Назира АЙТБЕКОВА, телеалпаруучу: «Бала кезимен бери сырдуу кубулуштар, табышмактуу окуялар коштоп жүрөт»

Мундуз АСАНАЛИЕВА

«Аалам сырлары» теледолбоору элдин калыӊ катмарынын кызыгуусун туудуруп, коомдо ар кандай кызуу талаш-тартышты жаратты. Жакында бул долбоор коомдук каналдан кайрадан башталганы турат. Долбоордун автору болгон Назира Айтбекова менен маектешип, ааламдын сырдуу кубулуштары менен өзүнүн да байланыштары бар экенин билдик. Анда, кеп учугун сиз менен бирге улайлы.

– «Аалам сырлары» теледолбоорун алып чыгууда автор катары анын жүгүн, жоопкерчилигин көтөрүш, ошол эле учурда андай өзгөчөлөнгөн адамдар менен иштешүү оорчулугунан корккон жоксузбу? Эл алдына батынып алып чыгууда эрктүүлүгүӊүз күчтүүлүк кылдыбы же табиятыӊыздагы тайманбастык рол ойнодубу?
– Эрктүүлүк, тайманбастык менен бирге сабырдуулук, эмгекчилдик, айтор көп мүнөздөргө ээ болуш керек болду, эӊ башкысы мен бир нерсени баштасам, бир нерсени жасайм десем өжөрмүн жана намыскөймүн, кандай гана кырдаал болбосун жетем деген максатыма жетмейим бар. Бул менин кичине кезимден бери түптөлгөн мүнөздөрүмдүн бири. Бул долбоорду Кыргызстанда жаратууну көптөгөн журналисттер самап, пландаштырып, бирок негедир анча батынышкан эмес, толгу менен ишке ашыруу мага буюруптур. Өзүм байкабаганым менен кичинемден мындай сырдуу кубулуштарга даярдалып, жетилип калыптырмын.

Бул идея сизде качан жаралды, түпкүлүгүндө эмне максатты көздөдүӊүз?
– Башынан айтайын, төрөлгөнүмдөн бери көп ооруп, ооруканадан башым чыкчу эмес. Эки жолу эс-учумду жоготуп, дарыгерлер ата-энемди чакыртып кызыӊарды сактай албайбыз деген жыйынтыкка келген учурларында кандайдыр бир кереметтин күчү менен аман калган учурларым болгон. Оорумдан биротоло айыгуунун жолун издеген ата-энем кыргызчылык аркылуу да табыптарга, бүбү-бакшыларга көп алып барышчу. Ошол беш-алты жаш курагымда балалык баёолугум менен «ушуларды жарыштырып, ким күчтүү экенин аныктасак» деп ойлонор элем. Кичинемде көкүрөгүмдү уялаган бул ой улам чоӊойгон сайын унутулуп калбастан, убакыт өткөн сайын өнүм алып өөрчүй берди. Кош бойлуу кезимде капысынан «Битва экстрасенсов» деген орустардын теледолбоору колума тийип калып, ар бир сериалын жиликтеп көрүп чыктым. Чынын айтсам, менден биринчи башка улуттар небак жасап койгон турбайбы деп ичим күйдү. Тарыхына кайрыла турган болсок, 1989-жылы биринчи жолу Британияда бул долбоор ишке ашыптыр. Андан бөлөк жыйырмадан ашык өлкөлөрдө көзү ачыктардын таймашы өткөрүлгөн. А бирок Кыргызстанда биринчи жолу күчтүү командам менен мен ишке ашыра алдым. Эл арасында чоӊ кызыгууну жаратып, мыкты көрсөткүчтөргө ээ болушуна режиссерум Асыл Апасованын, редакторум Айбек Акматовдун эмгеги зор.

– Бул долбоор жөн гана шоу же маалымат берип гана коюу болбогондуктан кооптонууну жаратып, изденүүнү талап кылат, кандай жолдор менен издендиӊиз?
– Жетекчилик тараптан уруксат берилгенден кийин, ички толгонуум тынчтык бербей, биздин элде бул нерсе кабыл алынабы деген түйшөлүүм күчтүү болгондуктан кеӊеш сурап манасчыларга, тарыхчыларга, молдолорго, теӊирчилерге бардым. Бир гана молдолор каршы пикирин билдиришти, калгандарынын баары биздин тээ түпкү тамырыбызда мындай касиет бар экенин, маселен, Манас атабыздын өзүнүн төлгө ташы, далычысы болгонун, Каныкей энебиздин алты айды алдын ала айтуучу алты жашар колдоочусу болгонун айтып беришти, жолдошум тарыхка абдан кызыгып дилгир мамиле кылгандыктан, андан көптөгөн маалыматтарды алып, демек мен ата-бабадан бери келаткан касиетти калыӊ журтка кайрадан алып чыгып жатыптырмын деген ишеним пайда болду. Антсе да өзүмдү толук колго ала албай жүргөн кезимде түшүмө олуя аталар кирди.

– Олуя аталар экенин кантип билдиӊиз?
– Заӊкайган чоӊ аттарды минген, баштарына тебетей кийген аталардын олуялар экенин туюм менен баамдап, алардын мага мамилеси оӊ экенин сезип турдум, толук аягына чейин айтпай эле коёюн, айтор укмуштай керемет түш көрдүм, ойгонгондон кийин күчүмө күч кошулуп, сергип, сезимим мурдагыдан да курчуп калыптыр. Ишиме болгон күмөн саноолорум, санаркоолорум таптакыр жок болуп, жумушка болгон дитимди коюп, баш-отум менен киришип кеттим.

– Көзү ачыктарды тандоодо алардын ар биринин энергетикасына туруштук бериш деле эрдик болуш керек, мында кандай сезимдер болду?
– Сынакка катышам деп келген 120 көзү ачыктын ичинде ар түрдүүсү бар эле. Агы болот, карасы болот дегендей, башым чыӊалып ооруп кетчү. Мелис Карыбеков моралдык колдоосун көрсөтүп, өзүмдү кандай алып жүрүшүм керек, кандай мамиле кылышым керек, баарына көз салып, жардамын аяган жок.

– Көзү ачыктарга биздин коомчулук көбүнчө терс мамиле кылат эмеспи, аларды сыноо үчүн тандалып алынган чиеленишкен окуялардын ээлерин кантип макул кылдыӊар?
– Абдан азапка салып түйшүктөндүргөн дал ушул нерсе болду, көпчүлүгү «алар биздин жолубузду бууп кетет, алар биздин касиетибизди байлап кетет» деп баш тартып жатышты. Улам бир нерсени тапсак болбой калат, аябай кыйналгандыктан өзүмчө отуруп ыйлап алчумун. Бир нече адамдар телефон чалып «бул долбоорду баштаганыӊ жакшы болуптур, мындай иштин тузу оор, башталышында кыйчалыш учурлар көп кездешет, кыйналганыӊда аягына чыкпай таштап койбо» деп дем берип турушту. Тынымсыз аракеттин артынан акырындап жолун таап баштадык.

– Бул долбоор жүрүп жатканда «Супер инфонун» тамашасынан башка коркутуулар болгон жокпу?
– Болуп жатты, өзгөчө ислам дининин өкүлдөрү тарабынан көп коркутуулар болду, телефон аркылуу «бул динге туура келбейт, мусулмандарга каршы иш кылып жатасыӊ, бир аптадан кийин оозуӊ кыйшайып калат, балаӊдан айрыласыӊ…» деп, айтор жүрөктүн үшүн алган коркутуулар тынчымды алып турду.

– Мындай учурда жолдошуӊуздун моралдык колдоосунан тышкары ички жан дүйнөӊүзгө, адамдык касиетиӊизге эмне дем берип турду?
– Эки айлык кезимен чоӊ энемдин колунда чоӊоюп, тарбиялангам. Чоӊ энемдин колу эмсээк болгондуктан айылдагылар ымыркайларын алып келип эмдетип-домдотуп кетишчү. Атайын зарылып келгендерге кырк бир ташын жайып төлгө ачып берчү. Абдан кызыгып отуруп мен дагы төлгө салганды үйрөнүп алгам. Тогуз жашымда чоӊ энемден айрылгандан кийин мындай адаттарым унутулуп калгансыган. Аны менен бирге ушул кезге чейин сырдуу кубулуштарга жуурулушуп жашап келатам. Бала кезимден бери аян түштөрдү көрөм, табышмактуу окуялар мени дайыма коштоп жүрөт. Олуя аталар аян аркылуу батасын бергенден кийин «менин колдоочуларым бар, мени колдоочуларым сактайт» деген тереӊ ишеним менен коркутууларга жандүйнөмдү бийлеткен жокмун.

– Демек, ата-тегиӊизде же таята тараптан касиетин кармана билген адамдар болсо керек?
– Апам айтып калат, чоӊ таятам бакшы киши болуптур, «ак» деп коюп, жылаӊайлак тоо аралап чуркап кетип, бир нече убакыттан кийин аябай энтигип келип, бир чоӊ чыны койдун майын ээритип жутуп жиберип, анан эс алып отуруп калаар эле деп. Боюнда бар аялдарды төрөтүп, куучулук жайы да бар экен. Таятамдын касиети неберелерине өтпөй жээнине өттү деп, мени айтып калышат. Рухий табыпчылыкты карманып, ал жол менен элди дарылабасам дагы «Аалам сырлары» теледолбоорун алып чыкканым кокусунан болгон жок.

– Айрымдар эптеп жаттап алган макалын дагы эптештирип кынай албайт, сиз көпчүлүк колдонбогон сейрек макал-лакаптарды адамдын сезимине жеткирип келиштире айтасыз, бул талантпы же Жараткан ыйгарган өзгөчө бир касиетпи?
 – 18 жашымда астма оорум менен аябай катуу оорудум. Жети ай төшөктө жаттым, жашоого болгон үмүтүм жоголуп, ичимен акырындап жарыкчылык менен коштошуп, бир гана апамды кыя албай жаттым. Апамдын жалгыз карманар медери мен болгондуктан, мен жок кантип жашайт, буга чейин турмуш күтүп алса эмне деп эзиле бердим. Оорума шыпаа табылаар бекен деп Кудайга сыйынчумун, ошондой учурда дайыма Ысык-Көлдүн жээгине туруп алып , Көл Энеге сыйынып жаткан учурум түшүмө кире берчү. Бул түш бир нече жолу кайталангандан кийин, апама айтып экөөбүз эч кимге айтпай, Балыкчыдагы үйүбүзгө кетип калдык. Барарыбыз менен таӊ атпай апамдын ал жактагы кесиптеш курбусу чалып калды. Апам менин ооруп жатканымды айтса, ал эже Көл апа, Көл ата деген табыптар бар экенин, кыргызчылык жолу менен көрөрүн айтып калды. Түшүмө Көл Эненин кирип жатканы бекер эмес чыгар, бул белги жөн жеринен болгон жок деп, дарегин тактап жөнөп калдык. Барсак Көл ата каза болуп калып, кыркы чыга электе барып калыптырбыз, Көл апанын мүнөзү саал оорураак экен «Көрбөйм!» деп бизди кагып салды. Апам аябай суранып ыйлап жиберди. Боору ачып кетти окшойт, кайра макулдугун берип мени көрө баштады. Таӊ калганым, кандай дары ичип, апама кантип эркелеп, эмне кылганымдын баарын билип койду. Бир күнү «Сени колдогон атаӊ келди» деп колун шилтеп койгонунда көз алдымда тебетей кийген, чокчо сакал карыя пайда боло калды. Мен ал атаны түшүмдө көп көрчүмүн. Негизи мага аян берилгенде көбүнчө аталар, байбичелер аркылуу берилет. Көл апага көрүнгөндөн кийин оорумдан дароо айыгып кеттим, телевидениеге иштеп баштадым, он сегиз жыл бою кармап келаткан оорум телеге чыккандан кийин менден биротоло жоголуп кетти. Жөн гана сүйлөшүп отурганымда менин сөз байлыгымдан андай деле өзгөчөлүктү байкоого болбойт, бирок, сахнаны, элди көрдүмбү – элирип кетем. Өзүмө-өзүм ээ боло албай калжаӊдап, ажыкысым кармап, кээде ашыкча кыймыл-аракеттерди жасап, тентектигим ойноп, оозума сөздөр төгүлүп келип турат. Кээде өзүм түпкү маанисин билбеген сөздөр оозуман чыкканда жазып алам да, сөздүктөрдөн карап, мен мындай сөздү кайдан таап айттым деп таӊ калган учурларым болот. Элдин кол чабуусунан укмуштай кубат алам дейсиз, концерттерди алып барып бүтүп, үйгө келгенден кийин түнкү эки-үчтөргө чейин уктай албай дээлиге берем. Дагы бир байкаганым, жанымда дили таза эмес, котур ташы койнундагы адамдар болуп калса оозуман сөз чыгара албай кыйнала берем, айрым жаттаган сөздөрүмдү айтайын десем да, эки сөздүн башын кошо албай, эптештиргенге чамам жетпей сыгылып кетем.

– Демек, биздин төкмө акындарыбызда бар касиет сизде да бар турбайбы?
– Даана так айта албайм, бирок мага ыр саптары куюлушуп, төгүлүп келип турар эле, оюнкарак болуп, башка нерсеге алаксып, кээде уйку-соонун ортосунда келсе уйкуга алаксып жатып алып жүрүп таарынтып алдым окшойт, келбей калган. Көрсө жазып калып, ал нерсеге да көӊүл буруп, аяр мамиле кылыш керек ошойт. Кечирим сурап отуруп, азыр ыр саптары бир аздан кайра келе баштады. Сахнага чыгардын алдында да Жараткандан тиленип, ыйбаа кылып, бата кылып анан чыгам, болбосо оозума таптакыр сөз бербей коюшу мүмкүн.

– Макал-лакаптарды сөз байлыгыӊызда колдонуудан тышкары, турмушта макалдарга мамилеӊиз кандай?
– Ар бир макал-лакапта кыргыздын философиясы, дүйнө таанымы тереӊ сиӊирилген. Макалды укканда жөн эле кулакка кирип-чыга бериши мүмкүн, а бирок маанисине тереӊ үӊүлүп караганда чыныгы жашоонун маӊызынын баары эки сап макалда турат. Ар кандай психологиялык китептерди окуп, кыргыз муну бул макал менен айтып койгон турбайбы деп анализ кылуудан жадабайм. Кыскасы, бир эле макалды тутунбайм, көп макалга таянып жашайм.

– Жогоруда аян, түш тууралуу кеп салып калбадыӊызбы, бул кечээ гана пайда боло калбаса керек, түшүӊүздү кимге жорутасыз?
– Көргөн түшүмдү эртеӊ менен тургандан кийин сөзсүз жоруп, бата кылам. Кичинемде чоӊ энеме түшүмдү айтып жорутчумун, билинбегени менен бул адат мага да сиӊип калган экен, азыр өзүм жоруп, өзүм эле чечмелеп алам.

– «Аалам сырларын» эл алдына алып чыга баштагандан кийин мурункуга окшошпогон, же өзгөчөлөнгөн окуялар болдубу?
– Болду, бирок мунун канчалык деӊгээлде бул долбоор менен байланышы бар экенин билбейм. Ушул долбоор тартылып жаткан мезгилде болду. Кичине кезимден бери уктап жаткан кезимде бир кара нерсе басып, желмогуздай болгон кара кишилер келип кыйнала берер элем. Келме келтирсем, куран окусам такыр жардам берчү эмес. Тигилер «Кураныӊ бизге өтпөйт» деп шылдыӊдап кетип калышчу. Бир күнү уктап жатсам баягы желмогуздай кишилер келе баштады, адатымча келме келтирип, ага да болбогондон куран окуй баштадым, бир маалда үнүмдү катуу чыгарып окуп баштаптырмын, уулум экөөбүздүн жаныбызда китеп окуп жаткан жолдошум чочуп кетип жулкулдатып ойготуп жиберди. Эсиме келип, бир аз сергигенден кийин кайра жаттым. Бир аздан кийин баягы кишилер кайра кире баштады, айламды таппай чебелектеп жатсам баягы мага көрүнө берчү аппак кийинген аталар, апалар келип «жан дүйнөӊ ак болсо мындай кара нерсени жеӊесиӊ» деп туюндурушту. Оюм менен улам-улам «жан дүйнөм ак, эч кимге карасанатайлык кылбайм, жандүйнөм ак, адамдарга жакшылык гана каалайм, көкүрөгүм таза, таарынычтарымдын баарын кечирдим» дей баштадым. Мендеги ак нерсе мен жакшы сөздөрдү айткан сайын чоӊойо берди дагы, баягы мени кыйнап жаткан кара кишилер менен күрөшүп, жеӊип кетти. Ушунча жылдан бери кыйнап келген кара күчтү ошондо биринчи жолу жеӊдим. Ошондон кийин, демек, жан дүйнөм дайым ак болсо, көкүрөгүм кирдебесе, элге жакшылык жасасам, эч качан кара жукпаарын билдим. Азыр таарынчаак, кекчил мүнөздөрүмдүн үстүнөн иштеп, көкүрөктөгү таарынычтарымды коё берип, өзүмдү тарбиялап, жашоого болгон көз карашым да өзгөрө баштады.

– Адамдарды биринчи көргөндө туюм менен баалайсызбы же сырткы келбетине, кийимине карап баа бересизби?
– Адамды биринчи көргөнүмдө көзүнө карайм. Таза, тунук адамдар кандай учур, кандай кырдаал, кандай шартта болбосун көздөрү алдабайт. Андан кийин өзүмдүн белги берип турган туюмума таянып баа берем. Айрым учурда адамдардын эч кимге айтпаган, же жашыруун кылып катып жаткан сырларын билип алам… Анда «Замана» студиясында иштеп жүргөн кезим, бир кесиптешимди көрөрүм менен «мунун боюнда бар» деген ой башыма кылт эте түштү, жашыра албай ошол нерсе оозумдан чыгып кетти. Тигил кесиптешим оозун ачып таӊ калып, «муну кайдан билип алдыӊ, жолдошум экөөбүздөн бөлөк эч ким биле элек болчу» дейт. «Билбейм, кулагыма ушинтип айтты го» деп койдум. Айтор, адамдар менен баарлашканда кызык учурларга көп кездешип калам.

– Уулуӊуз чыргоолонуп эти ысып калса дарыгерге көрсөтүүгө шашасызбы же ырым-жырымга басым жасайсызбы?
– Аябай ырымчылмын, кыргыздар наристеге карата колдонуп жүргөн ырым-жырымдарды эле колдоном. Балам сыркоолоп калаарын алдын-ала сезем. Чебелектеп, өзүмдү коёрго жер таппай, уулумду айланчыктап эле башкача болуп калам. Сезгенимдей эле ооруп калат, андай учурда энелик мээримим менен айыктырганга аракет кылам. Арча түтөтүп, билген ырым-жырымдарды жасап, «сук-суктап», киренелеп, Кудайдан жалбарып тиленип отуруп айыктырып алам.

– Ушунча сырдуу кубулуштар менен аралаш жашап келет экенсиз, кыргыздын өзөгүн негиздеп турган Манас дүйнөсү менен байланышыӊыз барбы?
– Учурда көкүрөгүмдөн кандайдыр бир бөксөлүктү сезип, Манас дүйнөсүнө болгон тартылуум күч алып, билип-билбей жасаган жоруктарымдан Манас дастанынан жооп тапчудай болуп эӊсеп жүрөм, бирок убактымдын тардыгына байланыштуу толук изденип, үӊүлө элекмин.

– Сиз тааныган улуу инсандар түшүӊүзгө кирген учур болобу?
– Таттыбүбү Турсунбаева эжебиз бир нерсени туура эмес кылып койсом түшүм аркылуу белги берип турат. Бирөөсүн айтып берейин, мектепте окуп жүргөнүмдө классташ кыздар-балдар менен көл жээгинде эс алып жүрүп бир аз винодон ууртап-татып койдум. Кечинде үйгө келип уктап жатсам түшүмө кирип, аябай кейигенин билгизип, башын чайкап «ичкилик жаман, ага эч качан жолобо» деген эскертүүсүн берген. Жакында дагы бир белги берди, ыйык нерсе туюк болот дейт, азырынча ал аянымды айтпай коё турайын.

– Маегиңизге ырахмат!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *