Ар бир аял жан түгѳйүн тапсын

Айпери СЫРАЖИДИН кызы

Кудай жараткан бу дүйнѳдѳгү баардык нерселер сыяктуу эле, Аял да ѳзгѳчѳ жана кайталангыс. Анын жаш курагы канчада болбосун, дене-келбети кандай болбосун, ѳң-териси, кѳз-чачтары кандай болбосун – ар биринде суктана турган ѳздѳрүнүн ѳзгѳчѳлүгү бар.

Ар бир аял үчүн, аны жактыра турган эркек сѳзсүз чыгат. Ар бир аял – ѳзүнѳ ылайыктуу деп эсептеген мырзасына жага да алат, эгерде ошого каалоосу бар болсо.

Бирок, эмне үчүн анда жалгыздыкта күн кечирген айымдар бар? Эмне үчүн айрымдары тез эле турмушка чыгып кетип очор-бачар болсо, айрымдары үй-бүлѳ күтүүнү самаса да жалгыз баш калышат?

Бир нерсени эске алыңыз. Мындай  шартта эч убакта Жаратканды күнѳѳлѳгѳ болбойт.  Кеп башка жакта. Кудай ар бир адамды жаратып жатканда, анын экинчи жарымын да эске алган. Ал – сенин ЖАН ТҮГѲЙҮҢ. Аны менен сен жашооңдун кайсы бир мезгилиндежолугуша турганыңды да Жараткан жазып койгон. Тек, биз адамдар ошол нерсени жүрѳк-дилибиз менен сезе бербейбиз, изденбейбиз, терең ой жүгүртпѳйбүз. Андыктан, ар бир адамдын жалгыздыкта калганы – анын ѳзүнѳн. Демек ал чыныгы жан түгѳй сүйүүсү тууралуу түшүнүгү жок, же анык сүйүүгѳ ишенбей, каалабайт, же дегеле бирѳѳнү сүйүүгѳ жѳндѳмдүү эмес.

«Ушундай кантип болсун, кантип эле жалгыздыкта калган айымдар эч кимди сүйүүгѳ жѳндѳмү жок?» деп сураарсыз. Тилекке каршы ушундай. Бирок, дайыма эле мындайда алар күнѳѳлүү боло бербейт. Буга үй-бүлѳдѳгү тарбия да таасирин тийгизет. Эгер ата-эне мээриминен, сүйүүсүнѳн ѳксүк болуп жашаса, үй-бүлѳдѳгү катаал мамилелерди кѳрүп чоңойсо – кыз жүрѳгүн муздактык басып калат. Кѳпчүлүк учурда кыздардын жеңил ойлуу жүрүш-турушу, жашоого болгон жеңил кѳз-карашы  да алардын багын байлайт, күнѳѳлѳрү алардын мойнуна түшүп, ѳздѳрүн ѳздѳрү түшүнбѳй ѳксүк ѳмүрдү кечире беришет. Ал эми, чындыгында, бакытка балкып үй-бүлѳ күтүү үчүн ѳткѳн-кеткен  терс кадамдары, жаңылыштыктары үчүн жүрѳктѳрүн Жаратканга коюп кечирим сурашса, тилектери кабыл болоору  талашсыз кѳрүнүш. Айрым айымдар болсо текеберлигинен, байлык-мансапка болгон кыска ойлуулугунан да  жанында эле  жүргѳн түгѳйлѳрүнѳ туш келбей, адашып жүргѳндѳрү чындык.

«Эркектердин саны аялдардыкынан азыраак» деп статистиканы карап кереги жок. Адамзаттын жан дүйнѳсү ѳзгѳрсѳ, статистика да ѳзгѳрмѳк. Аны менен кошо Жараткан аларга гармонияны да шарттап бермек.

Ал эми акырында айтаар кеңеш, кымбаттуу айымдар – дал ушул сааттан баштап ѳз жүрѳгүңѳрдү тыңшап кѳргүлѳ. Таалайыңарды, бактыңарды, ырыскыңарды улуу күчтѳн тилеп, жан түгѳй мырзаңарды жолуктурууга ниет койгула! Ар бир аялдын айжаркын нуру бар жана ар бири ак жоолуктуу, ак тойлуу болууга, бала жытын жыттоого, очок башында турууга, эркектердин камкор күчүнѳ таянууга мүмкүнчүлүгү бар!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *