Кубанычбек КАНТѲРѲЕВ, жеке ишкер: «Байлар менен бийликтегилер жеп-ичкенинин 30 пайызын элге берүүсү зарыл»

Эмне үчүн акыркы жылдары митинг  көрүнүшү  адатка айланып, эл бейкапар   жашай албай келет? Коомчулукта дале болсо кыжаалаттык, нааразылык, карама-каршылык кѳп? Албетте мындай суроолорго ар ким  өз алдынча ой жүгүртүп, ар бири өз деӊгээлине жараша жооп берет. Ал эми биздин бүгүнкү маектешибиздин ой-мүдѳѳсү кандай болду экен?

Гезитибиздин мейманы – кыргыз тагдырын ойлогон кѳптѳгѳн карапайым адамдардын бири, балык сатуу менен алектенген  Кубанычбек мырза учурунда кызматтарда иштеп, союз урагандагы жашоо соккусунан улам кѳптүн бири катары базарда олтуруп калгандан кийин психологиялык жактан ѳзгѳрүп, адам жашоосун тереңинен талдап, оор жагдайда калган далай замандаштарына колунан келген жардамдарын тийгизген. Эмесе, кыргыз элинин оңолушу, ѳсүшү үчүн жүрѳгүн толгоп жүргѳн мекенчил инсанга кеп кезегин берели…

Кембагал элдин таарынычы

– Кудай алдында адамдар бийлиги, кызматы жагынан эмес, ыйманы, жандүйнѳсү, аң-сезими жагынан таразаланат. Бирок биз  жогорку кызматтагыларды ѳзгѳчѳ кылып кароого кѳнүп алганбыз. Чындыгында, жогорку кызматта иштеген кишилер – биздей эле кишилер. Кээ бир учурларда карапайым адамдардын ойлогон ойлоруна алардын ойлору салыштырсаң, кызматтагылардыкы ѳтѳ пас болуп калышы толук мүмкүн. Байыркы замандарда хан-бектер, падышалар карапайым даанышмандардан акыл сурашкан. Азыр болсо капчыктуусу, бийликтүүсү баарынан акылдуу, барктуу болуп атпайбы. Адам ѳз жашоосунда баардык нерсеге жооп бере алат, бирок, тагдыр деген сөзгө жооп берүү өтө кыйын. Карап баам салсаң, турмушунда баардык жагынан жетишкен адамдар деле ички дүйнѳсүнүн бѳксѳсүн толтура албай жашап келишет. Бактылуу эле кишилер заматта өтө бактысыз болуп калат. Бар тарабы шайма-шай жашаган адамы деле бир заматта бечарага айланат. Ошондуктан, тагдыр буйругун туюп-билип, ар ким бул жашоодогу ѳз вазыйпасын тапса, текеберчилик, таарыныч, жек кѳрүү сыяктуу сезимдерин жойсо, ѳмүр жашоосу туура жолго түшүп, баскан кадамдары бир кыйла жеңилдемек.

Муну менен мен эмнени айтайын деп турам? Ѳлкѳбүздү кара тумандай каптап турган ЭЛДИН ТААРЫНЫЧЫН айтканы турам. Мисалга салып, ѳз ѳлкѳбүздүн тагдырын бир адамдын тагдыры кылып карагылачы. Эге радам ѳмүр бою кѳкүрѳгүнѳ кайгы-капа, таарыныч сыяктуу сезимдерди катып жашай берсе, анын жашоосу, ал-акыбалы эч качан оңолбойт, жакшы турмушка жете албайт. Ушул кѳрүнүштѳй эле, биздин Кыргыз мамлекетибиз да оор сезимде жашап жатат. Мына, кыргыздын канча эр-азаматы буга чейин элим деп жүрүп күйүп кетти. Алардын ишмердүүлүгүн ѳз  убагында түшүнгѳндѳр болду, түшүнбѳгѳндѳр болду, бут тоскондор, кѳралбагандар, ѳлүмгѳ түрткѳндѳр чыкты. Бейкүнѳѳ ѳлгѳндѳрүн да, ѳлүмгѳ себепчи болгондорун да эл унуткан жок. Ал эми канча алдым-жуттум, ачкѳз жетекчилерди жандай жашап, аларды дале  кѳрүп-билип келатабыз. Азыркы учурда, «ѳлкѳдѳ тынччылык болсун, биз митинг, революциядан тажадык, бийликке убакыт берели, колунан келишинче иштеп жатат» деп канчалык айтпайлы, бирок, кокус борбордук аянтка 20 миӊ киши чогулганын уксак, ошол замат ал жерге кантип жете барганыбызды билбей калабыз. Неге барабыз ал жакка?

Себеби, кѳкүрѳктѳТААРЫНЫЧ бар. Кандай таарыныч?  Ал таарыныч эки жактуу. Биринчиси, карапайым элдин байларга болгон таарынычы. Экинчиси, байлардын элге болгон таарынычы. Бул таарыныч кантип пайда болду? Совет мезгилинде баардык байлык элдики болгон, баары ошону менен жашаган. СССРдин доору бүтүп, ар бир өлкө өз алдынча калгандан кийин 20 адам ээ болгон нерсе бир эле адамга менчикке ѳтүп кеткен. Же болбосо, элдин 10%ына гана союздун байлыгы тийип, калган 90%ы куржалак калышкан. Ал 10 пайыз эл, ошол кездеги завод-фабрика жетекчилери, колхоз-совхоз башкармалары жана башкалар болгон. Мына ошондой жол менен байыган адамдардын эми элге жардам бере турган учуру келди. Эки президентти кетиргенибиз менен элдин жүрѳгүндѳ бук болуп турган  ЭЛДИК ТААРЫНЫЧ таптакыр чыгып кетпесе, биздин жашоо оңолбойт. Андыктан, эл алдында күнѳѳсү барлар кечирим сурагандан, жакшынакай сөз сүйлөгөндөн, жылуу мамиле кылгандан кайра тартпай, ал эми президентибиз баш болуп чындыкты айтып, коомчулукка кайрылып: «Калайык-калк, мен тапкан байлыгымдын 30 пайызын эл-журтума берейин, башкалар да берсин, бийликте олтурганы берсин, байлыкты басып жатканы берсин, кыргыз оңолсун, уурдап жеп-ичүү токтотулсун десе, анда башка чиновниктер да президенттин кадамын улай байлыгынын канча бир пайызын элге бере баштамак. Ѳлкѳнүн жыртык бюджетин улам тытмалап, элди улам эзе бергенден кѳрѳ ушундай чечкиндүүлүккѳ барышса – мына ошондо элдин көкүрөгүндөгү таарыныч жазылмак, өлкөбүздө башкача аура, башкача мамиле орномок. Ошондо ал бай адамдар элдин ыраазычылыгына, колдоосуна ээ болуп, Мустафа Кемалдай  (Ататүрк), Махатма Гандидей болуп ысымдары тарыхта калмак. Элге берген 30% байлыгы  менен өлкөнү тышкы карыздардан бүтүндөй куткарышмак.

Демек, элдин мүлкүнѳн байыгандар элге кайтарым кылып, жардамын тийгизип, таарынычты жоюусу зарыл. Жалпы элдин таарынычы кетип ыраазылыгы болгондо гана чоӊдор алардын колдоосуна ээ боло алышат. Ал эми чѳгүп турган  карапайым калк  эркти сындырбай, кек сактабай жүрѳктү кең кармап, «мен муну айта албайм, жасай албайм, баарыбир эч кандай жыйынтык чыкпайт» дегенден кайтуубуз зарыл. Жүрөктөрүндөгү таарыныч кетсе, эл биригип, бир күч болуп, өсүү жолуна түшөт элек.

Базарда ич кийим сатып калганда…

– Негизи бей-бечарага чын дилиңден жардам берүү үчүн сен да ѳз башыңан бечаралыкты басып ѳтүшүң керек экен. Азыркы бай кишилер бечараларга,  бомждорго жѳн эле  жардам бере койбойт, балдарымдын амандыгы үчүн, ишимдин жүрүшү үчүн деп садага берет. Мен кичинекейимден Усубалиевдин ордуна барам деген ой менен жүрчү элем. Анан союз ураганда райкомдук деңгээлдеги кызматта иштеп жатып эле Казакстанда жерге кездеме жайып ич кийим сатып калгам. Ошондо намыстанып, ички дүйнѳм ооруган. Акыры өзүмдү алдап колго ала баштагам, «эй кыргыз, бул жерде сени ким тааныйт, сенин кыйын экениңди ким билет» деп. Ошентип ѳзүмдү ѳзүм алдаганыма болбой,соода кылып калганыма намыстанып, чачым агарып кеткен. Капчыгымда бир тыйыным жок какшып турса да сатып жаткан нерселеримди саткым келбей, «бу канча тенге?» деп сурашса айтпай койгон учурларым болгон. Ѳзүмө таарындымбы, тагдырымабы, же союздун талкаланып кеткенине таарындымбы, билбейм. Сурап келген адамдарга ошентип баасын айтпай туруп алсам, жанымдагы соода кылган көз айнекчен  жакшынакай казак аял: «Ай, сен кандай кыргызсың өзү, канча турат мунуӊ» деп сурап, менин товарымды сатып берчү. Саткандан кийин акчасын берсе, айла жок  алчумун, албай койсоӊ ачка каласың. Көрсө, анчалык намыстанбай, башка келсе жасай берүү, кыйынчылыкты кѳтѳрѳ билүү зарыл экен.

Казакстанда соода кылган ошондой күндѳрдүн биринде жанымдагы аял сурап калды:

– Сен өзүң ким болуп иштечү элеӊ? – деп.

– Инженер, – дедим.

– Инженер деген эмне, мындай эле кесип да, мен ойлоптурмун сени биринчи секретарь болгон окшойт деп. Кандай адамсың түшүнбөгөн, мындай кыйын күндѳр сенин башыӊа гана түштү деп ойлойсуңбу, же сен эле минтип сатык менен алышып калдым деп жатасыңбы? Бүт СССРдин элинин башына түштү. Сен жөнөкөй эле инженер экенсиң, а мен КазГУда деканмын, жумуштан кийин ушинтип акча табам, – деди.

Анын сѳзүн уккандан кийин кайраттана түшкѳм. Жогоруда айткандай, союзгабы, ѳзүмѳбү же тагдырымабы болгон  ичимдеги белгисиз таарынычты чыгарып салгам. Болбосо, менин да бой көтөргөн, эч кимди өзүмө теӊебеген учурларым болгон. Анан жанагинтип ич кийим сатып калгандан кийин, тагдырдын кыйчалыштыгы сындырып бечара болуп жоктукту көргөндөн кийин өзгөрөт экенсиң.

Казакстанда кыйынчылык күндөрдү өткөрүп жүргөн ошол кездери бир эжеге жолугуп калдым. Анын баласы милициянын лейтенанты экен, 2000 сом пара ала коем деп, 12 жылга кесилип кетиптир. Ал аял «1000 долларым бар, уулумдун соту болсо ушул акчаны берип чыгарат элем, бирок ага чейин акчам калбай калат окшойт, азыр четинен жеп жатам» деди кейип. Анан экөөбүз ал акчаны ортого салып иштеттик. Баласынын соту 3-4 айда болду, ал убакта биз 1000 долларды 70 000 сомго көбөйтүп койгонбуз. Ошентип, 2000 сом пара алган баланын соту болгондо, аны 70 000 сом акча менен чыгардык. Өзүмө болсо эч нерсе калбай калды,  ушинтип жан багып жүрүп деле көптөгөн адамдарга жардам берчүмүн. Азыр болсо ѳзүмдүн жүргүзгѳн чакан ишкерлигимде акчага аябай муктаж болгон айылдык балдарды  алам. Соодасын жакшы кыла албай чүнчүгѳн балдардын сатыктан түшкѳн акчаларын кайра  өздөрүнө берем. Себеби, үмүттѳрү ѳчпѳй, кийинкисинде дагы жакшы аракет кылып акча табышсын деп мүмкүнчүлүк түзѳм.

Таба кылба, тобо кыл

Өзүмдүн айылымда мен туулгандан бери эле суу чыкчу эмес. Бирок, кичи ата журтуңду, ата конушуңду  ал кандай болсо да таштап кете албайсың. Суу чыкпай калмак түгүл башка болсо да жашай бересиң. Суу жоктугунун айынан ал жерге эгин тиккенге да болчу эмес. Анан колунан иш келбеген адамдар бекерчиликте калып, ичкиликке бериле баштачу. Кийин аларды көрүп, жакшы жакка түшсүн деп, айылга суу чыгарып бергем. Бирок, пендечилик да, элдердин ырахмат айтканы болгондой эле, кээ бир адамдар: «Бул жакшы эле бала болчу, бир нерсе болгон окшойт, эмнеге эле акчасын чачып жатат» деп ой жоругандары да болду. Албетте, минтип ой жоругандарды, жакшылыгыңа терс мамиле кылгандарды да кѳтѳрѳ билиш керек. Эң негизгиси, сенин жасаганың  жүрѳктѳн жана Кудай алдында эл үчүн жасалса болду.

Студенттик кездин сабагы

Студент кезимде СССРдин биринчи секретары Брежневдин көзү өтүп, аны акыркы сапарына узатууну телевизордон баарыбыз көрүп, мен болсо «атабыз өлдү» деп кайгырып жатып сабагыма кечигип калыптырмын. Сабактын жарымынан кирсем, мугалим:

– Кайда жүрдүӊ?!–деди.

– Брежневди акыркы сапарына узаттык, – десем:

– Бар, ошол Брежневиӊди узатып жүрө бер, – деп лекцияга киргизбей кууп ийди.

Ошондо аябай таӊ калып, биринчи жолу Брежневден коркпогон адамды жолуктургам. «Брежневден да коркпосо, абдан күчтүү адам экен» деп ойлоп койгом. Көрсө, адам ѳлгѳндѳн кийин пенделер андан коркпой, мамилеси ѳзгѳрѳ түшѳт экен.

Ошентип, ал күнү кечиккеним үчүн агайым мени бир да лекциясына киргизбей койду. Экзамен убагы келгиче баары бир киргизбешин түшүнгѳндѳ, ѳз алдымча анын сабактарына даярдана бердим. Себеби, экзаменден өтпөй калсам, окуудан чыгарылмакмын, ал убак ошондой эле. Анан, экзамен учурунда гана келдим агайыма. Кирдим да, суроолордун баарына жооп бердим. «Азаматсың, лекциядагыдан да мыкты түшүнгөн турбайсыӊбы» деп, «5» коюп берди. Ошондо мен бирөөдөн коркууну, бир аз болсо да ийилүүнү үйрөнгөм. Агайыма эрегишпей, кайра тырышып окуп, ѳзүмдүн эркимди сынадым. Жакында эле ал агайымды жолуктурдум, карып калыптыр. Экөөбүз сүйлөшкөндөн кийин менин кайсы студент экенимди эстеди. «Агай, ошондо жакшы кылыпсыз» деп күлдүм. Анан ага визиткамды берип, жардам болсо сураңыз дедим. Бир күнү агай чалды, көмүр алууга машина керек болуп жатат деп. Машинесинин жол киресин да, көмүрүнүн акчасын да тѳлѳп берип, агайды үйүнѳ жөнөткѳм.

Кыргызмын дегенден уялчу элек…

– Бизди кичинекейибизден өтө интернационал кылып тарбиялашкан, тагдырыбыз ошондой экен. Ал мезгилде кыргыз болбой коюу өзүнчө сыймык болчу. Кээ бир убактарда  кыргызмын деп айткандан уялчубуз. Кыргыз дегенде малчыны, койчуну гана элестетишип, кыргызча сүйлөбөй, кыргызча билбей калуу өтө маданияттуулуктун, билимдүүлүктүн белгиси болуп саналчу. Орусча билбеген айылдык кыргыздарды шаардык кыргыздар «колхоз» деп аташып, өздөрүн ѳзгѳчѳ сезишчү. Алардан бир нерсени сурагандан тартынчубуз. Бизден орустар жийиркенбей, алар жийиркенишчү.  Ал эми орус улутундагы шаар жашоочулары бизди угушуп, түшүнүп, орусча үйрөткөнгө аракет жасашчу. Бирок, бала кезимден кыргыз элинин түпкүлүгү  башкача экенин ички туюм менен билчүмүн. Ар бир макалыбызды эле алып карайлы, өтө чоӊ философия, чоң идеология жатат. Бир макалды 10 жашыңда башкача, 20 жашта башкача, 30 жашта башкача, 50 жашта башкача түшүнөсүң. Жалпы эл ошол макалдар менен эле тарбиялансак болот эле…

«Карынын кебин капка сал» деп эмне үчүн айтылган? Байыркы убакта элибиздин акылман карыялары  жалпы журтту адилеттүү башкарып коюшчу. Даанышман карыя аксакалдын астында хан да, бий да өйдө сүйлөгѳн эмес. Алар менен акылдашып, кеп-кеңешин угуп, туура кадамдарды жасашкан.  Ошол система катуу иштеген. Азыр болсо, акмак болсо да  байлыгы-бийлиги бардын сѳзү ѳѳдѳ болуп жатпайбы. Бирок, буюрса, кыргыздар ѳз системасына кайра түшөт, өнүгөт деп бекем ишенем.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *