Кайнене жана келин

Айпери СЫРАЖИДИН кызы

(Икая)

Байыркы Кытайда, бир кыз  турмушка чыккандан кийин кайын энеси менен чогуу жашап калат. Убакыт өткөн сайын ал келин кайын энесинин кажый берген мүнөзүн көтөрө албай, аягында жаны кашайганда андан арылууну көздөйт. Атасынын досу ар кыл  чөптѳрдү сатып оокат кылгандыктан, кыз аяш атасына келет:

– Менин чыдамым бүттү, кайын энем менен мындан ары жашай албайм, ал мени жинди кылып бүтүрмѳк болду. Мага жардам бербесеңиз болбойт, акчасын жакшы төлөп берем, – дейт.

– Макул, жардам берейин, бирок менден сага кандай жардам керек, – деп аяш атасы сурайт.

– Мага уу сатыңыз, эгер кайын энемди өлтүрсөм, баардык көйгөйлөрүмѳн арылат элем…

Аяш атасы бир аз ойлоно түшүп, анан:

– Макул кызым, мен сага жардам берейин, бирок, сен эки нерсени эсиңе ал. Биринчиден, сен кайын энеӊди дароо эле ууландырып жок кылсаң, баары сенден шектенет да, кылмышың ачыкка чыгат. Андан кѳрѳ мен сага башка чөптү берейин, аны күн сайын тамагына кошуп бере берсеӊ, ал акырындан таасир берип, кайын энеӊ өлгөндөн кийин анын ууланганын эч ким байкабай калат. Экинчиден, таптакыр шектенүүлѳр болбос үчүн, сен кайын энеӊе болгон мамилеӊди өзгөртүшүң керек. Бүгүнтѳн тарта каарыңды кетирип, аны урматтап-сыйлап, өз энеӊдей жакшы көрүп, айткандарына бат көнүп, чыдамкайлык менен жакшы мамилеңди гана кѳрсѳт. Ошондо анын өлүмүнө сенин күнѳөлүү экениӊди бир жандын да оюна келбейт.

Аяш атасынын айткандарына муюп, айтканын аткарам деп кыз чөптү алып үйүнө кетет. Алып келген чөптү күн сайын кайын энесинин тамагына кошуп берип турат. Ошол эле убакта кайын энесине болгон мамилесин өзгөртүп, кичипейилдик менен айткандарын угуп, так жасап, кайын энесин сыйлай баштайт. Келининин мүнѳз-жүрүшү, мамилеси өзгөргөнүн байкаган кайын эненин ичи жылып, аны өз кызындай көрүп, жүрөгү менен жакшы көрө баштайт. Баардык курбуларына, туугандарына «менин келинимдей мыкты келин барбы,  мындай келинди Кудайдан гана тилеп алышат» деп күндѳн-күнгѳ мактап айта баштайт. Жарым жылдан кийин кайын эне менен келиндин ортосундагы мамиле эне-кыздын мамилесиндей болуп өзгөрүп, экөө бири-бирине аябай ынак болуп калышат.

Анан эле бир күнү жаш келин аяш атасына шашып келип, жалбара баштайт:

– Жараткан алдында алдыңызга жыгылып жардам сурайм, менин кайын энемди мен берген уудан сактап калыңызчы. Анын ѳлүмүн таптакыр каалабайм, ал ушундай алтын адам болуп ѳзгѳрдү, аны ушунчалык жакшы кѳрѳм, жардам кылыңыз…

 Аяш атасы жылмайып карап, мындай дейт:

– Кызым, кабатыр болбо, мен сага эч кандай уу чѳп берген эмесмин. Ал жѳн гана тамакка кошчу аш-кѳк эле.  Ал эми уу болсо сенин мээӊде болчу, ал уудан өзүӊдү ѳзүң арылттың…

2 thoughts on “Кайнене жана келин

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *