«Уялганыбыздан үйлөнүп алганбыз»

Айпери СЫРАЖИДИН кызы

Кемин тарапка бирге окуган кызымдын үйүнѳ барып калып, анын ата-энесинин ынтымагына, бири-бирине болгон мамилесине кѳзүм түшүп, анан алар кандайча түтүн булатып калгандары кызык болду. Ошентип, Жумагазы Дөөлөтбаков менен Жайнагүл Саякбаева менен болгон маегим окурмандарды кайдыгер калтырбайт деген ойдо гезит бетине бердим.

 – Жумагазы ата, апаны биринчи көргөн кезиӊизди айтып бериӊиз?

 – Биринчи жолу таанышканымда эле кемпирим мага абдан жаккан. Менин айылдаш кызымдын дос кызы экен. Шеринеден таанышканбыз. Аябай жаркылдаган, шайыр мүнөзү менен мени толук арбап алган. Ал убактагы Фрунзе шаарында буфетте иштечү. Мен ал жерге күн сайын нан керек болсо да, болбосо да бара берчүмүн. Бирок, жанына барганымда уялып эч нерсе сүйлөй албай, туруп-туруп кайра кетчүмүн.

– Ошол кезде кандай белектерди алып барчу элеңиз?

– Ал убакта белек берүү эмне экенин билбейт болчубуз. Жайнагүл экөөбүз кээде олтуруп ал кездерди эстеп калганыбызда бир окуя эсибизге түшөт. Мен ашканага Жайнагүлгө күн сайын барып жүргөн күндөрүмдүн биринде, атайын ал үчүн семичке сатып алгам. Анан жанына барганда толкунганымдан эмне кылышымды билбей, кайра нан сурагам. Нанды кармап алып, ал жерде кечке турсам, «жардам керекпи?» деп Жайнагүл сурады. Мен өзүмө келип, семичкени «бул сага» деп бергем да, кайра сызган бойдон кеткем. Азыр ойлоп көрсөм, эки ай жакшы көрүп, нан алганы барып жүрүп, бир жолу гана белекке семичке берген экенмин.

– Апаны ала качып алган экенсиз?

– Мен өзүм күзүндө колун сурап, макулдугун алайын деп жүргөм. Бир күнү шаардан үйгө келсем, Жайнагүлдү алып келип олтургузуп коюшуптур. Анан мен «ай коё тургула, азыр даяр эмесбиз» десем болушпай, «жигит болсоӊ азыр үйлөнөсүң» деп туруп алышкан. Анан экөөбүз теӊ элден уялганыбыздан макул болуп калганбыз.

– Апа, кепти улантсаңыз, сизди кантип ала качып келишкен?

 – Өзүмдүн жердигим Кичи-Кемин. Бул жерге дос кызымдыкына конокко келгем. Дос кызым мени өзүнүн үйүнө алып барбай, менин үйүм деп бу абышкамдыкына алып келиптир. Ал кезде курбум  жаӊы эле турмушка чыккан болчу. Үйгө келсек, дасторкон жайнап жасалыптыр. Эӊ кызыгы, көшөгө тартылып туруптур. Анан мен таӊ калып, курбумдун көшөгөсү дагы эле алына элек экен деп ойлоп койдум. Менин чоӊ кайын энем анда 74кө чыккан экен. Дасторконго олтурганыбызда жаныма келип олтуруп, улам-улам эле жердигимди сурап, жакшы кыз экенсиң деп колумдан өөп коёт. Эмне болуп атканына түшүнбөй эле чоӊ эне менен сүйлөшүп олтурсам, эшиктен бир келин келип, «сен жакшы кыз экенсин, бизге жагып калдыӊ, келин кылып алабыз» деп жоолук сала баштады.  Анан мен «силердин баланы тааныбайм, аны сүйбөйм» деп каршылык көргөзө баштадым. Жеӊелерим болбой эле жоолукту сала беришкенде, «мага күйөө болчу жигит ким, кѳрсѳткүлѳчү» десем, бир сулуу болгон жигитти киргизип көргөзүп коюшту. Ал кайын иним экен. Көрсө, ал убакта абышкам келе элек экен. Анан мен бир азга үн чыкпай туруп, кайра олтурбайм деп баштасам, чоӊ кайын энем келип, бутума жатып ыйлап, «бул жерде кал, мен сага жашымды берейин, менин көрөрүм эмес, өлөрүм калды, менин ордумду басып кал» деп таттууларын, боорсокторун башыма чача берди. Анан мен эмне кылышымды билбей, ыйлап олтуруп, калып калгам. Көрсө, дос кызым мени алдап алып келген экен. Жанагы көшөгө да биз үчүн тартылыптыр.

– Азыркы убактагы жаштар менен сиздердин мезгилиӊиздердеги жаштардын айырмасы эмнеде?

Жумагазы Дөөлөтбаков: – Айырма асман менен жердей. Биздин убакта баары даяр болчу, даяр тамакты жеп, ачка калуу эмне экенин, акча жок болсо эмне болушун ойлонбой, эртеӊки күнү эмне болушун билбей чоӊойгонбуз. Азыркы жаштар эртеӊки күнү жөнүндө ийне-жибине чейин ойлошуп, кээде бизге чоӊ адамдарга да акыл үйрөтөт эмессиӊерби. Биз ата-энебиздин сызган сызыгынан үйлөнгөндөн кийин да чыкчу эмеспиз.

Жайнагүл Саякбаева: – Ата-энебиздин айтканынан чыкпачубуз десе бир окуя эсиме келип кетти. Ал кезде чоӊ уулубуз төрөлгөн болчу. Абышканын достору, алардын аялдары менен чогулуп, бир компания болчубуз. Анан бат-бат чогулуп, отуруштарды жасачубуз. Ар чогулганыбызда 50 тыйындан чогултчубуз. Ал кезде биз кайын энемден акча алат элек. Дагы ошондой отуруштардын биринде досторубуз келип, көчөдө күтүп турушкан. А биз апабыздан акча сурай албай араӊ сурасак, акча бербей, отурушка жибербей койгон. Анан биз апабызга аябай таарынып, кечеге барбай кала бергенбиз. Бирок кийин жөнөтпөй койгонуна ыраазы болгонбуз. Себеби, ал күнү досторубуздун ортосунан чыр  чыгып, мушташып, милиция баарын алып кеткен экен.

– Маегиңиздерге чоң рахмат! Ден соолукта болуп, бала-чакаңыздардын жакшылыгын кѳрѳ бериңиздер.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *