«Ата мекен – ошол балбылдап күйгѳн кѳздѳрдѳ»

Кытайлык кыргыз жаштары менен маектешкен – Айбек БАЙЫМБЕТОВ. Кытай, Иньчуан шаары

Кытайлык кыргыз жаштары учурда Кыргыз мамлекетиндеги жаштардай эле коомдун өнүгүшүнө тиешелүү маселелерге ар дайым ынтызарлык менен ой чабыттап, билим-илим-маданият таанууда жигердүү аракеттерди көрүп келет. Кытайдын аймагында окуп жаткан кытайлык кыргыз студенттердин коомдук жашоосу туурасында, ошондой эле Кыргыз мамлекети жана Кытайдагы Кызыл-суу кыргыз автономиялуу областынын ортосундагы калк аралык байланышын, жалпы эле кыргыз жаштарынын абалын билүү максатында маек салууну туура көрдүк.  Сөзгө алына турган маселелер кытайлык кыргыз студенттердин активдүү өкүлдөрү болгон Айберди Акжол уулу, Дабыт Абдылбары уулу, Халида жана Жумабек Обул уулу менен аңгеме-дүкѳн курдук. Маек Кытайда, интернет онлай-конференс аркылуу уюштурулду.

Дабыт Абдылбары уулу: «Айрымдар алатоолук туугандардан бүшүркөшөт»

– Кыргызстандык кыргыздардын жана кытайлык кыргыздардын ортосундагы калк аралык мамилени кандай карайсыздар?

 – Эки мамлекет кыргыздарынын ортосундагы мамилелерди төмөнкү бир нече түйүнгө жоюуга мүмкүн:

1) Тууган жоктоо. Белгилүү тарыхый факторлордун эпкини менен эки башка өлкөдө жашап келе жаткан кыргыздардын бир атанын эле балдары экенин кайсы эси жок чана алат?! Акыркы жылдары ары жактагылар бери жактагы туугандарын, бери жактагылар ары жактагы туугандарын издөөгө, табууга күчөп аракет жасашты. Буга биз жакта Кытай өкүмөтү абдан кеңчилик берип, ошондой кишилерге «муажырлардын урпагы» (көчмөндөрдүн урпагы) деген күбөлүк бүтүрүп, алардын кыргыз мамлекетине барып тууганчылоо көксөөсүн кандырып, бир боорлорду көрүштүргөнгө саясый оңтойлуулук жаратты. Кытайдагы кыргыздар Кыргызыстандагы туугандары менен кат алака мамилеси бардыкка келди. Кытайдагы кыргыздардын турмушунда интернет жалпылаша баштагандан улам бул мамиле ого бетер өрчүдү, интернет же телефон ыңгайы менен Кыргызыстандан тууган издеп жүргөндөр күнү бүгүнгө чейин кездешет.

2) Соода жасоо, жумуштануу. Кыргызыстан эгемендүү болгондон кийин ал жакка барып соода жасап, алданып, мурдуна суу кирип, ыймандай ишенген кыргызстандык досуна бир түндө тонолуп, ыштаны менен келгендер да көп болгон. Ошол себептүү ушул күнгө дейре кытай кыргыздарындагы айрым кишилер алатоолук туугандардан бүшүркөшөт. Ал эми азыр Кытай менен Кыргыз мамлекети ортосунда соода, экономикалык мамиле коюулашып, чек ара ооздорунун ачылышы менен чыгып-кирген кишинин саны көбөйүүдө. Кыргызыстан товарларын кытайлык кыргыздар кызыгуу менен кабылдашары чындык. Кийин дегенде эки мамлекет ортосунда соода кылып, авто унаа айдап байыган кыргыздар мурдагыдан көбөйүп калды. Мында да сөзсүз Кытай мамлекети сызган чегинен чыкпай иш алып баруу керек. Ал эми жумуштанууга келсек, Кытай кыргыздарынын Кыргызыстанда жумуштангандары деле көп болбосо керек. Себеби, жашоо тиричилиги, дүйнө таанымы окшош болбогон жергеде кытайлык кыргыздар үчүн жумуш табуу да оңой эмес. Бирок, Кыргызыстанда билим алып, ошол жактан андан ары жумуш таап жаткандар да жок эмес.

3) Билим алуу. 2005-жылдан бери карай Кыргызыстанга чыгып билим алуучулардын саны мурдагыга салыштырмалуу арбыды. Бирок, мында өкүмөт эсебинде билим алуу дээрлик жок, негизинен өздөрү мектеп угушуп, ич ара байланыш менен билим алып жаткандар. Бир жаман жери, адаттагы абалда Кыргызыстанда билим алып ээ болгон күбөлүктү Кытай өкүмөтү эсепке албайт. Ал эми Кытайда күбөлүк эң зарыл. Ошол үчүн КыргызـКытай мамлекет жарандары  ортосундагы билим берүү-алуу байланышы кемелденсе деп каалар элек. Бул үчүн Кыргызыстандагы билим берүү тармактары Кытай билим берүү тармактары менен шарт түзүшүп, Кытай кыргыздары Кыргызыстандан билим алууга чакырылса, Кытай кыргыздарынын кыргыз мамлекетинде билим алуу көксөөсү чыныгы канаар эле деп ойлоймун.

4) Илим изилдөө. «Кыргыздарды улуу «Манас» гана бириктире алат» деп бирөө айткандай, эки жергедеги, кала берсе дүйнөнүн аркыـберки четиндеги кыргыздарды жолуктурганга – «Манас» эпосун изилдөө өзүнчө өбөлгө түзүп келет. 95 жылы Үрүмчүдө өткөн «Эл аралык манас талкуу жыйынынан» бери карай Кытайда эчен жолку эл аралык жыйналыш болду. Буга Алатоодон ат арытып, тон тоздуруп илимпоздор келишти. Кытайлык кыргыз илимпоздору менен пикир алмаштырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ушул барышта «Манасты» эле эмес, бүт кыргыз жөнүнөн сөз болууга ыңгай жаратылды. Залкар манасчы Жүсүп Мамайды көрүү, таануу үчүн келгендер андан арбын. Анан Кытайдан Алатоого «ат тезегин кургатпай баруучу» филология илимдеринин доктору Макелек өмүрбай аксакал; адабият таануучу, изилдөөчү, прафесор Мамбеттурду Мамбетакун уулу катарлуу Кытай кыргыздарынын жана башка аты аталбаган таанымал окумалдары Кыргызыстан менен болгон илимдик байланышын жогору көтөрдү. Мындан тышкары кыргыз мамлекетинде ачылган түрдүү илим изилдөө жыйналыштарына кытайлык кыргыздардан жаштардан да чакырылууда. Илимـмаданият алмаштыруу болууда.

Арийне, булар эле жетерлүү эмес, биз да казактар сыңары дүйнөлүк кыргыздар курултайын ачуубуз, дүйнөдөгү кыргыздардын башын кошууга умтулуубуз керек. Бул үчүн дагы эле Алатоолук туугандардын күчөгөнү жакшы!

4) Маданий байланыш. Мейли Кытайда же Кыргыз мамлекетинде алып барылган улуттук маданиятка тийешелүү ар түрдүү кыймылдар болсун, ага эки мамлекеттеги бир боорлор өз ара чакырышып, катышууну сунуштаганы бар. Буга 95-жылдагы «Манас ـــ 1000» маарекеси, былтыр кытайдагы Актоо ооданы Каракөл жээгиндеги Манас атанын айкелин орнотуу кыймылы,  Алмазбек Атанбайев, Роза Отунбайеванын, Кубатбек Жусубалийевдин Жүсүп ата менен жолукканы, тээ илгерки Эстебес сыяктуу төкмөлөрдүн Кытайга келип кытайлык кыргыз төкмө Бектур Маметкурман уулу менен айтышканы, килассик ырчылар, андан кийинки алатоолук эстирада жылдыздары, куудулдар, калаберсе кече жакындагы эле жаш эстирада жылдыздарынын кытайлык кыргыздарды аралай өтүп кансерт койгону кишини сүйүндүрөт. Мына бул да болсо бир маданий байланыш. Алатоого барып кансерт койгон кытайлык кыргыздардын көбү өкүмөт колдуу, саясийге жоро болуп барганы бышык. Бул бир нече жолу болду. Анан Роза Отунбайева убактылуу ажо заманында Үрүмчүгө келгенин, Алатоодон артистерди ала келип оюн койгонун айтпай да  болбос. Бирок, мунун Кытай кыргыздарына түздөн- түз байланышы жок деп ойлойм. Мындан тышкары 2005-жылдан тарта Шинжаң телевизия истансияси жагынан «Жуңгого сапар» атындагы пирогирамманин кыргыз мамлекетине таратылышы эки мамлекет ортосундагы маданий мамиленин бир демжий алгалаганын көрсөтөт. Мында алатоолук туугандар Кытайды, кытайлык кыргыздарды, кытай кыргыздарынын тили, өңـбейнеси менен таануу мөртүнө жетишти деп айта алабыз, дагы келип Кытай кыргыздарынын тилинин кандай экенине күбөөчү болду. Дагы айтсак, эки элдин төкмө акындар айтышы, улуттук оюндар жарышы тээ атам заманда бир болгон окшойт, андан кийин мындан шыбыт жок. Ушуга маани бергенге кайсы жактын чамасы жетээр экен?

5) Cаясий байланыш. Кытай кыргыздарында Кызылсуудан турган автономиялуу област бар. Анын өзүнчө укугу болот. Ал адаттагы аймактын, шаардын укугунан жогору турат. Бул Кытайдагы улуттук укугубуз болуп эсептелет. Ушул областтын укугуна сөөнүп Кыргыз мамлекети менен саясий байланыш кылуу мүмкүнчүлүгү да бар. Алып айтсак ошол областтын ар даражалуу башчылары, губернаторлору Кыргыз мамлекетинде саясий иш сапарда болот. Бирок, көп эмес. Кыргыз мамлекетинен деле ошондой, андан көп эмес. Демейдеги абал астында оодандарга, айылдарга эч бир кыргызстандык келген жок саясий мамиле менен. Мына бул мен билген саясий байланыш.

 6) Саякаттоо. Акыркы жылдары Кыргызыстанга саякатка чыга тургандар арбыды. Кытайлык кыргыздардан турмуш деңгели бир кыйла өскөндөн кийин Кыргызыстанда саякатта болууну эңсей турган адамдар барчылык. А бирок, Кыргызыстандан биз жакка саякаттап келгендер жок менимче. Ушул жерде кыстара кетүүгө тийиштүү бир иш: саякаттагандардын паспорту менен визасин саякат копиратиптери бүтүрөт, ал эми булардан башка жеке саякат же тууган жоктоо, соода байланышы менен чыга тургандардын паспорт ала алуу, ала албастыгы биз үчүн бир көйгөй. Кыргызыстанга паспорт бүтүрүү кыйын. Бул көйгөй чечилеби, жок? Муну кыргызыстандык боордоштор өз мүмкүнчүлүгүнө карай ойлошуп көрөр.

Айберди АКЖОЛ уулу:  «Ар жылы Айтматов кызуулугу башталат»

– Кытайдын ар кайсы жерлеринде билим алып жаткан кытайлык кыргыз истуденттеринин  коомдук-маданий деңгээлде башын кошо турган сиздерде кандай ынтымак бар?

– Кытайдагы аркайсы жерлерде билим алып жаткан кытайлык истуденттердин арасындагы коомдук-маданий иштерди окуучулардын өздөрү баш болуп уюмдаштырып, ар жылы салт катары түрдүү кыймылдар аркылуу ѳткѳрүп келет. Мисалы, ар жылы Айтматовдун туулган күнү 12- декабрда өткөрүлүп келаткан «Дүйнөлүк залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү кыймылы». Бул кыймыл адабиятты жана маданиятты негизги тема кылган кыймыл болуп, ар жылы белгиленген убактында салт катары өткөрүлүп келатат. Быйыл да бул кыймылдын 5-кезегин «Айтматов жана жуңго адабияты » деген темада Шинжаң педагогика университетинде салтанаттуу өткөрдүк. Бул кыймыл негизинен адабияттык түс алган кыймыл болуп саналат. Мындай иш-чара окуучулар үчүн өздөрүбүздү таануу, улутубузду таануу жана маданиятыбызды өнүктүрүүнүн зарылдыгын таанытып жеткире турган зарыл сабактардын бири катары өткөрүлүп келатат.

Ал эми ар жылы дал ушул күндө Кызылсуунун аркайсы жерлериндеги орто мектептерде да мугалимдердин жетекчилигинде «Айтматовду эскерүү кыймылын» өткөрүп жатышат. Мындан  башка, Кытайдын ички аймактарында да кыргыз истуденттер бул улуу инсанга болгон урматын билдирип, ушундай кыймылдарды өткөзүп жатышат. Демек, 12-декабир күнү бүткүл Кытайдагы кыргыздар арасында Айтматов кызуулугу башталат да, Айтматов жөнүндө түрдүү кыймылдар уюштурулат. Ал эми Айтматовдун кайтыш болгон  10-июнь күнү «китеп сүйүү күнү» деп белгиленип, бул кыймылды да ар жылы өткөрүп келатабыз.

Экинчиси болсо, окуучулардын уюштуруусунда ар жылы өткөрүлүп келе жаткан «студенттер курман айт көркөм өнөр кансерти» негизинен: манас айтуу, төкмөлүк, терме айтуу, күү чертүү, ыр- бий, такмаза, сонор көрсөтүү (модел), реп жана жаштар бийи сыяктуу  көркөм өнөр номурларды көрсөтѳт. Мындай көркөм өнөр кечеликтери бир жагынан утурлап келаткан курман айтка жаңы түс кошсо, дагы бир жагынан истуденттердин руханий байлыгын байытып, истуденттер арасындагы таланттууларды элге таанытуу жана өнөр көрсөтүүнү максат кылып уюштурулат. Мындан сырт да, быйыл тунгуч кезектүү « Истуденттер манас айтуу жарышы» өткөрүлдү. Муну да университетте окуп жаткан окуучулар уюштурду. Бул кыймыл жалаң гана манас айтуучулук менен чектелип калбай, «Манастан» башка да «Курманбек» сыяктуу элдик эпостор, өлөң жана бекбекей сыяктуу элдик оозеки адабияттык чыгармалар аткарылды. Күрпүлдөтүп манас айтып, элдик чыгармаларды аткаргандардын бардыгы Үрүмчүдөгү окуп жаткан окуучулар болду. Алар ушул жарыш акылуу өздөрүнүн манас айтуучулук өнөрлөрүн толук айгинелешти. Мындан истуденттердин «Манастын» мазмунуна гана эмес, айтуучулук өнөрүнө да аябай маани берип жатканын көрѳ алалабыз.

Үчүнчүсү болсо, Үрүмчүдөгү ар кайсы университеттердеги кыргыз окуучулар университет атынан өткөрүп келаткан Үрүмчүдөгү «кыргыз истуденттердин дене аракет жарышы». Бул жарыш истуденттердин окуучулук турмушуна жаңы түс кошкон дене аракет кыймылынын бири болуп саналат. Мында, аркайсы универстеттеги окуучулар баскетбол, валибол жана футбол командаларын курап, өз ара басакелешет. Озуп чыккандарга сыйлык таратылат. Мындан сырт да ичкери өлкөлөрдөгү окуп жаткан кыргыз окуучулар ушундай дене аракет кыймылдарын өткөрүп келет. Борборубуз Бейжинде «чоро фотбол мелжеши», ланжуда «ынтымак лоңкосу (валибол) жарышы» жыл сайын токтоп калбай өткөрүлүп келатат. Ар кайсы желердеги истуденттер да иштиктүүлүк менен катышып, бул кыймылдарды колдоп жатышат. Мындай дене аракет кыймылдары жалаң гана топ оюндар түрүндөгү басаке болуп калбастан, жалпы  истуденттерди дене чыңалтууга, ынтымактуулукка жана уюмдашууга чакырган кең көлөмдүү коомдук маңызга ээ кыймылдан турат.

Мына ушундай жогоруда айтып өткөн коомдук-маданий деңгээлдеги түрдүү кыймылдар Кытайдын ар кайсы жерлеринде билим алып жаткан кытайлык кыргыз истудент жаштардын башын кошуп, «бир жакадан баш, бир жеңден кол» чыгара  турган ынтымактуулукка, уюмдашууга үндөп турат

 

Халида: «Кыргызстандык жаштар ачык-жарык болот»

– Кытайда окуп жаткан кыргызыстандык истуденттер менен болгон байланышыңар барбы? Ортодо айырмачылык байкалабы?

– Айтор байланыш анча кеңири эмес. Бирок жок деп да айтканга болбойт. Карасак көп эле айрымачылык бардай. Эң негизги айрымачылык, аларда бир түрдүү, ачык-жарык, шайыр мүнөз болот, сүйүү кеги аябай эле анык. Жаңы нерсеге болгон талпынуусу алда канча жогору. Ар түрдүү жагдай жаратып, үйрөнгөн билимди өздөштүргөнгө аракет жасайт. Буга мисаал: бир күнү бир кыргызыстандык истудент менен телефондо сүйлөшүп жаткамын, анан ал ошол учурда магезинге кирип суу сатып алам деди. Ээ, деп тыңшап турсам,”бул канча йүан?” деген сөздү кытайча абдан эле келтирип айтты. Ошол учурда ал истуденттин кытай тилин үйрөнгөнүнө эки айдай эле болгон болуш керек. Анан өзүмдү салыштырып калдым, ошол кезде менин ангилис тилин үйрөнгөнүмө да эки ай болгон кези. Ойлосом, сабактан сырт кезде, оозумду ачып ангилисче бир да ооз сөз сүйлөп көрбөйт экемин… Ал эми кытайчаны он канча жыл үйрөндүк деп күпүлдөп турсак да, майын чыгарып сүйлөй албаганыбыздын себебин да ошондон улам кортундулап калдым.

Анан да Кытайдагы кыргызстандык студенттердин айрымдарынын кыргыз тилин сүйлөөдөн намыстанганын, же биздин алдыбызда көйрөң чалыш боло калганын эсепке албаганда, эне тилин так-таамай сүйлөгөй албаганы кишини ойлондурат, а балким мунун себебин өзүбүздөн издегенибиз жөн чыгаар. Эгер үнүмдү угаар киши болсо, «балдардын кулагына кичинесинен башка тилди куйбайлычы!» дейт элем.

 Жумабек Обул уулу: «Үзөңгү теңештирүүгө обдулуп калдык»

– Кытайлык кыргыз жаштарынын маданий ـбилим деңгээлинин өсүшүн эмнеден көрөсүздөр?

– Кеменгер жуңго коммунистик партыя жана  өкүмөттүн  агартууга болгон салынмасынын артуусунун шарапатында, дагы келип окуу сапатынын күн сайын жакшыруусуна ээрчий, мектепте окуу салыштырмасы артып, жаштарыбыздын да маданият, билим деңгээли, маалымат ээлөө кайнары да молдошуп, жогору окуу жайда окуган окуучулар сан жана сапат жагынан болсун жакынкы жылдардан бери карай Кытай кыргыздары жаштарынын өнүгүүсүнүн алтын баскычы деп айтууга да болот.  Айрым жетишсиздиктер ичинде укса кулак сүйүнтөр саамалыктар менен ой калчап көрсөм дейим.  Жогору окуу жай окуусуна токтоло кетсек, Жогору окуу жайда окууда  кесип тандоо чөлкөмү мурдагы адабият сыяктуу  коомдук илимдер менен гана чектелбестен, курулушчулук, психология, археология,  механика, шаар курулушун долборлоо сыяктуу техникалык кесиптерге карай бет алып, көп кырдуулашсада каныбызга сиңгенби, кандай же адабияттык сезим, акындык өнөрдүн чыйрынан чыга албаган, же бул кесип жагынан тереңин казып, баш-оту менен кирип, түбүнө жете ийгере албаган ушундай бир өткүнчү доордун сынагында турабыз.

Экинчи түйүн, кыргыз макалы «өнөр алды ـــ кызыл тил» деп айтылганын четке какпай, чет эл тилинин зарылдыгын таанып жетип жатышат. Ааламдашкан бүгүнкү күндө чет эл тилинин зарылдыгын таанып жеткен кызـуландарыбыз, өз эне тилибиз жана мамилекет тили кытай тилин мыкты үйрөнүүдөн тышкары ангилис тили, орус тили сыяктуу чет эл тилдерин үйрөнүп, жергебиздеги боордош уйгур, казак элдери менен үзөңгү теңештирүүгө обдулуп келе жаткан көрүнүш көңүл жылытат.

Үчүнчүсү, кызмат кылуудан жеке чарба жаратууга күчөөдө ЖОЖ окуучулары кадимки өкүмөттүн көзүн кароодон өз алдына чарба жаратууга карай кадам шилтеген көрүнүштөр адамды ичтей жылытат. Мисал катары мен баштаган бир канча истуденттер бирдикте 2012-жылдан баштап баштап «кош бармак илим окуу жайы» деген ат менен орус тили, ангилис тили, ханзу тили, компиютерден сабак берип, өзүм ангилис тилин өтүү менен бирге биздин жаштардан жеке чарба жаратууга умтулган башка дагы жумуштарды кулагым угуп жүрөт.  Жакында эле бир канча ЖОЖ окуучулар бирдикте «Акжол маданият таратуу чектүү жооптулук шериктигин» түптөп олтурат.

Төртүнчү түйүн,  жогорулап окуу салштырмасынын артуусу көптөгөн университеттердеги кыргыз магистирантуралардин артуусу жана Кыргызстан, АКШ, Германия ж.б.у.с. чет өлкөлөрдө окуган окуучулардын бар болуусу Кытай кыргыздары үчүн төбөсү көккө жеткидей сүйүнүч. Бирок, кыргыз аспыранттары дегидей эле адабият сыяктуу коомдук илимдерге басым жасашып, жаратылыштык илимдер жагын бөксө калтыруудан дагы эле кутула алган жокбуз. Мына бул биздеги бир кемчилдик. Мамлекеттин колдоосу менен кыргыздардын байыркы улуттук маданий баалуулуктары болгон төкмөлүккө (акын айтыш өнөрү) жана тилـадабиятка да кайдигер каралбастан , 2011ـжылдан тарта Кызылсуу кыргыз аптоном обыласты менен күйтүн техник мектеби көмөктөшүп ачкан «төкмө акындар киласи» 2-түркүм окуучуларын окутууда, бул коомдоку таланттуу жаштар менен ЖОЖ окуучуларынын көмүскө талантын такшалдырууга өбөлгө түзүп келет.

Бешинчи түйүн замандын талабына жараша тор(инет) да жаштардын маалымат элөө булагы болууда, жашоо чөйрөбүздүн катаалдыгына карабастан, жаңылыкка умтулуудай касийетибиздин түрткүсүндө жаңыча маалымат кайнары ــ тордон пайдалануудан да куржалак калганыбыз жок. Китептеки билимдер менен кана чектелген жетерсиздиктерибизди, тор менен толуктап тор аркылуу дагыда көп унверсал билмиге ээ болуп келебиз. Өз тилибиздеки тор жайыттардын(сайт) дүркүрөп өнүгүүсү, ары кытай тилинде  тор жайыттардан эминـэркин пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн жаралышы биз үчүн китептен ала албаган билимдердин көңдөйлүктөрүн толуктап келет.

– Кыргызстандын жаштарына кандай каалоо-тилегиңиздер бар?
Айберди: – Кыргызыстандык жаштардын турмушу биз үчүн дагы эле бүдөмүк. Болсо аралыктагы барды- келдини коюулатып, өз ара тереңдеп түшүнүшсөк аябай жакшы болор эле. «Ырыс алды – ынтымак» дегендей, кыргызыстандык жаштардын да «бир жакадан баш, бир жеңнен кол» чыгарып, ынтымакташып, өз ата мекениңиздер үчүн бир кишилик салым кошушуңарды үмүт кылам. Анткени, силер жаштар, мамилекеттин жана улуттун үмүтүсүңөр, болочоктогу Кыргызыстандын белдүү таяныч күчүсүңөр жана куруучуларысыңар! Ошого силер изденип, тырышып, билим алып, өз мамилекетиңерди өнүккөн, Орто Азыядагы эң мыкты мамилекет кылып куруп чыгышыңарды чын дилимден үмүт кылам.
Дабыт: – Жаштар – мекендин келечеги. Мен Кыргыз мамлекетиндеги коомдук, саясый жашоону керт башым менен өтө эле терең түшүнүп кетпеймин. Бирок, массалык маданият өөрчүгөн бүгүнкү  заманда, ким да болсо акча деп акактап калат экен. Айтаарым, мейли кандай болбосун, мекендин, элдин келечек тагдыры кыргыз жаштарынын колунда экенин унутуп калбаңыздар. Жашоо жыргалчылык менен гана ченелбейт, ар кандай жашоо болот. Ошого да чыдаш керек. Аталарыбыз бизге ушул күндү кандай жеткирген болсо, биз да келечек урпактарга андан ашыра жеткирип берүүбүз зарыл деп карайм. Ал үчүн эмне кылуу керек? Алатоолук жаштардын эки кулагынын ортосунда деле соо мээ бар деп ойлойм. Башканы айтуунун кереги жок.

Халида: – Эмнесин дейин. Ата-мекен ошол балбылдап турган көздөрдө. Бир улутту гүлдөндүрүү үчүн эң оболу үй-бүлөөдөн, анан эле кала берсе агартуудан баштоо керек. Кыргызыстандын узун мезгил мүдүрүлүп калуусунун себебин, өкүмөт же башчылардан издебей эле, жакындагы мектептерден издеп көргөнүбүз жөн бекен… Бир улуу киши айткандай: «Сен үйрөнгөн билим шам чырак сыяктуу күйүп, элди жылытып, анан эң соңунда башкалар аркалуу сага жылуулук ыйгарганда кана анын эң түпкү маңызын жараткан болосуң. Адамды жүрүгүнөн дарылабаса эле, түпкүрүнөн айыктыргалы болбойт». Андыктан алды менен үй-бүлөөдөн, андан соң мектептерден… Ошого айтарым, үйрөнгөн, жетишкендериңерди, өзүңөр сыяк илимге умтулуп тургандарга үйрөтө кетүүнү унутбаңыздар!

Жумабек: – Уюткулуу Алатоодо эртеңдин суросуна жооп издеп, улуу жоопкерчиликти аркалап келе жаткан жаштарга денинин соо, күндөрүнүн куунак баяшат болуп, тунук эне тылыбызды шыңгыратып, бөтөн динден алыс болуп, улуттук оорагы күчтүү жаштардан болуп жүрө берсе экен дейм

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *