«Кашкулак терисинин көлдөлөңдөрү ден соолукту сакайтат»

Маектешкен Улан ҮСЕЙИН уулу

Нурила МААТКЕРИМОВА, уз: «Кашкулак терисинин көлдөлөңдөрү ден соолукту сакайтат»

Териден жасалган буюмдар байыртан кездеменин ордун гана толуктабастан, адамдын ден соолугуна да пайда алып келген. Адамдын турмуш шартына жана саламатчылыгына пайдаланаарда, алардын  колдонууга ыӊгайлуу болушу үчүн кийимге ылайыктуу терилерин жеӊил-желпи кылып жасашкан. Ал эми кѳлдѳлѳңдѳрдү койдун, эчкинин терисинен эле жасап чектелбей, аӊ териси болгон кашкулактын жана иттин терисинен да жасап колдонушкан. Бүгүн биз мына ушулар туурасында кенен билиш үчүн Нарын облусунун Кочкор районуна  караштуу Нурила апа Мааткеримова менен маек курдук.

– Нурила апа, тери менен иштешти кимден үйрөнгөнсүз?

– Мурда апаларыбыз бир мүнөт да бош олтурбай, узчулук менен алектенишчү. Ѳздөрүнүн билгенин кыздарына, небере-чөбөрөлөрүнө мурас катары калтырышчу. Мен эс тартып чоӊойгону апам көп түрлүү өнөрдү үйрөттү. Мектеп босогосуна киргенден тарта, апам эмнени жасаса, ошону кармаша калып жүрүп узчулукту да акырындан үйрөнө баштагам. Ал убакта териден көлдөлөӊдөрдү, тоңдорду, мээлейлерди жасап жатышса, кездеменин жоктугунан ушинтип жасап жатышат го деп ойлоптурмун. Көрсө, бул ата-бабаларыбыздан калган буюмдар экен да. Теринин башка кездемелерден айырмачылыгы, ал жылуу, жумшак, дарычылыгы да бар. Анүстүнѳ тери өзүбүздөн чыккандыктан, арзан да болот экен.

– Азыркы сиздин жасап жаткан көлдөлөңдөрүңүздүн жасалышы тууралуу айтып берсеңиз?

– Мал сойгондон кийин көлдөлөӊгѳ жарактуу терилерди алып, ашаткы сүйкөйбүз. Мурда айран, улпак жана туздун кошулмасындагы ашаткы менен жасачубуз. Азыр турмуш шартка байланыштуу жаңы ыкма менен ашаткыга айна, солярка, уксус да кошуп калдык. Ашаткы териге сүйкөлгөндөн кийин 5-6 күнчө күнгө жайып, теринин бучкактарын тартканда агарып калгандан  соӊ көлөкөгө кургатып, ийге келтиребиз. Ийден кийин  теринин бетине ун же боор сүйкѳп, кырдуу темир менен сүрүү керек. Анан тери даяр болуп, андан кийин каалагандай бычып алып көлдөлөӊ жасай берсеӊ болот. Азыр көбүнчө майда  козулардыкынан жасап жатам, козулардын жүнү  аябай сонун болуп, көргөн адамдын көөнүн бурат.

– Майда козунун терисинен көлдөлөӊ демекчи, козуларды атайын соесуздарбы?

– Жок… Жазында туут убагында өлгөн козулардын терисин чогултуп, иштетип жасайбыз. Негизи илгертеден кыргыз эли эч нерсени ыргытып жиберген эмес, баардык нерсени оӊ жагына чечүүгө аракет кылышкан. Азыр колдо турган кѳп нерселерибизи жараксыздантып, «отход» деп эле жер-шарыбызды булгап атпайбызбы.

– Көлдөлөӊ жасоодо химиялык заттын кошулуп жасалышы менен кошулбай жасалышынын  айырмасы эмнеде?

– Терини нукура кыргызча иштетүү ыкмасында буюмдар бышык болуп, адамга зыяны жок. Ал эми химиялык зат менен жасалган буюмдар сапатсызыраак жана анын жыты болуп турат. Азыр химиялык жол менен жасоо ыкмасына өтүп алышкандарынын себеби, ылдамыраак жасалып, колду көп кармабайт.

– Сиздин көлдөлөӊдөрүӊүздүн арасында иттин жана кашкулактын терисинен жасалгандары да бар экен. Булардын кой-эчкинин жасалган көлдөлөӊдөрүнөн айырмачылыгы кандай?

– Булардын айырмачылыгы, адамдын ден соолугуна пайдалуулугунда. Мурда ата-бабаларыбыз көп ооруну жаныбардын териси менен эле дарылап келишкен. Анын ичинде адамга эӊ пайдалуу болуп эсептелгени иттин жана кашкулактын териси. Бул терилерди башында жөн гана жасап өзүбүз колдончубуз, азыр болсо көп адамдар сурап кетип, ооруган жерлерине оронуп жатып айыкканын айтышат. Негизинен бул терилерди ооруган убакта эле белге тага калбай, дайым ушундай колдонсо оорунун алдын алат.

– Кой-эчкинин териси менен иттин, кашкулактын терсин иштетүүнүн айырмачылыгы барбы?

– Айырмасы бар… Кашкулактын териси майлуу болгондуктан, аны көп иштетип, майын кетирип, көп кырып, анан майы кеткенден соӊ көлдөлөӊ жасайбыз. Жумушту көп талап кылат.

– Көлдөлөӊдөрүӊүздү сатыкка чыгарып жүрөсүзбү?

– Азырынча сатыкка чыгара элекмин, бирок, сат деп кызыкандар көп. Көлдөлөӊдөрдү ыӊгайлуу жана алып жүрүүгө оӊой кылып жасашса, сатып алуучулар четтен чыгат. Негизи менин жасаган көлдөлөӊдөрүмдү сепке беребиз жана өзүбүз эле колдонобуз.

«Миң кыял» жана ИСУР коомдук фонддору тарабынан каржыланган «Жаргак» кичи долбоорунда иш алып барып жүрүп, Нурила апабыздай колунан кѳѳрү тѳгүлгѳн далай уз энелерибизге жолугуп, алардын иштермандыктарына суктанып, кыргыздын  узчулугу эч качан тарых барактарынан өчпөстүгүн жана узчулук өнөр дагы да кылымдарды карытып жашай берээрине кѳзүбүз жетти. Ушундай апаларыбызга окшоп өнөрдү баккан эжелерибиз, жеӊелерибиз, карындаштарыбыз ар убакта бар болушсун жана узчулук ѳнѳрдүн учугун уланта беришсин деп тилеп келебиз.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *