Билим берүүдѳ зарыл сабактар мектептерден неге алынууда?

Кубатбек ОСМОНОВ,
Ж.Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу,
Кыргыз чоросу

“Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” деп залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай, келечек ээлерине билим берүүнүн программасы бир эле болгону менен, ар кайсы мектептерде мугалимдин жетиштүүлүгүнө, тартыштыгына, ошондой эле нарктуу элибизге пайдасы болсо да, болбосо да дүйнөлүк окуу системасын кабылдоосуна жараша өтө чачкын, кооптуу жагдай учурда жүргүзүлүүдө.

Мен өзүм айыл мектептеринен билим алгам, чет тили, кол эмгек, дене тарбия, кружоктук сабактарда жыйырма төрт окуучу эки тайпага бөлүнүп окучубуз. Агай-эжейлер ар бирибизден окуу тапшырмаларын сураганга, жаңы тема өткөнгө жетишчү. Бүгүнкү күндө мен дагы КМУда журналисттерди окутамын. Ансыз да интернет, телекөрсөтүү, шоу азгырыктарына дуушар болушкан, китеп окуп изденишпеген студенттер үчүн тайпанын чакандыгы эң ыңгайлуу эле.

Бирок, бюджеттин таңсыктыгы күч алганы эми минтип “мектепте окуучуларды окутууда алардын саны жыйырма экиден ашпаса, класстарын бириктирүү керек” деген бийликтин талабы кошумчалаган эмгек акысын кайра кайтаруу эле эмес, мекенчил агай-эжейлерди ишсиз калтыруу болуп олтурат. Билим берүү системасындагы мындай осол көрүнүштөр айылдардагы эмгектенип жатышкан мугалимдердин жалпы нааразычылыгын жаратууда.

Салттык педагогикага караманча каршы келген, “жаңы технологиялар” деген шылтоого жамынган, Батыштын “Курикулум” деген менталитетибизге сыйбас окуу программалары таңууланып, КЫРГЫЗ ТИЛИ, ТАРЫХ, МАТЕМАТИКА сабактары кыскартылып, жан башына каржылоо ыкмасы киргизилип, мисалы, Ат-Башы районунун Казыбек айылындагы Нааматбек Үсөналиев атындагы орто мектептен үч мугалим бошосо, ушул эле окуу жылында Түп районундагы Тогуз-Булак айылынын алты тажрыйбалуу мугалими жогорудагыдай көйгөй менен ишсиз калышкан. Мугалимдердин сааттары кыскарып, эптеп иштегенинин эмгек акысы эки миң сомду түзөт. Ал эми Ак-Суу районунун Жыргалаң шахтасындагы Темирказы Асанбаев атындагы орто мектепте да кыргыз тили, тарых сабактары кескин кыскартылган. 1-кыргыз классын орус класска кошуп ташташкан. Ата-энелердин суроо-талаптарына мектеп директору, райондук билим берүү башкармалыгы эч кандай чара көргөн эмес. Ошентип, мектеп боюнча кыргыз классынан беш кыргыз классы гана бар…

Жаштардын дүйнө таанымын бузуу сабактары таңууланып отуруп, тоо арасындагы таза кыргыздарга да жетиптир. Кезегинде Кетбука бабабыз: “Жаштарың дүйнө кууп кыр-кырдан качат, сак болгун” деген экен. Улуттук нарктуулукту үйрөтө турган педагогикдан, союздун окутуу ыкмаларынан минтип окуучуларды ажыратып олтурсак, келечек муунубузду жоготуп аларыбыз айдан ачык.

Албетте, мектеп жана мектептеги билим берүү көйгөйлөрүн көтөрүп чыгып айтчу мугалимдер республика боюнча аз эмес. Алардын үнү азыр жалпы коомчулукка жете элек. Ал эми бүгүн биз Кыргызстандын ар кайсы облусунда мугалим болуп эмгектенген атуулдарга кайрылып, алардын пикирин уктук.

Элмира ЖУМАБАЕВА, Ат-Башы району, мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы:
ОКУУ СААТТАРЫНЫН КЫСКАРЫШЫ САБАТСЫЗДЫККА АЛЫП КЕЛҮҮДӨ

– Окуучулардын ой жүгүртүүсүндө,калыптануусунда математика сабагынын мааниси өтө зор. Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылынын Нааматбек Үсөналиев атындагы орто мектепте математика сабагы жыйырма сегиз саатка кыскарды. Кыргыз тили, кыргыз адабияты сабагы жумасына мурда экиден саат өтүлсө, азыр бирден кыскарган.

Сүйлөмө сааттарды, башкача айтканда кыргыз адабият, тарых сабактарын баштагы абалына эле келтирбестен, айрыкча 5-6-класстар үчүн көбөйтүш керек. Себеби окуучу ошол кезге чейин туура сүйлөп калыптанат. Билимдин башка багытына да ошол билими менен жол чабат. Чечендик, сөзмөрлүк өсүп, дил баянын текшерүүгө, изложение жазууга өтүлгөн темада эркин сүйлөөгө жетишет. Элибиз «өнөр алды кызыл тил деп» бекеринен айтпаган эмеспи. Кезегинде алп акыныбыз Алыкул Осмонов биздин айылда Мамбетжунус Рахмановдун үйүндө убактылуу жашап, кыргыз тилинин «каймагын» калпыган эмеспи. Риторика, адабият таануу боюнча публицистикалык чыгармаларды мурда көп талдасак, азыр адабият теориясын талдаганга бир эле саат болуп калды. “Ата Мекен тарыхы” сабагын өткөн окуу жылында да кыскартышкан, эми болсо жумасына бир эле саат өтүлүүдө. Жергиликтүү ата-бабалар, кылымдарды карыткан кыргыз элинин баалуулуктары жөнүндө жумасына бир саатта эч нерсени үйрөтүүгө мүмкүн эмес. Бул, жаштарыбызды сабатсыздыкка гана алып келет. “Дүйнө тарыхы” сабагы да бир эле саат окутулууда, айрым мектептерде бул сабак алынып салыныптыр. “Кыргызстандын тарыхы” 8-9-класстарда бир эле саат окутулса, “География” сабагы таптакыр кыскартылды, он биринчи класстар бир эле саат окуйт. Химия сабагы азырынча жакшыраак.

Окуу китептери болсо окуучуларга, мугалимдерге төп келбейт. 1954-жылдагы кабыл алынган жазуу эрежелери ортодо жоюлуп, кайра ордуна коюлгуча башаламандыктарга жол берилип, жер-суу аттарын, мисалы, “Ат-Башы” деген сөз “Атбашы” болуп бир эле жазылып чыгып кеткен. 2008- жылдан бери Б.Орузбаева жана башкалар жазуу эрежесин калыбына келтиргени менен, окуу китептери жөнгө салына элек, эреже эки ача.

“Сүрөт”, “Чийүү” сабактары технология болуп бириктирилди. Интеграциялап салганы окуу программалар боюнча куралдар жок. 6-7-класстар “Курикулум” программасынын негизинде окутулууда.

Ал эми жан башына каржылоого каршы болгонбуз. Тогузунчу класстан кийин окубай калышат экен. Мисалы, Жаңы-Күч айылынын мектеби жабылуу коркунучуна туш болушту.

Сален СОПИЕВ, Түп району, мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы:
«МЕКТЕПТЕРДИН ЖАБЫЛУУСУНА ЖОЛ САЛЫНУУДА»

– Кыргыз тилинин статусун көтөрүү зарылдыгы Жогорку Кеңеште талкууланып жатканы менен, элеттеги мектептерде кейиштүү абал уланууда. Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылындагы Асан Сопиев атындагы орто мектепте 8-9-10-11-класстарда кыргыз тили, ошондой эле орус тили сабактары бир сааттан кыскартылды. Ал эми математика сабагы эки сааттан кыскарды.

Эгемендик алгандан бери элибиздин өңгөлөргө өрнөк болуучу ата-бабаларыбыздын тарыхын келечек ээлерине окутуп жаттык эле, эми ага да бөгөт коюлуп, бир саат окутулуп калышы өкүнүчтүү. “Дүйнө тарыхын” окутуу да кейиштүү абалга тушукту. Совет доорунда кыргызстандыктар бул сабакты мыкты өздөштүргөн эмеспи. “География” сабагы 10-11-класстарда эки сааттан окутулса, эми ал да азайды, “Химия” сабагы 3-4 сааттан болсо, эми жумасына 2-3 ирет окутулууда. Үч-төрт жыл мурда миңден ашык саатты жылына өтө турган болсок, эми кыскарып отуруп алты сааттык окутуу жоюлуп, беш сааттык гана сабак өтөбүз.Төмөнкү класстардын окуучуларынын сабактары да кескин кыскаргандыктан, жумасына беш эле күн окуп калышты. Миңдеген жаш өспүрүмдөрдүн мектептен билим албай калышы, интернеттеги ашыкча азгырыктар жаштардын гумандуулук сапатына доо кетирүүдө. Ушул көйгөй тереңдеп, “Курикулум” программасына баратат окшойбуз. Союздун убагындагы Дүйшөн, Макаренко сыяктуу алп окутуучуларыбыздын алгылыктуу окутуу ыкмаларынан баш тартышыбыз сабатсыздыкка гана жол ачат.

Биздин мектепте 33 мугалим, 425 окуучу бар. Окуучуларды окутуудагы жан башына каржылоо ыкмасы бизди тынчсыздандырбайт, бирок күнүмдүк кыйынчылыктардан эл көчүп кеткен чакан айылдарда мектептин жабылышын, мектепке барбагандардын көбөйүшүнө алып келет. Социалдык дагы бир жаңы көйгөйлөрдү жаратат. Билим берүүдөгү айлык маянасын үнөмдөөгө негизделип, мугалимдердин окутуу методикалык тажрыйба категорияларын жоюп салуу өтө чоң каталык. Бул нерсе мугалимдердин билимин жогорулатып туруудагы атаандаштыкты жок кылат. Аракетсиз окуучу, арабөк мугалимдер көбөйөт. Ага-тууган, эл-журт ичинде отурукташып, эч жакка кетпестигибизден пайдаланышып, күндөн-күнгө кыскартылган арзыбаган айлыгыбыздан киреше салыкка, ошондой эле социалдык корумга мурда он пайыз кармалса , эми жыйырма пайыз кармалып жаткандыгы түшүнүксүз…

Кеңешбек МЫРЗАЕВ, Баткен району, мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы:
МЫНДАЙ КӨРҮНҮШТӨРГӨ КАРШЫБЫЗ!

– Окуучуларды окутууда жан башына каржылоону сындап эле келгенбиз. Сабактардын кыскаруусу жөнүндө сөз болгон эмес, эми кыскаруунун биринчи стадиясы болууда. Мисалы, бизде Баткен дубанынын Согмент айылындагы Эркинбек Эркебаев атындагы орто мектебинде базалык сабактардын жыйырма бир класс комплектисин эсептегенде, миңден ашык сабак кыскарып кеткен. Түпкү негизи жок эле мугалимдерге эмгек акы төлөй албай кыскаруудабы деп да ойлоодобуз. Кыскартууну эмес, билим берүүнү түп-тамырынан өзгөртүү керек. Окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө, талдоого, сынчы болууга тарбиялаганыбыз оң. Билим берүүдө усулдарды өзгөртүү зарыл. Балдардын идеясын алдыга алып чыгуу жок. Ошол идеяны алып чыгууда эксперттик көнүгүүлөрдү окуучулар өздөрү жасаганы пайдалуу. Мисалы, өсүмдүктүн жалбырагы эмне үчүн саргарганын изилдеп же өсүмдүк жашыл түстү бергенде хлорофиль бар экендигин далилдеп, ошондой эле гүлдө кызыл-тазыл хромопластар бар деп өздөрү эксперимент жасап, өзү ынанса билими жогору болмок.

Экинчи чоң маселе, республика боюнча жылдан-жылга мугалимдердин билими төмөндөп баратат. Алардын изденүүсү жок болгондуктан, окуучулар начарлоодо. Интернет азгырыгы да терс таасирин берүүдө. Союздун убагындагы билим берүүнүн баалуу ыкмаларынан алыстоодобуз. Биринчи баскычта жаңы электрондук базаны, маалыматты топтоп мугалимдерди окутуп, анан кыскартышса болмок. Сабактарды баскычтуу кыскартууда кырктын ордуна жыйырма мугалим калчудай.

Керектүү сабактардын негизсиз кыскартылышы жөнүндө сөз болгондо, мисалы, “Ата мекен тарыхына” токтололу. Жумасына бөлүнгөн 45 мүнөттө окуучуларга маанилүү тарыхый окуяны окутуу, түшүндүрүп жетишүү эч мүмкүн эмес. Сабак өтүүдө токсон мүнөттүк жуп системаны киргизсек пайдалуу болоор эле, теманы ачып көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Окуучуларды окутууда мугалимдер үчүн жан башына каржылоо ыкмасын киргизе турган болсо, ансыз да биздин аймактагы көчүп кетип жаткан элдин шары менен мугалимдер да азайат. Мындай көрүнүшкө албетте каршыбыз. Согмент айылы тоолордун арасында, чуңкурда жайгашканы менен, башка тоолуу райондордогудай айлыгыбызга коэффицэнт кошулуу мүмкүнчүлүгүнөн да куржалак калганбыз. Сох жаңжалынан кийин бийликтен Согмент айылына чек арадагы айыл статусун берүүсүн талап кылганбыз. Жооп жок.

Жогоруда айтылган билим берүүдөгү көйгөйлөр кыргызга күйгөн ар бир инсанды түйшөлдүрбөй койбойт. Кыргыз Республикасынын билим жана илим министри Канат Садыковду Жогорку Кеңештин мекенчил депутаттары бекеринен байма-бай сындап жатпаптыр. Улуттун улуулугу үчүн Жалил Садыков көп иш жасады эле. Канат мырза шаарда өскөндүк кылып, Бакиевдин тушунда кыргызды кыйратууга кызмат өтөгөн О.Малеванаянын жана сырткы терс күчтөрдүн айдагынан чыга албаса, жетелеп чыгарууга даярбыз.

2 thoughts on “Билим берүүдѳ зарыл сабактар мектептерден неге алынууда?

  1. sabaktardy kiskartyp atkanynar kyrgyzstandyn kelechek okuuchularybyzdyn kelechegin buuganynarga tete dep esepteim. Bizge azyrky ubakta bilim biz uchun sham chyrak. Karangy doordo jaryk bere turgan kural bir gana ushul gana. Biz ech kachan akcha uchun emes. Bizdin maksat kelechek zhash muundardy ” adam kyluu” oydo alga kadam tashtoo menen jana chyn konul menen kyluu maaniluu. bir klassta 25 okuuchunun ichinen beshi usta je uz bolup sizdin uy emerekterinizdi kooz kylyp koyushsa jamanby? myndaicha aytkanda biz okuuchulardan kachkan bolup eseptelip kalyp atabyz. alarga mugarimder jakyndap uyrotposo anda kim uyrotot je internetten ozu batishtyn kozgo korunbogon budomuk oyloru uyrotobu?

  2. Бизге кыргыз тилинин кереги не деген манкурттар жанылышат. ушул созду уялбай озубуздон чыккан жаттар айтып жатканы окунучтуу. анткени эч нерсе менен алмашкыс кыргыз тили, адабияты чечендик онорубуздун башаты экендигинен далалт берип турчу… кааап абдан окунучтуу. ушуну биздин кээ бир манкурттар неге ойлонушпайт ээ????

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *