Каада-салт. Эреже. Жол-жобо

“Кыргыздын улуттук каада-салты, үрп-адаты” китебинен

ЖАН ТҮЛѲѲ

Жан түлѳѳ тѳмѳндѳгүдѳй максат-тилек менен ѳткѳрүлѳт: кайсы бир кишинин (аял-эркек)  асыл жаны наркы дүйнѳгѳ ѳтѳ турган болуп калса ( ооруп, кырсыкка учурап ж.б.) Кудай ар кандай жолдор-себептер менен ырайым кылып, аян-белги берүүсү аркылуу жандыкка ѳткѳрүп берүү аркылуу ѳткѳрүлүүчү түлѳѳ.

Жан түлѳѳгѳ атаган кара улакты эчкини алып келип курмандыкка чалаарда Кудайга мындай деп кайрылуу керек:
“Кудайдын аты менен баштаймын.
О, кудурети күчтүү  улуу Кудай!
Ушул улакты (эчкини) Баланчанын улуу (кызы) Түкүнчѳнүн жаны үчүн кабыл ал! Бул балаңдын бул дүйнѳлүк ѳмүр жашын узарт, ѳлүмдѳн сактап кал! Келе турган ажалды улактын жаны аркылуу алып кет. Ушул ѳтүнүч-тилегибизди кабыл ал!”

Жан түлѳѳгѳ катышкандар курмандыкка чалынган жандыктын этин  сѳѳгүнѳн ажырай турган деңгээлге чейин эзилте бышырып туруп, бышкан этке бычак тийгизбей жалаң колдору менен жалаң колдору менен бардык болгон майда-чоң мүчѳлѳрүн: сѳѳктѳрүн-кемирчектерин, жегенге ылайыксыз нерселерин чогултуп, ак кепинге мүчѳлѳрү тирүүсүндѳ кандай жайгашса, ошондой жайгаштырып, үйдѳн сѳѳктү алып чыгарда мындай деп Кудайга кайрылуу керек:

“Кудайдын аты менен баштаймын.

О, кудурети күчтүү улуу Кудай!

Ушул Жан түлѳѳнү кабыл алып, баланчанын баласы (же кызы) Түкүнчѳнү ѳлүмдѳн сактап кал. Ажалды улактын жанына кѳчүрүп, ѳзүңдүн чексиз бийлигиңди жана мээримдүүлүгүңдү кѳрсѳт!

Анын билип-билбей кылган күнѳѳлѳрүн кечир! Тескери сапаттарын жок кыл, колдоп-коргоп, оң жолго салып, жан дүйнѳсүн аруулап, агарт. Оорусунан айыктыр, кырсыгын, кокустугун ж.б. себептерин жок кыл. Ушул сураныч, ѳтүнүчүбүздү, тилегибизди кабыл ал!”

Улактын сѳѳгүн кепиндеп, мүрзѳлѳрдүн чекесине же үч айрылыш жолго жакын жерге кѳѳмп, кайра үйгѳ келип, жандыктын этин жеш үчүн олтурганда, дасторкон үстүндѳ жогорудагы сѳздѳрдү кайталап жана ѳздѳрү билгендей кошуп айтып: “Баардыгы сенин колуңда, баардыгыбыз сенин колуңдабыз” деп бүтүрүү керек.

Келген адамдар Жан түлѳѳнүн этин жеп таркашат. Мында Жан түлѳѳнүн маанисин түшүнбѳгѳн, шылдыңдаган, ар нерселерди айта турган адамдар чакырылбоого тийиш. Жан түлѳѳнү үй-бүлѳ мүчѳлѳрү жана сырттан келген, түшүнгѳн адамдар аз же кѳп деп эсептелбей, ичкилик ичилбей, үч-тѳрт кишиден кем эмес болсо ѳткѳрѳ беришсе болот.

НАН ТҮЛѲѲ

Нан түлѳѳ Кудайга Сураныч-Тилек катарында тѳмѳндѳгүдѳй тартип менен ѳткѳрүлүүгѳ тийиш:

Нан түлѳѳ ѳткѳрѳ турган адам ѳзүнѳ же баласына, же урук-тууганына, же ата-энесине, же жакындарына Кудайдан тилек кылып жети же тогуз, же жыйырма бир нан жасап же сатып алып Кудайга минтип кайрылыш керек:

“Кудайдын аты менен баштаймын.

О, Кудурети күчтүү улуу Кудай!

Мен Нан түлѳѳ ѳткѳрѳйүн (баланчага же ѳзүмѳ) деп тилек кылдым эле. Тилегиме жеткирип акча берип жатасың. Түлѳѳнү кабыл кыл.  Баланчанын (же менин) ѳмүр жолун узун кыл. Ден соолугун чың кыл. Ишин оңдоп Ѳзүң колдоп-корго” деп туруп, Нан түлѳѳ ѳткѳрүүгѳ себепкер болгон адамдын муктаждыгын, Тилегин ж.б. нерселерин айтып, Кудайдан суранып, сатып алынган же жасалган нанды Кудайга багыштап минтип айтат:

“Кудайдын аты менен баштаймын.

О, Кудурети күчтүү Кудай!

Ушул Нан түлѳѳмдү кабыл кыл. Баланчанын (же менин) ѳмүр жолун ач, ден соолугун чың кыл. Иштерин оң жолго сал” деп, ѳзү Кудайдан эмне себептен Нан түлѳѳ ѳткѳрүп жатса ошол Тилегин айтып бата кылат да, ошол нандарды каалашса ѳзүлѳрү жеп, же башка бирѳѳлѳргѳ таратып берет.

ТООК ТҮЛѲѲ

Тоок түлѳѳ улакка (эчкиге) чама-чаркы жетпеген, шашылыш учурда ѳткѳрүлѳ турган, ажалдан, ар кандай кырсыктардан, жамандык окуялардан арачалап кала турган түлѳѳ болуп эсептелет.

Тоок түлѳѳ тѳмѳндѳгүдѳй тартип менен ѳткѳрүлѳт:

Тоокту алып келип соёрдо Кудайга минтип кайрылыш керек:

“Кудайдын аты менен баштаймын.
О, Кудурети күчтүү улуу Кудай!
Ушул Тоок түлѳѳнү кабыл кылып, жанын курмандыкка чала кѳр. Ушул Тоок түлѳѳнү ѳзүмѳ (же баланчага) чалып аттык эле, ушуну кабыл кыл. Бардык жамандыктарды ушул аркылуу алып кет. Ѳзүңдүн ырайымдуулугуңду кѳргѳз”
деп бата кылып, тоокту союп, этин бышырып жешет же башка бирѳѳлѳргѳ берип жиберет. Тооктун канаты менен буттарын Тоок түлѳѳ ѳткѳрүүгѳ себепкер болгон адамдын дене мүчѳлѳрүнѳ чапкылап, анан алыс ыргытуу керек.

УЛАК ТҮЛѲѲ

Улак түлѳѳ (садага чабуу) кырсык болгондо, кырсык болорун билгенде, жамандык болорун билгенде, ооруганда ѳткѳрүлѳт.

Анык тартиби тѳмѳндѳгүдѳй шарт менен ѳткѳрүлѳт:

Улак алып келип ким үчүн ѳткѳрүлүп жатса ошонун атын айтып Кудайга минтип кайрылуу керек:

“Кудайдын аты менен баштаймын.

О, Кудурети күчтүү улуу Кудай!

Ушул түлѳѳнү кабыл кыл. Ушул балаңды кырсыктан, оорудан, ѳлүм-житимден сакта (же кырсыкка учураса “ушуну кырсыктан аман алып чык” ж.б. тилектер айтылат), жана башка коркунучтарды жок кылып, ѳзүң колдоп-корго. Ушул түлѳѳнү кабыл кылып, ырайымдуулугуңду кѳрсѳт” деп бата кылып соёт.

Улактын этин бышырып элге таратуу керек. Эч нерсесин алып калууга болбойт. Терисин да бирѳѳгѳ бериш керек. Адамдар ак дилдеринен “Түлѳѳң кабыл болсун” деп айтып, Кудайга ыраазычылык билдирүү менен тарап кетүүлѳрү талап кылынат.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *