“Насыйкат” күүсү

Кенжебек Алдаяр, комузчу

Жолугушууң- айрылганың, айрылышууң- табышканың… Кудурети күчтүү улуу Кудай улуу диндерди жаратып, адамдарды өзүнө баш ийдирүүнү, таанытууну көздөгөн. Кандай жеңиштер, кандай Бакыттар, кандай Байлык, кандай Мураттар болбосун, улуу Кудайдын жаратмандыгынын жемишинин бир учкундары бул дүйнөдө, бул жарыкта оопасыз. Же бул жашоодо бүгүн бар да, эртеңжок деген залкар ой толгогон сезим күү кылына келтирилип, Насыйкат деп ат берилип, адамдарга жараша түрдүү улутка түрдүү элге түрдүү диндер таратылып, жайылтылып, убактысы келгенде ал пайда болуп, убактысы келгенде алардын касиети, сыры өз мөөнөтүн өтөп бүтүп, өзүнөн өзү жок болгон.

Насыйкат күүлөрү дүйнө титиреткен кайруулар менен үч кылда үч дүйнөнү үнгө салып, адамдын жан дүйнөсүнө киргизип, ой козгогон окуя болумуштарды кайрыктарга сиңирип таштаган. Биринчи адам дүйнөсү, экинчи аалам дүйнөсү (Манас), үчүнчү чоңКудай дүйнөсү жандын өлбөстүгүн, жандын түбөлүктүгүн, бирок токтобой учкан Мезгил кушуна байланганын, ошон үчүн адам билгис, түшүнө алгыс Тагдырга таалайы байланганын билип-билбей, туюп, туя албай келебиз.

Насыйкат – өмүр өттү, өмүр кетти, өмүр төрөлдү дейт. Насыйкат – Издейсиң. Насыйкат – Табасың. Насыйкат – Каласың… Насыйкат – Күндүн нуру. Тоонун жыты – Насыйкат. Добулдун илеби – Насыйкат. Доо сураган, жоо сураган түгөнбөс, бүтпөс ыр ырдып, сыр сырдап, кыргыз деп кезген, кыргыз деп сезген – Насыйкат. Кылымдар кыйшайбай кыргызга нуска сызып, тарбия бычып, кыргызды таалимге киргизип, Насыйкат улоочу, Насыйкат айтуучу болгон. Ар бир нерсе өз ордунда ыйык жана бийик, күч атасын тааныбайт, миңпайгамбардан ЧоңКудай өзү артык деген нуска сөздөрдөй улуу сезимге, улуу күчкө айланган. Ата менен баланы аздектеген, эне менен тилди бөпөлөгөн, жоого намыс алдырбаган, элге кырсык салдырбаган, душманга буй салган, саткынга чуу салган. Насыйкат Насый аттуу бир ээрге минген элге келген, жерге келген. Кыргыз деп жердин боорун кыдырган, кыргыз деп жердин боорун сыдырган. Кыргыз деп ыйлаган, кыргыз деп кубанган Насыйкат ыргагы. Үнгө келген аалам кырааты, үнгө кирген аалам кубаты, чимирилген жер дүйнөнү, имерилген кеңдүйнөнү комузчунун манжаларынын учуна, алаканынын ичине Кудай отун, Кудай сырын, Кудай ырын Насыйкатта камтылган, Насыйкатта катылган, Насыйкатта айтылган. Нээтти түздөгөн, ойду оңдогон, көңүлдү жайлаган, сезимди дарылаган, үмүткө чок, жүрөккө от салган. Жамандык, нааданчылык, акмактык, тааныбастык, билбестик, сыйлабастык жоюлбай, жок болбой, адамдык парасат, адамгерчиликтин үлгүсү бааланбай баркталбайт.

Бизге мурас белек болуп XXI кылымдын башына Насыйкат күүсүнүн албан сырлуу кайрууларын комуз кылына чертип калтырган, күү дүйнөсүнүн улуу залкары, күү аткаруунун кайталангыс чебери, күү атасы Карамолдо биз билген, уккан жана сөз кылган, уламышка айландырган күүнү черткен. Карамолдонун «Насыйкатын» аздектебеген, анын касиеттүү кайрууларына арбалбаган, күүдөгү кыргыз тарых-таржымалын тыңдабаган – Кудайды тааныбагандай, Кудайды билбегендей эле кеп.

Сансыз жыл, сансыз кылымдарды эскиртип, саргартып, карытып ушул кылымга жашап келген, жашап жаткан кыргыз күүлөрүндөй кубулуш дүйнөдө бар болду бекен?!

Аттиң, «Насыйкат» күүлөрүнүн эчен түркүмдөрү, эчен кайруулары кайталанбай, угулбай, канча доордун оошунда, түпкүрүндө кала берди.

Жокту улаган, учукту чубаган керемет кайруулардын Насыйкаттай күүлөрү чертилип, аткарылып калганы – бул Кудайдын кыргызга берген чексиз бактысы, соолубас ырыскысы же болбосо жер жүзүнөн, жер бетинен Насыйкат күүсүндө айтылып жаткандай, канча топон суу каптап, канча өмүр-өлүм алмашып, канча жашоо, канча эл, канча дин ың-жыңсыз жер бетинен жок болгону, Кудай кереметтери, Кудай салтанаттары дооран сүрүп, Кудай бийлиги өкүм жүргүзүлөрү даңазаланат.

«Көк асаба» (№12(12) 14.07.2009)

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *