Шайтандар менен кездешүү

Кеңеш БАКИР уулу, Бишкек шаары

Белгилүү жазуучу Асыкбек Оморов Якутия (Саха), Монголия, Алтай аймактарында Инженердик-геологиялык экспедиция башчысы болуп үзүрлүү эмгектенген. Мурунку СССРдин чегараларында көп болуп, эчен кызыктуу окуяларды башынан өткөргѳнүн уккан элем. Мына ошол окуялардын түркүмүнүн бирин «Мен билген окуя» конкурсуна сунуштап жатам.

«Бул окуя 1979-жылдарда Алтай крайынын Горно-Алтайск шаарынын чыгыш тарабындагы Монголия менен чектешкен Ташанта деген жеринде болгон. Экспедициянын негизги милдети – ошол кездеги чегараларды тактоо эле. Мен экспедиция башчысы, Шавкат деген геолог татар жигит, ал эми экспедициянын башка мүчөлөрү орус улутундагылар болчу. Окуя болгон мезгил – жайдын толук убагы. Ай жарык. Чатырларда турчубуз. Бизден 300 метрче аралыкта чыгыш тарапта мындан 4-5 кылымдай мурда курулган бийиктиги 1-1,5 метр келген,  кээ бир жерлери урап, жер менен жер болуп калган эски чеп-коруктун урандылары бар эле.

Мен ошол күнкү аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарып, түнкү саат он экилер чамасында тышка чыксам, баягы чептин ичинде от күйүп жатат. Жумушчуларым менден жашырынып барып ичкилик ичип отурушкан экен деген ойго кеттим. Эчтекеден оюм жок эле тигилердин «уурусун» кармайын деп барсам, отту тегерете сегиз киши чөптүн үстүндө отурат. Тогузунчу киши мен жак тарапты карап турган боюнча тигилерге лекция окугансып сүйлөп жатат. Бойлору киши боюнан бир аз жапысырак, тулку бою бүт маймылдардыкындай болуп жүн баскан кишилер. Тиги туруп сүйлөп жаткандын сөздөрү таптакыр эле бизге түшүнүксүз. Бир гана «макечек» деген сөзү ушу убакка чейин эсимде калды. Анан ошо жерден башты ылдый катып, боорум менен кайра артка сойлоп барып, чатырдан Шавкатты ойготуп, «тиякта шайтандар сүйлөшүп жатат, жүрү» десем, ал ишенбейт. Мен болбой эле аны жулкулдатып атып ойготуп, тышка жетелеп чыгарып:

– Тигинде от күйүп жатат, көрдүңбү? – дедим.
– Ооба, от күйүп жатат, көрдүм,- деди Шавкат.

Анан боорубуз менен тигилерди көздөй сойлоп барып, баягы коруктун бир кемтик жеринен акырын башыбызды чыгарып тиги кишилерди карап турдук. Алар бизден эч шек албай, тигиниси болсо дагы эле сөзүн улантып, жерде отургандары эч үн-сөздөрү жок жымырашып угууда. Эмне кыларыбызды билбей бир топко дапдаарып туруп калдык.

Жумушума байланыштуу мен дайыма «Макаров» пистолетин алып жүрчүмүн. Ал пистолетим койнумда. Бир убакта пистолетимди акырын алып чыгып, шырп алдырбай октоп, эмне болсоң ошо бол деп тиги туруп сүйлөп жаткан кишини атып жибердим. Бир эле жолу аттым. Атаарым менен от жалп өчтү да, тиги кишилер да жок болду! От өчкөнү менен түтүн сызылып чыкканы бизге көрүнүп турду.

Мындай кѳрүнүштѳн ар кандай ойлор келип биз корко баштадык. Эмне кылыш керек? Тигилер келип кокус бирѳѳбүздү сүйрөп кетпесин деген ойдо сол колум менен Шавкаттын оң каруусунан алып бекем кысып, оң колума тапанчаны, Шавкат сол колуна фонарикти кармап чатырды көздөй үн-сөз жок жетелешип келе жаттык. Ошондогу абалыбызды сөз менен түшүндүрүп бериш кыйын! Адамда коркуу сезими ушунчалык күчтүү болорун ошондо билдим… же, жол арбыбайт, же убакыт өтпөйт, үйгө чейинки болгону 300 метрлик аралыкты 3 километр баскандай болдук. Адам ошондой коркуп турган кезинде кичине эле «шырт» деген табыш, же бирөөлөр «эй!» деп эле акырын ийинге чаап койсо, балким, жүрөгүбүз жарылып кетиши да мүмкүн эле.

Ошону менен чатырыбызга эптеп жетип, анан Шавкатка: «Бүгүн экөөбүз уктабашыбыз керек. Уктап калсак тигилер чатырга билинбей киришет да, кулак-мурдубузга үйлөп кетишсе дүлөй же сокур болуп калабыз. Бирөөбүздү бир жакка сүйрөп кетиши да мүмкүн» деп айтып, бир чети коркутуп койдум. Балээнин уйку келеби! Мен чатырдын оозунда сырт жакты карап, Шавкат төр жакты карап далыларыбызды тийиштирип, бири-бирибизге жөлөнгөн боюнча отуруп таң атырдык.

Эртеси калган экспедиция мүчөлөрүнө түндөгү көргөндөрүбүздү айтсак, бирөөсү да бизге ишенбей коюшту. От күйгөн жерге барсак күл, чычалалар калыптыр. Таң калыштуусу, түндөгү тиги кишилер отурган чөптүн уйпаланганы, же башка белгилери жок. Турган кишинин таман астындагы чөптөр да тепселип, уйпаланып издер калышы керек эле, андай белгилердин бирөө да жок. Бирок, кызыгы, түндөгү мен тиги кишини аткан жерден бир тамчы канды, андан 5-6 см аралыкта экинчи тамчы, андан ары 15-20 см аралыкта үчүнчү тамчы кандын изин көрдүк. Экспедиция аяктагандан кийин ошол кездеги Москвадан чыкчу «Наука и религия» деген журналга жогорудагы көргөндөрүмдү жазып жиберсем, басмак тургай жооп да беришкен жок. Азыр ойлосом, менин ошондогу чоң кетирген катачылыгым, ошол тамчы кандарды топурагы менен кошо анализге жиберсем, кан адамдыкыбы, же айбандыкы экенин текшерип беришмек экен. Бул, чынында эле болгон окуя».

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *