы 19-майда “Манас жаңырыгы” студиясында суроо-жооп маек учурунда Мухтар  Шаханов: “Алмазбек Атамбаевге “Желтоксон эпопеясы” китебимди эстеликке берип, бетине: Кыргыз Республикасынын президенти болдуң, кыргыз рухунун президенти боло алар бекенсиң, деп жазып койдум” деген сөздү айтты эле.

Бул өзү – мамлекет башчылык канчалык көп кырдуу жоопкерчиликтүү милдет маанисинде айтылган, дайыма эсте тута турган сөз. Буга кошумча дагы бир айтым: “Цивилизациянын чыныгы көрсөткүчү – байлык менен билимдин деңгээли эмес, шаардын чоңдугу эмес, өлкө тарбиялаган адамдын адамдыгы”. Муну айткан – 1800-жылдары жашап өткөн америкалык ойчул, жазуучу Эмерсон Ралф Уолдо. Чечмелеп көрөлү. Америка Кошмо Штаттары дүйнөдөгү эң бай өлкө делип жүрөт. Билимдүүлөр жетишерлик, Нобель сыйлыгына арзыгандардын 60 пайызы америкалыктар. Окуу жайлары күчтүү, шаарлары чоң. Нью-Йоркто чет жакаларын кошуп алганда 20 миллионго жакын эл жашайт, жүздөн ашык көп кабаттуу имараттар асман тирейт. Бириккен  Улуттар Уюмунун кеңсеси жайгашкан шаар. Вашингтон жана башкаларынын баары келишкен керемет ири шаарлар. Ал эми адамдардын адамдыгычы? Башка көптөгөн мисалдарды айтпай эле, мурдагы президенттеринин бири Ричард Никсондун: “Америка курал жагынан күчтүү жана бай, а жан дүйнө жагынан жарды” деп президент башы менен ушинтип айтканы толук жетиштүү.

Ар кошкондон бир кошкон, түпкүрүнөн түптөлгөн каада-салты жок америкалыктардын мурдагы муундагылары улам кийинкилерине күргүштөтө дүнүйө-мүлк калтырып, коом, коомдук мамиле ошол негизде гана бир бүтүн системага айланып, байлыкка байланган эл. 1940-жылы 10 000 миллионер болгон экен. 1980-жылга карата калк эки эсе көбөйүп, миллионерлердин саны 500 миңге жеткен. 1997-жылы эки миллиондон ашкан. Азыр 8 миллион. Ошентип аларда муундан муунга матералдык байлык мурасталып, адамдын адамдыгы кызылдай байлыкка негизделген.

Биз, кыргыздар андай эмеспиз. Нарктуулук, салттуулук тарыхый баалуулуктарыбыз бар. Касиеттүү Манас дүйнөбүз бар. Аалам сырлары менен айкалышкан дүйнө тааным – элибиздеги элдик өзгөчөлүк. “Эң маанилүү асыл мурасты бабаларыбыз укумдан тукумга белек этти. Ал – сууга жуулбас, отко күйбөс, алааматтарда кыйрабас Улуу Сөз сепилдери”. Бул – Сөз атасы академик Түгөлбай Сыдыкбековдун таамай айткандарынын бири. Макал, лакап, накыл сөз, улуу сөз, улама сөз, учкул сөз, эң башкысы, жаттабай жатка айтылып келаткан Манас дастаны, дүйнөдөгү эн байыркы элдердин бири катары бай тарыхыбыз, кыргызды кыргыз бойдон сактап келген нарк-дөөлөттөрүбүз – булардын баары мамлекет башчыга Республикабыздын да президенти, кыргыз элинин жан  дүйнөсүнүн да президенти болууга жетишерлик негиз. Боло алабы, – ал мезгил жана турмуш таразасындагы маселе. “Улуу Сөз сепилдери” урап калган жок. Аны көздүн карегиндей сактоо деген гана тарыхый зарылчылык бар. Сөзү кемиген, сѳздөн алсыраган эл болууга  акыбыз жок. Сөз – ыйык. Ыйыкты ыпыластоого болбойт. Өлкөбүздө, коомдук жашоо турмушубузда бир катар иштерибиз эп келишпей кыйчалыштап аткан болсо, анын башкы себептеринин бири – сѳздүн кутун, кумарын качырып алгандыгыбыз. Ар бир адам сөз аркылуу башкаларга таасир эткиси келет. Ошентип акыл-ой жөндөмдүүлүк (интеллект) өсөт. Адамдагы акыл-ой – тынымсыз агым. Токтоп калса “бүкшүйт”. Изденгендер гана ийгилик жаратат.

“Кыргызстандын идеялык картасы”, “Прогрессивдүү демилгелер фонду”, “Акыл тирек” кароо сынагы, “Ар адамдын ой кубаты күргүштөгөн    агымдагы булактарга окшоп айкалыша өзүнчө бир чоң кубаттуулукка ээ болуп жаратман күчкө айланат” деп Аскар Салымбековдун демилгеси менен башталган иштер буга чейинки коомчулук аракеттерден айырмаланган, өзгөчөлөнгөн, эл арасында изденүүчүлүк дем жаратарлык мааниге ээ болчудай.

Кыргыз элинде муундан муунга мурасталып келаткан улуу нарк-дөөлөттөрдөгү түбөлүктүүлүктөргө негизделген “Мурас” саясый партиясы – өзүнчө кийинчерээк айтылчу сөз.

Эртең Улуу Жеңиш Күнү. Канча заман өтсө да адамзатка согуш деген, фашизм деген эмне экендигин кылымдар бою миң кайталап эскертип турган тарыхый жеңиш  жана ал жеңиштин ардагерлерине түбөлүк таазим!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *