АЛСЫЗ АСКЕР КҮЧҮ, ИРИГЕН ИЧКИ ИШТЕР ОРГАНЫ ЖАНА АНДАГЫ КОРРУПЦИЯ

Аскат СЫРГАКТЕГИН

Күнүгө Сириядагы кандуу ырайымсыз согуштарды көрсөткөн жаңылыктарды кѳрүп олтуруп, “бизде да (албетте, Кудай анын бетин ары кылсын!) ушундай куралдуу согуш революциясын баштап жибергилери келсечи” деген ойлор кээде келбей койбойт.

Мындай ойлордун пайда боло калышына да негиз бар. 2010-жылы 9-сентябрда “Жамаат Жайшуль Махдинин” мүчѳлѳрү биздин борбор шаарыбыз Бишкектеги еврейлердин синагогасын жардырышкан. Андан соң 30-ноябрда Кожомкул атындагы Спорт сарайынын жанында да жардыруу уюштурушкан. Кийинки жылы болсо активдүү аракеттерге ѳтүшүп, 4-январда Бишкектин 8 кичи районунда 3 милиционер кызматкерин атып салышып, Стрельниково айылына качып барып жашынышкан. Кийинки күнү аларды кармоодо УКМКнын кызматкери Жеңишбек Бабараимов жаракат алып каза тапкан. Бүгүнкү күнгѳ чейин ушул уюмдун 11 мүчѳсү кармалды. Ушундай эле уюм Казакстанда да иш-аракет жүргүзүүдѳ жана коңшу ѳлкѳдѳ бир нече терракттарды жасап жиберишкен. Булар – акырындык менен келе жаткан сценарийдин башаттары болуп жүрбѳсүн?

“Тынчтыкты  кааласаң – согушка даярдан” дегендей, кээ бир адамдар “эч качан андай болушу мүмкүн эмес, биз деген динден тышкары мамлекетпиз (светское государство), ошондуктан Сириянын мындай абалына чейин жетпейбиз” деп каршы болушу мүмкүн. 2010-жылы Сирияда ИДП (ички дүң продукт, орусчасы – ВВП)  60 млрд. долларды түзүп, жаңы запастарды ачуунун эсебинен нефть өндүрүү көбөйүп, жылдан жылга өндүрүштүк  базасы өнүгүп-өсүп,   эффективдүү айыл чарбасы  бар болчу жана инфляциянын деңгээли төмөн эле.  Дагы бирөөлөр “биз сириялыктарга салыштырмалуу билимдүүбүз, бизге Советтердин билим берүү системасы мураска калган, азырынча билимдүүлөр жетиштүү болгондуктан, айдаган жакка баса бербейбиз” деши мүмкүн. Бул жагынан айтсам,  Сириянын башталгыч билим берүүсү акысыз жана жалпыга милдеттүү 12,5 миң орто мектеп, 267 кесиптик орто окуу жайлары иштеп, мектептерде китептер бекер берилет. Ал эми Дамаск университети тээ илгери 1903-жылы түзүлгөн экен. Дагы бирөөлөр “биздин армиябыз бутуна туруп келатат” деши мүмкүн. Бирок, биздин армия бутуна тургуча, билип койгула, Сирия армиясынын күчү саны боюнча дүйнөдө 15-орунда турчу – 320 (!) миң жоокер.

Африкадагы  бантустандар менен салыштырып жибербегениме ыраазы болгула, болбосо, алар менен салыштырсам деле ылайык болчу. Албетте, акыл-эси ордунда болгон адамдар “биз ар түркүн сырткы жана ички коркунучтарга татыктуу туруштук берип, мизин кайтара алабызбы” деген жоопту дайын кылаары анык. Бирок, мен биздин саясий серепчилер сымал “акылдуу” кеңештерди бербейм, андан кѳрѳ, бул тармактагы иштердин чыныгы абалын маалымдап айтсам дейм.  Албетте маалыматтарым терс жагынан кетерин баамдап жатсаңыз керек. Ооба, учурдагы биздин абалыбыз – буту чоподон жасалган Колоссту элестетип турат.  Тийип койсо, кѳз ачып-жумгуча бытырап кулап түшѳ турган.

Жасаган ишибиз ак жана таза, ошон үчүн чындык биз жакта болот деген ишеничте жашаган мезгил-учурлар  эчак өткөн. Канчалык каалабайлы, көчөдө турган зөөкүр XXI кылымдын башталышы ал ишеничибизди актабайт. Мага деле биздин Мекенибиз жандан кымбат жана мен чын дилимден анын өнүгүп-гүлдөп кетишин каалайм. Бирок, биздин качантан берки кыйналып-чайналып келатканыбызды карап туруп,  жаным кейип күйүп-бышып кетем. Бул макаланы жазууга да дал ушул нерсе түрткү берди.

МЫНДАЙ АРМИЯНЫ ЖОЮП ДА ЖИБЕРСЕК БОЛОТ
Акыркы убактагы Баткен компаниясынан тарта, Ак үйдүн дарбазасынан ашып түшүүгө чейинки окуялар – биздин согуш талаасында, шаарыбыздын борбордук аянтында да тартип деген нерсенин сүрүлүп жок болгонун кѳрсѳтүп,  бул жагынан кетирип жаткан кемчиликтерибиздин, одоно каталарыбыздын оркоюп жатканын ачык-айкын далилдеди.

Алгачкы сѳздү, аталышы сүрдүү Коргонуу министрлигибизден баштайлы. Борбор Азиядагы эң аз сандагы коргонуу күчү биздики. ИИМдин 2,5 миң аскерин кошкондо,  болгону 15 миң чамасында, анан да ал Түндүк менен Түштүк аскердик топторго бөлүнгөн.  Түндүк аскердик топто мотоаткычтар бригадасы, Бишкекти жана аэродромду база кылган аэрополкту коргоп турган зениттик-ракеталык полк, эки өзүнчө пулеметтук-артиллериялык батальон, бир чегаралык отряд менен бир чегара комендатурасы бар. Түштүк аскердик топко тоолук аткычтар бригадасы, өзүнчө пулемёттук-артиллериялык батальон, төрт чегаралык отряд кирет. Ал эми убактылуу аскер кызматында милдетин өтөп жаткандар  5 миң. Демек, калган 8 миң адам Коргоо министрилигинин кызматкерлери . Эгерде аларды кызмат ѳтѳп жаткан жоокерлерге бѳлсѳк, ар бир жоокерге 1,6 тийет. Мына сага,  бюрократия. Алар эмне иш кылууда?

Адегенде, бул тармакты тейлеген ведомствонун сайтына кирип көрөлүчү. Себеби мен коом алдында милдетимди аткарып, жиберген жагына барып, пайда келтирип кызмат өтөгүм келет, мендей жогорку билимдүү аскер адистери сөзсүз керектир ал жакка… Тилекке каршы, 13 000дик  штатка карабай, азырынча бош орун жок экени алардын дубал гезитинде  бакыйып турат.

Мен убактылуу аскердик кызматын өтөп аткан жоокерлерге жана контракт менен иштеген сержанттарга сѳз тийгизбей, эң башында тургандарынан  баштайын. Былтыркы январда аскердик институттун 18 жаштагы курсанты кызматтан бошонуудан  кийин, институттун  КППсынан “аттап” өтүп, туалетте асынып өлүп калган. Аны уккан сүйлөшкөн кызы да жанын кыйган. Натыйжада, эки үй-бүлө кырчындай уулунан, гүлбурактай кызынан айрылды. Курсанттын ата-энеси анын денесинде ур-токмоктун көптөгөн тактары бар экенин айткандарына карабай,  аскердик прокуратура кылмыш ишин козгогондон баш тартып, “өз жанын ѳзү кыйган” деген жыйынтыктан баш тартпай койгон. Акырында, эч ким жазага тартылган эмес, министр болсо кызмат ордунан кетүүнү ойлоп да койгон жок, кыязы, ага эч кандай моралдык жоопкерчилик тийиштүү эмес окшойт. Ал эми Германияда болсо, Коргонуу министри жазган диссертациясынын плагиаттыгы билинип калары менен дароо кызматынан өзү кеткен. Аларда – кагаздагы тамгалар үчүн кызматтын тагдыры чечилди. Бизде болсо – бир адамдын кыйылган өмүрү да бааланбайт. Мына, мундирдин намысы жана кесипкѳйлүк! Болбосо, булгаары кресло ушунчалык жылуу-жумшак жана анын аркасы менен канчалаган пайда-бата кѳрѳсүң.

Мен жогоруда  бир гана жоокердин тагдырын мисал келтирдим. Ал эми бул жагынан кейиштүү акыбалыбыз кандай экени баарыбызга белгилүү. Анда эмне үчүн эле ушул кичинекей мамлекетибизде зѳѳкүрлүккѳ батып кеткен “дедовщинаны” жеңе албай келебиз? Эмне үчүн биздин Мекендин коргоочулары курман боло бериши? Биз ансыз деле азбыз го?

Мына ушундай жагдайга  карабай  башаламандык, тартипсиздик улангандан уланып келе жатат.  Бизде жылына эки жолу аскерге чакырылышат. Алгачкы чакырылгандары кийинки чакырылгандарына эле “дед” болуп чыга келишет. Анда эмесе биринчи чакырыкты жоюп салышпайбы… Жок, антишпейт. Анте турган болушса, аскердик бөлүк менен министрликтин офицерлери маңдай тери менен кызмат кылууга, аскерлерди тартипке өзүлөрү үйрөтүүгө мажбур болуп калат. Андан кѳрѳ бул иш менен биринчи “призыв” алектенсин да, туурабы? Чындыгында, уставдык тартип бузуулардын баардыгы офицерлерден башталып атат. Мындагы механизм эң эле жөнөкөй: офицерлер өзүлөрү иштен четтеп кайсы бир жерлерде жайма-жай жүрѳ беришкени менен, тартипти сактоо “былк этпей” дембелдердин кѳзѳмѳлүндѳ турат. Демек, так ошо офицерлер өзүлөрү “дедовщина” деген институттун бар болуп турушуна кызыкдар экен да.

Баткен жана Алабука райондорунда жаңы аскердик бөлүктөр ачылганын билебиз. Мамлекеттик чегаранын жанында жаңы аскердик бөлүктөрдүн биз үчүн эмне кереги бар эле? Же, кокус согуш чыгып кетсе, чатак башталган сааттан баштап ал аскердик бѳлүктѳр “кыңк” этпей толугу менен душмандын колуна түшүп калыш үчүнбү? Биздин министрликтин баардык “акылдары” кайда кеткен? Эгемендүүлүк жылдарында чет өлкөлөргө кѳчүп кетишип, мыкты аскер адистеринен куржалак калганбызбы? Ооба, коргонуунун биринчи катарлары албетте керек, бирок мынчалык чек арага жакын жерде эмес да. Кокус бирдеме болсо, биз орто кылымдардагыдай чептен чыгып согушпайбыз да калкан-соотторубузду шаңгыратып. Ушундай иш жүргүзүү менен материалдык чыгымдар бекер жерден бекер жакка агып жатканын танууга болбойт.

1999-2000-жылдардагы Баткендеги окуялар да бизди эч нерсеге үйрөтө албаптыр. Офицерлери, жоокерлери менен биригип биздикилер 10 000 сан, а боевиктердин саны 700дөн 1000ге чейин гана болсо да, биз аларды кашайып кармай албай, генералдарыбыз болсо согуштук аракеттердин ордуна бири-бири менен ызылдашып интригадан чыгалбай, ал эми согуштук  чатактын башталышында эле бир генералыбыз боевиктердин колуна түшүп калганы коргоо күчтѳрүнѳ кадалган “жагымсыз так” эмеспи. Ошол учурда, биз ѳнүккөн мамлекеттердин аскердик спутниктеринин маалыматтарын пайдаланып акыл калчагандын ордуна, кан төгүү менен жоготууга учурай бергенбиз. Демек, бир эле корутунду – биз эч нерсеге алиге чейин үйрөнбѳй, эч нерседен сабак албай келатабыз.

Мен биздин мекендин командирлери менен жоокерлеринин эр жүрөк, тайманбастыгынан күмөн санабайм, бирок, алардын мындай сапаттары заманбап согуштук аракеттерди жүргүзүүдө жардамын тийгизе койору күмѳн. Азыркы заман, тездик менен өтчү жогорку технологиялык согуштун заманы. Армияны заманбап куралдар менен жабдып, айлыктарын көбөйтүп эле койбостон, ошол технологияларды пайдаланганга, согушту башкаруунун заманбап ыкмаларына  үйрөтүү дагы керек.

Баса, биздин аскердик чыгымдарыбыз кайда короп атат? Деги аларды пайдакорлор жеп коюп атышпаса экен. Казактар 2012-жылы куралдуу күчтѳргѳ 1,5 миллиард доллар жумшашты. Муну биздики менен салыштырсак албетте асман менен жердей.  Бирок, биздин армияда жоокердикти үйрөтпөй эле – эч нерсеге жарабаган ыксыз оор жумуш, катарда жүрүүгө машыгуу, чарба боюнча иштер жана ачкачылыкта калтыруу менен гана чектелишет. Анын бетин ары кылсын, бирок кокус чоң согуш чыгып кетсе, мындай армиядан кымындай пайда кѳрѳ албайбыз.

Чындыгында, ушундай армияны жоюп жиберсек деле эч нерсебизди жоготпойбуз. Ал эми реформа кыла турган болсок, ал баарыбир мындагы абалды көп өзгөртпөйт. Ошондуктан, азыркы тынчтык убакта кайрадан баарын нөлдөн баштап түзүп чыкса болот, большевиктер муну согуштун шарттарында деле жасашпады беле. Мындай кадам    биздин коргонуу жѳндѳмдүүлүгүбүзгѳ эч бир таасир этпейт.

Ошентип, биз жаңы армияны түзүшүбүз керек жана ал төмөндөгүдөй маселелерди  аткаруусу зарыл:
– Тынчтык убактагы ѳлкѳнү коргоону камсыздоо;
– Кокус согуш чыгып кетсе, мобилизациялык ресурсту даяр кылуу;
– Жарандардын социализациялоо куралы болуп берүү;
– Жаштардын физикалык, профессионалдык жана руханий жактан өзүн-өзү өркүндөтүүсүнѳ стимул берүү;
Мисалы, Израилдин  – “Цахал”   Коргонуу Армиясын алып карап көрөлү. Алар  мамлекети пайда болгон 1947-жылдан бери эле согушуп келатышат, алар үчүн армия бюрократиялык аппарат эмес, мамлекетинин ѳмүр сүрүүсүнүн  негизи. Ошондуктан израилдиктер дедовщинанын, чоң курсак генералдардын   жана мас офицерлердин коомдо пайда боло калуусуна бѳгѳт коюшат.

Армиянын негизи – офицердик корпус.  Биздин парламенттин жыйынында бир депутат айтты эле шымы сүрүлгѳн офицерди көргөнүн. Ал эми согуштагы командир болчу ошол офицерлердин адистик деңгээлинен, демилгелүүлүгүнөн, даярдык шыгынан, тартип кармай билгендигинен салгылаштын натыйжасы кѳз каранды.

Бүгүнкү күндө аскер кызматкеринин статусу бизде кандайча аныкталууда? – Аскердик наамы жана ээлеген кызмат орду боюнча.

Ал эми кезектеги наамды алуу эмнеден көз каранды? – Жетекчиликтин жакшы мамилесинен, белгилүү бир кызматтын оруну  бош экенинен, бийликтеги адамдар менен болгон байланыштардан, ошондой эле, башы иштебесе да ошол тармакта кызмат ѳтѳп көп жылдарды багынтып койгондон көз каранды.

ТИРЕШКЕН ИИМ менен УКМК. ЖЕ, ЭЛ ИРЕНЖИГЕН ИЧКИ ИШТЕР
Эми, сѳздү укук коргоо органдарындагы абал боюнча козгойлу. Ал жак “капшытыбыз” кандай болду экен?
Оо, бул мамлекеттик органдар биз менен сиздердин эсептен азыктанган  “жемканага” эчак эле айланып бүтүшкөн. Башкача кандай болмок?

Ал эми ИИМ менен УКМКнын ортосундагы тирешүү чегине жетип бүттү. Мисалы, үстүбүздѳгү эле жылдын 12-апрелинде, аптанын жума күнүндѳ мамлекеттик ушул эки органдын кызматкерлеринин ортосунда  мушташ чыгып кеткен. Кѳрсѳ, УКМКнын Коррупцияга каршы агенствосунун кызматкерлери  пара алууга шектүү деп бир милиционерди кармай башташат, “бир уйдун мүйүзү сынса, миңдики зыркырайт” болуп, милициянын башка кызматкерлери аны куткаруу үчүн жете келишет. Натыйжада, ИИМдин бир ѳкүлү жараат алып, азыр ооруканада жатат.

Эки жактуу күчтүн жогорудагыдай карама-каршылыгына экинчи бир мисалдын жагдайы ошол күнгѳ улай эле  13-апрелде, ишемби күнү болуп ѳткѳн. Башкача айтканда, ИИМ  дагы бир башка күч ведомствосу менен тирешкен. Ал мындайча болду: Баңгизаттарды контролдоо агентствосунун опери бир милиционерди “баңгизатын соодалады” деген шек менен  кармап, баңгизаттарын тинтүү үчүн РИИБнин кармалган ошол оперинин үйүнѳ барышат. Ушул убакта РОВДнын 50 (!) кызматкери келип, андан аркы окуя комедия тасмасындагыдай уланат. Бѳлмѳдѳгү жарык кокустан ѳчүрүлѳт да, даңка-дүк түшкѳн күтүлбѳгѳн уруш башталып кетет. Жыйынтыгында, кармала турган милиция кызматкери белгисиз тарапка качып кетип, ал эми Баңгизаттарды контролдоо агентствосунун опери ооруканада дарыланууда. Мына биздин тынчтыгыбызды сактоочу, бизди коргоочу, кылмышкерлер менен күрөшүүчү жана бейпил уйкубуздун күзөтүндө турууга милдет алган  укук коргоочу органдардын кейпи. Мындан ары эми булар кайда барышат? А жок… дагы бир варианты бар экен – бири-бири менен атышууга барышат.

Аталган тармакка менин койгон дагы бир диагнозум – бул чириген, өзүнѳ-өзү топук (самодостаточное) система. Бул жакта дагы кызмат орундарын ээлегенге конкурстар жок. Кызмат боюнча жогорулоо жеке жана адистик сапаттарга жараша болбой эле, банкноттук-материалдык байлыктарга жараша болуп атат. Кандай кылмыш жасаса да акча менен бошонуп кете берсе болот. Ички иштер органдарына акча жана тааныш аркылуу гана ишке орношосуң. Акыркы жылдарда эч нерсе өзгөргөн жок,  кызмат орундарына соодалашуу ачык жүрүүдѳ.

АКШны алалы, ал жакта полицияга ишке орношуу үчүн жергиликтүү полиция башкармалыгынын сайтына кирип, атайы бланк  толтурасың. Бизде ошондой бланк бар бекен, көрсөткүлөчү. Каалаган РИИБнин   кадрлар бөлүмүнө барып ишке орношуу жөнүндө сурап көргүлөчү, “орун жок” дешет сөзсүз. Ал эми элдин милиционерлерге мамилелери кандай экенин жон териңиз менен сезгиңиз  келсе, бир эле күн милициянын формасын кийип, кѳчѳ аралап басып кѳрүңүз. Жек  көргөн көздөрүнѳн башка эч нерсе таба албайсыз. Эмне үчүн калайык-калк ѳзүнүн коргоочусун жакшы көрѳ албайт? Эмне үчүн муздак карап, жаа бою качышат? Эмне үчүн алардын СССР убагындай  барк-баалары жок?  Күч органынын  кызматкерлери өзүлөрү айткандай, бул, 70% кызматкерлер паранын эсебинен жашаган, кѳрүнгѳндүн чѳнтѳгүн аңтарган, акчага кѳзү кызарган кызматкерлер экенинде. Ал эми 30%ы  өз ишин сүйгөн фанаттар. Ооба, чыныгы милиционерлер да бар экенинин чындыгы бар,  анткени, баардык эле погончондор “жиндер” эмес да, кимдир-бирөө да кара жумушту чын дилинен аткарышы керек.

Жогорудагы кѳрүнүштѳр, албетте, коррупция. Коррупция деген эмне? Өзүңөрдү согушта элестетип көргүлөчү: алдыдагы окоп душмандыкы, ал жерге пулемётчусу отуруп алган. Ал эми согуштук эрежелер боюнча пулемётчуну командирди жок кылгандан кийин жок кылыш керек. Тиги пулемётчунун милдети болсо – силерди өлтүрүү. Андан бѳлѳк, ок-дары, курал-жарак ташыган башка солдаты бар. Ошондой эле, тылда тынч эле олтуруп пулеметту октоочу кишиси жана тамак жасап берчү ашпозчусу да бар. Эми караңыз. Пулемётчуну жок кылса эле кѳйгѳйүңүз чечилип калабы? Албетте, жок. Мындай учурда тынч олтурган октоочу куралды колго алат. Ал жок кылынса, ашпозчу алат. Башкача айтканда, сиз согушта жеке адамдар менен эмес, душмандын  БИР БҮТҮН армиясы менен согушасыз.

Демек, коррупция деген ѳзүнчѳ бир коррупционерлер тобу эмес, ал – коррупциялык система. Ар бир системанын өз максаты бар, ошол максатына жетүүгө анын бүт уюшкан аракети, жашоо цикли баш ийип кызмат кылат. Аны жок кылуу үчүн анын кѳздѳгѳн максатын аныктоо керек. Максатынын түпкү ѳзѳгүн ачыктаганда гана  түбүнө кантип жетүү керектигин түшүнө алабыз. Бирок, бул жөнүндөгү кеп эмкиде болсун.

Эми, ушундай акыбалыбыздан кантип чыгабыз, кантип оңойбуз? Ак ниет сыйкырчылардай болуп учуп келип баарын жакшы жакка буруп берет деп чет элдик донорлорду карабай, өзүбүз аракет кылуубуз зарыл. Бирок, албетте Россиянын Приморьесинин тургундары сыяктуу үч милиционерди өлтүргөндөй радикалдуу ыкмалар менен эмес.

Аракет демекчи, чет жактан каржыланып аткан биздин мамлекеттик эмес уюмдар ИИМди реформалоонун өз ыкмасын сунушташыптыр. Окуп көрдүм. Чынын айтсам, ал реформасы күлкүнү гана келтирет. Ал эми министрлик үч жыл мурун эле сунуштаган реформалоо жолу да биздин шарттарга туура келбей турат. Баарын жумуштан айдап жиберүүдөн дагы, эшик сыртындагы жазууларды алмаштырып коюудан дагы эч нерсе чыкпайт. Жол полициясын толугу менен жумуштан чыгарып ийген Грузияга иш сапары менен барып келгенден кийин биздин парламентарийлер да иштен бошотуу жөнүндө сөз козгошкондо, милийсаларыбыз митингге чыгабыз деп сүр кѳрсѳтүп коркутуп коюшкан эле. Ошондон бери депутаттар бул тууралуу сѳз кылууну таптакыр “унутуп”, ал маселе эстеринен учуп кетти.

Акыркы мезгилде, баардык  деңгээлдеги мамлекеттик кызматчылардын, атүгүл алардын ичинде күч органдарынын кызматкерлеринин да коррупцияга байланыштуу кармалып жаткандыгы тууралуу байма-бай көрсөтүүлөрдү теледен берип атышат. Коррупцияланган милийсалар үчүн  Жаны-Жер айылында атайы колония да бар. Демек, бул күрөштү күчөтүү менен көп баштуу ажыдаарды жеңсе болот турбайбы! Тилекке каршы, баары биз ойлогондой эмес.

Бул боюнча сѳздүн учугу да кийинкиде улансын. Аны менен бирге, окурманым, биздин мамлекеттик органдардын коррупциялык түзүлүшүн жана анын тегерегиндеги имиштерди ачууга аракет кылам.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *