Кыргыз жана ааламдык илим

(Уландысы. Башы)

Гүлсара МАМБЕТАЛИЕВА, Манас изилдѳѳчү

ЖАН ДҮЙНӨБҮЗДӨ ЧОҢ КАЗАТ ЖҮРҮҮДѲ

Оттуу доордогу тазалануу кишинин өзүнүн терс сапаттарына каршы күрөшүүсү менен коштолууга тийиш. Мына ошондой күрөш азыркы мезгилде биз каймана, өтмө мааниде берилген илим-билим катары ача баштаган “Манас” дастанындагы Чоң Казат аркылуу берилген. Мезгил түпкүрүндѳгү окуя катары Чоң Казат чындыгында да болгон. Ал эми каймана маанилеринин биринде Чоң Казат кишинин ички жан дүйнѳсүндѳгү адамгерчилик, ыймандуулук, оң сапаттары менен ыймансыздык, наадандык сыяктуу терс сапаттарынын ортосундагы күрѳштү каймана мааниде чагылдырат.

Чоң Казат элге азыркыдай улуу бурулуш учурунда гана берилет. Азыркы учурда ар бир кыргыз баласынын, бүткүл кыргыз элинин жан дүйнѳсүндѳ Чоң Казат жүрүп жатат. Кишинин оң, руханий, ыймандуулук сапаттары дастанда кыргыздардын, ал эми материалий пас, тескери сапаттары – кытай, калмактардын символдору аркылуу туюндурулган.

Дастанда Тал чокуда Манас турат. Ал Тал чоку – бул жашоодогу Тал чоку эмес, ал биздин ички сезим-туюмдарыбыздын туу чокусу, аябай курчуп турган абалы. Кишинин ички жан дүйнѳсүндѳ Чоң Казат жүрүп жатат, б.а. анын ыймандуулук, абийирдүүлүк, аруулук, кең пейилдүүлүк, айкѳлдүк сыяктуу оң, жакшы сапаттары менен абийирсиздик, жүзүкаралык, ѳзүмчүлдүк, ач кѳздүк, дүнүйөкордук, ичи тардык, кѳрѳ албастык сыяктуу тескери, пас, жаман сапаттарынын ортосунда айыгышкан күрөш жүрүп жатат. Азыркы жашоодогу кыйынчылыктарыбыз – каймана маанидеги Чоң Казаттын кѳрүнүштѳрү.

ТАЙТОРУНУН ЧАБЫЛЫШЫ

Ар бир кишинин, бүткүл элибиздин жан дүйнѳсүндѳгү сезимдердин таймашы – каймана мааниде Тайторунун чабылышы аркылуу билдирилген. Андагы 60 ат – кишинин пас, тескери сапаттары, сезимдери, жыбыраган ойлору. Киши ал пас сезимдеринин, ойлорунун баарын токтотуп, басышы керек жана алардын баарын артта калтырып, Семетейди же б.а. жүрѳгүндѳгү жаңыдан туулган баланы жана анын символу болгон Тайторуну алдыга чыгарыш керек. Тайторуну чаап бүткѳндѳн кийин, б.а. сезимдерин тазалап, киши ѳз жүрѳгүндѳ шамдай жанган отту күйгүзгѳндѳн кийин ал кайрадан рух дүйнѳсүнѳ келип кошулат. Семетейдин кайрадан ѳз элине келип кошулушу мына ушуну туюндурат. Натыйжада киши ѳзүнүн жүрѳгүндѳ, дилинде шамдай жанган баланы – шам баланы калыптандырат. Ошентип, ар бир киши ѳзүнүн ички жан дүйнѳсүндѳ Чоң Казатты ѳткѳрүп гана эволюциялык секирик жасай алат.

Мурдагы мезгилдерде адамдардын ушундайча өсүүсү же эволюциясы жалгыздап жүргөн. Андай адамдарды элибиз “жүрөгүндө оту бар”, “жүзүнөн нур таамп”, “маңдайы (же бешенеси) жарык” деген сөздөр менен сыпаттаган. Ал эми азыркы жаңы доор башталып жаткан мезгилде арууланып тазалануу жана эволюциялык өсүш элибизде жапырт жүрүүгө тийиш.

ДИЛДИН ТАЗАЛЫГЫ – ЭВОЛЮЦИЯНЫН БИРДЕН-БИР ШАРТЫ

Кишинин өсүп-өнүгүүсүнүн, же башкача айтканда эволюция жолунда алдыга илгерилѳѳсүнүн бирден бир шарты – бул руханий жактан тазалык, дилдин аруулугу, тазалыгы болуп эсептелет. Дили таза эмес кишиде өсүү болбойт.

Бул боюнча Манас атанын берген аян-кабарлары:

“Кудай алдында ар бир кишинин даражасы бирдей. Бирок, дили таза адамдар Кудай сүйгөн кишилер болот. Дили таза деп кандай адамдарды айтабыз? Дили таза адам деп тѳмѳндѳгү касиетке ээ болгон адамдарды айтабыз:

1. ач көз, дүнүйөкор эмес;

2. ичи тар эмес;

3. пейили кенен;

4. эч кимге жамандык кылбаган;

5. эч кимге карата эч кандай жамандык ойлобогон;

6. бирөөгө катуу айтып, көңүлүн оорутпаган;

7. ушак сүйлөбөгөн;

8. уурулук кылбаган;

9. бардык адамдарга жакшылык гана каалаган, тилеген;

10. муктаж болуп турган бирөөнү көрсө, акыркы бир сындырым нанын бөлүшүп жеген;

11. жаза тайып күнөө кылса же өзү бир жамандык ишке барып алса, аны жакшылык иштери менен кайрадан ордуна келтирген;

12. кайрымдуу;

13. мээрман;

14. боорукер;

15. жакшылык гана иштерин жасаган;

16. ата-энеге камкордук кылган;

17. бүткүл элинин келечеги үчүн аракеттенип иштеген;

18. ѳзүнүн жеке керт башынын кызыкчылыгынан бүткүл элдин кызыкчылыгын жогору койгон;

19. замандын убактылуу агымынын шары менен элдин мал-мүлкүн             ачкөздүк менен башкалардан көп алса, аны элине кайра кайтарган;

20. элдин мүлкүн арзан баада алып, анын эсебинен байыган болсо, аны элине кайра кайтарып берген;

21. ѳзүнүн напсисин бузбаган;

22. күнүмдүк оокатына жеткен каражаттан ашык байлыкка умтулбаган;

23. бардык адамдарга карата ниети түз;

24. менменсинип көтөрүлбөгөн, кыйынсынбаган;

25. калп сүйлөбөгөн;

26. дардаңдап мактанбаган;

27. орой, одоно кеп айтпаган;

28. сылык-сыпаа”.

“Жакшы жашоо – ыйман. Ар бир күнүңдө ыймандуулук жагынан алдыга илгериле. Ыймандуулук деген эмне?

Ыймандуулуктун 7 сапаты бар. Ал сапаттар адамдар арасында төмөнкүчө байкалат:

1. ыймандуу киши кичи пейил;

2. мээримдүү;

3. сабырдуу, токтоо;

4. сылык-сыпаа;

5. боорукер;

6. жөнөкөй;

7. эмгекчил болот”.

(Уландысы бар)

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *