Аскат БУКАБАЕВ: «Фирма ачып, жаштарга жумуш берсем дейм»

Азыркы учурда биз өлкөбүздүн келечеги аталган жаштарбыз. Туура, келечек биздин колубузда. Бирок, бизди өкүндүрө турган нерселер көп. Арабызда өлкөнүн келечеги үчүн жан дилинен күйгөн жаштар, ошол эле учурда кайдыгер караган жаштар да көп. Мисалы, ичимдик ичип, колунан келсе да жумуш жасабай, көчө таптап убактысын текке кетирген жаштарыбыз арбын. Бул албетте өкүнүчтүү, ошол эле учурда бизди кубандырган нерсе, мүмкүнчүлүгү чектелсе да, күн сайын ооруп, кыйналып, каалаган жерине басып бара албай, каалаган нерсесин жасай албай жатып да жашоо үчүн күрөшүп, келечектен үмүт үзбөй жөн адамдын колунан келбеген иштерди жасап жүрүшөт. Ушундай жаштарыбыздын бири – Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын 24 жаштагы тургуну – Аскат Букабаев. Ал гемофилия деп аталган кан оорусу менен ооруйт. 11 жыл бою майыптардын арабасында күн кечирип, эки жылдан бери балдакка сүйѳнүп басууга далалаттанууда. Ушундай акыбалына карабай, кол өнөрчүлүктү өзүнүн аракети менен үйрөнүп, жакындарына кубаныч тартуулап келет.

Бул оорунун айынан 1994-жылы туулган айылымдан Бишкек шаарына үй-бүлөбѳз менен көчүп келгенбиз. Себеби, ал мезгилде Ысык-Көлдө бул ооруну даарылай турган оорукана жок эле. 18 жашка толгондон кийин чоӊ адамдардын гемофилиясы бөлүмүнө которулгам. Азыркы учурда ошол бөлүмдө дарыланып келем. Башымдан көптөгөн дарыланууларды өткөрдүм, Фергана шаарында, Кыргызстандын дээрлик баардык жерине ар кандай хирургдарга, кыргызчылык менен дарылайбыз деген жерлерге да баргам, бирок жыйынтыгы жок. Акчамдын жоктугуна байланыштуу 2011-жылы кышында сыналгыга да чыккам, 2-3 ай күтүп, банк менен байланышсак, 2000 сом чогулду дешти. Анан мен үмүтүмдү үзүп, анда кереги жок дегем. Жазында бир эже чалып, мени менен кезигишип, «менин иним да бул оору менен ооруйт, уруксат берсеӊ сени да Кореяга алып кетейин, операция жасатам деп сөз бере албайм, бирок жардам берем» деди. Сеулга бардык, 2 айдай жүрдүм. Ал жерде баардык нерсе абдан кымбат экен, батирге айына 500 доллар, күнүмдүк тамакка эле 100 доллар кетет экен, мунун баарын эже төлөп жатты. Мени текшерүүдөн өткөрүшкөндөн кийин операцияны бекер жасап беребиз, бирок капчыгыӊарда 150 000 доллар болуусу зарыл, анткени, операция туура эмес өтүп калса, ал акчаны алып дагы кайра жасайбыз дешти. Бизде андай акча жок болгондуктан, кайра кайтып келгенге туура келди. Россияда бул операцияны 50 000 долларга жасашат экен, ага барууга да акча жок. Менин сол бутума томук салса эле басам. Бирок, дарыма 30 000 доллар, операцияга 50 000 доллар кетет экен.

– Качантан бери бул оору менен ооруйсуз?

– Мага 11 ай кезимде эле гемофилия диагнозун коюшкан. Гемофилия – бул укумдан-тукумга улануучу кан оорусу. Негизи кандын курамындагы VIII жана IX факторлору бар, ал канды токтотконго жардам берет. Оорулуу адамдын канынын курамында бул  факторлор аз болот. Гемофилиянын 2 түрү бар: А жана В. A бѳлүгү менен ооруган адамдардын канынын курамында VIII, В түрү менен ооруган адамда IX фактору аз болот. Оорунун эки бѳлүгүнүн кѳйгѳйлѳрү окшош эле. Менин оорум А стадиясы. Эгер бир жеримди кесип алсам каны токтобойт, кичине урунуп алсам, ал жерим шишип  кетет. Ичтен кан жүрүп, температура кѳтѳрүлүп, 3-4 күн тура албай жатып каласың.  Кѳбүнчѳ муундар ооруйт:  тизе, чыканак, жамбаш, согончок жана башка жерлер. Кичинекейимде басып-чуркап жүрүп эле 11 жашка келгенимде бактан кулап түшүп, ошондон кийин баспай калгам . 11 жыл майыптардын арабасында олтурдум. Бул оорунун айынан ай сайын, кээде жума сайын ооруканага жатабыз, атайын гемофилияга сайыла турган ийне бар, аны биз күн сайын алышыбыз керек. Муну мамлекет тарабынан камсыз кылышат, бирок, биз аны күн сайын эмес, ай сайын да албай калабыз. Себеби, баасы  аябай кымбат болгондуктан, мамлекет алып бере албай жатабыз дешет.  Бутум баспай калгандан кийин үйдө олтуруп, ар кимди күтө берчүмүн. Качан мени көргөнү келет, качан мени сейилдеткени эшикке алып чыгат, качан мени менен сүйлөшөт деп. Баарынын эле мени карайын дегенге убактылары жок болот экен. Анан, эки жыл мурун өз алдымча балдак менен басканга аракет кылдым. Башында аябай кыйналдым, себеби балдак менен басканда бутума, колтугума күч келди, ооруду, ийиним, колтугум, колум шишип кетип, 3 айдан ашык жүрдүм. Андан кийин организмим көнө баштады.  Өзүмдү-өзүм мынчалык кыйнаганымдын себеби, №93 лицейге компьютерлерди оӊдоо бөлүмүнө тапшырган болчумун, ага өз алдымча баруу үчүн өзүм басышым керек эле. Акыры балдак менен басканды үйрөндүм, окуумду бир жылда бүтүрдүм. Балдак менен басып калганыма 2 жыл болду. Мен өзүмдү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кошкум келбейт. Буйруса, Жараткандан болуп бутума операция жасалса, мен басып кетем.

– Сиздин кол өнөрчүлүк жактан да шыгыӊыз бар экенин билебиз, ошол боюнча айтып берсеӊиз...

– Кол өнөрчүлүккө кичинекей кезимден эле кызыгам. Кичинекейимден эле сайма сайып, гүл жасап олтура берчүмүн. Сыналгыдан берилген көрсөтүүлөрдү көрүп, алардан жаттап калчумун. Атайын курстарга барганга мүмкүнчүлүгүм болбоду. Себеби мен майып арабасында олтурсам, мени ал жакка алып барган, алып келген адам болбоду. Ошентип, элдин жасаганын, сайган саймаларын көрүп, сайма сайган Көлдөгү таежемдикинде 1 жыл жашап, андан да үйрөндүм. Ошентип жүрүп,  өзүмчө биринчи жолу калпак жасап көрдүм, ал окшобой калды. Андан кийин кичинекей боз үй тиктим, элдин баары макташты. Ошондо бул иш колумдан келишин түшүнүп, боз үй тиге баштадым. Тиккен боз үйлөрүмдү белек кылып бердим. Андан кийин сумка, капчык тиктим. Карындашым бар, башы кышында үшүбөсүн деп, ага арнап атайын тебетей тигип бердим.  Жакында 5 жашка чыгат. Мен жасаган буюмдарымды ушинтип белек кылып берем, сатып иштеп көргөн эмесмин. Бул өнөрүмдү өнүктүрүү үчүн жогорку окуу жайда окугум келет, ошого аракет жасап жатам.

– Келечекке дагы кандай ой-максаттарыӊыз бар?

– Келечекте өзүмчө бизнес ачкым келет. Азыркы учурдагы бийлигибиз аябай бузулуп кеткен, алардан биздей адамдарга жардам күтүү да мүмкүн эмес, көӊүлүм калды. Мен келечекте андай болушту каалабайм. Өзүм үчүн иштеймин, иштегенимдин канча бир пайызын элге берип, эл менен жашагым келет. Азыр мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен көп сүйлөшпөгөнгө аракет кылам, себеби айлана-чөйрөӊ кандай болсо, мээӊде да ошондой жазуулар болот. Алар менен сүйлөшкөндө «менин бул жерим ооруйт, кыйналып жатам» деген сөздөрдү угуп, үйгө келип алып аларды ойлоп жатып өзүм да ооруп калам. Ошондуктан болушунча өзүмдүн оорумду ойлобой, ден-соолугу таза адамдар менен көп сүйлөшүп, алар менен достошом. Менин досторум окушат, иштешет,  анан мен аларга өзүмдү теӊей берем, алар жеткен нерсеге мен жетпеймби, алар кылган нерсени мен кыла албаймбы деп атаандашып, жасап келем. Мына ошолорго теӊелип жатып мен окудум, унаа айдаганды үйрөндүм. Буйруса келечекте фирма ачып, мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар-балдарды алып чогуу иштешип, алардын мүмкүнчүлүгүнө жараша жумуш берип иштешким келет. Мисалы, азыр мамлекетибизден мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга арналган жумуш жок. Дени сак адамдар сенин ооруганыӊды түшүнүшпөйт, берген жумушун убагында бүтүрө албай калсаӊ, ооруганыӊды көрүп турса да кыйкырат. Булардын баары бизге чоӊ сокку экенин түшүнүшпѳйт.

– Маегиңизге чоң рахмат, тилек-максаттарыңыз орундалып, ийгиликтүү операция жасатууга жетишиңиз!
Маектешкен Айпери СЫРАЖИДИН кызы

One thought on “Аскат БУКАБАЕВ: «Фирма ачып, жаштарга жумуш берсем дейм»

  1. Саламатсыздарбы, Букарбаев Аскат менен маек курганыңыздарга чоң ыраазычылык билдиргим келет. Аскат менин дос балам. Абдан адамгерчиликтүү, намыскөй жигит. Аскатка окшогон мырзаларыбыз көп болсо, мекенибиз кыйла алдыга жылмакпы деген ойлор келип кетет. Аскат алыскы эмес келечекте көөөптөгөн ийгиликтерге жетишээрине көзүм жетет. Баары жакшы болот! Биздин да көчөдө майрам болот деп айткандан эч тажабаймын! Баарыңыздарга чоң рахмат!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *