Элин баккан саяк Баатыркан

Конкурска: «Мен билген окуя»

Кеңеш БАКИР уулу

Эл-жерин коргогон Манас атабыз баш болгон эчендеген баатырлар өздѳрүнүн тунук акылы менен келечекти көрө билген тубаса саясатчы болгону үчүн, «Капилеттен сөз, караңгыда көз тапкан» элдик дипломат, чарбачыл адам болгондору үчүн кыргыз эли кылымдарды карытып, жок болуп кетпей ушу күнгө чейин жашап келди. Карт тарыхыбызга кайрылсак, мындай атактуу адамдар ар бир айылда жашап өтүшкөн. Алардын көпчүлүгү эскерилбей, айтылбай унутта калып бара жаткансыйт. Анын үстүнө совет доорунда андай адамдарды эзүүчү тап катары баалап, укум-тукумдарына чейин куугунтуктап элге жек көргөзүшкѳн. Мына ошондойлордун бири – саяк Баатыркан.

Баатыркан Райымбек уулу болжол менен 1850-55-жылдары азыркы Көлдүн Тоң районуна караштуу Ак-Терек айыл өкмөтүнүн аймагында жарык дүйнөгө келип өмүрү өткөн. Уруусу Алагөз-Каба саягынын ичинен Ботугур. Баатыркан бала кезинен эле тирикарак өсүп, 10-12 жашында ата-энеси өлүп жетим калат. Атасы Райымбек малы жок адам экен, жетим калган бала ошондон баштап уурулукка өтүп «Көк ууру» атка конот. Бир жактан уурдап келген малын башка жакка жөнөтүп «өнөрү» күндөн-күнгө күчөйт. Аталаш агасы Байбек Баатыркандын жоругун көрүп-билип турса да баланы жайына коет.

Жашы отуздар чамасына келип калган Баатыркан бир жолу Кашкардан келе жаткан соодагерлердин кербенине Боом капчыгайынын ичинен кол салып, кокусунан колго түшүп калат. Колго түшкөн ууруну сарттар байлап-матап, бир чоң сандыкка салып төөгө артып келе жатышса жолдон Шабдан баатыр соодагерлерге жолугуп, ал-жайды сурашып учурашкандан кийин:

– Силер көп жер басып соода кылып келе жатыпсыңар, ошо жердеги эл аман-эсен бекен?-деп сурайт кербен башыдан.

– Эл-журт аман эле, бирок элге тынчтык бербеген бир ууру кыргызды кармап келе атабыз, баатыр, – дешет.

– Ууруну көрсөк болобу? – деп Шабдан баатыр соодагерлерден сыпайы өтүнөт. Кербенчилер төөнү чөгөрүп, Баатырканды бошотуп Шабдан баатырга көргөзүшөт. Баатыр Баатырканды айланта карап: «Келечекте элге-журтка тутка болчудай көзү тирүү неме экен» деп ичинен ойлоп, кербен башыдан сурап Баатырканды бошотуп алат.

Өздөрүнчө калганда Шабдан баатыр ата-жотосунан бери сурап Баатыркандын ким экенин билип алгандан кийин:

– Уурулугуңду коесуңбу? – деп бир ооз гана суроо берет.

– Коёюн, коёюн, – деп Баатыркан шашыла жооп берет. Ошондон кийин Шабдан баатыр алакан жайып ак батасын берип, Баатырканды айылына жөнөтөт.

Баатыркан айылына келип айыл-апаны чакырып түлөө өткөзүп, элден бата алып, мал багып, дыйканчылык кылып аштык айдап, уурулугун таптакыр таштап ак эмгек жолуна түшөт. Муну көргөн Байбек агасы инисине сыртынан кубанып малдан каралашып, аш-тойдон калтырбай, топко аралаштырып, жакшылар менен жанаштырып, ар дайым өзү менен кошо ала жүрөт.

Ошентип жүрүп 1890-жылы Пишпек, Каракол уездеринин азыркы Балыкчы шаарынын жанындагы Кызыл-Сазда топ (съезд) болуп, Баатыркан бий болуп шайланат. Ал убакта бий-болуштар үч жылдык мөөнөт менен шайланышчу экен, Баатыркан катары менен тогуз жыл бий болуп шайланып бийликке келет. Андан кийин Алагөз-Кабанын болуштугуна катары менен шайланып, бир канча жыл болуш (волостной) болуп иштеген.

Баатыркан үчүн 1901-жыл бурулуш жыл болгон, анткени ошол жылы агасы Байбекке аш берип, кыргыздын оң-солу, ичкилиги, казактардан бери чакырылып, ошол аштан кийин Баатыркандын аты жамы кыргызга белгилүү болот. Ашка жарчы болгон кадимки Калмырза акын:

Байбек байдын ашы бар,
Тогуз миң дилде башы бар.

Аш бергени Баатыркан,
Башкарганы Маамыткан
, – деп ырдайт.

Баатыркан болуштун урпактарына калтырган эмгектеринин эң көрүнүктүүсү – бул азыркыга чейин эл убайын көрүп жаткан «Алагөз алышы», же болбосо «Баатыркан арык». Бул 1906-1908-жылдарда Баатыркан чаптырган узундугу 25 чакырым, туурасы 5-6 метр, киши бою келген канал. Ак-Терек өзөнүнүн суусун ушул каналга буруп, азыркы Карагоо, Бар-Булак, Шор-Булак айылдарынын дың жерлериндеги эгин талаалары кенен сугарылып, мол түшүм алынып, эл данга кенен тоюнган. Каналды чаптырганда Баатыркан элге жерди саржандап бөлүп берип, өзү көзөмөлгө алып, тез убакыттын ичинде бүтүргөн. Ошондо да кээ бир оозуна алы жетпегендер элдин камы үчүн казылып жаткандыгына маани беришпей, Баатыркандын көзү жокто: «Баатыркандын көрүн казып атабыз» дешкендери эл арасында айтылып жүрчү деп атам Сарыбаев Бакир айтар эле.

Болжол менен 1910-жылы Кеминде кургакчылык болуп, эгин чыкпай, эл ачарчылыкка дуушар болчудай болуп турганда Шабдан баатыр: «Кадырды бир билсе саяк Баатыркан билет» деп төрт кишисин Баатырканга жөнөтүп, аштык суратат. «Куш салып, конок болуп, мен айтканча эс алып жата бергиле» деп келген меймандарды жайгарып коюп, өзү бир жарым центнердей эгин бата турган таар каптарды соктуруп, качан даяр болгондо кырк төөгө эгин арттырып Шабдан баатырга жөнөтөт. Бир төө жарым тоннадан жүк көтөрсө, ошондо, Шабдан баатырдын элине болжол менен жыйырма тоннадай эгин жөнөтүлгөн эле.

Эми, ошол Баатыркан чаптырган алыш техниканын күчү менен кеңейтилип, оңдолуп, түздөлүп-казылып, мына азыр ушул убакта да элге кызмат кылып жатат.

Баатыркан элдин жашоо-тиричилигине чейин киришип, кыргыздын каада-салтын сактоону катуу көзөмөлгө алган зирек адам болгон. Кудайы коногуна «Эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тарткан», же бир шылтоо таап үйүнө кондурбай коногун кубалаган «сараңбайларды» малдан айып салып, же башка ыкма менен сөзгө сындырып тартипке чакырып турган.

Сугат маалында болсо эгиндин сугатын Баатыркан эрикпей өзү кыдырып текшерип турчу экен. Бир жолу өзүнөн бир топ улуу агаларынан Өмүр дегени үй ордундай жерди ала калтырып сугарбай кеткенин Баатыркан эскертсе: «Ал жер өзү эле камдашып сугарылып калат» деп моюн толгоп коет.

Баатыркан ар бир иш бүткөндө тоодон кымыз алдырып, мал сойдуруп, өзү да эл менен аралаша отуруп элге тамак бердирчү дешет. Эгиндин сугаты бүткөндө да ошондой тамак уюштурулуп, баягы Өмүр аксакал тиги табакка да, бу табакка да кошулбай калганын көргөн бирөө: «Ой, Өмүкөм табакка кошулбай калган го?» десе, анда Баатыркан: «Өмүр абам биз менен эле камдашып кетет» деп коет дейт. Баатыркандын ошол «камдашып кетет» деген сөзү эмдигиче ылакап болуп эл арасында айтылып жүрөт.

Баатыркан жайкысын төрт түлүк малдын бирин калтырбай Сырт жайлоосуна айдатып, эгин-тегин толук орулуп-жыйылмайын бир да малды жакага түшүрбөй өзү ашуунун оозундагы тектирге көчүп келип, конуп отуруп алчу экен. Азыр ошол тектир «Баатыркан тектир» деп аталат. Чарбачылдыгы жагынан да айлакер саясатчы болгон деп айтса болот. Болуштук кызматтын мөөнөтү бүтөрүнө аз калып, өзү да карылыка моюн суна баштаганын эстеп, өзүнөн кийин бийлик кимдин колуна тийерин ойлоно баштайт. Камчыга сап болчу жигиттерди бирден көз алдыга келтирип отуруп, акыры өзүнүн аталаш агасы Эсеналынын Дүйшөнбүсүнө келип токтойт. Антпесе болуштук талашып эл 2-3 жаатка бөлүнүп чыр-чатак чыгып кетүүсү да мүмкүн. Баатыркан муну да ойлойт. Бир чети бийликти ким эле колунан чыгаргысы келсин…

Акыры бир күнү Баатыркан инисин чакырып оюн айтат. Эчтекеден кабары жок Дүйшөнбү дароо макул боло коймок беле.

– Кантип? – деп чочуп кетет.

– Дүйшөнбү, болуштук менин энчиме берилген нерсе эмес. Мен да карып баратам. Бардык нерсенин өз убагы, шарты болот. Мен сени эки жылдык талапкерликке жаздырып коем. Менин айтканымды кылып, эмитеден эл башкарганды акырындап үйрѳнө бер. Ошентип, аз өтпөй Дүйшөнбү болуштукка талапкер болуп илинди.

Ошондон баштап аны кудай урду. Көпчүлүк чогулган жерде Баатыркан сүйлөсө Дүйшөнбү кыртышы сүйбөй, агасын кагып-силке турган болду. Жаз келип Баатыркан эл башкарган аткаминерлердин баарын чакыртып алышты тазалоо жөнүндө буйрук берди. Буга чейин болуштун бетине эч ким чыга алчу эмес. Ошондо четте турган Дүйшөнбү агасы Баатыркандын маңдайына жакын басып келип:

– Эй, Көк ууру! Алыш былтыр эле тазаланбады беле? Качанга чейин бүткөн ишти кайта жасатып элди кыйнай бересиң? Ошончолук эле кыларга ишиң жок эригип турсаң өзүң жаса! – деп агасына атырылып бир тийди. «Ой тобоо, Баатыркандын да алдына чыга турган киши бар экен го?!» деп таңгалышкан эл ошол күнү үй-үйлөрүнө тарап кетишти.

Болуштук шайлоо жакындап, намыс талашкан эл экиге бөлүнүп жаатташкан өңдөнүп калышат. Туюк-Төр жайлоосунда Баатыркан көпчүлүк менен турганда, Дүйшөнбү:

– Эй, Көк ууру! – деп, жаалданган жигиттери менен качырып келип, Баатыркан менен жөөлөшө түштү. Аңгыча болбой жигиттер Баатыркандын атын жетелеп суунун аркы өйүзүнө өтүп кетишип, Баатыркан жөө калат.

– Кеч! Жөө кеч сууну! – деп титиреңдеген Дүйшөнбү чаап жиберчүдөй болуп камчысын үйүргөндө, Баатыркан өтүгү менен суу кече баштаганын карап тургандар өз көздөрүнө ишенишпей, ичтеринен болушту аяшып, эки жаат болуп кырчылдашкан эл дымырап карап турушту.

«Уул эле Дүйшөнбү тура! Мындан башка кимди шайламак элек» дешип эл Дүйшөнбүгө жан тарта башташты. Ошондон кийин бат эле болуштук шайлоо башталып, таштын көбүн Дүйшөнбүгө салышып, ал Алагөз-Кабанын жаңы болушу болуп калды. Жогорудагы Баатырканды кекетип-мокотуп, сууну жөө кечиргени жана башкасынын баары элдин сесин алыш үчүн Баатыркандын Дүйшөнбүгө үйрөткөн өзүнүн айла-амалы экенин ошол кезде эч ким түшүнгөн эмес.

Баатыркан беш убак намазын жазбаган, колдогону «көк жал», батасы ката кетпеген касиеттүү адам экенин айта кетсек ашыкча болбос. Совет өкмөтү чыгып, Баатыркан ѳзү карып-арып калганда анын үй-бүлөсү кулакка тартылып, Украинага айдалат. Айдалгандарынын баары ошол жактан кайтыш болгондо, Абдилазиз деген уулунун баласы кичинекей Керим томолой жетим калып, балдар үйүндө атактуу дирижер Асанкан Жумакматов менен чогуу тарбияланат. Орусча, украинче так сүйлөгөн Керим кийин Кыргызстанга келип, Ысык-Көл параходствосуна жумушка орношуп, кеменин капитаны кызматына чейин көтөрүлөт.

Бир күнү кыргызча таптак сүйлөгөн орус абышка Керимден:

– Сен кайсы Баатыркандын, саяк Баатыркандынбы, же ажы Баатыркандын баласысыңбы? -деп сурайт.

– Саяк Баатыркандын, – дейт Керим.

– Андай болсо мына бул сөзүмдү угуп, кулагыңа жакшылап түйүп ал,- дейт орус абышка. -Мен бир убакта казак-орус солдаты элем. Совет өкмөтү чыкканда милицияда калдым. Бай-кулакты тап катары жое баштаганда, 1926-жылы чоң атаңды Кескен-Белдеги сотко айдап келгиле деп төртөөбүздү жиберди. Күн бешим болуп калганда намаз окуп алууга бизден уруксаат сурады. Намаз окуп бүткөндөн кийин карасам, атаңдын эки ийнинде эки шам балбылдап күйүп туруптур. Мен адегенде көргөн көзүмө ишенген жокмун. Атка минип жолго чыкканда дааналап карасам, Баатыркандын ийниндеги шамдар баягысындай эле балбылдап күйүп баратыптыр. Анысы аз келгенсип, аттарыбыз кошкуруп баспайт. Карасак, атаңдын аркасында баратышкан эки карышкырдан үркүп жатышыптыр. Аталы деп мылтык сундурсак жок болуп кетишет. Баатыркан бизден алда канча узап кетип, биз ага жете албай кечигип барып соттон тил уктук. Ошол күнкү окуяны болгонун болгондой айтып берсек, сот атаңды камабай, анын батасын алып, аябай коноктоп туруп бошотуп үйүнө кетирип жиберген.

Кийин эгемендик заманы келип, бардык нерсе ачык айтыла баштаганда урпактары Баатыркан атасынын маараке тоюн өткөрүшүп, күмбөз тургузуп, Кара-Коо айылынын бир көчөсүнө болуштун атын ыйгарышты. Жеке оюмда, Баатыркан жөнүндө китеп жазып, кино тартылса да аздык кылган болоор эле.

Урматтуу окурман, бул саам тааныштыруу иретинде саяк Баатыркан жөнүндө учкай айтып өттүк. Мындай адамдар эч унутулбаш керек.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *