Зарылбек ЖУМАГАЗИЕВ, жактоочу: «Мурунку бийликтен калган «олжону» кийинки бийлик мыкчууда»

Кубатбек ОСМОНОВ

Бакиевдик бийликти карапайым эл кан тѳгүү менен кетирип, 7-апрель окуясынан кийин бийликке келишкен оппозиция мүчѳлѳрүнѳн күткѳн адилет мүдѳѳлѳрү тилекке каршы акталбай келет. Эң ѳкүнүчтүүсү жек кѳрүндү болгон бийликтин катасын бул бийлик да кайталаганында. Бакиевчилердин курмандыктарынын бири, ден соолугунан, эркиндигинен ажыраган «Азия Курулуш» жабык акционердик коомунун жетекчиси Адина ТУРДУБАЕВАнын акыйкатсыз иши ушул убакка чейин чечилбей келет. Биз, баалуу курулуш объектилерин мыйзамсыз алдырган, эки бийликтен тең запкы жеп аткан ишкер айымдын жактоочусу Зарылбек Жумагазиев менен маектешип, иштин ак-карасын талдап алууга аракет кылдык.

– Зарылбек мырза, мойнуңузга оңой эмес сот ишин алыптырсыз. Бийлик менен кармашуудан чочулаган жоксузбу?

– Мен ѳзүм адилеттик үчүн күрѳшкѳн адаммын. Анүстүнѳ эки революциядан кийин баарыбызда оңолуу жагына кетебиз деп үмүт жанган. Бирок, мурунку бийликтин тушундагыдай эле, бүгүнкү бийликтин деле учурунда күнөөсү жок адамды кармап барып камап, күнөө коюп, соттоп жиберсе болот экен деген ойдомун. Адина Турдубаева жаш кезинен Россияда окуп билип алып, ал жакта жашап, ѳзүнүн ишинин ийгиликтерин көргөн. Ал жеке ѳзүнүн 1,5 млн.доллар акчасын инвестор катары алып келип үй куруу ишин баштаганда, Бакиевдер анын курулушуна, иш офисине үстөккө-босток текшерүүчүлөрдү жиберип, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн ишти кайра-кайра токтотуп, куруучулардын иштөөсүнө мүмкүнчүлүк беришкен эмес. Финполициясынан, ИИМден, салык инспекциясынан адамдар келе беришкен. Ошого карабастан курулуш иштери 60пайызга бүткөн.

Курулуштун токтоп калышына бар аракетин жумшап максатына жеткенде айрым пайщиктерди Турдубаевага каршы арыз жазууга тукурушуп, аягында баардык тарабынан иш козгошкон. Эгер бийликтин кызыкчылыгы турса, кимге болбосун күнөө тагып, соттоп жиберсе болот экен. Турдубаеванын объектисин тартып алыш үчүн бакиевчилер баштаган кара аракет, эми азыркы бийлик тарабынан улантылып жатат. Адина айымды биринчисинде 16 жылга, экинчисинде 17 жылга кесишип, азыр камакта отурат.

– Турдубаеванын объектилерин Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев тартып алгандыгы далилденди беле?

– Толугу менен далилденген. Бакиевдин убагында эч кандай тергөө амалдары жүргүзүлгөн эмес. Тергөө бир жактуу болгон жана бир тараптуу гана кызыкчылыкты көздөп, Турдубаеванын объектисин тартып алыш үчүн жүргүзүлгөн. Бакиевдин  убагында далай адамдардын объектилери, имараттары тартылып алынганы коомчулукка маалым эмеспи.

– Турдубаевага кандай негизде доо арызы жазылган?

– Мунун баары бакиевчилердин тээ башынан караөзгөйлүк менен кылдат пландаган ишинин натыйжасы болуп, акыр аягы «бизден акча алып, Турдубаева үйдү салбай качып кетти» деген жалган арыздар жаздырылган. Чындыгында, курулуш иши толук кандуу жүрүп жаткан эле. Сапаттуу да болгон.

– Ал айымдын курулуш иштери мыйзам чегинде беле?

– Албетте. Ал буга чейин Россияда курулуш иштерин жүргүзүп келген. 2005-жылкы революцияда элдердин жер басып алып жатканын сыналгыдан көрүп, «өз элиме барып, элиме үй курайын» деп максат койгон. Ал убакта анын бул жактагы тамырлаган коррупция, ачкөздүк, басып алуучулук боюнча түшүнүгү жок эле.

– Курулуш боюнча тажрыйбасы бар экен да?

– Толугу менен бар. Россиянын шаарларында курулуш иштерин жүргүзүп, кайрымдуулук иштерин жасап жүрүп, «Меценат года» деген сыйлыкка да татыган.

Бакиевдер элди атып качып кетишти. Аларга тиешелүү айрым объектилер улутташтырылды. Көбү белгисиз калды. Бакиевдердин тартып алуу ыкмасынан калган объектилерди бүгүнкү бийликтегилердин арасынан пайдалангандар бардыр, ошонун ичинен Адина айымдыкын дагы?

Калк айтса, калп айтпайт эмеспи. Кыӊыр иш кырк эмес, үч-төрт жылда эле билинип жатпайбы. Революцияга чейин тергөө кызматкерлери, соттор Бакиевдерге иштеген болсо, 7-апрелден кийин ошол эле тергөөчүлөр, соттор азыркы бийликтин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатышат. Адина Турдубаева мурда Бакиевдерден жабырланса, эми азыркы бийликтен жабырланууда. Эч нерсени далилдебестен, күбөлөрү жок, каразгөйлүк менен кайра экинчи жолу азыркы бийлик эле соттоп жиберди. Алардын ким экендиктери албетте айтылууда. Байлыктан көздөрү кызарып, көрүнө сүйрөп кетчүдөй жанталашып аткан саясатчылардын алдым-жуттумдугу элди иренжитип бүттү.

– Мен дагы бир канча жолку сот отурумдарына катышып калдым. Курулуш иштериндеги отуз, алтымыш пайыз аткарылган иштерин чагылдырган фотосүрөттөр, видеофактылар көрсөтүлгөн эле. Ошол аткарылган иштерин сиз кандайча тастыктай аласыз?

– Турдубаева орус элинде кичинесинен жашап-иштеп калган адам катары Кыргызстанга келгенде эле баардык ишин мыйзамдаштырган. Тиешелүү уюмдардын уруксааты менен документтерин жүз пайызга бүтүрүп туруп ишти баштаган. Курулуш ишинин эӊ кыйын кези, бул – документтерин даярдоо. Бул айым өзүнүн адистери менен келип ишин баштаганда, эч кандай кынтык таба алышкан эмес.

– Бакиевдердин убагында сот отурумдарынын тушунда Адина айымдын ооруп калгандыгы чынбы?

– Ал кишинин жатынынан 4-даражадагы рак оорусу белгилүү болгон. Азыр 2-группадагы майып. Ошол кезде камалып жатып ооруканага түшкөндө, химия терапия алып жаткан учурундагы алсыз абалына карабай, бакиевчилер аны керебетке кишендеп кармашкан. Кишендегени аз келгенсип, жанында дайыма эки кайтаруучу солдат күн-түнү турчу. Операция болуп жатканда да солдаттарга кайтартып, оор абалына карабай тергөө жүргүзө беришкен. Анан операциядан колонияга алып келип эле соттоп атышпайбы. Бүгүнкү күндө ден соолугу боюнча ВТЭКтин бүтүмү, онкологиялык оорукананын справкалары бар. Анын реабилитацияга муктаж экенин билишсе да билмексен болуп атышат.

Бакиевдердин эӊ жакын кишиси, Бишкек ички иштер башкармалыгынын  начальнигинин орун басары болуп иштеген, андан соң президенттик аппараттын финансы бөлүмүнүн башчысы болгон Нурлан Темирбаев бул иште өтө чоң «кызмат» кылган, анын корутундусун пайдаланып, соттор Турдубаеваны күнөөлүү деп тапкан.

– Бул кандайча президенттик аппараттын финансылык бөлүмүнүн башчысы эксперттик көрсөтмө, бүтүм чыгарууга укук алганы?

– Президенттик орган башкаруу болгондуктан, андай укугу жок эле. Бирок, сот ошол корутундуну негиз кылып алып, соттоп жиберген, башка эч кандай күнөө тапкан эмес.

– Адина Турдубаева сот отурумунда «аткарылган иштердин ар бирине техникалык экспертиза жүргүзгүлө» деп ѳтүнсѳ, ал өтүнүчтөрдү шаардык, Жогорку сот отурумдарында соттор четке кагыптыр…

– Техникалык, курулуштук баалоо экспертизалары жүргүзүлүшү керек эле, эч бири аткарылбады. Бул соттор жүз пайызга  бирөөлөрдүн буйругун аткарышты.

– Сиз Адина айым 1,5 млн. доллар алып келген дедиӊиз, ага кошумча үй курдуруучулардын (пайщиктердин) баштапкы акчаларынан сырткары банкттардан насыяга акча каражаттарын алганбы?

– Эч кандай акча алган эмес. Акча керек болсо, Россиядагы курулушчу кампаньондору берүүнү убада кылышкан.

Турдубаева курулушун баштаганда ал жерге салынчу үйлөрдү кандайча пландаштырган?

– Иш баштаарда иликтөө, мониторинг жүргүзүп, тогуз кабат үйдөн беш үй баштаган экен, андан тышкары алты гектар жер алып, жер үйлөрдү салууну пландаштырган. Негизи, кандайдыр бир чоӊ ишти бүткөрүү үчүн бийликке келишиӊ керек экен, аларга сурак, сот жок, баары уруксат турбайбы…

– Деги эле сиздин жактоочулук практикаӊызда Жогорку Кеӊештин, Өкмөттүн же президенттик аппараттын адистеринин эксперттик чечимдери сотто колдонулуп, ал бүтүм жарактуу болгонбу?

– Жок, биринчи жолу мындай кызматынан кыянаттык менен пайдаланууну көрдүм. Бийликтин гана кызыкчылыгын көздөгөн корутунду бул. Башкаруу органына эч ким андай укук берген эмес. Адина Турдубаева менен болгон нерсе – ачыктан ачык эле рейдерство. Бийликтегилердин кылмышы. Бакиев кандай тартып алса, кийинки бийлик дагы ошондой жол менен тартып алды. Бакиевдин камчысын чапкан ошол эле соттор кайра келишип, ак-карасын карабай бүгүнкү бийликтин камчысын чаап жатат. Турдубаеванын сот отурумдарында соттор мыйзам чегинен чыгып жатты. Соттордун жоругуна чыдай албаган учурларымда беш-алты ирет эскертүү алдым. Өкүмдү чыгарып коюп, «Адинанын күнөөсү жок эле» деп аны аяган соттор да болду.

– Бакиевдер өз бийлигин пайдаланып, теле, радио, гезиттерден, орусча да, кыргызча да кара көө маалыматтарын тынымсыз жайылтып, Турдубаеваны аз убакыттын ичинде алдамчы, шылуун аялга айландырышты. Ал эми үй курууга акча салган үй курдуруучулар Турдубаева камалгандан кийин соттон да колдоо таппай укуктары тепселди, буга кандай карайсыз? Алардын ичинен Жогорку шаардык сотко катыша албай калгандары да болду, эми алардын укугун ким коргойт?

Аларды соттор уккусу да келишкен жок. Себеби, басып алуучулар жалпы үй курдуруучулардын ичинен мурунтан айрымдарын бөлүп алышып, атайын даярдашып, беркилерди болсо четтетип салышкан. Алар ошол курулуш объектисине барышса, специальный администраторлор «силердин тиешеӊер жок, Турдубаевадан сурап алгыла» деп айтканын билдиришти. Ал эми «даярдалган» үй курдуруучуларды пайдаланып бүткөн соӊ, азыркы басып алуучулар айрымдарына үй бербей четтетет акырында. Анткени, алардын үй курдуруучуларга үй беребиз деген милдеттемеси жок. А бирок, «чыксам курулушту аягына чыгарам» деген Турдубаеванын чыкпашына бардык каршы күчтөрүн колдонушууда.

– Турдубаеванын азыркы учурда абалы кандай?

– Албетте ак жерден күйүп кетүү, төрт жылдан бери Москва шаарында жашаган үй-бүлөсүн, уул-кыздарын көрбөй начар ден соолугу менен түрмөдө жатуу өтө аянычтуу көрүнүш. Аял да болсо Адина айым эрктүүлүк, чыдамкайлык кылып, актыкка, адилеттикке жетем деп карманууда. Ушул жерден мен бир нерсени айтып кетишим керек, анын түрмөдөн тирүү чыгышына күмөн санап жатам. Анткени буга айрым бир көрүнүштөр тастыктоо берүүдө. «Кырсыктасам объектилерди тартып алгандардан көргүлө» деп Адина айым да ачык эле айтты.

Бизде эки революциядан кийин эч кандай сот реформасы болгон жок. Баягы эле Бакиевдин камчысын чапкандар келишти. Сот Турдубаеванын объектисин банкрот кылып жарыялагандан кийин, Мамлекеттик мүлк фондусуна специальный администраторлорду даярдап, бул объектини бир инвесторго тапшырууну буйрук кылган.

Ал объектини алган ишкана атайын даярдалган уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрү болушу мүмкүнбү?

– Сиз туура баамдадыӊыз, бул иш даярдалган сценарий менен кетип жатат. Бүгүнкү күндө ОсОО СААП деген фирмага берген экен. Ал каалагандай сатып баштады. Курулушту курчап алышкан, эч кимди киргизишпейт.

– Зарылбек мырза, сот, прокуратурада баягы эле одоно мыйзам бузуулар, бийликтин же акча төлөгөндөрдүн камчысын чаап жатышат. Бул илдеттен арылууда конституциялык реформага баруунун пайдасы болоор беле?

– Бир дагы сот ишине канааттана элекмин. Сотторду тандоо кеӊеши, ачыгын айтканда, соттордон акча жыйноо менен эле жүрүп, баягы эле соттор кайра келишти. Конституциялык реформага сөзсүз барышыбыз керек.

– Беш миӊ кылмыш иши козголбой калганын өткөндө Шамил Атахановдун өз оозунан уктум. Бир нече туура эмес токтом чыгарган тергөѳчүгө кылмыш ишин козгоп, ал эми өтө коркунучтууларга өлүм жазасын киргизсек, кылмыштуулук азаяр беле?

– Эӊ туура айтасыз, өлүм жазасын сөзсүз киргизүү зарыл. Элибиздин тарыхында деле болгон, коркунучтуу кылмышкердин, чыккынчынын башын алышкан.

– Маегиӊизге чоӊ рахмат!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *