Жашоо тикенинен ѳткѳндѳ гана анын кереметин баалайсың!

Нурзада ТОКТОСУН кызы

Курсактагы бала терс мамилени сезет

Эне болуу – бул чоң жоопкерчилик. Андыктан, эне болом деген аялзаты эртелеп даярдык кѳрүүсү зарыл. Себеби, бала боюна бүтѳѳрү менен эне-баланын тыгыз байланышы түзүлүп, курсактагы  ымыркай эненин ой-мамилесин, кѳңүлүн – баарын сезет. «Эгер болочок эне курсактагы баласына мээримин тѳгүп, аяр мамиле жасап тѳрѳсѳ, ал баланын келечеги да бактылуу болот, – дейт украиналык психолог Наталья Ракель.  – Ал эми боюна күтүүсүз бүтүп калып, аны алдырам (аборт) деген ой пайда болгондо курсактагы бала катуу стресс алат экен да,  Кудай ѳмүр берип  тѳрѳлгѳн бул бала турмушунда кѳп кыйынчылыктарды тартып калат».

Ата-эне уул күтүп атып кыз тѳрѳлүп калса, же кыз күтүп атып уул тѳрѳлүп калган учурларда да тѳрѳлгѳн ымыркайга чоңдордун кѳңүлү сезилет, ал бул жарыкка күтүүсүз, кокусунан келгенин билет.  Ата-эненин «кыз тѳрѳлүп калды» же «уул тѳрѳлүп калды» деп кабыл албай сүйлѳгѳндѳрү баланын ѳмүрүнѳ бардык жагынан тоскоолдуктардын жаралышына алып келет. Эгер боюна бүткѳн аялдын алгачкы айларда «аборт кылдырам» деген ойлору болуп, бирок кайра акырында «тѳрѳйм» деп чечсе, анда ичиндеги ымыркай менен кадимкидей сүйлѳшүп, кечирим сурап, жылуу байланыш түзүшү керек дейт психолог Н.Ракель.
Турмуштан алып байкоо жүргүзсѳк, кокусунан тѳрѳлүп калган бала энеге мээримсиз, салкын болуп калат. Анткени, бала боюнда жүргѳн мезгилде эле, эне-баланын байланышы үзүлгѳн болот. Адатта, ата-эне ушундай балдарынын азабын кѳп тартат. Мындай балдар кичинесинде кѳп оорушат, чоңойгондо ата-эне менен баланын ортосунда түшүнбѳстүктѳр, кѳңүл оорутуу уруштары кѳп болот.

Апам экѳѳбүздүн ортобуздагы дубал
Алыс барбай, ѳзүмдү мисал келтирейин. Мен ата-энемдин үчүнчү кызымын. Албетте, ата-эне уул күтүп жүргѳн учурда менин кыз болуп тѳрѳлүп калганым аларды сүйүнтпѳсѳ керек. Анан дагы апам эки эжемди жаңыдан торолтуп, жалаяктан эми кутулганда кайрадан боюна бүтүп калат. Тѳрѳгүсү келбей, оор жүктѳрдү ары-бери жылдырып, боюнан түшүп калса экен деп аракеттенет. Менин Кудай алдында аткара турган вазыйпам бар окшойт, жармашып-жаралып калыптырмын. Бирок, апамдын боюнда жатканда катуу стресс алып, апам менен менин байланышым үзүлүп калган окшойт. Кичинемден тартып үй-бүлѳбүздѳ менин ордум обочороок экени сезилип, башкалардан ѳзгѳчѳлѳнүп турчумун. Жадакалса ѳңүм да үйдѳгүлѳрдѳн ѳзгѳчѳлѳнүп сары кыз элем. Апам тамашалап: «Сен Андрей менен Наташанын кызысың, алар Сибирге акча тапканы кетишкен. Келгенде сени алып кетет» дегенин чын кѳрүп жүргѳнүмчү. «Ойносоң да ойлоп сүйлѳ» дегендей, бул тамаша мага канчалык тескери таасирин тийгизгенин сезбесе керек апам. Бул тамаша ого бетер ортобуздагы аралыкты алыстатыптыр.  Таенемдин гана мээримин сезип, аны абдан жакшы кѳрчүмүн.  Ал  эми  апам ѳзүнѳ тартса да эркелей албай, ѳзүмдү оңтойсуз сезчүмүн.
Турмуштун татаалдыгынан, атамдын айынан апам мени 6-классымда интернатка берген. Жумасына бир күн үйдѳ, алты күн интернатта болчумун. Ушинтип ого бетер үй-бүлѳмѳ чоочун болдум. Менин кантип жашап, ѳспүрүм кезим кандай ѳткѳнүн деле билбей калышты. Ѳзүм менен ѳзүм болуп олтуруп, менде ѳзүмчүл мүнѳз пайда болду окшойт. Кийинчерээк апам мени «эгоистсиң» деп да урушчу болду. Ал сѳз менин жүрѳгүмѳ катуу тийип, ого бетер жабылып калчумун. Ичимдеги сырлар ичимде кала берчү, ыйлап-ыйлап тим болчумун. Ѳзүмдү жаман чаар балапанга («Гадкий утенок» деген мультфильмдеги) теңеп, эмне үчүн жаралдым экен деп наалып калчумун. Батымым жок, тартынчаак, коркок болуп, ѳзүмдү ѳзүм кемсинтчүмүн.  Ушул мүнѳз-адаттарым кийин турмушумда тоскоол болчу. Бирок, башынан эле апамдын алдында «мен жакшы экенимди» далилдегим келчү. Ошондуктан болсо керек, окуганды ѳзүм үйрѳндүм, жакшы окудум, мени мактаса экен дечүмүн. Апам байкабай калса капаланчумун. Бирок, канчалык аракет кылсам деле апамды капалантып, нааразы кылган учурум кѳп болду. Эмнегедир ойлобогон жерден таарынтып алчумун. Апам мени эркелебейсиң дейт, а мен экѳѳбүздүн ортобузда кандайдыр бир кѳрүнгүс дубал бар экенин сезип, жакындай алчу эмесмин.
Бирок апамды эч качан күнѳѳлѳбѳйм, түшүнѳм, турмушу татаал болду. Атамдын азабынан, кѳр оокаттын айынан балдарына кѳңүл бурууга убагы, чамасы тийбей калчу. Аял катары баарын түшүнѳм. Апамды түшүнсүн деп, Кудайым да мага анын тагдырын жазып койсо керек: эки жолу турмушка чыктым, экѳѳндѳ тең бакыт таба албадым. Эки баланы жалгыз багууга тагдыр буйруду.

Таарыныч кетпесе – ырыскынын келиши кыйын
Менин жашоомдогу эң чоң тоскоолдук – бул энем экѳѳбүздүн ортобуздагы байланыштын үзүлгѳндүгү, жылдар бою жыйылган таарыныч болчу. Балачактагы таарыныч – жүрѳккѳ так болуп калат. Аны кетирүү оор. Бирок, аны кое бербесең, ѳмүрүңдѳ тоскоолдуктар боло берет. Дагы бир тоскоолдук – бул күнѳѳкѳрдүк сезими. Ооба, бирѳѳнүн алдында ѳзүңдү күнѳѳлүү сезүү. Мен апамдын оор турмушун түшүнүп турсам да кечире албай, таарынып жүргѳнүмѳ ѳзүмдү-ѳзүм күнѳѳлүү сезчүмүн. Энеден ыйык эч нерсе жок. Апам беш баланы жалгыз ѳстүрдү. Турмушумду кура албай кыйналганымда кошо кыйналып, азабымды чогуу тартты. Кызым менен уулума мээримин берип чоңойтту. Дагы эмне керек мага? Ыраазы гана болушум керек да деген күнѳѳкѳрдүк сезим тоскоолдук болду. Ушундай эки карама-каршы сезим мени ѳмүр бою коштоп келди.
Менин алдымдагы чоң маселе – энем экѳѳбүздүн ортобуздагы кѳрүнгүс дубалды бузуу. Канткенде үзүлгѳн байланышты улап оңдойм? Адамдар мына ушундай эне менен баланын, ата менен баланын, аял менен эркектин, биртуугандардын ортосундагы ушу сыяктуу байланыштарга маани бербей келишет. Үзүлгѳн байланыштар сырттан байкалбаганы менен алар ичтен жеген мите курт сыяктуу. Ортодогу таарынычтар жыйылып отуруп, кѳрүнгүс дубалга айланат. Кечиримдүү болуу керек деген Кудайдын насаатын аткаруу кыйын. «Кечирдим» деген менен жүрѳктѳгү такты кетириш оңой эмес. Жакшылыктын жай учурларында ал унутулуп, кыйынчылык келгенде кайрадан таарыныч жаракаты жаңырып келе берет. Адам мына ушундай дубалдардын курчоосунда калганда ага ырыскы келиши кыйын. Эсиңизге түйүңүз, таарыныч – сиздин жашооңуздагы ийгиликке бѳгѳт коюучу биринчи тоскоолдук.
«Таарынычты кантип кетире алабыз?» деп суроо саларсыз… Эмесе, апам экѳѳбүздүн ортобуздагы  таарыныч дубалын кантип жок кылганымды да баяндап берейин. Кызык, мен ѳз жашоомдо канчалык апама, бир туугандарыма залакамды тийгизбейин деген сайын, Кудай аларга мени кѳз каранды кылып жатты. «Ѳзүм» деген сайын иштерим оңунан чыкпай, ийгилик коштобой, кыйналдым. Эмне кылышым керек. Санаа тартып кыйнала берип, денемде да оору пайда боло баштады. Ичкеним ашказаныма сиңбей калды. Жан дүйнѳң кыйналганда нерв клеткалары бошоп, ар кыл ооруга чалдыгат да экенсиң. Кайсы органың начар болсо, ошол жериң ооруйт.
Ошентип жүрүп, бейтааныш адамдар менен жолуктум. Кудай бекер жолуктурбайт. Кокусунан эч нерсе болбойт. Кыйналып турганымда, Украинадан психолог Наталья Ракель келгенин уктум. Аны шериктештерим  «аялдарга жардамы жакшы тиет» деп калышты. Биринчи жолугушуусуна  бардым. Мен ойлогон божомолдорум Ракелдин айткан теорияларына туура келди. Чечмелеп берүү үчүн жеке кабыл алуу керектигин айтты психолог. Бирок, шартыма жараша мен ага кирбей калдым. Кудайдын буйругу менен Ракелди коштоп Казакстандан Асия Гилясовна деген аял келген. Ал Алматыда «Адамды ѳнүктүрүү жана таануу борборунун» тренери экен. Маектешип отуруп, ал мага жѳнѳкѳй чечим тартуулады: «Тамак-ашты ашказандын сиңирбеши – бул аң-сезимдин болуп жаткан нерселерди, жагдайларды кабыл албоосу. Экинчиси, эне менен байланыштын калыптагыдай эместиги. Бул бир гана кечирим, сүйүү менен дарыланат. Кайсы жерде болбо, мейли алыс аралыкта бол, эртеби-кечпи, ойуңа келгенде эле  энеңе сүйүү тартуула. Кудайга шүгүрчүлүк, ыраазылык келтир, тагдырыңды кабыл ал» деди. Мына чечим. Жѳпжѳнѳкѳй чечим. Адамдар керектүү чечимди кыйналып издеп, жѳнѳкѳй жоопту байкабай келишет.

Жашоо – тикендүү розадай
Окурманым, бул кеңештерди эсиңизге алышыңыз керек: кыйналып, кыжаалат болуп  турган кезде, эч качан ачууга алдырбаңыз. Кайгырбаңыз, кейибеңиз! Жан дүйнѳнү тынчтандырыңыз. Так ошол тынчтык ѳкүм сүргѳн мезгилде – сизге чечим келет.
Концентрациялоо техникасы, башкача айтканда,  ой салмактоо – бул жашоодогу бардык жактан ийгиликтин ачкычы. Буга роза гүлүн мисалга алалы. Ѳз турмушуңузду роза гүлүнѳ салыштырыңызчы. Караңызчы, сабагы тикендүү, ал эми гүлү ушунчалык кооз, жыты жыпардай. Турмушуңуздагы түйшүк, кѳйгѳйлѳр, кыйынчылыктар – бул тикендер. Ушул тикендерден ѳткѳндѳн кийин гана сиз розанын кооз гүлүнѳ жетесиз. Бул болсо бакубаттуу жашоо дегендик. Жаман болбосо, жакшыны адам билбейт дагы, айырмалай албайт дагы. Анын сыңары, турмуштун тикендеринен ѳткѳндѳн кийин жашоонун ырахатын, жыргалын, кереметин баалап, барктай аласыз. Кыйналып, кѳйгѳйгѳ жооп таба албай турганыңызда розанын жүрѳгү болгон так ортосун 15-20 мүнѳт тиктеп, ойлоруңузду ордуна келтирүүгѳ аракет кылыңыз. Роза гүлү колуңузда болбосо, кѳзүңүздү жумуп, аны элестетиңиз. Роза – жашоонун символу, ар бир кыйынчылыгыңыз бир убакта роза гүлүнѳ айланат. Ар бир нерсенин шарты, жолу, негизи жана чечими бар экенин унутпаңыз.

Кѳйгѳйлѳр адамга сыноо катары берилет. Андыктан, ар бир кѳйгѳйдү сиз математикалык мисал катары элестетип, анын жообун табыңыз. Бул кѳйгѳйдүн жообун тапкан соң, башка жаңы кѳйгѳй келет. Бул – жашоонун мыйзамы.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *